Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда

© Sputnik / Андрей Катаев / Медиабанкка өтүүСу-57 истребители. Архив
Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бешинчи муундагы Су-57 истребители уникалдуу тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү, алтынчы муунга таандык технологиялар спектри, эл аралык баага татышы, дагы өркүндөтүү мүмкүндүгү жана жогорку экспорттук дарамети менен таңгалдырып келет.

Россиянын Аба-космостук күчтөрү биринчи сериялык Су-57ни жыл жаңырганча алмакчы. Экинчи баскычтагы кыймылдаткычтуу бешинчи муундагы тун истребитель 2022-жылы куралмакчы. 2024-жылдын аягына дейре Россиянын Аба-космостук күчтөрүндө 22 Су-57 истребители, 2028-жылга чейин – 76 бирдик болмокчу. Палубалык версиясы келерки жылдын аягына чейин жасалат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган истребителдин өзгөчөлүктөрүн санап, келечегине көз чаптырган.

Су-57ни сатып алууну каалаган өлкөлөрдүн саны эмитен эле сегизге чамалады. Россиянын Аскердик-өндүрүштүк комплексинин башкаруу тобунун төрагасынын биринчи орун басары Андрей Ельчанинов: "Жабдуунун ар кандай варианттары: өзүнчө учак же сатыктан кийинки тейлөө системасы бар толук курал топтому менен учак каралууда", - деп маалымдады.

АКШ Түркиянын Россиядан алган С-400 комплекстеринен эмнеге коркуп жатат - Sputnik Кыргызстан
АКШ Түркиянын Россиядан алган С-400 комплекстеринен эмнеге коркуп жатат
Алгачкылардан болуп Алжир Су-57Эден 14 истребителге буюртма калтырган. Даяр бирдиктерди алууга жана өз аймагында лицензиялык өндүрүштү (мурдагы МиГ-21, МиГ-27 жана Су-30 истребителдери сымал) өнүктүрүүгө ниеттенген Индия Су-57нин потенциалдуу ири буюртмачысы болуп эсептелет. Бирок индиялык Аскердик-аба күчтөрү эки орундуу истребителдерге басым жасайт, андыктан Россия маанилүү өнөктөшүнүн шагын сындырбаганга даяр.

Индия менен Алжирден тышкары, Су-57 истребителине Кытай, Мьянма, Вьетнам, Малайзия, Иран жана Түркия кызыгып келет. Чет өлкөлүк буюртмачыларынын саны улам өсө берери күтүлөт. Себеби төртүнчү муундагы истребителдер эскирип, акырындап артка чегинүүдө. Ал эми дүйнөлүк рынокто чагыбызда Су-57ге татыктуу атаандаш жок, жакын арада чыкпайт да өңдөнөт. Балким абадагы үстөмдүк үчүн россиялык эле МиГ-41 кармоочу истребитель менен теңтайлашып калар. Ал кыйла чоң жана кымбат болот, эске салсак, ал 2018-жылдан бери иштелип чыгууда.

Ойго келгис (болжоп болгус) кең келечеги

Америкалык Military Watch Magazine басылмасы Россия машинанын конструктивдик мүмкүнчүлүктөрүн гипер үндүү ракеталардын жана жаңы Saturn-30 кыймылдаткычы менен интеграцияланган алтынчы муундун деңгээлине жеткирсе, Су-57нин кадыры дагы артарын боолголойт.

Бирок азыртан эле Су-57 кармоочу истребитель менен сокку уруучу штурмовик учагынын функцияларынын уникалдуу айкалышына ээ. Төртүнчү муундагы истребителдерге караганда учактын массасына карата курал жүгүнүн катышы кыйла жогору. Ал эми жасалма интеллекти Су-57ге оор сокку уруучу С-70 "Охотник" учкучсуз (өз "мээси" бар, алты тонналык бомба жана ракеталар арсеналына барабар, аскердик радиусу 5000 чакырымга чейинки) аппараты менен эриш-аркак ийгиликтүү иштешин өбөлгөлөйт.

