Польшанын "беларустук сценарийи" өз башына кайтып келдиби?

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүВаршавада бойдон алдырууга каршы акциясы. Архив
Варшавада бойдон алдырууга каршы акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Польшада бойдон алдырууга дээрлик толук тыюу салууга каршы масштабдуу акциялар уланууда. Саясатта бумеранг натыйжасы кайткан учурлар аз эмес: коңшуларына шамал айдаган бороондун кесепетинен өзү да жабыр тартат.

Бирок Беларусь үчүн расмий Варшава ойлоп тапкан сценарий мынчалык тездик менен өзүнө кайтарын эч ким болжой алган эмес. Ушул өңүттөгү ойдун учугун серепчи Владимир Корнилов чубаган.

Акыркы эки ай аралыгында Беларустагы шайлоодон кийин Польшанын бардык деңгээлдеги жетекчилери коңшу өлкөдөгү "тынч протесттерди" болушунча колдоо керектигин ооз көптүрүү менен айтып келишкен. "Беларустун эркиндиги үчүн баатырдык менен күрөшүп жаткан аялдарды коргоп, аларга моралдык жана каржылык жагынан колдоо көрсөтүү" боюнча да белгилешкен.

Польшанын өзүндө "беларустук  сценарий" иштей баштаганда, ошол эле улуттук лидерлер өздөрүнүн "тынч митингчилерин" кескин сынга алып, аларга каршы полициянын күчүн пайдаланууну кубаттап, түрмөгө узакка камоо менен коркутууга өтүштү. Байкасаңыздар, постсоциалисттик Польшанын тарыхындагы эл эң көп катышкан аялдардын митингинин уюштуруучулары деле беларустук кесиптештери колдонгон технологияларды көчүрүп жатканын жашырышпайт. Мисалы, жекшембиде "страйк кобеттин" бейформал лидерлери беларустук оппозициячы Светлана Тихановскаяныкындай Консультациялык  кеңеш түзүштү. Польшадагы акциялардын лидери Марта Лемпарт Минскидеги окуялардын үлгүсүн негиз кылып алганын ачык эле айтат.

Митингдердин өкмөттүн отставкасы деген соңку максаттары да дал келет. Тихановская менен Лемпарт өздөрү белгилегендей, алар тарабынан түзүлгөн формалдуу органдар "бийликтин тынч жол менен өткөрүлүшүнө" гана өбөлгө болууга тийиш.

АКШ сланецчилерин мунай үлкөндөрү куткарууда. Өздөрү “чөгүп” кетпегей эле

Ошентип, Польшанын басма сөзү байма-бай жазып келе жаткан, расмий Варшаванын катышуусундагы беларустук окуяларды поляктар кайталай баштады. Бирок Минск менен Варшавадагы бирдей эле процесстер тууралуу кеп козголгондо польшалык аткаминерлердин сөздөрү заматта өзгөрө түшүүдө. Бир-эки апта мурда эле өлкөнүн премьер-министри Матеуш Моравецкий революцияны Беларуска экспорттоо зарылдыгы жөнүндө ачык жазып, "беларустук аялдардын тайманбастыгын жана эрдигин чагылдырган" сүрөттөргө сынак да жарыялаган. Ошол креативдик сүрөттөрдүн айрымдары Варшаванын көчөлөрүндө өткөн жумадагы акцияларда да колдонулушу ажеп эмес. Бирок өкмөт башчы демилге көтөргөндөн бир нече күн өтпөй, ошол эле премьер-министр Польшадагы акцияларды "варвардык жана мыйзамсыздык" деп кыжырланды. Ошону менен бирге эле укук коргоо органдарын мыйзамга таянууга активдүү үндөдү.

Бир нече аптадан бери польшалык бийлик беларустук оппозиционерлерди репрессиялоодо деп "Лукашенконун режимин" айыптап келсе, эми юстиция министринин орун басары Михал Вось прокуратураны митингчилерге карата катуу репрессияны баштоону сунуштоодо.

"Польшанын бардык прокурорлору мыйзамсыз жыйындардын уюштуруучуларына кылмышкер катары кароого тийиш. Жашоого жана саламаттыкка коркунуч келтиргени үчүн аларды сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу күтөт", — деп ачууланды ал Maryja радиосуна берген маегинде. Беларустагы  укук коргоочулар "ушундай кылууга мүмкүн беле?" деп суроо салып жаткандыр.

