Планетанын эки уюлунан тең учат. Россиялык "Сарматтардын" өзгөчөлүктөрү

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын "Сармат" континенттер аралык жаңы баллистикалык ракетасын сыноо
Россиянын Сармат континенттер аралык жаңы баллистикалык ракетасын сыноо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
18 000 чакырым аралыкка чейин учуучу жаңы "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасы сыноо алдында.
Андан соң сериялык өндүрүшү башталып, Россия жана анын союздаштарынын коопсуздугун бекемдөө үчүн РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнө берилет. Баллистикалык ракетанын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салды.
30-мартта РФтеги "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын башчысы Дмитрий Рогозин РС-28 "Сармат" континенттер аралык жаңы баллистикалык ракетасынын сыноолору жакын арада башталат. Ушул тапта ага даярдык көрүлүүдө. Учуш-конструктордук сыноолордун аякташы жана шахтага негизделген "Сармат" комплексинин сериялык өндүрүшү быйылкыга пландалган.
Келерки жылы "Авангард" блоктору бар гипер үндүү жаңы ракеталар РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүндө күзөтө баштайт. Күчтүү "Сармат" 32 жылдан бери Россиянын коопсуздугун өзөктүк ооздуктоо ыкмасы менен ишенимдүү камсыздап келе жаткан даңазалуу "Воеводалардын" (НАТОдо бул – SS-18 "Сатана" деп классификацияланат) ордун басат.
Циркон гипер үнү менен жүрүүчү канаттуу ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
"Сарматтын" ыргытуу сыноолору 2018-жылдын март айында Плесецк космодромунда аяктаган. Ал эми 2019-жылдын декабрында РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн командачысы генерал-полковник Сергей Каракаев башкы ракеталык полктун жаңы комплекстер менен кайра куралданууга камылгасы жөнүндө жарыялаган.
Ошону менен бирге эле "Сарматтын" конструкциясы жана тактикалык-техникалык мүнөздөмөсүн Россиянын алдыңкы аскердик окуу жайларында бир нече жылдан бери изилдеп келет.
Старттык салмагы 208 тонна, пайдалуу жүгү – 10 тоннанын тегерегиндеги (178 тонна – күйүүчү майы) 18 миң чакырымга чейинки аралыктан душмандардын объектилерине сокку урууга мүмкүндүк берет.
"Сармат" курал блокторунун бүтүндөй топтомун, анын ичинде гипер үндүү жаңы муундагы куралга да ээ болот. Негизинен "Сармат" үчүн жасалган гипер үндүү "Авангард" РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн Домбар ракеталык дивизиясында аскердик нөөмөт өтөп келет.
Континенттер аралык баллистикалык ракеталардын шахталары позициялык райондорго топтоштурулган өзөктүк сокку урууга эсептелип жасалган, башкача айтканда, дээрлик кыйрагыс.

