18:32 30 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
154 0 0

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ишине киришкенден эки айдан соң гана Европага иш сапар менен барды.

Буга көп күттүргөн Жо Байдендин басма сөз жыйыны да себептир, бирок жарытарлык жыйынтыктан үмүт этишпесе да сапарды улам жылдыра берүүгө мүмкүн болбой калган. Күтүлгөндөй эле чыкты... Бул туурасында Ирина Алкснис ой толгогон.

Иш сапарындагы эң ири окуя анын НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуусу, ошону менен бирге эле трансатлантикалык өнөктөштөрдүн ортосундагы ынтымак бар экенин көрсөтүү болду деп эсептөөгө болот. Бирок риторикалык шаблондордон (Россия жаман, Кытай кооптуу, Иранды ооздуктап туруу керек деген өңдүү) так маселелерге өтөрү менен принципиалдуу карама-каршылыктар калкый түштү. Атап айтканда Афганистандагы тынчтыкты жөнгө салуу.

Былтыр февралда түзүлгөн АКШ менен талибдердин ортосундагы макулдашууга ылайык, америкалык күчтөр Афганистандын аймагынан быйыл 1-майга чейин чыгып кетүүгө тийиш эле. Натыйжада Вашингтон ушул тапта "кетүүгө болбойт калууга" дегендей касташкан тараптардын кысымында калды.

Бул келишим — Трамптын тапканы, демократтар бийликке кайтканы эскиден калган документтен принципке туруп деле арылгысы келери түшүнүктүү. Бирок ошол эле учурда афган таржымалы чындап эле туңгуюкка кептелгенине бир топ болуп калды. Кошмо Штаттарга ал жактан чыгып кетүү мөөнөтү оңтой берди болот. Анан да келишим – бул үчүн бир топ ыңгайлуу шылтоо. Анткен менен мурдагы президенттен айырмаланып Байдендин администрациясы державанын кадыр-баркына доо кетирүүгө даай алышпайт.

Америкалыктар кеткенден кийин "Талибандын" соккусу менен Кабулдагы улуттук өкмөт кулайт. Мунун ыктымалдуулугу жогору, анткени талибдер дээрлик жашырынбай эле согуштук аракеттерди калыптандырууга камынууда.

Бир айча убакыт калды. Афганистанда он миңден ашуун натолук контингентти чыгарып кетүүгө мүмкүн эмес. Ушул логистикалык көйгөй да үстөккө-босток болууда. Бул туурасында Вашингтондун жогорку кызматтагы өкүлдөрү ачык эле билдирип жатышат. Мындай жагдайда Кошмо Штаттар өзүнө ылайык келген, кесепети азыраак болчу чечимди табуу аракетинде түйшөлүп турат.

Америкалыктар өз союздаштарынын, эң оболу Германиянын бул багыттагы көз карашын мурда этибарга албаганы Блинкендин ушул сапарында анык болду. Ал эми аларда дооматтар толтура экен. Европа Катардын борбору Дохада жүрүп жаткан афган бийлиги менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кызуу кубаттайт.

Келишимден тез майнап чыгарына да Европа биримдиги ынана бербейт, ошону менен бирге эле Афганистанда НАТОнун аскердик вазийпасын улантылышын туура көрөт.

Германия дээрлик дагы бир жылдык операция үчүн бундесвердин мандатты узартуу процессин баштады. Тийиштүү чечим бундестагдын кароосуна коюлган. Капысынан эле Кошмо Штаттар тынчтык орнотуу боюнча башка бир конференцияны келерки айда Түркияда өткөрүү демилгеси менен чыга калды. Анан калса бул иш-чара көздөгөнүнө жетип, чет элдик күчтөрдү бачым эле чыгарууга мүмкүндүк берчү кандайдыр бир макулдашууга кол коюларына ачык эле ишарат кылды. Европа бул туурасында маалымат каражаттарынан кулакдар болду. Трамп союздаштарын ачык эле көзгө илбей, мазактап келгени го бир жөн. Бирок демократиялык жаңы администрация да иш жүзүндө ошол эле багытта баратат: коммуникация түзүк иштебейт, Вашингтон өнөктөштөрү менен кеңешип коюуну туура көрбөсө да, жок дегенде пландаган кадамдарын маалымдап койбойбу деген тейде катуу кыжырданды.

НАТОнун Афганистандагы он миңден ашуун аскеринин ичинде америкалыктар болгону – үч жарым миң. Калган он миңдей жоокер – НАТОнун башка мүчөлөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде миңден ашуунун германиялык бундесвердин аскер кызматкерлери түзөт. Кошмо Штаттардын соңку демилгелерине Европанын кыжырданган реакциясы аскерлерин америкалыктар согуш кырында турган, туруксуз өлкөгө таштап койбойбу деген кооптонуусуна байланыштуу. Дал ушул себептен Брюсселдеги Блинкендин катышуусундагы сүйлөшүүлөрдө "бирге кирдикпи, чогуу чыгабыз" деген тема таптак жаңырды. Бирок кеп мында эле эмес. Салыштырсак, 2011-жылдын 6-июнуна карата маалыматтарда Афганистанда НАТОнун аскердик контингентинин саны 13 миңди түзгөн. Анын 90 миңи америкалык аскерлер эле. Башкача айтканда, АКШнын аталган республикадагы операцияга кошкон адамдык ресурсу калган 47 өлкөнүкүн жалпы эсептегенде эки эки көп болгон. Эми абал алмашты, мындай багыт акыркы жылдары батыш ичиндеги кызматташуунун ар кыл тармагында байкалууда.

"Демократиялык эмес" Москва менен Пекинди кызуу талкуулашканы менен Германия "Түндүк агым – 2" долбоорунан, ал эми Европа Кытай менен соода өнөктөштүгү жөнүндөгү макулдашуудан баш тарткысы жок. Энтони Блинкендин россиялык С-400дү "өлкөдө кармабоого" кайра-кайра чакырышына Түркия маселе талкууга жабык экенин билдирди.

Байдендин администрациясы эми өз күчтөрү толуп калганын туйган кенже өнөктөштөрүн тил алууга мажбурлоочу инструменттерди издөөгө аргасыз. Анткен менен жамааттык Батыштын ичиндеги күчтөрдүн бөлүнүшү кыйла өзгөрүүгө дуушар болгон шартта мындайга жол берилери күмөн.

Тема боюнча

Европа AstraZeneca компаниясынан өч алууда
F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар
"Кыйратуучу план керек": Пентагондун Аляскадагы шашылыш аракети
Белгилер:
АКШ, Энтони Блинкен, Түндүк агым - 2, долбоор, соода, өнөктөштөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