18:29 13 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7913
  • EUR100.8804
  • RUB1.0976
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
10

20-кылымдын ортосунан баштап АКШ жана СССР ортосундагы “Чоң оюн” күчөйт. Эки держава тең Борбордук Азия менен Түштүк Азияда стратегиялык зор мааниге ээ болгон Афганистанда таасирин кеңейтүүгө умтулган.

Москва Кабулда позицияларын чыңдамак болуп, 1979-жылы 25-декабрда СССР жарандык согуш жүрүп жаткан Афганистанга 40-армиясын киргизет. Кремль тарапкерлерине болушуп бул согушка аргасыздан катышкан эле. Абалдан пайдаланып АКШ жана анын өнөктөштөрү отко май чачышат. “Чоң оюндун” ушул кандуу жаңы этабы 9 жыл 1 ай 18 күнгө созулду. Афганистандагы жарандык согуш Тажикстандагы беш жылга созулган кан төгүүгө алып келди. Ал эми Кыргызстан үчүн эки өлкөдөгү жарандык согуштун кесепети Баткен согушуна айланды. Колумнист Алмаз Батилов Афганистандагы жарандык согуштун чоо-жайын расмий Бишкек ийне-жибине чейин талдашы зарыл деп эсептейт. Анткени көп билинбегени менен Кыргызстандын коопсуздугу бул өлкө менен тыгыз байланышта. “Чоң оюн” дагы да бүтө элек.

Фотографии ветерана афганца Чолпонбека Беккелдиева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Чолпонбека Беккелдиева
Гвардиялык 149 - мотоаткычтар полкунун прапорщиги Чолпонбек Беккелдиев. Түндүк Афганистан. Баглан аймагы. Баглан шаары.1988-жыл, жаз.

КРдин Куралдуу күчтөр, күч түзүмдөрү жана оорукта эмгектенген ардагерлер кеңешинин жооптуу катчысы, гвардиянын запастагы подполковниги Чолпонбек Беккелдиевдин маалыматына таянсак, бул согушка 13 477 кыргызстандык офицер, прапорщик жана жоокер катышкан. Алардын ичинен 248 мекендешибиз каза болуп, 1,5 миңи ар түрдүү жаракат алган. Төрт боордошубуз дайынсыз жоголгон. Назарыңыздарга афган согушунун ардагерлери жана алардын жакындарынын маегин сунуштайбыз.

Биринчи мусулман батальонунун аскери Эркин Узюров

Фотографии ветерана афганца Эркина Узюрова времен Афганской войны
© Фото / из архива семьи Узюровых
Советтик армиянын жоокери Эркин Узюров Казакстандагы Жамбул облусунда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Шаар тибиндеги Гвардейский поселогу. 1979-жыл

Узюров жакында эле узакка созулган оорудан каза болду. Анын 1979-жылы 27-декабрда Афганистандын диктатору Аминди бийликтен түшүрүүгө кандайча катышканын жубайы Жүмагүл эже төмөнкүчө айтып берди:

— 1978-жылы жолдошум Токмок шаарындагы айыл чарбасын механизациялоо жана электрификация техникумун бүтүрөт. Андан соң Советтик армияга чакырылып, Казакстанда аскердик кызматын өтөй баштайт. 1979-жылы жазында биринчи мусулман батальонунун катарына кирген экен. Аны менен чогуу кыргызстандык жоокер Батыр Мирзаев болуптур. Командачылык аларды атайын аскердик даярдыктан аябай машыктырып, БТР менен БМПны айдаганды үйрөтүптүр. Ошол эле жылы декабрь айынын башында бул батальон Афганистанга жиберилип, алар өлкө башчысы Аминдин ордосу “Тадж-Бек” сепилин кайтарышат. Ошондуктан афган армиясынын жоокерлеринин формасын кийишкен экен. 27-декабрда аларга карай ок мөндүрдөй жаап, күйөөмдүн кээ бир полктоштору окко учат, айрымдары оор жарадар болушат. Айлалары кеткенде орусча сөгүнүп кыйкырышкан экен. Ошондон кийин ок атуу токтоптур. Көрсө Аминдин ордосуна чабуул койгон МККнын офицерлери аларды жергиликтүү аскерлер экен деп жаңылып аткылашыптыр. Советтик жоокерлер гана орусча таза, так сөгүнөт деп ок атканын токтотушкан экен. Бири-биринин чоо-жайын түшүнгөн соң “Тадж-Бек” сепилине чогуу чабуул коюп, Аминди бийликтен кулатышат. Жолдошум орусча сөгүнгөндүн пайдасы тийип, аман калдык деп эстеп күлүп калчу. Андан кийин Кабулда СССРдин коргоо министринин биринчи орун басары маршал Сергей Соколовду кайтарат. Андан соң афган армиясында советтик кеңешчи подполковник Вячеслав Расиндин айдоочусу болот. Аны менен тил табышып, күнү-түнү чогуу жүрүшөт. Бир ирет БМПда кетип баратып, минага жарылып контузия алыптыр. 24-мартта Расин ага Асадабад шаарына барарын айтат. Жолдошум чогуу учканга даярданып, аэропортко чейин келет. Бирок Вячеслав тик учакка отурарда Эркинди калтырып кеткен экен. Тилекке каршы, ошол күнү вертолёт кырсыктап Расин каза болот. Ошентип күйөөм дагы бир ажалдан аман калат. Вячеславды эстегенде көзү жашылданып калчу. Март айынын аягында командачылык жолдошумду Союзга кетирет. Көпкө чейин биринчи мусулман батальонунда кызмат өтөгөнүн айтпай жүрдү, мамлекеттик сыр эле. Жолдошум полктошу Батыр Мирзаевди далай ирет издеди, таппай койду. Батыр да каза болгонун жакында эле уктум.

