Өнөр ээлери, кыянаттык кылбагыла! Маданиятты акча сурабай көтөрүүнүн жолу

Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков бул ирет бекерчиликтен арылтчу "дарылардын" тобун тизмектеп, бир катар ыкмаларды сунуштады.

Азыр кай жерге барба, курулган же курулуп жаткан минифутбол аянтчаларын көрөсүң. Курулгандары күнбү же түнбү, күрү-гүү түшүп топ кубалагандардан бошобойт. Бул абдан сонун көрүнүш. Ашказанды тамакка шыкап, телефон чукуп же бирөөлөр менен бейпайда сөздөргө ооздун желин коротуп отургандан көңүл чөгүп, ден соолук бузулгандан башка не пайда? Андан көрө, эң чоң душманың болгон эринчээктикти ээрден оодарып, элге кошулуп топ тебе чуркап, арам тер менен терс энергиядан арылганың кандай жакшы. Жамаат болуп ойногон оюн жамааттын ынтымагынын бекемделишине себеп болот деп да калышат.

Дың жердей зыңкыйган тармактар

Ситуация в Таиланде из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам
Ошентсе да бекерчилик оорусунун дарысы — футбол, теннис, улак чабуу сыяктуу спорттук оюндар же мелдештер эле эмес. Бузулбаган дың жердей зыңкыйып адамдын акыл-парасатын, чыгармачылык дараметин байытууга багытталган тармактар турат. Маселен, эмне үчүн калем кармап, адабий шык-жөндөмдү арттырам дегендердин атайын клубдары же ийримдери жокко эсе? Акын болчулар анда, жазуучу же драматург чыкчу жаштар мында келгиле, жазалы, тажрыйба, билим, акыл бөлүшөлү, адабий китептерди, жаңы жазылган чыгармаларды, макалаларды, ал тургай классикадан баштап инновациялык идеяларга чейин талкуулайлы, көрөңгөмдөн бөлүшүп, көргөн-билгенимди үйрөтөйүн деп демилге көтөргөн кыл калем чеберлери эмнеге өтө аз? Жер-жерлердеги атайын билими бар искусство ишмерлери барар багытын таппай, арасат абалдын азабында ар нерсеге мурдун тыгып, көбүнесе чөнтөк телефондун маңдайында көзүнүн майын кургатып, нурун соолутуп, убакыт-саатын өлтүрүп, далай сонун мүмкүнчүлүктөрдөн куру жалак калып отурган жаштар үчүн неге актердук, сүрөтчүлүк же оратордук устаканаларын ачышпайт?

Адам — аалам жана аманат

Ар бир таланттуу жана өнөрлүү адам өзүнчө бир аалам. Ошол ааламды шөкөттөп турган ай-жылдыздын жарыгын, асман-жердин сулуулугун, чокулардын бийиктигин, талаалардын кеңдигин, мухиттердин тереңдигин, тереңде жашынган кен-байлыктарын жан адамга өткөзүп бербей, өзү менен ала кетсе — бул ошол өнөр ээсинин кийинки муундарга карата кылган зор кыянаттыгы болор. Адам өзү дүйнөгө түркүк болбойт. Өмүр жолу бир күнү акыркы чегине жетет, бирок өнөр өчпөшү керек. Өнөрдүн уланышы — өнөр ээсинин өмүрүнүн уланышына тете. Өнөр кенчин аманат тутуп, андан ары алып кетип, кийинкилерге жеткирип табыштоо — бул шакирттердин озуйпасы. Эшмамбет, Коргоол, Алымкул, Калык, Осмонкул сыяктуу шакирттерди тарбиялаганы үчүн тоо булбулу Токтогулдун адабий жана руханий көркөм мурасы тарыхтын татаал жана тайгак жолунда дүбүрттүү жүрүшүн улантып, таң каларлык таскагынан жазбай келет. Элмирбек акын да өмүрүнүн акырында өз өнөр дүйнөсүн данек-даремети мол жаштарга аманат тапшыруу менен такай алек болуптур. Көзү өтүп кеткенине карабай окуучуларынын жана досторунун аракети менен "Аманат" аттуу жыйнагынын жарык көрүп, окурмандардын колуна тийип, баарыбызды кубантып турганы — Элмирбектин ошол өнөрпоз таптоо ишинин ширин мөмөсү эмей эмне?

