НАТО үчүн "тыюу салынган зона". "Искандерлер" жаңы ракеталуу болушту

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүү"Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси. Архив
Искандер-М ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
РФтин алдыңкы курал-жарак технологияларын өнүктүрүү аракети потенциалдуу агрессорду ооздуктоо жана тынчтыкты сактоого багытталган.
Убакыт өткөн сайын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн өрчүтүп келе жаткан "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси – дале туруктуулукту бекемдөөнүн ынанымдуу инструменттеринин бири. Тескелүүчү жаңы стелс-ракеталар болжолдуу душмандын баш оорусу болору шексиз. Жаңы табылгага аскерий баяндамачы Александр Хроленко мүнөздөмө берген.
Көп буталуу "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси татаал маневрларды аткарууга жөндөмдүү, учуш аралыгында тескелүүчү, душмандын радарларына таптакыр чалдыкпас, бутасына 500 чакырымга чейинки аралыктан таамай тийчү аэробаллистикалык ракеталарды алды.
Жапжаңы башкаруу тутуму жасалды, аны куроодо кеңири композиттик материалдар пайдаланылган. Жаңы ракета болжонгондой эле саатына 7500 чакырымдан (ар төрт мүнөттө – 500 чакырым) ашуун крейсердик ылдамдыкты, ок бөлүгү – сынык-фугастык, кассеталык жана атайын (өзөктүк) өңдүү жабдуунун негизги варианттары сакталат. "Искандер" курал-жарак топтомунда мурда аэробаллистикалык жана эки типтеги канаттуу ракеталардын беш модификациясы болгон.
27-майда коргоо тематикасына арналган жыйындардын биринде Россия президенти Владимир Путин "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексинин чет элдик аналогдорунан технологиялык жана аскердик артыкчылыгын белгилеген. Натолук стратегдердин версиясына "Искандер-М" комплекси россиялык куралдардын эң кооптуу үчтүгүнө кирет. Андан сырткары, бул топко С-400 "Триумф" зениттик-ракеталык тутуму жана "Бастион" жээктеги ракеталык комплекси да кирет.
Javelin комплексинен ок атып жаткан АКШ аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
АКШ Украинага жаңы курал берет. "Жавелин" комплекстеринин саны артты
Ошону менен бирге эле "Искандер" улам аскердик мүмкүнчүлүктөрүн өрчүтүп, ар кыл географиялык кеңдикте кургакта жана деңиздеги согуштук аракеттер театрын ийгиликтүү өздөштүрүп келет. Ал тургай Сирия Араб Республикасынын аймагындагы согуштук аракеттерде сыналган. Эксперттердин пикиринде заманбапташтырылган дарамети "Искандерге" 2030-жылга чейин дүйнөдө мыкты бойдон калышын камсыз кылат.
"Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси менен ракеталык он бригада тең кайра жабдылып, ага кошумча дагы үчөө түзүлөрүн РФ Коргоо министрлигинен кабарлашкан эле. Россиянын коргоо өнөр жайы жыл сайын эки бригадалык комплект чыгарат. Ыраактыгы 280 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу "Искандер-Э" комплексинин экспорттук версиясы менен Армения жана Алжир куралданган.

