Армениянын Тоолуу Карабахтагы аскердик катачылыктары

© REUTERS / ARMENIAN MINISTRY OF DEFENCEТоолу Карабахта замбиректер атып жаткан Армения аскер кызматкекри. Архив
Тоолу Карабахта замбиректер атып жаткан Армения аскер кызматкекри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армениялык күчтөрдүн Карабахта жеңилишинин ызасы жарыяланбаган республиканын коргоо тутумун уюштуруудагы анык мүчүлүштүктөрдөн алагды кылбайт.

Армения тарап 45 сутка ичинде (27-сентябрда) коопсуз аймактын (мурдагы Азербайжандын Карабах автономиясынан тыш жети району) жана Тоолуу Карабахтын 1991-жылкы чек араларындагы бөлүктөрдүн дээрлик бүтүндөй территориясынын көзөмөлүн колдон чыгарды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Армениянын жаңылыштыктарын талдап көрдү.

Аны менен катар эле Азербайжан күчтөрү ийгиликтүү иш алпарып, көп нерсеге жетише алды. Шуши шаар-чебин жоготуу Лачин коридорунун блокадасын, андан ары курчалышы жана Карабахтагы армениялык күчтөрдүн жок кылынышы дегенди түшүндүрөт. Согушту Россиянын эл аралык аброю жана тынчтык орнотуучу операциясы токтотту.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кечээ: "Эгер биз Азербайжанга 7 районду, ошондой эле Шушини өткөрүп берүүгө макул болгонубузда, согуштун алдын алмакпыз. Бирок биз ага көнгүбүз келген жок. Армения өкмөтү, Армениянын куралдуу күчтөрү, Арцахтын коргоо армиясы чакырык таштап, аягына чейин күрөштү", - деп билдирди. Бул айтканы эң оболу өз күчтөрүн ашыра баалоо жана душмандын күчүн тоготпоо мамлекет башчысы үчүн кечирилгис экенин тастыктайт.

Президент РФ В. Путин ответил на вопросы СМИ по ситуации в Нагорном Карабахе - Sputnik Кыргызстан
Карабах окуясы. Путин согушту токтотууда кандай тоскоолдуктар болгонун айтты
РФ президенти Владимир Путиндин маалыматына таянсак, жаңжал аймагында "жоготуулардын, анын ичинде жай тургундардын арасындагы курмандыктардын саны төрт миңден ашты. Жаралангандар сегиз миңден көп, качкындар ар кандай маалыматтар боюнча, он миңдеп саналат". Армениянын аскердик-саясий жетекчилигинин стратегиялык баасы кескин жогору эмеспи?

Никол Пашинян Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттердин жыйынтыгы үчүн өзүн негизги жооптуу катары моюнга алган. Ошентсе да мындан ары эмне кылуу керектигин түшүнүү бүгүн маанилүү. Еревандын азырынча каатчылыкты жөнгө салуу, улуттук армиянын тийиштүү согуштук жөндөмүн калыптандыруу боюнча планы жоктой туюлат.

Бүлгүнгө салчу белгисиздик

Армения тараптын утулушу – армиянын да, ошону менен бирге эле аскердик-саясий жетекчиликтин да айыбы. Жаңылыш стратегия жана тактика эч качан ийгиликке жетелебейт, согуш талаасында душмандын ок жана дүрмөтүнөн да кооптуу. Армениянын коргоо министри Давид Тонояндын айтымында, армян армиясы Карабахта болушунча жан үрөдү. Эмнеге мурдатан даярдалган (28 жыл ичинде) коргоо позициялары менен душмандын мизин кайтара албады?

Согуш талаасында түркиялык кеңешчилердин жана учкучсуздардын, ошондой эле "бир нече миң" сириялык жалданма күчтүн катышы менен системалуу утулууну түшүндүрүү толук эмес, ал түгүл чабал көрүнөт. "Жалпы мобилизациянын" тыянактарынан кеп козгобогондо деле 45 миң колу бар Армения армиясы – кыйла басымдуу күч. Анан Карабахта эки миң араб жалданма жоокер Карабахтагы кырдаалга таасир этип кое алабы?

Тоолуу Карабахтын армиясында мурда жарыяланган 30 миң "штык", 300 танк, жүздөгөн БМП жана БТР жок болуп чыкты. Жалпы мобилизациянын 40 күнүнөн кийин жарашуу макулдашуусу түзүлгөн убакта Карабахта армян күчтөрүнүн саны 20 миңди түзгөн (Пашиняндын билдирүүсү боюнча). Армян тараптын коргонуу планы болбогонун, алар кырдаалга жараша аракет кылышкандай сезимде калтырат. Алгачкы күндөрү чалгындоо душмандын ниети жөнүндө так маалыматы болгон эмес, армян күчтөрү чектешкен чийиндерде чабал коргонуп жатты.

