"Согуш тактикасын өзгөртүшөт": Россия сокку уруучу жаңы куралдуу болду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкери. Архив
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автономдуулугу жогору, тескелүүчү ракеталык курал жана абадан коргонуу каражаттарынан буйтап өтө алчу көп буталуу "Орион" учкучсуз учуучу аппаратын россиялык аскерлер өздөштүрүүгө киришти.

Адистердин баамында, бул дрондор армиянын сокку уруу мүмкүнчүлүгүн алда канча кеңейтип, учкучсуз авиацияны жаңы деңгээлге алып чыгат. Мындай аппараттардын артыкчылыгы жана кемчил тараптарына токтолгон Николай Протопоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Тоскоолдукка моюн бербейт

Россиянын НТВ каналы жакында эле иш үстүндөгү тескөөчү эки машина жана үч "Орион" учкучсуз аппаратынан турган аскердик комплектини көрсөттү. Кыязы, алар аскердик нөөмөткө чыккан өңдөнөт. Эске салсак, куралдуу күчтөрдү чалгындоочу-сокку уруучу учкучсуз аппараттар менен сериялык камсыздоо боюнча келишимге августта кол коюлган. Ал эми андай комплектилердин карлыгачын сынамык-аскердик пайдаланууга быйыл жазда берилген. "Орион" абада 24 саат жүрө алат. Тышкы көрүнүшү боюнча ал америкалык MQ-1 Reaper аппаратына түспөлдөш, канаты ошонукундай узун, кууш жана куйрук жагы V түрүндө.

Учкучсуз аппарат абада чалгындоо жана бутаны белгилөө үчүн гана эмес, ракета жана бомба соккуларын урууга да багытталган. Бортуна 200 килограммдык аскердик жүк батат. Ал үчүн атайын 25тен 100 килограммга чейинки калибрдеги ок-дарынын бир нече типтерин иштеп чыгышкан.

"Орион" учкучсуз аппараттардын орточо классына кирет. Көлөмдүү С-70 "Охотник" менен чакан чалгындоочулардын ортосунда турат. Күч түзүлүшү — 100 аттын күчүндөй кубаттуулуктагы бензиндик кыймылдаткыч фюзеляждын арткы бөлүгүндө орнотулган. Конструкциясында композиттик материалдар колдонулгандыктан кыйла көлөмдүү учкучсуз аппарат болгону бир тоннадай салмакта. Максималдык бийиктиги — 7,5 миң метр, ылдамдыгы — саатына 200 чакырым. Учушун радиоканал аркылуу оператор тескейт, сигналдын ыраактыгы — 250 чакырым. Аппарат душмандын радиоэлектрондук күрөш комплекстери менен коюлган тыгыз радиотоскоолдуктарга карабастан согуш талаасында натыйжалуу иш алып бара алат.

Борттук оптикалык-электрондук тутум автоматтык режимде буталарын таап, коштоп жана тескелүүчү ракеталардын учушун тууралайт. Учкучсуз аппараттын көздөрү жана кулагы — тепловизиондук жана телевизиондук камералар, лазердик ыраактыкты өлчөгүч жана буталарды көрсөткүч. Мындан тышкары, санарип видеожабдуу жана байкоо салуучу радиолокациялык станция үчүн орун бөлүнгөн.

"Орион" долбоорунун өркүндөтүлгөн варианты — сокку уруучу эки тонналык "Сириус" учкучсузу. Иштеп чыгуучулар маалымдагандай, анын учурула турган үлгүсү келерки жылы даяр болот. Ал спутниктик байланыш комплекси менен жабдылган. Бул анын учушун жер шарынын дээрлик каалаган бурчунан башкарууга жол ачат.

Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Дрондордун чабуулу

Соңку жылдары учкучсуздар дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдарга көп катышчу болду.  Жапжаңы эле мисал — Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттер. Аскердик эксперт Алексей Леонковдун пикиринде, азербайжандык аскерлер учкучсуз аппараттарды кыйла натыйжалуу колдонууда. Тоолуу Карабах Республикасынын армиясынын абадан коргонуу жана радиоэлектрондук күрөштүн заманбап комплекстери дээрлик жокко эсе.

"Абадан коргонуу жана маскировка жаратууга жетишерлик көңүл бурбаган көптөгөн мамлекеттер азыр ошол көңүлкоштугунун азабын тартууда, — деп белгилейт Леонков. — Азербайжан көрсөтүп жаткан даяр кадрлар армениялык армиянын маскировкасы таптакыр жоктугун айгинелейт. Эгер алар сапаттуу иштеп чыкса, учкучсуздардын далалаты майнапсыз болмок. Оптикалык диапазондо алардын ылдамдыгы жана буталарды издөө мүмкүнчүлүгү чектелүү". Ошону менен бирге эле белгилүү бир тактикада учкучсуз аппараттар аракетке өткөн кубаттуу, терең эшелондоштурулган абадан коргонуу тутумдарына деле бир далай залал келтирет.