Аскердик мүмкүнчүлүктөр

"Искандер" душмандын күчтөрүнүн топторунун өзгөчө маанилүү объектилерин, командалык пунктуларды, ок атуучу зениттик-ракеталык орнотмолорду, өзөктүк ок-дары менен аракет этүүчү орточо радиустагы ракеталарды, аэродром, согуштук кеме жана башка буталарды кыйратууга багытталган.
"Искандер-М" бригадалар комплекти 51 машина, анын ичинде ок атуучу 12, транспорттук-от алдыруучу 12 орнотмо, 11 командалык-штабдык жана тиричиликти камсыздаган 14 машинаны камтыйт. Эки мүнөт ичинде бригада 24 ракета менен (кайра кубаттоого чейин) сокку уруп, бекемделген бригаданын залпын (32 ракета) ата алат.
Салмагы 3,8 тонна, узундугу 7,2 метр болгон аэробаллистикалык "Искандер" ракеталары 50 чакырымга чейинки бийиктиктеги квазибаллистикалык траекториялар боюнча учат. Канаттуу тиби рельефти айланып 6-7 метрлик бийиктикте бутасына карай учат. Бутадан бир метрге чейин жантайып, 4 мүнөттө 500 чакырым аралыкты багындырат. Чагылтуучу үстүңкү чакан катмары, татаал траекториясы абадан-ракетага каршы коргонуунун бардык жана келечектүү тутумдарынын айласын кетирет.
АКШнын канаттуу ракетасын сыноо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Россия дүйнөнү НАТОнун 8000 канаттуу ракетасынан куткара алат
Ракеталар 30g чейинки ашыкча жүк менен кыйынчылыксыз бурула алат, алардын траекториясын дегеле болжоп болбойт. Күтүлгөндөй бет келчү чегин эсептөө, "Искандер" ракетасын кармап алуу дээрлик мүмкүн эмес. Мындай сапаттарга дүйнөдө эч бир ыкчам-тактикалык ракета ээ эмес. "Искандер-М" ракеталык бригадасын башкаруу тутуму ракеталык соккуга даярдык жана сокку уруунун негизги процесстерин (чалгындоо, учуш тапшырмаларына даярдануу, бутасын көрсөтүү, аскердик башкаруу, ракетаны учуруу жана бутаны мээлөө) интеграциялоо жана автоматташтыруунун эсебинен эффективдүү аскердик колдонулушун камсыздайт.
Күчтөрдү башкаруунун автоматташтырылган системасы менен "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексинин интеграциясы реалдуу убакыт режиминде авиация, флот, чалгындоо кызматы, учкучсуз аппараттардан бута көрсөткүчтөрүн алып, деңизде кыймылдагы буталарына сокку урууга жөндөмдүү.
Деңиз буталарына "Искандер" алгач ирет 2020-жылдын жай мезгилинде Түштүк аскердик округунда болжолдуу душмандын чабуул тактикасынын өнүгүшүнө жана Балтика, Кара деңиз аймактарындагы НАТОнун күчтөрүнүн ар кыл варианттагы десанттык машыгууларына жооп катары ок ачкан.
260 жана 350 чакырым аралыкты багындыра алчу "Бал" жана "Бастион" жээктеги комплекстер менен күчтүү "Искандер" комплексинин интеграциясы жээктеги эшелондоштурулган коргоо системасын күчтөндүрүп, өлкөнүн деңиз чектерин кол тийгис кылат. "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексинин бригадасын Калининград облусуна туруктуу негизде жайгаштыруу Балтика аймагында НАТОнун аскердик активдешүүсүнүн күч алышына байланыштуу. Тагыраак, "өнөктөштөрдүн" агрессивдүү даярдыгына болгон Россиянын реакциясы болгон.

Кемтик комплекси

"Искандер-М" менен жабдылган он ракеталык бригада дээрлик 300 таамай ракета менен залп атып, кое берүүчү түзүлүштү ыкчам кайра кубаттоодон соң кайталай алат. Бул күчтүү курал агрессияга багытталган эмес, антсе да НАТОну дайым кыжырдантат.
Ага тең келчү куралы жоктугунан гана эмес, "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси ракеталардын таамайлыгы, кое берүүгө ыкчам даярдалышы жана башка мүнөздөмөлөрү боюнча мыкты аталган чет өлкөлүк аналогдорунан (Lance, ATACMS, Pluton) кыйла артык. Ал эми Кошмо Штаттар аягына дейре толук иштеп чыга албаганы үчүн бул типтеги өз аналогунан баш тартып отурат.
F-35A Lightning II учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Пентагон эмнеге F-35A истребители жана Reaper учкучсузунан баш тартууда?
"Искандер-М" комплексинин негизги артыкчылыгы – стратегиялык мобилдүүлүгү, аскердик күзөттүн купуялуулугу жана сокку урушу, автоматташтырылган эсеп жана учуш тапшырмаларын киргизүү, жалын жана радиоэлектрондук каршылык көрсөтүү шартында аскердик милдетти аткара алышы. Булардын баары – кандай гана агрессор болбосун чечилгис көйгөй.
НАТО доктринасына ылайык, "Искандер-М" A2/AD (anti-access and area denial) "тыюу салуу аймагын" жаратуунун каражаты болуп эсептелет. Альянстын күчтөрү "кабыл алынгыс залалга" кабылбастан кыйратуу радиусунда (500 чакырым) аракет эте албайт. Өнөктөштөрүн тактикалык өзөктүк сокку ыктымалдыгынан улам үмүтсүздүккө түртөт.
Ошондой эле Балтика үстүнөн АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн стратегиялык бомбалоочуларынын пландалган учуштары жана Санкт-Петербургга жакын прибалтикалык полигондорун машыгуу алкагында бомбалоолор кадыресе көрүнүшкө айланды. Кошмо Штаттарда 5500 чакырымга чукул аралыктагы өзөктүк куралды стратегиялык эмес деп аташат (бул түшүнүктүү, эгер океан аркылуу өтпөсө, демек тактикалык), бирок европалык союздаштарына мындан жеңилдик келбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0