Лукашенко Батыштагы каршылаштарына укуругу узун экенин көрсөттү

© Фото / Валерий Шарифулин / Медиабанкка өтүүБеларусь президенти Александр Лукашенко. Архив
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Беларусь кайрадан эл оозунда: Александр Лукашенко андан таптакыр күтпөгөн кадамга барып, көпчүлүктү таң калтырды.
Өлкө башчысы былтыр президенттик шайлоодон кийин чыккан нааразычылык акциядан соң кызматын таштап кеткен эмес. Ал эми мындан бир нече саат мурун эле Минскинин аэропортунан Беларусь жараны Роман Протасевич кармалды. Лукашенкого каршы ЖМКнын бири — Nexta телеграм-каналынын мурунку башкы редактору, митингдердин координатору 2019-жылдын ноябрында мекенинен чыгып кетип (кийинчерээк Польшада качкын макамына ээ болгон), жакын арада келери күмөн болчу. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуяны РИА Новости териштирип көргөн.
Протасевичке Минскиде массалык башаламандык уюштурду жана бийлик өкүлдөрү менен милицияга карата "социалдык кастыкты козутту" деген кине менен кылмыш иши козголгон. Nexta каналынын негиздөөчүсү Степан Путило менен "террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар" адамдардын тизмесине киргизилген болчу. Минскиге кайдан кантип келип калды? Шарт-жагдай туура келип калдыбы же Беларустун атайын кызматы жакшылап иштеп койдубу? Албетте, экинчиси. Бирок Минск муну эч убакта мойнуна албайт.
Протасевич Беларустун аймагы аркылуу Афинадан Вильнюска учуп келе жаткан. Литванын чек арасына жакын калганда Ryanair компаниясынын учагы артка кайрылып, Минскиге конгон. Бортко бомба коюлганы айтылып, учкучтар Минскидеги аэропорттон ыкчам конууну суранган имиш. Экинчи версия боюнча учак ичинде экипаж менен жүргүнчүлөрдүн бири уруша кетип, кайтууга аргасыз болгон. Ал эми Nexta "экипаж менен мушташты бортто жардыруучу түзүлүш бар экенин айткан КГБнын кызматкерлери чыгарганын" билдирүүдө.
Маскачан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Европанын алсырай түшкөн өз алдынчалыгы. Бекемдеп берчү барбы?
Лукашенконун буйругу менен самолётту коштоо үчүн абага МиГ-29 көтөрүлгөн, бирок Минскиге конгондон кийин бортто эч кандай бомба жок экени аныкталды. Учак текшерүүдөн өтүп, бир нече сааттан кийин жүргүнчүлөрдүн арасындагы Роман Протасевичтен башкасынын баары кайра Вильнюсту көздөй жол тартты. Протасевич Минскиге конор алдында коңшуларына Беларуста аны өлүм жазасы күтүп жатканын айткан экен, бирок айыпталып жаткан беренелердин негизинде ашып кетсе 15 жылга эркинен ажыратылары каралган.
Беларусь оппозициясынын Протасевичтин кармалышына жана самолётко байланышкан операцияга реакциясы күтүлгөндөй эле болду: учактын Минск аэропортуна кондурулушун "террордук акт" катары таанууну жана Беларустун аймагынан авиабайланышты токтотууну талап кылышууда. "Режим көз карандысыз ири телеграм-каналдардын бирин иштеткен бир адамды жазалоо үчүн борттогу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана жарандык авиацияга коркунуч жаратты", — деп жазган Светлана Тихановская. Ал Эл аралык жарандык авиация уюмунан "болуп өткөн окуя боюнча иликтөө баштап, Беларусту аталган уюмдан чыгарууга чейинки жаза көрүүнү" талап кылды.
Европа да нааразы болду: Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен "самолётту Минскиге конууга мажбурлоо таптакыр болбойт эле" деп, "жүргүнчүлөрдүн эч жабыркабастан Вильнюска саякатын улантууга мүмкүнчүлүгү болушу керектигин" билдирсе, Франция ТИМ башчысы "европалыктар биргеликте катуу жооп кайтарышы зарыл" деп жазды. Евродепутаттар андан ары кетти. Еврокеңештин мурдагы төрагасы жана Европарламенттеги ири фракциянын башчысы Дональд Туск (поляк, учурда улуту маанилүү) "Лукашенко өз жарандары үчүн эле эмес, эл аралык коопсуздук үчүн да коркунуч жаратып, анын мамлекеттик терактысы Европа өкмөттөрү менен институттарын чечкиндүү жооп кайтарууга аргасыз кылып жатканын" айтты.
Эртең Брюсселде Евробиримдик лидерлеринин саммити өтөт. Андагы башкы темалардын бири Россия эле, эми ага Беларусь да кошулмакчы. Анын үстүнө союздук мамлекеттин бул эки бөлүгү Батышта барган сайын бир бүтүндүк катары кабылданууда. Ал эми "европалык багытты" жактагандар (Россия менен Беларустагы эле эмес, Европанын өзүндө дагы) мындай көрүнүшкө караманча каршы.