Турецкая армия прибыла на учения в Азербайджан  - Sputnik Кыргызстан
Түркия Азербайжанга аскерлерин жөнөткүсү келип жатат. Россия эмне дейт
Жандуу күчтөрдө азербайжан күчтөрүнүн көрүнүктүү артыкчылыгы жок эле, операцияда 30 миң чакты киши катышып, бирок бардык багыттарда активдүү аракеттеништи. Түштүктө душмандын кубаттуу сокку уруучу тобу байкалбаган, оперативдик-машыккан топтор жана рейддик отряддар тартылган эмес, ошентсе да, азербайжан күчтөрү мында топ жарды. Карабахта аскердик башкаруу жана мобилдик резервдин натыйжалуу системанын жоктугунан улам аны "токтотууга" мүмкүн болбоду. Душман Физули жана Гадрут шаарын алып, Карабахка курал, ок-дары жана резервдерди (кандай согуш болбосун, 90 пайызы логистика эмеспи) ташуучу транспорттук магистралдарды бөгөдү.

Тоолуу аймактарда күчтөрдү илгерилетүү үчүн ок буктурмасы, диверсиялык-чалгындоочу топтор, мина-жардыргыч тосмолор аркылуу душманды өткөрбөгүдөй табигый тоскоолдуктар жетишерлик. Карабахтын жолдору азербайжан бөлүктөрү үчүн эркин болду. Бул Шуши калаа-чебинин кулашынын себептеринин бири болду. Маанилүү бир деңгээлде окуянын андан аркы өнүгүшүнө таасир этти.

"Байрактар" жөнүндө уламыш

Учкучсуз согушта Азербайжандын ийгиликтери жана армян армиясынын технологиялык чабалдыгы туурасында көп жазылууда. Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерге салыштырмалуу түрк өндүрүшүндөгү орто бийиктиктеги ыкчам тактикалык Bayraktar учкучсузунун аскердик кубаттуулугун ашкере баалоого болбостугун белгилеп коюу маанилүү.

Бул аппарат кынтыксыз үлгү болуп саналбайт, заманбап зениттик-ракеталык комплекстердин радарларына байкалат. Армениялык күчтөрдүн абадан коргонуучу өнүккөн тутуму жана жайылтылган радиоэлектрондук күрөш тутуму болбогондуктан, Азербайжан тарап учкучсуз аппаратты активдүү жана ийгиликтүү пайдалана алды.

Арменияда мурда миллиарддаган бюджетти талап кылбаган алдыдагы "учкучсуздардын согушуна" камданып келгендей көрүнгөн. "Байрактар" бортунда 150 кг ок-дары, башкача айтканда, ар бири 25 килограммдык MAM-L түзөтүүчү эки авиабомбаны жана 50 килолук, 70 мм бешкарылуучу реактивдүү дүрмөттүн негизиндеги MAM-C эки ракетасын жүктөй алат.

Аппарат "Ефрат калканы" (2017-жылы "Ислам мамлекетине"* каршы) жана "Зайтун бутагы" (2018-жылы күрт түзүмдөрүнө каршы) контртеррордук операцияларында жакшы жыйынтык көрсөткөн. Бирок Сирия жана Ливияда "Байрактарды" советтик жана россиялык өндүрүштөгү "Бук", "Квадрат" жана "Панцирь" оңой эле ойрон кылууда.

Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу - Sputnik Кыргызстан
Карабахтагы тынчтык орнотуучулар. Россия оор милдетти аркалоодо
Абадан коргонуунун заманбап каражаттарына ээ болгон Сириянын өкмөттүк армиясы жана фельдмаршал Хафтардын Ливия улуттук армиясы ондогон түркиялык Bayraktar учкучсуздарын талкалаган. Ошону менен бирге эле "Бук-М2Э" зениттик-ракеталык комплекси жакшы натыйжа көрсөтүп, кое берилген 25 ракетанын жыйырмасы аба бутасын кыйраткан.

Кандай болгон күндө аскердик операцияда чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуздардын кызуу колдонулушу азербайжан тарапка ийгиликти кепилдеген эмес. Туура уюштурулган, терең эшелондоштурулган коргоо тутуму душмандын кыйла ашыкча күчүн жана аскердик техникасынын да "ташталканын" чыгарууга жөндөмдүү.

Тоолуу Карабахта биз андайды көргөнүбүз жок, ал эми жеке аскердик эрдик коргонуунун бардык тереңинде күчтөрдүн мыкты уюшкандыгын алмаштыра албайт. Ошондуктан премьер-министр Пашиняндын армян армиясына "жаңы типтеги" көп сандагы аялдарды тартуу боюнча соңку демилгеси бир кызык. Туура бүтүмдөр чыгарылбаптыр.

Машыккан, заманбап курал-жарак менен камсыздалган күчтөрдүн жогорку аскердик уюшкандыгы жана аскердик натыйжалуулугу өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилигинин акылында башат алат. Армян коомчулугунда Армения Карабахка тийиштүү аскердик көмөк көрсөтпөдү деп жатышканында калет жок.

*РФ жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0