Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиялык "Буревестник" канаттуу ракетасы. Архив
Россиялык Буревестник канаттуу ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Россия жогорку технологиялык куралдарды иштеп чыгуу жана өндүрүү тармагында лидерликти эч кимге бербей келет. РФтеги мындай аскердик табылгалар улуттук коопсуздукту жана мамлекет суверендүүлүгүн ынанымдуу камсыздайт.
Айрыкча Пентагон өзөктүк күч түзүлүшкө ээ, ыраактыгынын чеги жок россиялык "Буревестник" канаттуу ракетасынан кыйла кооптонот. Ал Кошмо Штаттарды да, бул державанын союздаштарын да сестентерин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Конгресстеги 16-марттагы угууларда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Түндүк командачылыгынын башчысы генерал-лейтенант Глен Ван Хёрк "Буревестник" канаттуу ракетасы өзүнүн чексиз аралыкка учуу жөндөмү жана автономдуулугу менен дээрлик бардык вектордон сокку урууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Хёрктун пикиринде, Россия дайым Кошмо Штаттарга түздөн-түз коркунуч туудуруп, америкалык коргонуусу үчүн эң олуттуу чакырык болуп келет. Ошону менен бирге эле америкалык аскер жетекчиси россиялык лидерлер планетадагы америкалык таасирди солгундатууга, "аймактык үстөмдүк жана дүйнөлүк держава макамын кайтарууга" умтуларын айтат.
Россия алгачкылардан болуп гипер үндүү блоктору бар "Авангард" континенттер аралык баллистикалык ракеталарды аскердик күзөткө коюп, трансокеандык "Посейдон" өзөктүк торпедасын ийгиликтүү сынап, өзөктүк үчтүктүн бардык компоненттерин заманга бапташтырууда.
Афганистандагы АКШнын деңиз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Ошону менен бирге эле Москва кызыкчылыктардын балансы, бир пикирге келүүгө негизделген чынчыл, тең укуктуу диалогго даярдыгын көрсөтүп келет. Тилекке каршы, Вашингтон азырынча тең укукта сүйлөшүүгө даяр эмес. Ал эми россиялык стратегиялык "Буревестник" Пентагондун түн уйкусун качырат.
Ал ортодо РФтин Коргоо министрлигинин радиолокациялык станциялары бир жума аралыгында чет элдик 27 чалгындоочу учак, 14 учкучсуз учуучу аппараттарды аныкташкан. Алар айрыкча Россиянын батыш чек араларын бойлой чалгындоо жүргүзүшкөн. Бул АКШ Армиясынын жыл сайын өтүүчү DEFENDER Europe 21 масштабдуу окууларын уюштуруунун алкагында өтүп келет. Ага Грузия, Молдова, Украина жана Балтия өлкөлөрү менен бирге жалпы 27 союздаш мамлекеттерден 28 миң жоокер катышат. Россия Кошмо Штаттардын жээгинде эч качан мындай машыгууларды өткөргөн эмес.

Жогорку технологиянын арышы

"Буревестниктин" технологиялык уникалдуулугу аны артыкчылыктын көрүнүктүү белгисине, ошол эле убакта РФтин Коргоо министрлигинин өтө купуя долбоорлорунун бирине айландырат.
Өзөктүү (таамай реактивдүү) кыймылдаткычтуу канаттуу ракетанын айрым гана мүнөздөмөлөрү ачык айтылат, ушул чакта дүйнөдө теңдеши жок. "Буревестник" көлөмү боюнча мурда чыгарылган россиялык канаттуу ракеталар менен бир катарда турат.
Доставка бронетехники и личного состава российских миротворцев в Армению самолетами Ан-124 Руслан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
"Руслан" Ан-124. Россия эмне себептен авиагигантын кайра чыгарууга ниеттенди?
"Стандарттык корпуста" ("стелс" технологиясы боюнча жасалган) дүйнөнүн алдыңкы окумуштуу жана конструкторлору жасоону самап, бирок россиялык адистер гана жүзөгө ашыра алган өзөктүк энергетикалык түзүлүш жайгаштырылган.
Шарттуу түрдө учуштун чектөөсүз ыраактыгы (эң кичине чеги – 130 миң чакырым) аскердик колдонуунун жапжаңы стратегиясын жана тактикасын түзүүгө, болжолдуу душманга болуп көрбөгөндөй трансконтиненталдык траектория боюнча сокку урууга мүмкүндүк берет, анын колундагы да, келечектеги да абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу тутумдарын текке жаратпайт.
"Буревестниктин" ок дүрмөтүнүн кубаттуулугу тротилдик эквивалентте мегатоннадан ашат. Бул каалаган стратегиялык, анын ичинде жер алдындагы жана суу түбүндөгү буталарын таамай талкалоого жетет.
Өзөктүк реактордук канаттуу ракетанын изин табуу жана кармоо дээрлик мүмкүн эмес. Спутник "Буревестниктин" старт алышын байкайт, андан соң ал көзгө көрүнгүс болуп калат.
Келечегинде стратосферада гипер үндүү ылдамдыкта уча турган жапжаңы учакты жаратуу үчүн азыркыдан дагы кубаттуураак өзөктүк реактордуу таамай-аба жана турбореактивдүү кыймылдаткычтарынын интеграцияланышы ыктымал.
Бул фантастика эмес. Глобалдык ыраактыктагы жаңы канаттуу ракетаны сыноо программасына кеминде россиялык эки, атап айтканда, Капустин Яр жана Новая земля полигондору тартылган.