Польша бийлиги репрессияны оор эпидемиологиялык кырдаал менен түшүндүрүп жатышат. Мамлекеттик телеканалдар адамдардын жыш чогулушу каарын төгүп пандемия маалында айланадагылардын ден соолугуна зыян келтирери боюнча маалыматтарды улам кайталап берүүдө. Ал эми Беларустагы  массалык протесттерди колдогон ошол эле маалымат каражаттары акциялардын саламаттыгын таптакыр унутта калтырышкан.

Беларусь түстүү революцияны жок кылабы? Саресеп

Бирок калыстык үчүн Польшадагы өкмөткө каршы акциялардын катышуучулары да бейкүнөө эместигин белгилеп коелу. Кээде ачык эле чагымчыл аракеттерге өтүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, аткаминерлерге атырылып, католиктердин чиркөөсүнө жана дин кызматкерлерине да кол салышууда. Ошондуктан митингдердин баары эле тегиз тынч акция эмес. Бул мамлекеттин маалымат каражаттары беларустук "активисттердин" ушундай аракеттерин көз жаздымда калтырган. Анткен менен мамлекеттик телеканалдар митингчилерди "Польшанын баалуулуктарына кол салган солчул фашисттер" деп атады. Алар да тим калбай, өз максаттарын "мамлекетти дефашизациялоо" деп жарыялашты.

Минскидеги акциялардын дирижерлору короосундагы окуяларга көз жуумп, Варшава тарабынан каржыланган Nexta Telegram каналы жана сайттар Беларустагы  окуяларды чагылдырууга далбастоодо. Ушул эле Nexta жакында эле Бишкектеги окуяларды да кызуу көрсөткөн. Ошондой эле Россиядагы эл катышкан, Беларуска эч кандай тиешеси жок акцияларды чагылдырып калат. Булардын баары варшавалык каналдын логотиби менен эксклюзив катары берилет. Анан Варшаванын өзүндө окуялар башталганда Nexta каналынын колунда аларды чагылдырууга материалы жок.

Беларустагы протесттердин иконасы Светлана Тихановская польшалык аялдардын өз укугун коргоп чыкканы боюнча үндөгөн да жок. Ал эми польшалык митингчилер аны далай колдоп чыгышкан. Nexta да, беларустук оппозиция да расмий Варшавага кымындай эле сын айтуудан негизги каржылык агымынан ажырап калбайлы деп айбыгышат. "Беларустук сценарийдин" дагы бир активдүү жаратманы, ушул тапта Тихановская жашап жаткан Литва да бул окуяларга ушундай көз карашта.

Аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Минскидеги протестчилерди колдогон билдирүүлөрү менен байма-бай чыгып, "беларустук аялдардын болуп көрбөгөндөй тайманбастыгына" суктанып бүтө элек. Бирок ал министр варшавалык айымдарды жана алардын акцияларын колдоого сөз таппады. Же Польшанын тагдыры коңшу Литваны азыраак толгонтобу?

"Орустарда ондоп саналат, бизде — экөө": АКШ Россиядан кай багытта артта калган?

Беларустагы окуяларга катыштыгын жашырбаган Польша өз көчөлөрүндөгү көрүнүшкө тышкы күчтөрдүн таасирин издей баштаганы айран калтырат. Мамлекеттин бейформал лидери, оппозиционерлер "диктатор" деп атаган Ярослав Качиньский аларды "россиялык тыңчылар" деп боолголоду. Ал эми саясат таануучу Матеуш Пискорски аялдардын акциялары менен дал келип калган польшалык фермерлердин аракеттеринен "Москванын колу" табылганын айтты.

Фермерлер Россияга каршы санкцияларды жокко чыгарууну талап кылышса, алар да "Кремлдин агенттерине" айланып калышат экен. Орустарга жаңыдан "куугунтук" башталдыбы деген ой туулат. Анткен менен Москва деле, Минск деле варшавалык акцияларды түз алып көрсөткөн Nexta сымал канал уюштурган жери жок.

Балким, Россия ошол жагы менен айырмаланар. Москва "тынчтык" деген морт кайыкты чайпалта берүүнүн кесепети дал ошол иштин башындагыларга тиерин эбак аңдаган.

Майдан, бунт, зомбулук вирусу коронавирустан кем калышпаган тездик менен таралып, биринчи кезекте коңшусуна жуктуруу амалы менен жараткандарды жабыркатат. Польшанын мисалы муну тастыктап турат. Болбосо бул мамлекет тек гана Беларуска шамалды айдагандай болду эле да...

Жаңылыктар түрмөгү
0