Разминирование окраин Степанакерта - Sputnik Кыргызстан
Армения-Азербайжан чек арасын эмне үчүн РФ чек арачылары күзөтүүдө?
Бешинчи муундагы Су-57 истребители кыйла бир деңгээлде алтынчы муундун технологияларынан "токулганы" менен да кызыктуу жана уникалдуу. Эффективдүү аскердик бирдик, ошол эле убакта изилдөөчү полигону бар илимий лаборатория, келечекке жасалган кадам болуп саналат.

Учкуч тескей турган Су-57 жүктөлгөн милдеттеринин 90 пайызын автоматтык режимде аткарып, ал түгүл алдын ала даярдалган программа боюнча толугу менен автоматтык түрдө иштей алат. Су-57 истребителинин сокку уруучу "Охотник" менен интеграцияланышы жаңы тактикага жана алтынчы муундагы учактардын оор учкучсуз эскадрильяларын пайдаланууга жетелейт. Бул фантастика эмес.

РФ вице-премьери Юрий Борисов 21-декабрда алтынчы муундагы истребитель учкучсуз болорун, анан да жөн гана "канаттуу аскердик бирдик" эле эмес, натыйжалуу авиациялык комплекс жасалып жатканын жар салды. Андай учакты жерден же жанындагы учуучу аппараттан башкарууга болот.

РФ Коргоо министрлигинин буюртмасы менен илим-изилдөө иштери аткарылып, ар кыл варианттардын майнаптуулугу каралууда жана инженердик жазуулар деңгээлинде баалоо иштери жүрүүдө. Адатта мындай долбоорлор менен иштөө сыноо-конструктордук иштерден тарта беш-жети жылга чейин созулат.

Алтынчы муундагы истребителди чыгаруу жаатындагы иштер 2016-жылдын жазында башталган. Ошол тушта эле РФтеги Бириккен авиакурулуш корпорациясындагы аскердик авиация программасына жооптуу Владимир Михайлов жаңы табылга 2025-жылга чейин учуруларын айткан.

РФте азырынча учкуч тескеген, экспорттук дарамети жогору Су-57 бар. Ошентсе да баары бир бешинчи муундагы истребителди биринчилерден болуп Россиянын Аба-космостук күчтөрү алмакчы. Юрий Борисов: "Өзүбүздүн күчтөрдүн бардык керектөөлөрү толукталмайынча чет өлкөгө эч нерсе сатпайбыз. Коргоо министрлиги менен 76 машина алуу үчүн келишимге кол коюлган", - деп баса белгилейт.

Артыкчылыгынын сырлары

Расмий мүнөздөмөлөрү завод-өндүрүүчү тарабынан купуя сакталат. Бүгүнкү күндө ачык булактардан бизге белгилүү болгону: Су-57 аскердик комплекси "аба – аба", "аба – жер бети" тибиндеги кыйратуучу 15 авиациялык каражатты, анын ичинде 250 чакырымга чейинки аралыктан кемеге каршы гипер үндүү "Кинжалды" камтыйт. Куралдардын башка жаңы түрлөрү 2021-жылы сыналып бүтөрү пландалган.

Репетиция Парада Победы на полигоне в Алабино - Sputnik Кыргызстан
Жылдын машыгуусу: РФ стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн ракеталары кандай иштейт?
Батыштагы аскердик көз караштан алып караганда россиялык Су-57 истребители – бешинчи муундагы аскердик авиатехниканын татыктуу өкүлү (технологиялар дүйнөдөгү эки-үч мамлекетке гана жеткиликтүү), алтынчы муунга да караандайт.

