07:10 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
133 0 0

Апта ортосунда Европа биримдигинин кезектеги онлайн-саммити өттү. Алгач COVID-19 боюнча абалдын талкууланары болжонгон. Аймакта эпидемиялык кырдаал кескин начарлап кетти. Мындай жагдай бийликти катаал чара көрүүгө түртүүдө.

Бирок буга коом катуу каршылык көрсөтүп жатат. Анан калса жарандар шаарлардын толук жабылышына гана каршы болбостон, жеңил чектөөлөргө да нааразы. Аталган абройлуу уюм кабылган жагдайга Ирина Алкснис сереп салган.

Жакында эле Берлинде эпидемиялык чектөөлөргө каршы чыккан манифестацияга суу чачылып таратылды. Европалык мамлекеттер саламаттык сактоо тутумун туңгуюкка тушуктурбоо, экономика үчүн кесепеттерин жайкоо жана калктын нааразычылыгына туруштук берүү зарылдыгынын ортосунда белгилүү жомоктогудай — "солго кетсе аты өлөт, оңго жылса өзү өлөт" деген абалга кабылды.

Ошентип реалдуулук саммиттин планына өз түзөтүүлөрүн киргизип, күн тартибинен жакында эле жаралган дагы бир өтө курч маселе орун алды: Европа биримдиги тарабынан Польша менен Венгриянын 2021-2027-жылга карата биримдиктин бюджетин (1,074 триллион евро) жана европалык экономиканы калыптандыруу программасынын (750 миллиард евро) бөгөттөлүшү Брюсселге баш оору жаратты. Европа бюджеттик пландардын маалыматтары аркылуу жогорку демократиялык стандарттардан четтегени үчүн Варшава менен Будапештти жазалоону чечкен. Бирок натыйжада ал өзү казган көргө өзү түшүп калды.

Эң белгилүү жана талуу ыкма – каржы маселеси менен жазалоо каралган. Польша менен Венгрия Европа биримдигинин субсидияларын алуучу катары кыйла артыкчылыктуу жагдайда. Ага катар эле геосаясий факторлор менен да шартталган. Кептин баары аларды каражатсыз калтыруу оңой-олтоң эместигинде. Жакынкы убакка чейин мындай түрдөгү механизм бирдиктүү Европада болгон эмес. Анан да Европа биримдигинде маанилүү чечимдерди кабыл алууда консенсус принциби, башкача айтканда, биримдиктин бардык мүчөлөрүнүн жалпы позициясына негизделет. Ал эми эки өлкө тең европалык бюджеттен бөлүнчү акчадан өзүн ажыратууга добуш бериши фантастикалык көрүнүш болмок. Натыйжада Брюссель соңку айларда татаал айкалышты ишке ашырган. Европа биримдигинин июль саммитинде алдыдагы төлөмдөрдү укуктук мамлекет стандарттарынын жана негизги европалык баалуулуктардын сакталышына байланыштырылган чечимге басым жасалган.

Ал эми сентябрдын аягында Еврокомиссия тийиштүү докладын жарыялап, анда ошол эле Варшава менен Будапешт башкы каарман, тагыраагы, бузукуларга айланган. Ниеттенген ойду аягына чыгарууга акыркы кадам калганда эки чуулгандуу борбор калаа эмне болуп жатканын жакшы түшүнүп жана европалык фонддон "саясий өңүттө" каражат бөлүштүрүүгө жол бербей тургандыктарын кулак кагыш кылышты. Ошентип Брюссель кайрадан Евробиримдикке каршы анын эрежелерин көзгө сайып көрсөткөн поляк менен венгерлердин кайрадан айласын табууга аргасыз. Учурдагы кырдаалдын эң баалуу сабагы мына ушунда.

Атлантиканын эки тарабынан тең Батыш ондогон жылдар бою тегин жерден планетанын калган бөлүгү үчүн өрнөк жана моралдык авторитет болуп келбеди. Демократиялык институттар жана жол-жоболору, жарандардын укуктары жана эркиндиктери ал жакта чындап эле иштеп, "эркин эмес дүйнөдөн" артык экенин далилдеген. Ал эми Европа биримдигинин саясий-башкаруу механизми батыш демократиясы мактанчу табылга болгон. Кезегинде скептиктер мындай система натыйжасыз, узакка өмүр сүрө албайт деп чыгышса, ынтызар тараптар бир топ жылдан бери иштеп келе жатканын мисал келтире жылмайышчу. Ишке ашмак тургай өркүндөп, ондогон өлкө жана миллиондогон адамдарды тартып келет. Анткени бул — накта демократия, анын нагыз үлгүсү катары саналган.

Анткен менен европалык тутумдун анчалык жагымдуу эмес тарабы соңку жылдары улам байкалып калчу болду. Европарламенттин добушу бийик чыккан саясий институттарынын да толук кандуу ыйгарым укуктарынын жоктугу жана реалдуу бийлик көшөгө артындагы брюсселдик бюрократтардын колуна топтолгону ачык-айкын болуп калды.

Чуулгандуу консенсус дайым иштеп турушу үчүн биримдиктин таасирдүү мүчөлөрү "кенже өнөктөштөрүн" тымызын мажбурлоо, кысымга алуу жана шантаж ыкмасына да барышарынан башта шек жаралса, азыр ынанбай коюуга мүмкүн эмес.

Ал үчүн антироссиялык санкцияларды эле эске салуу жетишерлик: бир нече европалык мамлекет экономика чоң доо кетирерин түшүнүп, алардын киргизилишине каршылыгын билдирди. Бирок чечим кабылдоого келгенде алар "көпчүлүктөй эле" добуш беришти.

Ал эми бул чакан, анчалык бай турбаган жана чийинден чыкпаган демократиялык европалыктардын катарында кодуланган эки мамлекет өз пикирлеринен тайбаган жана агымга каршы сүзө алган сапаттары менен азыр аталган системаны оңой эле талкалоодо.

Эксперттер Польша менен Венгриянын Европа биримдигинен чыгышы толук мүмкүн экенин боолголоодо. Алар биримдиктен алчу пайдасын алышты, бара-бара кво-макамынын сакталышына анчалык деле кызыгуусу тарап бараткан.

Өз кезегинде Брюссель жана батыш европалык борбор калаалар үчүн баш ийбеген, тил албаган "дүрбөлөңчүлөрдүн" чыгып кетиши кырдаалдан чыгуунун ыңгайлуу жолу да болушу ыктымал.

Тек гана бул батыш европалык демократияга оор сокку болот. Анткени бул реалдуулукка да, дүйнө жүзү боюнча суктанган эбегейсиз сандагы адамдардын ойлоруна да таасир этпей койбойт...

Тема боюнча

Түркиянын Карабахтагы тынчтык орнотуучулары: же бар, же жок болуу
Клинтон Американын тынчтык үчүн планын жарыялоодо: Россия үчүн жакшы кабар
Белгилер:
консенсус, санкциялар, саммит, Европа, кырдаал, эпидемия, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