22:29 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
20

Элге, коомго кызмат кылуу үчүн мамлекеттик жогорку кызматтарга барууну эңсегендер көп. Чынында бул чоң вазыйпаны кызматы жок, ал тургай кылган туруктуу иши жок эле аткарганга болобу деген суроонун тегерегинде колумнист Шабдан Абылгазы уулу ой калчап көрдү.

Соңку учурлардагы саясий өнөктүктөр жана андан кийин болуп өткөн окуяларда бир жагынан таң калычтуу иштер болду. Тактап айтканда, кандай гана кесиптин ээси болсо дагы депутат, министр жана президент болууга умтулгандар жайнап кетти. Көптөгөн биз тааныган жана байкап жүргөн ага, ини, эже, карындаштарыбыз кайрымдуулук кылымыш, элдин камын көрүмүш болуп жүргөнү менен, алардын эң башкы максаты кандайдыр бир чоң кызматка жетүү аракети экендиги сезилип калды. Ушул жерден көптөн бери интернет айдыңында назарымды салып жүргөн бирөө тууралуу кеп кыла кетүүнү эп көрүп турам.

Соңку учурларда талаш-тартыш, чукушмайдын аренасы болуп калган соцтармактарда бул кишиге көңүлүмдүн бурулуп калышына себеп бар. Ал дайыма жасаган тамактарынын сүрөтүн жарыялап, ресторан ачууну кыялданып жүргөнүн жар салып турат. Кыялына бир кадам жылса да ал кубанычын өзүнүн катталуучулары менен бөлүшөт. Дал ошол саясий өнөктүктөрдө "биз муну шайлайбыз", "биз өлкөнү өзгөртөбүз", "силердин кандидат татыксыз", "биздин лидер укмуш" деген тариздеги ураандардын арасында жогоруда мен кеп кылган адамдын лагман чойгонду үйрөнүп жаткан видеосу чыкты. Анда болгон ыкыласын коюп алып лагманын чоюп, жыйынтыгына маашырланып жатканын көрүп, негедир бизде ошол киши сыңары кыялына умтулуп, кесипкөй болуу, бир тармакта ийгилик жаратууга умтулгандар аздай сезилип кетти.

Албетте, ийгиликке, бакытка умтулгандар толтура, дээрлик баары бийликке барып гана адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө таасир эте аларына ишенет өңдүү. Эмнеге андай? Тереңирээк көз жүгүртүп көрөлү.

Көрсө, биздин балдарда кыял, умтулуу жок экен. Арийне, алар ушундай төрөлбөйт. Баарыбызда эле кыял, тилек, максаттар бар. Бирок анын баары убакыттын өтүшү, ар кандай факторлордун таасири менен жокко чыгып кетип жаткандай. Балким, баары эместир, бирок айрымдар балдарынын эмнеге шыктуу, өзүнүн каалоосу кандай экени менен эсептешпей, өзү эңсеген, качандыр бир кезде жетпей калган кыялына баласы аркылуу жеткиси келип, таңуулап, ошого ылайыктуу кружокторго, секцияларга берет. Бул мүмкүнчүлүгү барлардын жасаганы.

Ал эми мүмкүнчүлүгү, аймактарда тийиштүү шарты жоктордуку — трагедия. Аларга ата-энеси келечек кесибин таңуулабайт, мажбурлабайт. Бирок шарт, инфраструктура, каражат жок. Маселен, алыскы бир тоолуу айылда музда бийлөөгө шыктуу, ошол спорт боюнча дүйнөнү багындырууну кыялданган кызда шарт, мүмкүнчүлүк жок болуп калуусу мүмкүн. Андан бери келгенде эле университетке тапшыруу өзүнчө мүшкүл. Себеби мектепте мыкты окуп, мисалы, IT тармагында мыкты адис болууну эңсеген, ошого шыктуу абитуриент гуманитардык бир кесипке тапшырып калышы мүмкүн. Гуманитардык жакта бюджеттик орун бар болуп же контракт арзаныраак болуп калат. Ошентип ал дагы өзү кыялданган, эңсеген кесипке ээ болбойт. "Жашоодо бактылуу болуш үчүн аялыңды, кесибиңди, анан максатыңды туура тандаш керек" деп коюшат го. Бул логика менен алганда учурда Кыргызстанда кесиби ырахат тартуулабагандар кыйла көп окшойт деп калдым. Кайсы бир тармакта ийгилик жаратууга максат койбой, жок дегенде акча көбүрөөк табууга мүмкүн болгон (мамлекеттик чоң кызматтар негизинен жакшы киреше табуу булагы) жумушка кирүүнү максат кылышат өңдүү.