Бир ок менен бир нече коён...

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи - Sputnik Кыргызстан
Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат
Ошондуктан, кадырлуу калемгерлер, акын-жазуучулар, публицисттер, режиссерлор, пейзажисттер, актерлор, өз мектебиңиздерди, ийримдериңиздерди уюштуруңуздар. "Арзандын ашы татыбайт" дейт акылман кыргыз. Мындай иштерди акы ала турган кылып уюштуруп, ансыз да болор-болбос айлык маяна алган маданият кызматкерлери үчүн кошумча кирешенин булагына айланталы. Маданият тармагын өз арыгын өзү чаап, өз киндигин өзү кескендей система менен бутуна тургузалы. Бул үчүн канчалаган укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек. Оңбогондой оор иш. Айтор маданият тармагы мамлекеттик казынадан анымды куруп, мунумду ремонттоп, тигинимди көтөрүп бер деп каражат сурай берчү акыбалдан чыгып, мол киреше таап, өзүн багып, өзгөгө каралашчу деңгээлге жетиши керек. Өнөрлүү адамдарынын ити чөп жеп, ташы өйдө кулап, бардар жашаган Батыш-Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кошулууга жан үрөбөсөк болбойт. Антпесек, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен искусство окуу жайларында бекер окуткан адистерибиздин көбү агылып четке кете беришет. Мыскалдап топтогон адам ресурстарыбызды батмандап чачабыз. Ошон үчүн профессионалдык искусствонун өкүлдөрү негизги ишине кошумча акы алуу менен устаттык кызмат көрсөтө тургандай шарт түзүү аба-суудай зарыл. Муну менен маданият кызматкерлеринин материалдык муктаждыгын эле чечпестен, жер-жерлерден таланты ташкындагандарды таап, таптап, Атай Огомбаев менен Күнболот Досумбаевдин, Токтоболот Абдымомунов менен Бообек Ибраевдин, Сүймөнкул Чокморов менен Төлөмүш Океевдин, Меңди Мамазаирова менен Токтоналы Сейталиевдин ишин ийгиликтүү улоочулардын плеядасын даярдаган болобуз. Бул иш аркылуу, ошондой эле элдин, журттун театр искусствосуна, живописке, поэзияга, музыкага болгон кызыгуусун эселеп арттыруу мүмкүнчүлүгү ачылат. Кыскасы, бир ок менен эки эмес, беш-алты коён атарбыз.

Кыргызстан боюнча 1064 китепкана, кырк маданият үйү бар. Ошолордун баары ким ушундай агартуу долбоорлорун аткарууга бел байлагандардын карамагында. Биз колдон келген шарттын баарын түзүп берели. Маданият мекемелери концерт келгенде же бир майрамдык шаан-шөкөт өткөндө гана ачылып, калган учурда ошол жерде иштегендерден башкалар кирип-чыкпай калган үңкүр акыбалында турбашы керек. Ал жайлар интеллектуалдык жарыштардан, адабий талкуулардан, руханий маектерден, өнөрпоздордун сабактарынан, мастер-класстардан, семинар-тренингдерден футбол аянтчалары топ тепкендерден бошобогондой бошобой, күркүрөп иштеп турушу абзел. Спорт залдарынан спортчулар тапталып чыкса, маданият үйлөрүнөн чыныгы адамдар тарбияланып чыгышы шарт. Айтор маданияттын да, маданият мекемелеринин да ээси — эл. Болгону, ичиндеги буюм-тайымдарды, мүлктөрдү аяр колдонуп, таза тутуу талабы бар. Ошентип коомчулуктан, чыгармачылык чөйрөлөрдөн прогрессивдүү демилгелерди, адамдык көрөңгөнү көкөлөтүүгө багытталган долбоорлорду күтөбүз. Маданиятыбызды жапа тырмак биргеликте көтөрөлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0