Атап айтсак, АКШда ушул тапта дрондордун уюгу деп аталган концепцияны өнүктүрүшүүдө. Бир убакта учурулган ондогон аппараттар душмандын коргонуу тутумун жиреп кирип, зениттик ракеталарды мээлөөчү радарларды алаксытып, көңүлдү өздөрүнө бурат.

"Бомбалоочу B-52ге андайдан 140 даана батат, — деп тактайт Леонков. — Алар жалган буталарды туурашат. Андай уюк учуп чыкканда абадан коргонуу тутумдары реакция кылууга, ок-дарысын чыгымдоого жана алардын жайгашкан жерлерин табууга аргасыз. Эсептер кайра кубаттоо менен алек болуп турган маалда сокку уруучу авиация келип, алынган координаттар боюнча бачым эле ишти бүтүрүп коюшат".

Россиялык армия бир катар типтеги учкучсуз аппараттарды пайдаланат. Адатта бул чалгындоо жана буталарды белгилөөгө багытталган чакан техника. Мисалга, азыр учкучсуз аппараттар Сириядагы Хмеймим авиабазасынын айланасындагы аймакты тынымсыз күзөтүүдө. Сокку уруучу "Ориондун" катарга кошулушу менен РФ аскерлеринин абада дагы бир салмактуу аргументи пайда болду.

"Орустарда ондоп саналат, бизде — экөө": АКШ Россиядан кай багытта артта калган?

Психологиялык эффект

Россиянын эмгек сиңирген аскердик учкучу генерал-майор Владимир Попов белгилегендей, учкучсуз авиациянын маанилүү артыкчылыгы — операция аймагынан ондогон чакырым аралыктан душманга чабуул койчу жеке курамдын коопсуздугу. Андан тышкары, учкучсуз аппараттар аскердик учактардын натыйжалуулугун кескин арттырат.

"Маселен, чакан учкучсуз аппарат ыкчам-тактикалык ракеталык комплексти байкады дейли, бир сокку менен жалгыз талкалай алары арсар, — деп түшүндүрөт Попов. — Ал үчүн көбүнесе толук кандуу учактар зарыл. Анткен менен ал бир-эки бомба же ракета таштап, эсептин ишин бузуп, психикага басым кылат. Андан соң учкучсуз аппарат берген координаттар боюнча өзүндөй эле экинчи аппарат, күзөттөгү күчтөрдүн тик учагы же учагы ишти аягына чыгарат".

Учкучсуз аппараттарды пайдаланууда көп ийгиликтерге азырынча америкалыктар гана жетишкенин моюнга алуу керек. Алар дрондорду 1960-жылдардан тарта чалгындоо максатында колдонуп келишет. Вьетнамда учкучсуздар бир нече миң ирет учурулуп, негизинен сүрөт чалгынына чыгышкан.

Пентагондо көп буталуу Predator дрондору пайда болуп калган 1990-жылдары АКШнын учкучсуз авиациясы чалгындоо менен гана чектелбестен, жердеги объектилерге таамай сокку урууну өздөштүрүп калган. Абадагы "жырткычтар" АКШнын катыштыгы бар дээрлик ар бир согуштук жаңжалда, атап айтсак, Босния, Ирак, Афганистан, Ливия жана Сирияда пайдаланылган.

СССРдин учкучсуз аппараттарды өнүктүрүү программасы болгон. 1960-жылдары эле советтик конструкторлор учкучсуз чалгынчылардын бир нече түрүн иштеп чыгышкан. Алардын бири учуп бараткан бутанын негизинде жасалган — Ла-17Р.

Жерден катуу отундуу тездеткичтин жардамы менен учуп чыгып, ал эми абада анын турбореактивдүү кыймылдаткычы ишке кирген. Аппарат абада учуш бийиктигине жараша 30 мүнөттөн бир жарым саатка чейин кармалып, саатына 900 чакырымга чейинки ылдамдыкта уча алган. Чалгындоочу учкучсуз аппарат көп жолу пайдаланылып, жерге учак же парашюттук ыкма менен кондурулчу.

Советтик коргоо тутумунун дагы бир табылгасы — Ту-141 "Стриж" ыкчам-тактикалык чалгындоо комплекси. Ылдамдыгы — саатына 1100 чакырым, бийиктик диапазону — 50дөн 5000 метрге чейин эле. "Стриж" аппараттары 1990-жылдарга дейре колдонулган. Негизинен СССРдин батыш тарабындагы чек араларда жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0