Сүйрөгүчтүн үч өлчөмдүү вектору Су-57ге абада бешинчи муундагы башка эч бир истребителдин колунан келбеген маневрларды аткарууга мүмкүндүк берет. "Каптал радиолокациялык станциялар" буталарды издөөдө жогорку автономдуулукту камсыз кылып, душмандын радарларына байкалтпайт. Ошону менен бирге эле бортундагы өз ракеталары үчүн буталарды аныктоонун натыйжалуулугун жоготпойт.

Интеграцияланган радиоэлектрондук күрөш системасы бардык ракурстан жана проекциядан тоскоолдуктарга карай мээлеп, өзү мээлөөчү учтары бар ракеталардан учакты коргойт. "Гималаи" радиоэлектрондук күрөш комплекси бир топ аралыктан, мисалы, F-22 жана F-35 истребителдерин таап, "зыянсыздандыра" алат.

Россиялык Су-57 истребители абадагы үстөмдүктү алуу үчүн жасалган, куралданышы, учуу аралыгы, ылдамдыгы жана маневрдүүлүгү боюнча технологиялык жактан F-22 жана F-35ти өзүнө дегеле караандатпайт. Популярдуу салыштыруулар дайым эле туура болбос. Ошентсе да америкалыктар F-22ни "аба – аба" ракеталарын жайгаштыруу үчүн гана долбоорлошкон. Андан соң курал койчу бөлүгүнө "аба – жер бети" ракеталарын батырууга аракет кылышты, андан майнап чыкпады.

Ошондо аларга кыйла арзан (бирдиги 100 млн. доллар турган) "көзгө чалдыкпас бомба ташуучу" F-35ти чыгарууга туура келди. Белгилей кетсек, көп буталуу бомбалоочу F-35 истребители – душмандын абадан коргонуу аракеттеринин аймагына "көрүнбөс-үнгө чейинки" нукта кирүүгө, жердеги буталарга сокку уруу жана башка учактардын аракеттерин кординациялоого жасалган басым.

Су-57, F-22 жана F-35ке алардын конструкцияларынын өзгөчөлүктөрү ар кандай аралыкта ар башка артыкчылыкты камсыздайт, бирок россиялык истребителдин технологиялык жана аскердик артыкчылыгын жокко чыгара албайт.

Бакудагы аскердик парад учурунда Азербайжан армиясынын аскердик техникасы. - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабахтагы жаңжалда Азербайжанга кайсы курал көмөкчү болду?
Көп функциялуу Су-57 алыскы жана жакынкы согуштарда аба буталарынын бардык түрүн жок кылууга, душмандын абадан коргонуу тутумун жеңүү менен жердеги жана суудагы буталарын кыйратууга, жайгашкан жеринен ыраак аралыктан аба мейкиндигине мониторинг жүргүзүүгө, касташкан тараптын авиациясынын аракеттерин тескөөчү системаны бузууга багытталган.

Машина технологиялык жактан жогорку даражада жакшыртылган, согуш шартында Сириянын асманында сыналган. РФ Коргоо министрлиги ири партияга, тагыраак, үч авиациялык полкту жабдуу үчүн бешинчи муундагы истребителден 76 бирдикке буюртма берип жатканы тегин жерден эмес.

Россиялык Су-57 истребители башкарууну автоматташтыруунун жана экипажды интеллектуалдук колдоонун жогорку деңгээли менен терең интеграцияланган авиониканын жаңы комплекси менен жабдылган. Башкача айтканда, учкучтар "автопилотко" толугу менен ишенип, тактикалык тапшырмаларды аткарууга бүт ыкласын кое алышат. Борттук жабдуусу реалдуу убакыт режиминде жердеги тескөөчү тутумдар жана авиациялык топтун ичинде маалымат алмашып, тапшырмаларды автономдуу аткарууга мүмкүндүк берет.

Су-57нин артыкчылыгы жана куралдануусу ыраак аралыктан да буталарды таап, коркунучтарды жок кыла алат. Америкалык F-22 менен F-35 бул жагынан артта калат. Мында биз согуштук аракеттерди жүргүзүү концепциялары жана технологиялардын комплекстик күрөшүнө күбөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0