Клинтон Американын тынчтык үчүн планын жарыялоодо: Россия үчүн жакшы кабар

© AP Photo / Mary AltafferАКШнын экс-мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. Архив
АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясаттагы таасирдүү айым ("көмүскө кардинал"), АКШнын шайланбай калган президенти Хиллари Клинтон америкалык абройлуу Foreign Policy журналына программалык текстин жарыялады.

Аны дүйнөлүк гегемонияны калыптандыруу аракетиндеги америкалык "түптүү мамлекеттин" реалдуу стратегиясы деп эсептөөгө болот. Иван Даниловдун бул туурасындагы ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.

Болочок президент Байдендин салтанаттуу сөзүн тыңдабай, окубай деле койсок болот. Клинтон айым баарын болушунча так келтирген. Америкалык саясаттын рангдары жөнүндөгү реалдуу табелдеги "Клинтон кланынын" ордун эске алсак, дал ушул стратегиянын ишке ашырылышы ыктымал. Тексттин эң кызык жери Хиллари Клинтон бул программа Дональд Трамптын иши туура болгонун толук моюнга алуусу болуп саналат. Дональд Трамп мындан аркы өмүрүн темир тор аркасында өткөрсө да (дал ушундай болчудай), АКШнын тарыхый багытын бура алганы – анын жетишкендиги.

АКШнын желегин көтөргөн Дональд Трамптын тарапташы - Sputnik Кыргызстан
Батыш "америкалык төөнү" көрбөй, Беларустун башындагы "чөптү" байкаганда
Кошмо Штаттардын 45-президентин катуу сынга алганы менен Клинтон айым буга дейре демократтар көз жаздымда гана калтырбастан, танып келген көйгөйлөргө көңүл бурат. "Стратегиялык тармактарды чабалдатып жана өндүрүштүн өтө маанилүү түйүнүн чет өлкөгө жөнөтүп жаткан экономикалык саясаттын улуттук коопсуздукка тийгизген кесепеттерин эки партиянын тең администрациялары (президенттик – ред. тактоосу) эбак тоготпой калды.

Белгилүү себептерден улам тышкы саясий коомчулук (башкача айтканда, Мамлекеттик департамент, тышкы саясат боюнча президенттик кеңешчилер, негизги борборлордун эксперттери – ред. тактоосу) жаңы соода келишимдери союздарды бекемдетип, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү Американын таасирин жогорулатарына басым жасашкан.

Республикачылар жумушчуларды колдоо, жумуш орундарын түзүү жана өз үйүндөгү катуу жабыркаган коомчулукка салым салууга жолтоо болуп турганда демократтар жаңы соода келишимдерин бөгөттөөгө тийиш эле", - деп жазат Клинтон.

Чындап эле экономикалык глобализациянын кесепеттерине болушунча жоопкерчиликсиз мамиле кылган республикачыларды да сөз менен чымчып өтпөсө, программаны Дональд Трамптын спичрайтери жазганбы деген ой келет. Америкалык ааламдашуу кыйрады, аны Трамп талкалады. Демократиялык партиянын белдүү саясатчысы да эми өз программасына трамптык клишени кошуп, Кытай АКШнын улуттук коопсуздугуна аскердик гана эмес, эң оболу экономикалык коркунуч катары көрсөтөт. Белгилей кетсек, Хиллари Клинтондун программасында АКШнын негизги душмандары текстте улам үтүр менен белгиленгени менен Россияга караганда Кытай менен болгон күрөшкө көбүрөөк көңүл бөлүнгөн.

Орусиянын Су-57 согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?
Мамлекеттик департаменттин мурдагы жетекчиси дипломатияны да күч кысымы үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу инструмент катары кабыл алат. Маселен, Трамптын администрациясын союздаштар менен иштеше албаганын сынга алып Клинтон айым туура жүргүзүлгөн дипломатиянын төмөнкү мисалдарын келтирген.

"Дипломатияны жактоочулукту калыптандыруу Кошмо Штаттардын аскердик абалын бекемдемек. АКШнын союздаштары — бул Кытай да, Россия да тең келе алгыс актив. Ал Вашингтонго бүт дүйнө боюнча күчүн жайылтууга мүмкүндүк түзөт. Мисалы, мамлекет катчы болуп турганымда Түштүк Кытай деңиздеги талаштуу жолдордон анчалык ыраак эмес жерде Түндүк Австралияда 2500 америкалык деңиз пехотачысын жайгаштыруу жөнүндө келишим түзгөнбүз", – деп жазган ал.

Анткен менен жакшы жаңылыктар да жок эмес: Байдендин администрациясынын кеминде эле декларативдик деңгээлдеги "көмүскө кардиналы" Кытай же Россия менен "капыстан чыккан" өзөктүк согуштан колдон келишинче качуу керектигин жактайт.

Куралдануунун жаңы конвенциялык тутумун жаратуу зарылдыгы жөнүндө сөз кезеги келгенде Клинтон "бул кадимки чабуулду жаңылыштык менен өзөктүк деп кабылдоо ыктымалдыгын азайтуу үчүн Кытай жана Россия менен консультация жүргүзүүгө мүмкүндүк берген механизмдер менен коштолууга тийиш" экенин белгилейт.

Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакциналарды кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Американын вакцинага акчасы жеткен жок
Албетте, Вашингтон мындай механизмдин иши үчүн аракет көрөрү го жакшы, бирок өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын ракеталык-бомбалык соккулар аркылуу жайылтууга америкалык истеблишменттин фиксациясы терс кабылданбай койбойт.

Америкалык "түптүү мамлекеттин" америкалык саясий, аскердик жана дипломатиялык машина менен башкаруу рычагдарына толук кандуу кайтышы жалпы дүйнөнүн акыры эмес, бирок планетада тынчтык болбосу анык: АКШ өз аймагына кандайдыр өндүрүштүк кубаттуулукту кайтарууга тырышат. Ал эми геосаясий атаандаштарын аскердик жана дипломатиялык ыкмалар менен кызуу кысымга алууга аракет кылат.

Байдендин администрациясынын АКШ экономикасын өнөр жайга багыттоого жөндөмү олуттуу түкшүмөл жаратса, ал эми америкалык аскердик машина бүт дүйнө боюнча кандуу авантюраны улантууга кайтарынан дегеле шек санап болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0