Фотографии ветерана афганца Эркина Узюрова времен Афганской войны
© Фото / из архива семьи Узюровых
Биринчи мусулман батальонун кыргызстандык жоокерлери. Сол жактан Батыр Мирзаев жана Эркин Узюров. Афганистан. Кабул шаары.1980-жыл, январь айы

СССРдин МККнын курамындагы чек ара кызматынын 5-мотоманёврдук тобунун БМП-2 айдоочусу, ага сержант Жаныбек Кожошев

Фотографии ветерана афганца Жаныбека Кожошева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Жаныбека Кожошева
СССРдин МККнын курамындагы чек ара кызматынын 5-мотоманёврдук тобунун БМП-2 механик айдоочусу, ага сержант Жаныбек Кожошев (сол жакта) полктошу менен. Түндүк Афганистан, Фарьяб чөлкөмү. 1989-жыл, февраль айы

Тиктешүү

— 1988-жылы күзүндө совет өкмөтү Меймене аймагынын калкына гуманитардык жардам иретинде азык-түлүк жана кийим-кече берген. Гумжардамды алып бараткан автоунаа бир кыштактын жанындагы көпүрөдөн оодарылып кетиптир. Ушул автоунаага жардам бергиле деп командир буйрук берди. БМП-2нин механик айдоочусу болчумун. Бизди бир БТР коштоп барды. Айыл коктунун ичинде экен. Бир сааттын ичинде оодарылган автоунааны трос менен сүйрөтүп тургузуп, кайра бөлүгүбүзгө жөнөдүк. Тартип боюнча механик-айдоочу бара жаткан учурда БМПдан башын чыгарып айдайт. Бир маалда 20-30 метр аралыкта дөңсөөдө эки моджахед отурганын көрдүм. Бирөөсү жонундагы мылтыкты алып мага кезегендей болду, экөөбүз эки мүнөткө жакын тиктештик. БМПдагы командирим капитан Александр Завьялов байланыш менен "байкадыңбы?" деп сурады. "Ооба" дедим. "Анда, балам, эч коркпостон алдыга айдай бер" деп дем берди. Анын деми менен согушкерлерди байкамаксан болуп жолумду улантып, бөлүккө келдик. Келгенден кийин Завьялов ошол жерде баш-аягы он чактыдай согушкер бар экенин айтып, алар бизге кол салгысы келгенин же тиги моджахед жөн эле тап бергенин ойлонуп жүрдү. Афганистан эсиме түшсө ушул окуя кылт этет. Моджахед менен тиктешип калган ошол ирмемде мен, жалпы баарыбыз, өмүр менен өлүмдүн кыл көпүрөсүндө туруптурбуз. Анын оюнда эмне турганын билбейм, эмне үчүн ок чыгарбаганы да кызык. Эмнени ойлоду болду экен?..

Фотографии ветерана афганца Жаныбека Кожошева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Жаныбека Кожошева
СССРдин МККнын курамындагы чек ара кызматынын 5-мотоманёврдук тобунун БМП-2 механик айдоочусу, ага сержант Жаныбек Кожошев (сол жактан биринчиси 1-катарда) полктоштору менен Түндүк Афганистан, Фарьяб аймагы. 1988-жыл

66-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынын экинчи мотоаткычтар батальонунун алтынчы мотоаткычтар ротасынын жоокери Бактыбек Абдыкадыров

Фотографии ветерана афганца Бактыбека Абдыкадырова времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Бактыбека Абдыкадырова
66-өзүнчө мотоаткычтар бригадысынын аскери Бактыбек Абдыкадыров (сол жакта) каракалпак полктошу менен. Кунар аймагы. Асадабад шаары. 1982-жыл.