Кремльдын жанындагы Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
"Россияны жазалоо": РФ менен ЕБ алакасы 90-жылдардагы абалдабы?
Беларустан чыгып кеткиче "Эркин Европа" жана "Еврорадиодо" эмгектенген Роман Протасевич деле ушул багытта иштеген. Nexta ресурсу эсте каларлык болсо дагы биографиясындагы кыска этап эле. Каналга эмиграцияда жүргөндө кошулуп, өткөн жылдын күз айларында чыгып кеткен. Ага чейин "Эркин Европада" иштеп жүрүп, Украинага, Донбасска барып турган. Протесевич үчүн Путин — кылмышкер, Беларуска батыш багыты (акырындап Россиядан биротоло кол үзүү) керек. Жаңы эч нерсе жок, "режим менен күрөшүп жаткандардын" кадимки аракети. Протасевичтин кармалышына Навальныйды коргоо кыймылынын жетекчисинин милдетин аткарган Леонид Волков мындайча комментарий берди:
"Александр Лукашенко — эл аралык террорчу. Негизи бул акмакты Гаагага жеткирүү үчүн спецназ жөнөтүү туура жана мыйзамдуу жооп болмок. Бирок азыр мезгил башка. Бул Лукашенко, Путин жана ушуга окшогондорго чара көрүүдөгү эң чоң көйгөй. Дүйнө "кызыл сызык" тууралуу айтып жатат. Айтылган сайын эч кандай "кызыл сызык" жок экени айгине болуп баратат".
Спецназ жөнөтүп, чет өлкөдө соттоп... Чет өлкөлүк интервенция го? Тамашалап жатат да, ээ? ЦРУ өлтүрүүгө камынып жатат деген Лукашенко параноик да анда, ээ? Америкалыктар эч качан кол салбайт, мамлекеттерди басып албайт эмеспи. Учактарды да "диктатор" Лукашенко гана кайтарат да...
Кызыкчылык туудурган адамдарды кармоо үчүн көп эле өлкөнүн атайын кызматтары учактарды конууга мажбурлайт, бул жагынан америкалыктардын эле эмес, Израиль, Түркия, Ирандын да атагы чыккан. Лукашенко катаал болду дейсизби? Анын жагдайы да ушундай өзгөчө болуп жатпайбы: Лукашенкону чындап эле жок кылууга кызыкдар тараптар көп. Беларустун башчысы чет жактагы оппозициясына карапайым "мурутчан колхозчу" эмес, укуругу бир топ узун лидер экенин көрсөтүшү керек эле. Керектүү адамды жер алдынан болбосо Беларустун асманынан таап чыгарын далилдеши керек болчу.
Лукашенко америкалыктардан айырмалана алды. Океандын ар жагындагылар керектүү учакты АКШ асманынан эле эмес, колу жеткен жердин баарынан токтотуп коё алат. Бул дээрлик ааламдын басымдуу бөлүгү, буга 2013-жылдын 2-июлунда АКШ президентинин буйругу менен Боливия президенти Эво Моралестин самолётун кондурушу ачык далил.
Несанкционированные акции протеста в Минске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды
Моралес Москвадан учуп келе жаткан. Ал маалда транзиттик зона болгон Шереметьево аэропортунда Эдвард Сноуден жүргөн эле. Америкалыктар АНБнин качкын кызматкеринин документтерин жокко чыгарып, өткөрүлүшүн талап кылышкан. Россия баш тартып, Сноуден бир нече өлкөдөн баш паанек сураган. Макул болгон мамлекеттердин катарында Боливия да бар болчу.
Дал ушул маалда Боливия президенти Москвада эле, Вашингтон мекенине кайтып жаткан Моралес Сноуденди чыгарып кетип жатат деп шектенип, НАТО боюнча өнөктөштөрүнөн президенттин учагы үчүн жолду жабууну өтүнгөн. Франция менен Португалия АКШнын тилин алып, мындан улам Моралес Венага конууга аргасыз болгон.
Бул басыгы менен Лукашенко АКШдан ат чабым артта калат, анын үстүнө ал дүйнөнү көзөмөлдөөгө умтулган жок. Өлкөсүн эле Роман Протасевич сыяктуулардан коргоп алсынчы. Албетте, жаш жигит өлүм жазасына тартылбайт, түрмөнүн түбүндө деле чирибейт. 10 жылдай отуруп, күнөөсүн мойнуна алат да мунапыс менен бошойт. Ага чейин эле өлкөдөн чыгарып жиберишпесе. Дагы бир жолу айталы, Беларусь президентине колу узун экенин көрсөтүү гана керек болчу. Протасевичке эмес, "беларустук багытты" тескеген батыштагыларга.
Бирок Протасевичтин иши дагы көпкө чейин жаңы билдирүүлөр менен кысымга негиз болуп берет. Мындан Минск эле эмес Москва да жабыр тартышы мүмкүн. Бирок бир мамлекеттин бөлүгү болгон бул эки өлкө мындайга көнүп деле бүтпөдү беле.
Жаңылыктар түрмөгү
0