Максат демекчи, учурда аны туура койгонду да дурусураак билбейбиз. Улуу муундагылар тилек, максат, каалоо жакшы нерсеге гана багытталышы керектигин көп айтышат. Психологдор деле ойдон негативди чыгарып, кыялыңда эңсеген нерсени күндө элестетип тургула деген сунушун берип жатпайбы. Ушул жерден мындан 10 жыл мурун болгон окуя эске түшөт. Мектепти аяктап, айылдан түйүнчөгүмдү түйүп, борбор калаага аттандым. Мен сыңары шаарга бараткан автобустагы жигиттин баарлашуусу азырга чейин эсимде калыптыр:

— Эмне болду? Кайда тапшыра турган болдуң?

— Билбейм, иши кылып бир окууга тапшырам. Болбосо, окууну бүткөн кыз алам да, — деп күлүп калды.

Анда анчейин маани берген эмесмин. Кийин коюлган максаттын туура эместиги аз келгенсип, тамаша катары айтылса да тиги жигиттин ниети, көз карашы учурдагы бир топ адамдын кыжырын келтире турган жагдай экенин аңдадым.

Эптеп жан багышты, өлбөстүн күнүн көрүштү максат кылуу менен чектелип калганыбыз кызык. Ал деле ошол кезде окууну жаңы бүткөн бала болчу. Демек, бул сөздү кайсы бир чоңдон укса керек. Балким, үйүнөн чоңдордун бири тамаша кылган чыгаар. Ким билсин...

Бүгүнкү күндө жаштар билимдин, максаттын артынан Жер шарынын бардык бурчуна жетип, космосту багынтууну кыялданууда. Анткени аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк, жолун табууга шарт бар. Интернет аркылуу тил үйрөнүп, билим алышууда. Бир учурларда мындай мүмкүнчүлүк жок, адам кесипти эмес, кесип адамды тандап калган кез болду. "Эптеп окууга өтсөм, аны бүтүп жолун таап иштесем, оокатым өтөт" деген ой менен окуусун бүткөн бир топ мекендешибиз учурда же ишин таштады, же ишин кыйраткан жок окшойт деген тыянакка келесиң. Анткени кызмат көрсөтүүчү жайларга барсаң, кызматкердин маанайынын жоктугун бүткүл жан дүйнөң менен сезесиң. Кесибин сүйгөн адам ошондон ырахат алат деп айтылат эмеспи. Айрымдардын иштеп жатканын көрүп, ырахат эмей эле жумушуна мойнунан байланган иттей болуп аргасыз келип, ошол жерде отуруп иштеп жатканы үчүн бүт дүйнөгө нааразы болгон сыяктуу туюлат.

Атам заманда эле айтылуу Сократ "кесип адамды эмес, адам кесипти тандайт" деп айткан. Анын сыңарындай, баланын көңүлү, анын шык-жөндөмү, максат, кыялдарына жараша тарбия берип билим алуусуна шарт түзө билбесек, маанайы жок, кылган ишин милдет кылган, шалаакы кызматкерлерге али көпкө чыдашыбыз керек болуп калат өңдүү.

Бул көйгөйдүн дагы бир кыры тандоону сыйлай билбегенибизде окшойт. Азыр "ал эркектин иши эмес", "бул жумуш кызга жарашпайт" деген түшүнүк эскирди. Анан да "ырчылыкты, актёрлукту не кыласың? Андан көрө дарыгер, мугалим, медайым (экономист, юрист, саясатчы) бол" деген сыяктуу ата-эненин, туугандардын басымы менен жакпаган кесипти тандап алгандар бала кезинде кыялданганына жетпей калат. Ким бирөөнүн көз карашына байланып, ал кесип жаман же бул кесип жакшы деп иргөө баланын эмес, чөйрөнүн тандоосунда калат.

Баланын көз карашы ушундай жагдайларда калыптанып, ал өзү каалаган, кыялданган ишин кылбастан, жанды багуу, татыктуу маяна табуу, материалдык мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатын коюп эптеп иштеп кетет. Бирок натыйжада уурдалган кыял, барымтада калган балалык максат жана бактысыз коомдо жашоого туура келет.

Тема боюнча

Баланын шагы сынып, көңүлү түшпөсүн! Кыргыздын ат коюу маданияты
Малдын териси иттердин эрмегине айланды. Айылдыктарга ким көмөктөшөт?
Белгилер:
тарбия, ата-эне, билим, көйгөй, кыял, максат, кесип

ЭҢ МААНИЛҮҮ