"Эс ообо, эсиңе кел!" Эс тууралуу эки ооз сөз

© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдүн жанында турган бала. Архив
Боз үйдүн жанында турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табиятынан сабырдуу кыргыз, кандай кырдаал болбосун сабыр сактап, узакты болжогон. Кандай кырдаал болбосун эсин жоготкон эмес. Бүгүн биздин колумнист эс тууралуу жазууну чечти.

Тизгин жаяр

Адамзатты каптаган алааматтан адам аттуунун эси ооп турган учуру. Эчендеген асылдарыбызды, эсилдерибизди колдон учуруп, эсеңкиреп турабыз. Эстүүлөрүбүз деле эс болгондун ордуна нес болуп калган өңдөнөт. Мындай учурда эзелтен уланган улуу "Эсти" кайра жаңылоого кез келгендир. Эчендеген доорлордо элдин кутун сактап, урпактан урпакка улап, бузулганын курап келген эстүүлөр болгон. Эстүүлөр деген ким болот, эсиргендер ким болот, эс кеткенде не болот, эссиз деген ким болот? Акылгөйлөрдүн айтканын улап, анча-мынчасын өзүбүз курап, эс деген сөздүн өзөгүнө үңүлүп көрөлү.

Эс кайдан келет, кайда болот? Эс менен акылдын айырмасы не?

Эс бул – Эгемден жалганып, туюмга байланып, көкүрөктө тунган чындыктын устуну. Ал жүрүм-турумдан баштап, жүйөөлүү акылга чейин нускап турган чайпалбас тараза. Адам болуп жерге жаралып келе электеги жанда турган жогорку аң-сезим, улуу уңгу. Теңирдин бир учкуну менен кошо жанга уюп, жараткандын деми менен кошо жанга жалганган тууралыктын туусу.

Акыл – адам болуп жаралгандан баштап, таанып билип алган нерсе болсо, жат ошол илимди, тирүүлүктөгү алган бардык маалыматтарды сактаган казына. Мунун баары адамдын мээси менен байланыштуу. Акыл калчоо, акылга салуу, акылды иштетүү, демек, жадыбызда сакталган турмуш тажрыйбадан топтолгон, окуп, угуп, көрүп өздөштүргөн башыбыздагы маалыматты иштетүү. Ал эми эс андан да тереңирээк. Ал жараткандан жалганган киши жанында сакталган ааламдык аң-сезим.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Эс түшүнүгү тууралуу кыргызда

Ааламдык аң-сезимдеги бардык маалыматтардын, керек билимдердин, улуу чындыктардын топтому эс тутумда сакталат. Ал эс тутумдун учугу ар бир жанда болгону менен аны улай билгендер, түрүп отуруп түбүнө жеткендер аздыр. Андай кишилерди эстүү дейт.  Эстүүлөр ак-караны айырбаштап, тирүүлүктөн тирликке түшкөн пендеден айырмаланып, аалам чындыгын тааныйт, өзүндөгү өзөктү ойготот. Бала тили чыгып, сөзгө түшүнүп, табиятты, ааламды тааный баштаганда эселек болот, кирди-чыкты эси бар, билип-биле элек кези. Анан эси кирди, эсине кирип калды дешет. Демек, балага жогорку ааламга жол ачылат. Өзүнөн-өзү табият, жер-суу, жашоо, жакшы-жаманды түшүнүп баштайт. Өз ою, өз дүйнөсү менен өтө акылга салып аңдап билбесе дагы, эс тутуму менен өсүп жүрүп отурат. Анан дүйнө жыргалчылыгын аңдап, жашоо кызыгына батып, азгырыктарга алдырып баштаганда эле, айрымдар эсирип башташат. Башкача айтканда, жогору жактан келген байланыш үзүлүп, эсирип, б.а. эси ирип калат. Киши кирдейт. Эсирип калган адамды эстүүлөр эсиңе кел дешкени менен, кырсыктап, кыйынчылык болмоюн эсине келүүсү кыйын. Эсирип жүрүп отуруп, дүйнөнүн кызыгына батып эс-мас абалга келип, манчыркап кетет. Эсиргендин куту учат, анткени ал эсирип отуруп кутурат да. Анан, тирегинен, дымагынан ажырайт, ишенген байлыгынан ажырайт, тооруган кыйынчылыктан эси кетет. Ошентип барып айрымдар эсин жоготот. Түйшүктөн эси ооп, эсеңкиреп калат. Айрымдар эсине келет. Кызыгы, жан болуп жаралганда бар эсибизди, киши болуп калыптанганда эсибизден чыгарып койгонубуз. Албетте, аны кайра эстөө керек. Ал үчүн эс алышыбыз зарыл. Айрымдар эс алуу десе эле шапар тээп-сайрандоону, табият койнун булгап көңүл ачууну ойлошот экен, чыныгы эс алуу бул жаратканга жакын болуу, үзүлүп калган байланышты улап, жашоо чындыгын аңдоо, анүчүн кайра эле өзүбүздү таануу. Башка түйшүк түшкөндө кимдин-ким экендиги билингенде, жашоо өйдө-ылдый болгондо киши эсине келет, көр оокаттын масы тарап соолугат. Албетте, кыйынчылыктан эсибиз кетет, кооптуу жагдайда эсибиз чыгат, керек болсо таптакыр эсибизди жоготуп коюшубуз да мүмкүн. Ошондуктан ар дайым эс-акыл тең салмакта болушу керек. Кичинекей баланы эси жок десе, кудайды тааныбаган, тирүүлүктүн сабагын албаган кишини эссиз дейт. Эстүү жакыныңды эсилим деп жоктойсуң, эстүү кишини эсил кайран дейсиң. Анткени анын улуулугу, билгилиги эсибизге илинип калат тура. Анткени алар жашоонун калпыстыктарында билип-билбегендерибизге эс болгон. Андай адамдар өмүр өтөлгөсүнө чыккандар, ар дайым эскерилгендер, түбөлүк эстелик калтыргандар.