Ит минген маймыл

— Биздин аскердик бөлүк Түштүк Афганистандын Кунар аймагынын борбору Асадабад шаарында жайгашкан эле. Бул чөлкөмдүн климаты субтропикалык. Ошондуктан ушул аймакта жапайы маймылдар көп. Бир маймылды полктошторубуз колго көндүрүп багып, Райка деп ат коюп алышкан. Ал батальондун штабында жашачу. Райка батальонубуздун толук кандуу мүчөсү жана сүймөнчүгү эле. Кылык-жоругун карап отуруп согушту да унутуп койчубуз. Штабга Союздан каттар келчү. Ал жерге барып үйдөн келген каттарды окуйбуз. Кээ бир полктошторубуз ооруп же жараат алып ооруканада дарыланганына байланыштуу штабда каттар толуп кетет. Райка бизди туурап катты ачып окумуш болуп, кээ бир учурда адам сыяктуу кейигенсип аны ыргытат. Биз аны мындай жоругу үчүн урушсак, кичинекей балага окшоп кылыктанып качат. Штабда итибиз да бар эле. Райка анын үстүнө чабандес болуп мингенин көрүп каткырыгыбыз таш жарчу. Бул биздин тынч кездеги, аз да болсо согуш үнүнөн оолак болгон сейрек ирмемдерибиз эле.

Фотографии ветерана афганца Бактыбека Абдыкадырова времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Бактыбека Абдыкадырова
66-өзүнчө мотоаткычтар бригадысынын жоокери Бактыбек Абдыкадыров (оң жактан биринчи) каракалпак полктоштору менен. Түштүк Афганистан Кунар аймагы. Асадабад шаары. 1982-жыл.

501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев

Фотографии ветерана афганца Алмаза Аралбаева времен Афганской войны
© Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмаз Аралбаев (оң жакта биринчи) Жеңиш Мырзакулов, Марсбек Осоров. 1988-жыл, 8-июль. Фрунзе шаары

Ажалы жок командир

— 1988-жылы апрель айында Кундуз шаарына бара турчу автоколоннаны БТР-80 менен коштоп келе жаткан учурда моджахеддер кол салышты. Ротабыздын командири ага лейтенант, теги фин Хайнукайнендин ийинин үч ок тешип кетти. Тилекке каршы, ысымы эсимде жок, бою эки метрге жакын, олбурлуу жигит эле. Эгерде бою орточо болгондо ок башына тийип өлмөк экен. Согушкерлерди тынбай аткылап, курчоодон чыгып кеттик. Хайнукайненди Пули-Хумри шаарындагы аскердик госпиталга жеткиздик. Эртеси анын ал-акыбалын сурап коёлу деп барсак, абалы шүгүр экенин, калган аскердик кызматты жакшы өтөгүлө деген агалык кеңешин берди. Бир аз убакыттан кийин аны Кабул аркылуу Кавказдагы аскердик госпиталга дарыланууга алып кетишти. Биздин да аскердик мөөнөтүбүз бүтүп, Союзга кеткенге буйрук чыкты. Май айында ал "жигиттер, кандайсыңар? СССРге кеткенге даярданып жатасыңарбы? Аман-эсен үйгө жеткиле. Мен Кавказда дарыланып жатам, майыптык боюнча армиядан кетем го" деп кат жазды. Тилекке каршы, командирибиздин кийинки тагдырын билбейбиз. Ийиндешип согушкан адамдарың жакын болуп калат экен, кандай болду экен деп көп ойлоном...

  • 501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев (оң жактан үчүнчү, биринчи катарда) Афганистандан кеткенге чейин 100 күн калганда. Биринчи катарда оң жактан биринчи читалык полктошу Сергей Грибанов. Ал апрель айынын аягында курман болгон. 1988-жыл, март айы. Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары
    501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев (оң жактан үчүнчү, биринчи катарда) Афганистандан кеткенге чейин 100 күн калганда. Биринчи катарда оң жактан биринчи читалык полктошу Сергей Грибанов. Ал апрель айынын аягында курман болгон. 1988-жыл, март айы. Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары
    © Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
  • Алмазбек Аралбаев (оң жакта) Арсен Садуев (Дагестан, Казбек району). Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары. 1988-жыл.апрель айы.
    Алмазбек Аралбаев (оң жакта) Арсен Садуев (Дагестан, Казбек району). Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары. 1988-жыл.апрель айы.
    © Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
  • 501-өзүнчө оор батальондун зенитка аткычы Алмазбек Аралбаев (биринчи ылдый жактан) полктоштору менен. Түндүк Афганистан. Кундуз аймагы. 1987-жыл.март айы.
    501-өзүнчө оор батальондун зенитка аткычы Алмазбек Аралбаев (биринчи ылдый жактан) полктоштору менен. Түндүк Афганистан. Кундуз аймагы. 1987-жыл.март айы.
    © Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
1 / 3
© Фото / из личного архива Алмаза Аралбаева
501-өзүнчө оор батальондун зенит аткычы Алмазбек Аралбаев (оң жактан үчүнчү, биринчи катарда) Афганистандан кеткенге чейин 100 күн калганда. Биринчи катарда оң жактан биринчи читалык полктошу Сергей Грибанов. Ал апрель айынын аягында курман болгон. 1988-жыл, март айы. Түндүк Афганистан. Пули-Хумри шаары

Тема боюнча

Согуш токтойт деген үмүт акталбай калды... Афган согушунун эстен кеткис ирмемдери
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар
Белгилер:
командир, кол салуу, штаб, согуш, армия, Афганистан, СССР

ЭҢ МААНИЛҮҮ