09:45 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
60020

Өз дүйнө таанымына ылайык салт-санаасы, нарк-насили, жашоо образы калыптанган кыргызда кыз өстүрүү кымбат иш эле дейт колумнист Шаакан Токтогул. Кезектеги баяны да дал ушул кыз баланын тарбиясына арналмакчы.

Кыргызда дүйнөгө жаралып келгиче кыз болсо экен деп самалып күтүлбөгөн. Анткени жоокерчилик заманда жерди коргойт, элди коргойт деп эркек заты, эрдин башы барктуу болор эле да. Агартып уул тапканы барктуу үй болсо, кызартып кыз тапкан үй көрктүү үй эле. Табиятынан кыска сүйлөп, ороң-бараң келген эркектер кыздуу болгондо сыпайы тартып, катуу айтпай, орой сүйлөбөй калышкан. Эл арасында "кызыгыңа кыз өстүр" дешип, кыз тапкан өмүр, кыз баккан өмүр ары машакаттуу, ары кызыктуу өмүр экенин айтышчу.

Кыз тапкан үй көрктүү үй

Ыңаалап кыз жарыкка келген күндөн баштап секелек болор кезине деп, чач өргөнүнө деп, селки болоруна деп, бирөөгө бүлө болоруна деп тапкан-ташыганын камдашчу, кызарган жиптен кымбат буюмга дейре кыз балага арнашчу. Баш кийиминен тарта бут кийимине чейин асыл жибек, торкодон, бачайыдан, тубардан, ага сайма сайып, күмүштөн топчу жасатып, шуру бастырып, тумар тактырып, бир чети көздөн сактаганга, бир чети көркөмдөп таптаганга кадыресе камылга көрүшчү. Каадалуу аялзатынын асем буюмдары, көрктүү кийимдери ошол кыз кезинен башталган. Мончок бастырылган үкү топу кыз төрөлгөндө эле энеси тарабынан камдалып баштаган. Кийимдерине күмүш топчу, көз мончок, суу мончоктор кадалган. Жашына карай шөкөттүү баш кийимдер кийгизилген. Ал эми атайы зер буюмдар чач өрүлгөндөн кийин тагылып баштаган.

Кыздын жаш курагы

  • Ымыркай – жаңы төрөлгөндөн 2,5-3 жашка чейин
  • Кыз бала, элгенчи – 3-5 жаш
  • Беш көкүл – 5-9 жаш
  • Топучан кыз – 9-12
  • Секелек кыз – 12-15
  • Селки – бойго жеткен кыз

Кыздын сымбатына камылга

Ал кийим-кече, асыл буюмдар сырткы оокаты эмеспи, ал эми жаш наристенин чыны Асылзаада болуп өсүшүнө изги тилектен тарта илгери иштер арбын эле да. Алгач эле мүчө башы түз болсун деп бешикке кынаптап бөлөп, артык эт албасын үчүн тамакты бапестеп берип, аста басып, акырын сүйлөгөнгө тарбиялашкан. Кыз баланын чырайлуу болушу үчүн күмүш идиштен суу беришкендигин улуулардан угуп калганыбыз бар. Атайы чач өрүү салты бар. Чачын өрдүрүп алып берүү үчүн жандык союп эл чогултушкан.

Иса Ахунбаев атындагы КГМАнын улук окутуучусу, этнограф Нурида Касымбекованын айтымында, кыз тарбиясында негизги аракеттер анын сымбаттуу, адептүү, ыйбаалуу болушуна кам көрүү. Изилдөөсү тууралуу сураганыбызда төмөнкүчө жооп берди:

"Этнографиялык изилдөөдө үкү топунун маанисине көңүл бурдук. Натыйжада шумдуктуудай жыйынтыкка ээ болдук. Абдан кооздолуп, шуру мончоктор бастырылган, төбөсүнө үкү тагылган чай чыныдай эле болгон бул баш кийим кооз болгону менен ыңгайсыздыгынан улам кыргыз кызына канча жаштан баштап жана эмне үчүн кийгизилгенин билүү кызык болду.

Талаа изилдөөлөрүнөн улам үкү топу кыз бала 8-9 жашка чыкканда, аны кыз балага атайы бир ырым жасалып кийгизгенин билдик. Көрсө, кыргызда кыз бала төрөлгөндөн баштап эле энеси камданып, кымбат кийимдерди, зер буюмдарды, ошону менен катар өтө кооз үкү топу даярдачу экен. Элгенчиден өтүп топучан кыз болоюн деп, тактап айтканда, сегизден тогузга карап калганда нарктуу байбичелерди чакырып, ырымын жасап кырк өрүм чач өрүп, учун ак учук менен учуктап, башына ушул үкү топуну жакшы тилектер менен кийгизишкен. Албетте, ыңгайсыз баш кийим олдоксон кыймылдаса эле кыздын башынан түшүп калат. Ошондуктан кийгизип жатканда "топуңду башыңдан түшүрбө" деп дайындашкан. Кыз болсо аны баштан түшүрбөөгө тырышып, акырын отуруп-турганга, майда арыштап, койкоюп түз басканга, башты тик кармаганга, оргу-баргы эмес ийкемдүү кыймылдаганга аракет жасаган.

