Карындашыңа кайдыгер болсоң күйөөсү кордойт. Агалар кызга таянар тоо бололу

© Фото / Pixabay / Marcello MigliosiКыз бетип жабып отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз бетип жабып отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Эламан Карымшаков эркек таянар тоосу, сурап алар адамы жок аялдарды сабашы мүмкүн деп эсептейт. Мындан улам ал кыздарды күйөөсүнүн муштумуна салып бербеш үчүн агаларга жана ата-энелерге өз оюн сунуштоону эп көргөн.

"Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт" деп кашкайган чындыкты айтышкан. Адам баласы ушундайбыз, алсыздарга кыйын болууга машпыз. Достордун арасында, окууда же жумушта болобу, эгер бирөө бир аз эле бош болсо, аны артка түртө салабыз. Менимче, үй-бүлөдө деле ушундай, аял таяк жесе да унчукпаса, күйөөсү урганын токтотпойт. Эгер бир кишини урууга алың жетпегенин аңдасаң, аны менен урушпай жай сүйлөшүүнүн амалын издейсиң да.

Менин оюмча, аялын алсыз эрекектер урушу мүмкүн. Жубайынын көңүлүн алгысы келбейт, бардык маселени муштум менен чечүүгө өтөт. Дагы бир мисал, көчөдө бараткан жигитти сабап койсоң, кайра ал достору менен келип бетиңди талкалап кетерин же түрмө азабына салып, акчаңды очойто аларын билесиң, мындан улам ал канча жиниңе тийсе дагы унчукпайсың.

Кечээ тараган видеодон аялдын артында таянар тоосу болуп бере турган адамдары жок экенин түшүндүм. Сурап алары болбогондон кийин эркек мыкаачылык кылуудан да кайра тартпай калган өңдүү. Адам канчалык өзүн жоготуп же жини келип турса дагы кесепетин ойлойт. Жөнөкөй эле мисал, мен курактуу жигиттер мас болгондо досторунун арасында тополоң салып, калжактап айланы кетирет. Бирок үйүнө келгенде түптүз басып эле ата-энесине көрүнбөй кирип кеткенге шашат.

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам
Эгер тиги аялга ушунчалык жини келип бир-эки чаап жиберсе, ачуу менен жасалган иш катары түшүнсө болот. Муну салыштыруу үчүн гана айтып жатам, негизи аялга кол көтөрүүнү жактабайм. Анан колун артка байлап, мойнуна дүңгөлөктөрдү илип, башынан ылдый суу куюп, бетке чаап, анысын видеого тарттырып "башкаларга сабак болсун" дегенин аялды адам катары көрбөй калган деп сыпаттадым. Ал буга чейин деле сабап, тескерисинче анысына маашырканып, жазаланбаганын түшүндүм. Же аялынын туугандары алдында, же укук коргоо органдарына жооп берген эмес. Демек ал жөн эле сабаганга алымсынбай калган, ушунтип мазактап эрдемсингиси келген. Каны суюк жаш жигит болсо бир жөн, 52 жашка чыгып калган кишинин буга кантип дити барды? Аны көргөн балдары эмне болот? Эгер билсе, ал өзүнүн тегерегиндегилерге гана зыян келтирбестен, жаш муундун бир бутагын сындырды, бүт кыргыз эркектерине көө жапты. Жаш кыздар "күйөө деген ушул болсо, андан көрө жөн эле жүргөнүм жакшы" деп калды, эркектер зөөкүр, мыкаачы деген түшүнүктү таңуулап койду. Ооба, "бирөөнүн үй-бүлөсү башкага караңгы токой" дейт. Канткен күндө да бул окуя — коомдун трагедиясы.

Бул бир эле көрүнүш, ошол киши өлүм жазасына тартылса дагы маселе чечилип кетпейт. "Аялдардын укугу" деп көчөгө кыйкырып чыгуудан да натыйжа болбойт.

Мен үй-бүлөлүү эмесмин, турмуштун ачуу-таттуусун жон терим менен сезе элекмин. Ошентсе да көргөн-билгендериме таянып ой-туюмдарымды айтууну эп көрдүм.

Эркек досторума кайрыларым, карындашыңарга көңүл бургула, ачык сүйлөшкүлө. "Тиги менен жүрбө, бул жакка баспа" деп үйдө камап, ар бир кадамына тыюу сала бербегиле. Адамды эч качан күч менен кармап тура албайсың. Андан көрө аң-сезимин ойготуп, дүйнө таанымын кеңейтип, жашоодогу ак-караны айрый билишине жардам бергиле.

Менин эки карындашым бар, бири былтыр турмушка чыкты, кичүүсү 2-класста окуйт. Улуу карындашым менен баарын ачык сүйлөшөм. Ким менен мамиле куруп жатканы тууралуу да ачык эле айтып берчү. Ага кеп-кеңешимди айтам. Себеби өткөөл курактагы кыздарга кооз сүйлөгөндөр эле идеалдуу көрүнүп, чыныгы жүзүн биле албай калышат. "Жигиттер менен сүйлөшпө" деп чек койгон эмесмин. Артынан чуркагандарды көрсөтсө, ал кандай адам, максаты эмне, баарын териштирип көрүп өзүмдүн оюмду айтар элем. Баары эле сүйүүнүн отуна малынгысы келет, аны чектеп коё албайсың. Ошондуктан мен карындашымдын өзүнө татыктуу адамды тандашына жардам бергем.

Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!
Дагы бир жери, агасы же атасы таяныч тоо болуп бере албаган кыз ал сезимди башка эркектерден издейт. Коркунучтуусу — ал башын жөлөгөн эркектин максаты кандай экени караңгы. Ошондуктан, достор, калп эле олуттуу боло бербей карындашыңар менен достошкула. Анын бактылуу болушун кааласаң өз оюн ачык айткан, эркин болушуна шарт түзүп бергиле. Кагып-силкип уруша бергенден көрө аң-сезимин ойготуу керек. Мен карындашыма "сага ишенейин, биздин үй-бүлөнү уят кылба, сени жанындай көргөн чоң ата, чоң энебиз бар, алардын жүзүн жер каратпа" деп айтчумун. Ошондо кыз мен минтсем агам же атам урушат дебей, аларды уят кылбайын деп ойлонуп калат.

"Токчулук эркекти, жокчулук аялды бузат" деген сөз бар. Ошондуктан студент карындашыңарга жактырган көйнөгүн алып берип же жөн эле керегиңе жарат деп 1000-2000 сом берип койгон жакшы. Эгер сен кош көңүл болуп, кайдыгер мамиле жасап, баскан-турганын гана тескеп, ичинде эмне болуп жатканын билүүгө кызыкпасаң, сырын башка эркекке айтат. Анан башында айткандай "адамдын жумшагын адам жейт" болуп, кызды канчалык сүйүп турса дагы "артында таянар тоосу жок, эмне кылып алмак эле" деп орой мамиле менен башкарууга өтүшү мүмкүн.

Кээ бир үй-бүлөлөр кызы мектепти бүтөрү менен күйөөгө бергенге шашат. "Жүрө берсе жаман жолго түшүп кетпесин, кой, аманатын тапшырайын" дейт. Эмне үчүн алар жоопкерчиликтен качат? Эмнеге кызына үйдөн татыктуу тарбия берип, окутуп, бир кесипке үйрөтүп, коопсуздугун камсыздап бергиси келбейт? Айылда жүргөн баёо кыздар шаарга келгенден кийин эки жылда өзгөрөт. Жашоого башкача карап, адамдын ким экенин аз да болсо аңдап калат. Менимче, өз үйүнөн жакшы тарбия алган кыз шаарга келсе деле жаман жолго түшпөйт. Ар бир кадамы чектелип, коркуу менен чоңойгон кыз эркиндикке чыкканда өзүн жоготуп коюшу мүмкүн.

Эгер кызыңыздын кор болуп жашашын каалабасаңыз, билим алышына, дүйнө таанымынын кеңейишине шарт түзүп бериңиз. Кызыңызды өз алдынча болгонго, оюн ачык айтканга үйрөтүңүз. Ошондо гана кечээгидей окуялар азаят деген ойдомун.

"Бирөөнүн үй-бүлөсүнө киришпе" деген стереотип бар. Карындашың күйөөсү менен жаңжалдашса, ачуу үстүндө бир окуя болсо өз ара чечип алсын деген жакшы. Эгер катуу сабап жатса, анда киришиш керек деп эле айтам. Унчукпасаң дагы кайталанышы мүмкүн.

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Айбанча коргой албадык... Кордук көргөн наристелердин убалы кимге?!
Негизи чымчыктын да уясынын бузулушун каалабайм. Бирок аялзатынын бир келген өмүрдүн жыргалчылыгына бата албай, күйөөсүнөн кордук көрүп баш көтөрө албай басынып жашашын да каалабайм. Биздин коомдо аялды алсыз бир адам катары эмес, балдарынын келечегине кам көргөн, улутту тарбиялаган асылзат айым катары көрүп сыйлаган эркектер толтура.

Ошол эле учурда эркектерге да жакшы тарбия берип, ыймандуу, нысаптуу, билимдүү кылып чоңойтуш керек. Караңгы болуп калса мурдунан алысты көрө албай, ар кандай иштерди жасай берет. Жеке эле өзүмдү айтайын, окуп, иштеп ар кандай адамдар менен пикир алышып, улуулардын кеп-кеңешин уккан сайын күндөн-күнгө жашоого болгон көз карашым өзгөрүүдө.

Соңунда эки сөз менен оюмду жыйынтыктайын.

Ата-энелер, бизге окшогон уул-кызыңарга татыктуу тарбия берип, билим алуусуна шарт түзүп бериңиздерчи. Өлкөдө билим берүүнүн деңгээли төмөн, мамлекеттен ушуга көңүл бурууну сурайм.

Акылы тунук асылзаадалар, кечээки окуяга муңайып, үмүт шамын өчүрбөңүздөр. Силерге тоодой бакыт тартуулай алчу жигиттер түгөнгөн жок, БИЗ БАРБЫЗ!

Жаңылыктар түрмөгү
0