Абу-Дабидеги көргөзмөгө коюлган россиялык коргонуу комплексинин саамалыгы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАбу-Дабидеги IDEX-2021 көргөзмөсүндө оор ТОС-1А огнеметтук тутумун макети
Абу-Дабидеги IDEX-2021 көргөзмөсүндө оор ТОС-1А огнеметтук тутумун макети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Россия дүйнөлүк курал рыногунун үчтөн бирин көзөмөлдөйт. Абу-Дабиде өтүп жаткан Эл аралык IDEX 2021  курал-жарак жана аскердик техника жарманкесинде да РФ Коргоо өнөр жай комплексинин негизги саамалыктарын элдин назарына койду.
IDEX 2021 курал салонундагы бирдиктүү россиялык экспозиция 1200 чарчы метрди ээлеп, аскердик техниканын 400дөн ашуун түрүн камтыйт. Бул — жогорку технологиялык душманы менен салгылаштагы орчундуу аргументтер, учурдун коркунучтары жана жер, деңиз, абадагы коопсуздук чакырыктарына (анын ичинде сокку уруучу учкучсуздарды жок кылуу) таамай жооп. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко эл аралык жарманкеге коюла турган россиялык бирдиктердин мүнөздөмөлөрүнө токтолгон.
Абу-Дабиде Т-14 "Армата" жаңы россиялык танкынын эл аралык бет ачары өтмөкчү. Бул дүйнөдө согуштан кийинки үчүнчү муундагы жалгыз танк болуп саналат. Машина таамай куралдан коргоонун эң жогорку даражасына ээ, тактикалык звено аркылуу тескөөнүн автоматтык тутумуна интеграциялашууга жөндөмдүү, учкучсуз режимде сыноодон өткөн.
Мурдараак Sputnik Т-14түн экспорттук болочогу тууралуу маалымдаган. Чет элдик адистер "Арматанын" болжолдуу сатып алуучулары катары Индия, Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет жана Алжирди аташат.
Жаңы танкынан тышкары "Уралвагонзавод" концерни IDEX-2021 көргөзмөсүнө дагы бир жаңылыгын – зооттолгон инженердик универсалдуу машинасын элдин назарына коет. Аймакта алгач ирет унификацияланган дөңгөлөктүү "Бумеранг" платформасынын базасында зооттолгон транспортер жана пехота машинасы, алыскы аралыктагы "Антей-4000" зениттик-ракеталык тутуму, орто ыраактыктагы жаңы "Викинг" ЗРТ көрсөтүлөт.
Т-14 Армата танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Россиялык "Армата" танкы чет өлкөгө талпынды. Кайда бет алат?
Россиялык Коргоо өнөр жай комплекси учкучсуз тематиканы динамикалуу өнүктүрүп келет. "Рособоронэкспорт" дүйнөлүк рынокто "Орион-Э" чалгындоо-сокку уруучу комплексин ийгиликтүү таанытып келет. Бул түркиялык Bayaraktar ТB-2 менен бир типте деп эсептелип, чет өлкөлүк адистердин кызыгуусун жаратып жүрөт.
Абу-Дабиде айтылуу "Орлан-10Е" россиялык учкучсуз комплекси боюнча да материалдар сунушталган. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка – курал-жарак рыногундагы негизги буюртмачылар, аларга рыноктун жалпы көлөмүнүн үчтөн бирине жакыны туура келет. "Ростехтин" башкы директору Сергей Чемезовдун маалыматына таянсак, 2020-жылы "Рособоронэкспорттун" экспорт көлөмүнүн 50 пайыздан ашууну аталган чөлкөмдөгү өлкөлөргө багытталган.
IDEX – тажрыйба жана технологияларды алмашуу, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү үчүн маанилүү эл аралык аянтча.

