Технологиялык революция. Россияга "Буревестник" ракетасы эмне үчүн зарыл?

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүү"Буревестник" ракетасы. Архив
Буревестник ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыраактыгы чектелбеген, өзөктүү кыймылдаткычтуу "Буревестник" канаттуу ракетасы кезектеги сыноолорго даярдалууда. Дүйнөдө ага тең келе алчу курал жок. Россия революциялык жогорку технологиялык курал жаатында алдыңкы сапта.
"Буревестник" ракеталык комплекси Жаңы Жерде (Түндүк муз океанындагы архипелаг) сыноолорго камдалып, 2021-жылдын биринчи жарымында кое берилиши мүмкүн.
Географиялык чекит узун аралыктагы ракетаны текшерүүгө мүмкүндүк берет, 9М730 жабдыгы эбак "аракетте". Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган комплекстин алдыдагы сыноолорун утурлай анын артыкчылыктарына кеңири токтолгон.
Россиядагы ракета куруучу тармактагы булактарга таянсак, өзөктүк энергоорнотмолорду полигондо сыноолор 2019-жылдын январында аяктаган. Чексиз аралыкка учууну камсыз кылчу реактордун иш мүнөздөмөлөрү тастыкталган. "Буревестникти" сыноо аянты болгон Жаңы Жер архипелагындагы жогорку активдүүлүктү 2020-жылдын август айынан тарта CNN спутниктик сүрөттөрү да каттап келет.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Ал эми япониялык The Diplomat басылмасы АКШ өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен "Буревестникти" 2016-жылдын июнь айында Астрахань облусунда "Капустин Яр" полигонунда сынашканын маалымдаган. Ондон ашуун атылган, бул технологиялык революция болуп саналат (НАТОнун классификациясы боюнча бул – SSC-X-9 Skyfall).
Радарларга байкалбас "Буревестникти" спутниктен жана старт учурунда гана байкоого болот. Канаттуу ракетаны 50-100 метрлик бийиктиктеги учушуна көз салып же ага бөгөт болуу дээрлик мүмкүн эмес. Чектелбеген аралык жана өтө жапыз бийиктикте уча алган "Буревестник" өнүккөн өлкөлөрдүн абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуучу тутумдарынын эч бирине "көрүнбөйт".
Адистердин баамында, жаңы "Буревестник" канаттуу ракетасы куралданууга кабыл алынышы 2027-жылга барат. Анын аскердик дарамети 2026-жылдын 5-февралына чейин узартылган россиялык-америкалык Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу келишиминде (СНВ-3) камтылган эмес.

Өзгөчө конструкция

Кадимки канаттуу ракетанын реактивдүү кыймылдаткычы бар жана аракет радиусу чектелүү. Мисалга, "Томагавк" канаттуу ракетасынын бортундагы күйүүчү майдын көлөмү 2500 чакырымга чейин учууга мүмкүндүк берет.
Өзөктүк кыймылдаткычтуу ракета из калтырбастан он миңдеген чакырым аралыкка атмосферанын тыгыз катмарларында планетаны бир канча ирет айланып өтө алат.
"Буревестниктин" мүнөздөмөлөрү аны стратегиялык багыттагы курал деңгээлине жеткирет. Жер жүзүн айлангыдай аралыкта кадимки ракеталарды пайдалануу мүмкүн болсо да, максатсыз болуп саналат. Стратегиялык канаттуу ракеталар так координаттар менен душмандын маанилүү объектилерин жок кылууга багытталган.
Татаал траекторияда өтө узун аралыкка учуп келген "Буревестниктин" бутасын таамай талкалай алышы үчүн башкаруунун жана спутниктик менен инерциялык навигациянын негизинде өзү мээлөөчү, ошондой эле багыт алган жердин рельефине жараша учушту коррекциялоочу аралаш тутум зарыл.
Өзөктүк кыймылдаткычы бар канаттуу ракета кандай гана болбосун, планетанын масштабында чектөөсүз траекториядагы бутасына карай багыт алып, кооптуу убакта бир канча сутка же бир нече ай абада кармала алат.
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, "Буревестник" – жерде жайгаштырылган канаттуу ракета, мүнөздүү формадагы фюзеляж планери жана бортторундагы кыймылдаткычтын түз учтарына, жогору жайгаштырылган канатка ээ.
"Буревестник" Х-101 жабдыгына окшош, аба жана деңиздеги бардык канаттуу ракеталардан кыйла көлөмдүү (узундугу 10 метрдин тегерегинде). "Буревестниктин" сынамык атылышы жердеги транспорттук-ок атуучу контейнерлерде жүргүзүлгөн (https://www.youtube.com/watch?v=okS76WHh6FI&feature=emb_logo). Конструкциясы тууралуу жана энергетикалык орнотмолорунун мүнөздөмөлөрү боюнча так маалыматтар жок, бирок аракет этүү принциби учуш убактысын (саатына 800-1000 чакырым ылдамдыкта) суткага, айларга, жылдарга узартууга мүмкүндүк берет. Аба-реактивдүү кыймылдаткычы кыйла чоң кубаттуулуктагы өтө ыкчам өзөктүк реактордун негизинде жасалган.
Кое берилген соң ылдамданышы жана тартылышы капталдарындагы учтары аркылуу кирген атмосфералык аба менен кармалат. Аба реактордун жылуулук алмашкычында бир нече миң градуска чейин ысыйт жана учтары аркылуу чоң басым менен чыгат. Түзүлүшү ынанымдуу, экологияга же планетадагы РФтин ак ниет коңшуларга коркунучу жок. "Буревестник" – ооздуктоо инструменти, өч алуу куралы. Мындайды Россия гана демилгелеп жана металлда жасап чыгып, учура алды. Эске салсак, АКШда өткөн кылымдын ортосунан бери мындай долбоорлор майнапсыз болуп келет. Атап айтсак, Nuclear Energy for the Propulsion of Aircraft, Atomic Energy Commission, Aircraft Nuclear Propulsion долбоорлору.

