АКШдагы шайлоонун күңгөй-тескейи: өлкө келечегине азыртан абай салганда

© Sputnik / Юки Ивамура / Медиабанкка өтүүАКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жактоочусу
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жактоочусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы банан республикасындагыдай (же "банан империясы") болушу керектигине карабай, соттук талаш-тартыш тартибинде же көчөдөгү күчтөрдүн тирешүүсүндө аныкталат. Бул тууралуу Иван Данилов ой жүгүрткөн.

Американын келечеги кандай болоруна азыртадан абай салып карай берсек болот. Ал үчүн саясатчылардын бири-бирине айтканына эмес, коомдук пикирдин лидерлеринин айтканын угуу жетиштүү. Алар конкреттүү бир өлкөдө адеп-ахлак климатын эле эмес, коомдук талкууну да аныктап коё алышат.

Демократиялык партия (болжол менен алганда элдин жарымы) тарабындагылар менен солчул инфлюенсерлердин Дональд Трамптын шайлоочуларына (элдин башка бир бөлүгү) болгон кадимки эле мамилесинин мисалын америкалык теленин жылдызы, ырчы, ЛГБТ-активисти жана коомдук пикирдин лидери Монет Иксчейнж (Monét X Change) көрсөтүп берип жатат:

"Бардыгыңарга айтам: Трамптын тарапташтарына кадимки эле түшүнүгү жана сезүү мүмкүнчүлүгү бар адам катары кайрылбагыла. Алар — монстр".

Азыркы АКШда бул позиция негизинен стандарт болуп эсептеле баштаган. Мындайча алганда, Хиллари Клинтондун белгилүү болгон тезисинин формасында эмоция менен кайырлуу. Ал Трамптын шайлоочулары (эгерде түз маанисинде алып которсок) — "байкуш бир адамдардын тобу".

Серепчи АКШдагы шайлоо тууралуу: Трамптын жеңишин далилдөөгө бир гана жол бар

Монет Иксчейнждин өзүнө заманбап америкалык дискурста сындоого болбойт. Себеби бул ТВ-жылдыздын кандай болсо да жана эч нерсесине карабай туруп айланасындагыларды кемсинтип мамиле кылган эки сапаты бар. Биринчиден, ал драг-квин деп аталган, кара түстүү жаран. Тагыраагы, аялдын кийими менен жүргөн кадимки эле эркек. Ага аял катары мамиле кылып жана мындай кадамдарын урматташы керек деп талап кылып келет.

Бул контексттен алып караганда, ким болсо да, мисалы, Монет Иксчейнжди (а негизи Кевин Бертин) саясий билдирүүсү же саясий атаандаштарын дегуманизация кылганы үчүн "монстр" деп атаган адамдар бери дегенде эле күн кечиргенге эч нерсеси жок калат. Себеби саясий активисттер иш бергендердин бардыгын мындай "гомофоб менен расага бөлгөн жикчилди" ишке алууга даяр тургандыгы үчүн акесин таанытат.

Трамптын тарапташтарына, христиандарга, консерваторлорго, жумушчу кесиптин ээлерине (Трамптын негизги шайлоочуларына), андан сырткары, республикалык же айылдык штаттын жашоочуларына (Трамп үчүн добуш берген) жек көрүүчүлүк же дегуманизация көрсөткөндө ишсиз, акчасыз калууга, ТВны көрбөй же соцтармактагы аккаунтусуз калуу принцибинде болбойт.

Бул бир эле деңгээлде сенат менен конгресстеги орундардын көрсөткүчү боюнча саясий аналитикага караганда да абдан айбаттуулугун, АКШда реалдуу бийлик кимде экенин көрсөтүп турат.

Мындай алып караганда, АКШнын элинин болжол менен жарымына баарын жасаганга боло берет. Ал эми экинчи бөлүгү төлөш керек, маанилүү деген шаарлардагы шайлоо участокторунда ак фургондор түнкү контейнерлерди ичине салынган түшүнүксүз нерселери менен ташып келгенин эки колун куушуруп карап турушу лаазым. Бул контейнерлерди санаш үчүн аймакка алып киришет, андан соң Байденде капыстан эле он миңдеген добуштар пайда болот.

Байден президенттикке даярданып "өткөөл мезгилдин сайтын" ишке киргизди

Алар колу-буту жипсиз байланып, мындай көрүнүштү үнсүз карап турганга мажбур. Ал эми Детройтто булардын көзүнчө эле фанералар менен жаап коюп жатышты. Байденге белгисиз эле миңдеген добуштар кошулуп калгандыгына өкүнгөндөн башка буга эч нерсе кыла албайсың.

Айдан ачык жана обу жок электоралдык тартип бузууларды кылган тараптар ири ЖМКлар менен коомдун басымдуу бөлүгү (саясатчылар тууралуу айтпаганда деле) биз тарапта болгон деп ойлоп, өздөрүнүн жазасыз каларына катуу ишенишет. Балким, аларды Американын сот системасы дагы колдошу ыктымал.

Бул айрым теле жылдыздардын көрүүчүлөрдү адам катары эмес, монстр катары көргөнүнө эле окшош. Монстрларды алдаса, добуш берүү укугунан ажыратса болот. Кыскасы, аларга адам баласына тиешелүү боорукерлик, адилеттүүлүк, мыйзам чегинде жашоо сыяктуу адеп нормалары туура келбеген сыяктуу.

Эгер Трамп менен анын командасы америкалык соттордон (же көчөдө) адилеттүүлүк таба албаса, АКШ элинен тең жарымы белгисиз бир мөөнөттө бул режимде жашоого (же жөн гана күн көрүүгө) аргасыз болот.

Бир жагынан көз көрүнөө алданып жаткан адамдарга бооруң ооруйт, бирок экинчи жагынан тарыхый адилеттүүлүк болуп жаткандай сезилет. Миллиондогон республикачылар мурдагы СССР курамына кирген айрым өлкөлөрдө азыр жашап жаткан этникалык орустардын абалын өзүнүн жон териси менен сезип жаткандыр.

Байден алдыда. АКШ президенттигине ат салышкан инсан тууралуу кызыктуу фактылар

Постсоветтик өлкөлөрдө Россияга көз карашы түз эмес саясатчылардын (жакындагы эле мисал катары Украинанын президенти Зеленский менен Молдованын президенттигине талапкер Майя Сандуну алалы) салты бар. Шайлоо алдында же болуп бүткөндөн кийинки алгачкы күндөрү укугу тебеленип, кемсинген орус азчылыгына улуттук биримдик, сүйүү тууралуу айтып асылып калышат. Кээде бул үчүн орусча дагы сүйлөп коюшат.

Байдендин штабы менен постсоветтик өлкөлөрдөгү америкалык "куурчактардын" стилдери бекеринен окшош болбосо керек. Мисалы, Украина менен Грузияда колдору бир аз булганса дагы "жаш демократиялык күч" деп эсептелген тараптар жеңишке жетишти го.

Бирок абал анча оор эмес. Трамп жеңилип, жашоосу азапка айланып кеткен тарапташтары оор баңгизаттарды алып жүрүүнү элдик референдум аркылуу мыйзамдаштырып алган Орегон штатына барып жашашсын.

Бул дагы "америкалык келечектин" бир белгиси. Качандыр бир кезде улуу держава болгон мамлекет өз жарандарынын жарымын жек көрөт, алардын шарты менен жашагысы келгендерде "ийненин жардамы" тиерин айтышат. Албетте, Американын келечеги бар, бирок анын жаркын экени күмөн санатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0