Салыштырмалуу талдоо

"Сарматтын" чет өлкөлүк теңдеши жок. Мисалга, андан кыйла жеңилирээк, катуу күйүүчү май менен учуучу америкалык Minuteman III континенттер аралык баллистикалык ракетанын учуш аралыгы 10 миң чакырымды түзөт. Бир нече жолу заманга бапташтырылса да россиялык "Воеводаларга" жетпей келет. GBSD (Ground Based Strategic Deterrent) жаңы долбоору азырынча иштелип чыгууда, бирок "Сарматка" атаандаш боло албайт. Андан көрө россиялык "Сармат" комплексин ушул эле өндүрүштөгү "Воевода" менен салыштырган оңдур.
РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн ардагери 11 миң чакырым аралыктан "оор" класстагы аскердик блокторду жеткирип, ал эми "Воеводанын" бир блоктуу ок бөлүгү душмандын объектилерин 16 миң чакырым аралыктан кыйратат.
Самолет F-35 Lightning II - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар
"Сарматтын" пайдалуу жүгү эки тоннага көбүрөөк, ылдамдыгы тезирээк, учуш аралыгы эки миң чакырымга узагыраак. "Воевода" жана "Сарматтын" ок күчүн салыштырууга болот. Континенттер аралык баллистикалык ракета Aegis, THAAD жана башка системалар багындыра алчу ылдамдык тилкесин салыштыруу татаал.
Ачык булактарда так маалыматтар жок, бирок оор класстагы ракеталар абадан коргонуунун бардык тутумдарын тез жеңүүгө бутасына таамай тийүүгө "милдеттүү". "Сармат" коргонуу жана жашырынуучу жапжаңы каражаттарга ээ. Эң башкысы, жаңы баллистикалык ракета салыштырмалуу өз алдынча гипер үндүү блокторду ташыйт. "Сарматтын" "Воеводадан" принципиалдуу айырмасы – өзөктүк эмес таамай сокку уруу мүмкүнчүлүгү.
Курал блогунун атмосферадагы 15 Maxтын тегерегиндеги кинетикалык кубаты жерди радиоактивдүү жабыркатуусуз эле кыйрата алат. Континенттер аралык жаңы баллистикалык ракеталардын саны болжолдуу.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1998-жылы 58 Р-36М2 "Воевода" континенттер аралык баллистикалык ракетасы болгон. Бүгүнкү күндө да дүйнөдөгү кырдаал РС-28 ракеталарын ушундай эле санда сериялык өндүрүүнү болжолдоого мүмкүндүк берет. Мурда америкалык CNBC каналы АКШнын чалгын коомчулугунун маалыматына таянып 60 "Сармата" тууралуу баяндаган.
Кандай болгон күндө да СНВ-3 келишими боюнча баллистикалык ракеталар жана курал блокторунун саны РФтин Стратегиялык өзөктүк күчтөрү үчүн чектелүү, атап айтканда, ракета коё берүүчү 700 орнотмо жана 1550 ок блогу (РФтин Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүндө – 60%). Алардын санына карабастан күзөттө "Сарматтардын" күчү кол жеткис болору шексиз.
Жаңы россиялык комплекстин болуп көрбөгөндөй мүнөздөмөлөрүнө басым жасоо менен
Military Watch басылмасы: "Сармат" болжол менен 10 Мах ылдамдыкта жылат, ал эми "Авангард" 20 Махтан ашуун ылдамдыкта куралды белгиленген жерге жеткирет. "Сармат" бир нече өзөктүк куралды ташыйт. Бир сокку менен Европанын өнүккөн бир өлкөсүндөй бар аймакты бошотуп коё алат.
"Авангард" "Сарматтыкына" караганда болжол менен 3-4 эсе кубаттуу эки тонналык ракетаны ташыйт. "Сармат" алда канча кең аянттагы буталарды кыйратса, "Авангард" тезирээк кыйратып, топтоштурулган сокку урат. Эки платформанын ортосундагы айырмачылык бири-бирин толуктоочу ролду аткарууга мүмкүндүк берет" деп жазган.

Ири агрессорго эсептелген

The National Interest басылмасы "Сарматты" өзөктүк согушту жүргүзүү каражаттарын жок кылуу үчүн жасалган россиялык стратегиялык куралдардын баарынан күчтүү деп мүнөздөгөн.
Россиялык Буревестник канаттуу ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?
Пентагондо олуттуу жаңжал шартында Россия АКШнын аймагына – ракета коё берүүчү орнотмо жана Minuteman III 450сүн тең таш-талканын чыгаруу үчүн "Сарматтар" менен сокку урарын түшүнүшөт. Америкалык эксперттердин баамында бир РС-28 "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасы 7,5 өзөктүк мегатоннаны жеткирип, 35-37 млн. кишини жабырката алат, ал эми он ракета бүт өлкөнү жок кыла алат. Эске салсак, РФтин Стратегиялык өзөктүк күчтөрү бөлөк типтеги стратегиялык баллистикалык ракеталарды эсептебегенде да бир нече Р-36М "Воевода" ракетасын коё берүү дайым даяр.
Кыймылга келтирилген 60 секунда жана старттан соң "Сармат" болжоп болгус траекториялар боюнча ракетага каршы коргонуу аймактарынан, ал түгүл Түндүк уюл аркылуу да айланып уча алат. Жекече мээлөөчү, 15 Мах ылдамдыктагы гипер үндүү блокторду шарттуу душмандын технологиялык базасынын артта калганынан улам кармоо мүмкүн эмес.
Россия Стратегиялык өзөктүк күчтөрүн өнүктүрүүдө Кошмо Штаттардын ракеталык-өзөктүк дараметинин жаңыртылышы жана тышкы саясатынын иретсиз мүнөзүн, Вашингтондун СНВ-3 келишиминен чыгышы жана Европага орточо аралыктагы америкалык ракеталарды жайгаштырышын эске алууга туура келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0