Коопсуздук тутуму

Кармалбас "Буревестникти" пайдалануу боюнча душман онлайн-режимде – ири аскердик объект же мегаполистердин бири жок болгон учурда гана биле алат. Болжолдуу агрессор кадамын таштаганча жети өлчөөгө аргасыз, жаңы канаттуу ракета дүйнөнү дагы бекемдейт.
Вашингтон стратегиялык аралыктагы россиялык келечектүү курал тутумдарынан улам тынчсызданат. Тегин жерден президент Жо Байдендин жаңы администрациясы СНВ-3 келишимин аткарылбай турган эч кандай шарт койбостон мындай тездикте узартууга макул болду.
Өзүңө кабары дайын душман менен элдешкен оң, ал эми бул тараптардын ар бири үчүн келишим менен чектелген: 700 континенттер аралык баллистикалык ракета, суу түбүндөгү кайыктардагы баллистикалык ракета жана оор бомбалоочу, ошондой эле 1550 ракета, 800 орнотулган жана орнотулбаган ракета кое берүүчү түзүлүш.
Бүгүнкү мезгилде көзөмөл механизми бузулган жок жана бул жакшы жагдай. Коопсуздук тутумун өнүктүрүүнүн ар кыл варианты каралат. Стратегиялык туруктуулук жөнүндөгү РФ менен АКШнын келечектеги келишимдеринде ракетага каршы коргонуу тутумдары, өзөктүк эмес жабдуудагы таамай тийчү, кибер жана космостогу куралдар да камтылышы ыктымал.
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
27-январда РФ Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов сүйлөшүүлөрдүн мындан аркы жүрүшүндө стратегиялык өзөктүк куралдардын жаңы түрлөрү Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу чаралары жөнүндөгү келишимге киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.
Экинчи жагынан, аскердик эксперттер Россия гипер үндүү "Авангард" тутумун "курмандыкка чалышы" ыктымал, бирок келишимге жаңы, гипер үндүү жана тактикалык өзөктүк куралдарынын баарын киргизүүгө эч качан жол бербей турганын белгилешет. Кандай болгон учурда да "компромисстердин" тизмегинде качандыр бир "Буревестник" пайда болуп калары арсар. СНВ-3 келишиминин узартылышын ашыкча көкөлөтө берүүнүн кажети жок, Москва менен Вашингтондун өз ара мамилесинин келечегин болжоп болбойт. Келишимди узартуу менен америкалыктар эч нерсе жоготпойт, кийин деле көз карашын өзгөртүп, документтин ХIV беренесинин 3-пунктуна таянып СНВ-3 келишиминен заматта чыгып кетиши мүмкүн.
Вашингтон ар кандай доклад жана программаларда расмий түрдө Россияны Кошмо Штаттардын аскердик каршылашы жана душманы катары атап келет. НАТОго мүчө-өлкөлөр "Россиянын кайсы бир агрессивдүү аракеттерине" сокку берүүгө даярданып, "эрежесиз оюнду" улантууда.
РФ президенти Владимир Путиндин пикиринде, "аскердик күчтү бир тараптуу колдонуу тобокелдигин кескин көбөйтүп" жана "планетабызда кан күйгөн жаңы жерлердин пайда болуу ыктымалдыгын арттырууда". Мындай шарттарда мылтыгыңды октолуу тутуп, ал эми "Буревестниктер" жана "Посейдондорду" стартка даяр кармоо керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0