Ошентип булчуңдардын эске тутуусунун негизинде, кыз баланын көзгө толумдуу көрүнүшү, сонун илбериңки кыймыл-аракети калыптанып, мүчө башынын түз болушу шартталган.

Кыргыз энелери бала тарбиясында жаагын жанып эле "мындай бол, андай бол" деп сөздүн баркын кетире берген эмес. Анын үстүнө бала тарбиясында сөздөн көбүрөөк аракет таасир этерин билип, ушундай нускалуу ыкмада тарбиялашкан.

Кыздын көзү кызылда

Кыз баланын кийими артыкча шөкөттүүлүгү менен айырмаланып, жаш курактык жана каадалык кийимдер да болгон. Алсак, кыздардын баш кийимдери, жогоруда биз санап кеткен үкү топудан сырткары кундуз тебетей, топу, шөкүлө ж.б. Беш көкүл болгонго чейин топу, чачы өрүлгөн соң үкү топу, секелек болгондон тарта кундуз тебетей, үкүлүү тебетей, селки жашында кыз шөкүлө кийген. Кыз шөкүлө тууралуу талаш пикирлер да жок эмес. Айрым изилдөөчүлөр шөкүлөнү кыз бала турмушка узап жатканда гана кийген дешет. Ал эми туштүк жергесинде чоңойгон акын Бүбайша Арстанбекова эжебиздин айтымында, шөкүлөнүн үч түрү болуп, бири ошол келин болордо кийген шөкүлө. Андан башка селки шөкүлө, кыз шөкүлөлөр бар экендигин, аларды өзү кийгендигин баяндайт. Жыл мезгилдерине жараша баш кийим, сырт кийимдер өзгөрүп турган. Кемсел, бешмант, күрмө сындуу сырт кийимдер да жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жашыл, кызыл түстө, кыжымыдан, тукабадан, баркыттан жасалып кийилген. Бойго жеткенге чейин саймалуу өтүк, бойго жеткенден тарта өкчөлүү өтүк кийишкен.

Кыргыз кызы болуу кымбат

Кыз менен тегирменди үйдө тарт дешип, кыздын тарбиясын энеси, жеңеси кынаптап бергенге, үй оокаты менен кошо "кыз кишинин кыялы жибектей жумшак болот" дешип кыял жоругунун калыптанышына, барга-жокко байымдуу болгон сабырынын түптөлүшүнө кам көрүлүп, кези келгенде кебелбеген келин болууга тарбиялашкан. Ошону менен катар кыздуу үйдө кыл жатпайт деп аны мизилдеген тазалыкка үндөгөн. Жакшы кыз жакадагы кундуз дешип, кыздын сырткы келбети менен катар ички жан дүйнөсү да жаркырашына кам көрүшкөн. Салттуу билимди карманган апалардын айтымында, жеңелер институту жүрүм-турумунан тарта гигиеналык маселелерге чейин тарбиялап, кыз баланы бышырган, кер маралдай керилген селки кылган чоң мектеп болгон.

Кыздын кырк чачы улуу

Кыздын кырк чачы улуу дешип өз үйүндө атасынын төрүндө тамактын жакшысын жегизип, кийимдин нарктуусун кийгизип барктап, тотудай тарантып, куштай таптап чоңойтушкан. Кыргыз кызы болуу бир жагынан аздек мамилени, экинчи жагынан чоң жоопкерчиликти шарттаган. Кызды кагып-силкпей, катуу айтпай, кир кийим кийгизбей, кир идиштен жегизбей таптап багып, өз кадырын билип, өзүн сыйлай алган, өзгө кадырына да жетип, өзгөнү да сыйлай билген асылзаадалыкты калыптандырышкан. Диний түшүнүктөрдөгү же башка бир дүйнө таанымдардагы кыз кишилерге болгон мамилелерден айырмаланып кыргыз элинде кызга сый жогору болгон.

Жыйынтык сөз

Кыз тарбиялоо, жогоруда айткандай, абдан кылдаттыкты талап кылган. Кызды барктап, таптап, сыйлап, эркелетип, ошол эле убакта акырын айтып бек таштап, нарк жолу менен, ырым-жырым менен, салт жолу менен, керек болсо кийим-кече, кооздук менен дагы тарбиялашкан. Ошол улуу жолду улантып, кызды кыздай кылып өстүрүүгө далалат сизден да, бизден да болууга тийиш.

Тема боюнча

Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза
Узатканы бири да келе албады... Сегизинчи марттагы баягы биздин кыздар
Белгилер:
каада-салт, кийим, кыргыз, кыз

ЭҢ МААНИЛҮҮ