Кыйрагыс зооттолгон техника

Абу-Дабидеги россиялык зооттолгон топтомунда заманбап Т-90МС танкы, жаңыланган Т-72 танкы, танктарды коштоочу аскердик машина, "Тайфун" жана "Торнадо" тобундагы зооттолгон автомобилдердин үлгүлөрү бар. "Уралвагонзавод" концернинин экспозициясы оор ТОС-1А огнеметтук тутумун, 155 ммлик калибрдеги 2С19М1-155 өзү жүрүүчү гаубицаны, 7,62 ммден 57 ммге чейинки калибрдеги пулеметтук-замбиректик куралдар менен жабдылган аралыктан куралдын тескелүүчү аскердик үлгүлөрүн камтыйт.
Жогоруда аталган зооттолгон инженердик универсалдуу машинасы согуш шартында жана душман жапырт жабыркатуучу курал колдонгон учурда инженердик иштер үчүн ылайыкталганы менен бүйүр кызытат. Бул табылгада үч: зооттолгон ремонттук-эвакуациялык, жол куруучу инженердик машина жана минаны зыянсыздандыруучу зооттолгон машинанын мүмкүнчүлүктөрү топтолгон. "Уралвагонзавод" концернинин өндүрүмдөрүнө эл аралык курал-жарак рыногунда суроо-талап күч. Жакында аталган компаниянын башкы директору Александр Потапов: "Биз көргөзмөгө коюлган үлгүлөргө Жакынкы Чыгыш, Африка жана Азия-Тынч океан регионундагы мамлекеттер тарабынан кызыгуу болорун болжоп турабыз. Коргоо компанияларынын бардыгы үчүн IDEX эң маанилүү жарманкелердин бири экени айныгыс, биздин өндүрүмдөр бул аянтчада татыктуу орун ээлеп келет".
Буревестник ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Технологиялык революция. Россияга "Буревестник" ракетасы эмне үчүн зарыл?
Көп сатылчу учкучсуз аппараттар
Бүгүнкү күндө Россиянын натыйжалуу чалгындоочу жана сокку уруучу учкучсуздардын бүтүндөй топтому бар. Дүйнөлүк курал-жарак рыногунда мындай өндүрүмгө кызыгуу күч. Россиялык өндүрүшчүлөр "күзөтүүчү курал-жарак" жасоодо көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен. Мындай бирдиктер айрым мүнөздөмөлөрү боюнча чет өлкөлүк атаандаштарын дегеле караандатпайт. Сирияда сыналган КУБ жана "Ланцет" учкучсуздары тескелүүчү ракеталардан алда канча арзан жана радарларга дээрлик байкалбайт.
Аскердик бөлүктөрдө "Корсар" учкучсузу да сынамык эксплуатациядан өтүп, башкы өндүрүшчү КБ "Луч" анын жана "Корсар-Э" сериялык өндүрүшүн баштоого даяр. Байкасак, учкучсуз түзүлүштөрдөн россиялык гана база жана толуктоочу жабдыктар пайдаланылып келет. Анткени бул санкцияланбаган тышкы кийлигишүүлөрдөн коргоонун жогорку деңгээлин жана экспорттон көз карандысыздыкты кепилдейт.
РФ Росссиялык армиянын ар кандай типтеги учкучсуздарын камсыздоо артыкчылыктуу маселе, бирок дүйнөлүк рынокто россиялык Коргонуу өнөр жай өндүрүмдөрүнүн эл аралык коммерциялык кызыкчылыгын бүгүндөн эле камсыздайт.

Кол жеткис коргонуу тутумдары

Абу-Дабиде "Рособоронэкспорт" "Антей-4000", "Викинг" жана "Тор-Э2" зениттик-ракеталык комплекстерин алгач ирет элге көрсөтүшөт. Ошондой эле көргөзмөгө келгендер С-400 "Триумф" жана "Тор-М2КМ" ЗРК, "Купол-ПРО" учкучсуздарга каршы комплекстери өңдүү уникалдуу тутумдарды көрө алышат. Технологиялык деңгээлин түшүнүү үчүн "Викинг" ЗРКсы – "Бук-М3" комплексинин экспорттук версиясы экенин белгилейли. Белгилүү "Бук-М2" комплекси менен салыштырсак, ок атуу аралыгы бир жарым эсеге, тагыраак, 65 чакырымга, ал эми бир убакта атып түшүрө турган буталары алтыга дейре жогорулатылган. Кое берүүгө даяр тескелүүчү зениттик ракеталардын аны 8ден 18ге көбөйгөн.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
"Викинг" дүйнөлүк рыноктун талаптарын эске алуу менен түзүлүп, анын техникалык өзгөчөлүктөрү комплексти болушунча чет элдик буюртмачылардын каалоосуна жараша ыңгайлаштырууга жол берет. Курал бирдиктерин жана ал түгүл айрым өзү жүрүүчү ок орнотмолорун автономдук колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган, бул жалпы коргонуу аянтын жана калкалоочу объектилердин санын арттырат.
Абу-Дабидеги көргөзмөнүн россиялык бурчунда авиациялык техниканын үлгүлөрү да, атап айтсак, маневрдүүлүгү жогору Су-35 көп багыттуу истребители жана Ми-38Т тик учагы коюлган. Бул кандай гана өлкө болбосун авиациялык топтун согуштук дараметин кыйла жогорулата алат.
IDEX 2021 көргөзмөсүндө "Рособоронэкспорттун" адистери Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн аскердик-саясий жетекчилиги жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Пакистан жана Россия жарманкени утурлай коргоо чөйрөсүндөгү бир катар келишимдерге кол койгон. Исламабад ракетага каршы россиялык коргонуу тутумдарын жана танкка каршы коргонуу комплекстерин алат. "Рособоронэкспорттун" буюртмалар топтомунда 50 млрд. долларга түзүлгөн келишимдер бар. Жогорку технологиялык жана кынтыксыз орус куралы планетаны "багындырууну" улантып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0