Жазаланбастык жоопкерчиликсиздикке кептеп...

 Искандер ыкчам-тактикалык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Тоолуу Карабах: Пашинян "Искандерден" неге шектенди?

Мурдараак америкалык Military Watch басылмасы россиялык өзөктүк кыймылдаткычтуу 9M730 "Буревестникти" сыноо иштери кайра жанданганын маалымдаган. НАТО ага SSC-X-9 Skyfall деген коддук аталыш ыйгарган. Ушул маалымат каражаты жазгандай, жаңы ракетанын сыноочу полигону катары уюлдун ары жагындагы Новая Земля архипелагы кызмат өтөйт.

Спутниктер сыноо аянтчалардагы жогорку активдүүлүктү каттайт, Россия 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын февралына чейин "Буревестникти" төрт ирет коё берген.
Military Watch "Буревестниктин" уникалдуулугун белгилейт. Өзөктүк реактордуу ракета коё берилгенден кийин көптөгөн жылдар бою учуп жүрө берет, ал РФ аймагындагы душман биринчи болуп сокку урган күндө да эч кыйрагыс.
Абада мынчалык узакка кармалышы душмандын кандай багыттагы гана объектиси болбосун талкалоого мүмкүндүк берет. Бул үчүн абадан коргонуу тутумунда "туюктарды" колдонот. Мындай ракетанын душмандын аба мейкиндигине жакын коё берилиши ишенимдүү күчтү көрсөтөт.
Ушундай технологияны Россиянын башка ракеталык программаларында пайдалануу планетанын айланасында ойго келгис "орбиталар" боюнча дайым учуп турган стратегиялык жана тактикалык өзөктүк ракеталардын жаңы түрлөрүн жаратууга жол ачат. Дал ушундан улам ооздуктоо инструменти жана өч алуу куралы болгон "Буревестник" Пентагондун генералдарын кыжырдантат. Кадимки канаттуу ракета конструктивдүү түрдө реактивдүү кыймылдаткычтуу жана чектелген радиустуу дүрмөт болуп саналат. Айталы, америкалык "Томагавк" 2500 чакырымга чейинки аралыкка учат.
Өзөктүү реакторлуу ракета он жана жүз миңдеген чакырымдарга чейин учуп, башкача айтканда, бир топ ай же жылдар бою атмосферанын тыгыз катмарында "Жердин спутниги" боло алат.
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
Америкалык эксперттер Россиянын жаңы канаттуу ракетасы менен аталган мамлекет болжол менен 2025-жылы куралданарын боолголойт. Ал эми россиялык адистердин баамында, стратегиялык "Буревестник" катарга 2027-жылдан кийин гана кошулат. Ошондой эле анын согуштук дарамети 2026-жылдын 5-февралына дейре узартылган Стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндөгү (СНВ-3) россиялык-америкалык келишимде каралган эмес.
Кандай болгон күндө да "Буревестник" Вашингтон жана Брюсселдеги "өнөктөштөрдүн" жазаланбайбыз деген ойлорун биротоло жокко чыгарып, алардын жоопкерчилигин, тынчтыкты сүйүү жана макулдашуу жөндөмдүүлүгүн кыйла арттырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0