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

Акылыбыз өмүрдөн топтогон, тирүүлүктөгү тажрыйбабыз болсо, эсибиз тээ түпкүрдөгү, асман-жер чеги ажырап бөлүнө элек кездеги, ай-күн дагы жаркырап көрүнө элек кездеги улуу билимдер. Акыл башыбызда сакталса аалам чындыгы эсибизде сакталат, эс жан менен кошо жаралат. Акыл мээде болсо, эс жүрөк менен байланыштуу болор.

Платондун эстөө теориясы

Эсиңе кел, эсиңди тааны, эс ал, деген түшүнүктөрдүн баары жаныбыз менен кошо жаралган эс тутумду ойгот дегени экен. Платондун "Эстөө" деген теориясы бар. Анда "Киши болуп жерге жаралып келгенге чейин, жан кудайлардын жанында болгон. Жерге келген соң тирүүлүктүн, тирликтин, дүнүйөнүн, дүйнөнүн азгырыгына арбалат да, жан кезиндеги жашоосун унутат. Аны менен катар аалам чындыгы, жогорку эс тутум эстен чыгат. Беш-алты тилди жат билүү мүмкүн эмес, ал акылга сыйгыс нерсе, же болбосо, илим жаатында улуу ачылыштарды жасоо да акылдын жыйынтыгы эмес. Мындай адамдар эс тутумун ойготуп, кудайлардын доорундагы жашоосун эстегендер. Ийгиликке жетүү үчүн эстөө гана керек" деп айтылат.

Чындыгында адам акылына сыйбаган шумдук жагдайларга түшүндүрмө берүү кыйын. Тээ бир аң сезимдин түпкүрүндө гана "болушу мүмкүн" деген бүдөмүк ой турат. 72 тил билген Аль Фарабини алалы, же болбосо, миллион сапты жатка айткан манасчылар болсун, чымын-чиркей болбосо адамзатты өлбөс кыла алат элем деген Улукман Акимди алалы, булардын деңгээли адам акылына сыйгыс. Кишиден артык жаралган, дарамети кудайдын бир учкуну ичине кирип кеткенби деген ойго кептейт. Балким, Платон айтмакчы, бул жандар жана булар сындуу улуу инсандар эстегендир, эс тутумун ойготкондур, ким билет...

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек

Тизгин жыяр

Барчылык жашоодон, түгөл дүйнөдөн манчыркап, ыксыз шапар тээп, жосунсуз сайран куруп эсирип кеттик эле, дүйнөнү түгөл каптаган улуу тумоо эсибизди оодарды. Боо түшүп кырылган апааттан эстен танып кала жаздадык. Эсил кайран деп эчендерди жоктодук. Балким, бул асман ээлеринин жерге түшүп, эсиңе кел деген чакырыгыдыр. Эсибиз барында этегибизди жаап, балким, эс тутумду ойготуп, андагы улуу аң-сезимди эстейбиз. Ошондо эсибизге келебиз, ар кимибиз аалам чындыгын билген, салабат сабыр күткөн эстүү болобуз. Кудайдын буйругун көкүрөк менен туюп, аяндарын алып, белгилерин аңдап асылдыкты ойготобуз. Сиз кандай ойлойсуз, окурман, дүнүйөгө эс-мас болуп, эсибизди жоготуп койдукпу, эс менен байланыш үзүлө элек болду бекен, эсин тааныган, эстүү боло алабызбы?

Жаңылыктар түрмөгү
0