07:29 08 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.6875
  • EUR87.5150
  • RUB1.0764
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1782)
153720

Биздин колумнист Абдыкерим Муратов учурда баарыбыздын көкүрөктөгү нерсебизди дал өзүндөй баяндап бериптир. Чын эле буга чейин эшикке чыккан эки кадам, кучакташып көрүшүү, бет капсыз заман бакыт экенин билбептирбиз да.

...Ушундай күндө калабыз деп үч уктасам түшүмө кирген эмес: же согуш эмес, же абадан чабуул эмес, же табияттын кырсыгы эмес. Болгондо да бүт Жер шары, биздин ажайып планета бир оорунун жайылышынан улам кыйсыпыр түшүп жатып калды...

Неберелерим кезектешип бир жумада сөзсүз бир келип, балдар аянтчаларына, балдар кинолоруна, балдар оюн-зоок жайларына, парктарга, коомдук тамактануу жайларына барып турчубуз, жаратылышка чыгып сейилдеп келер элек... Неберелеримдин ар бирин "тай-тайлап", "бас-бастап" адегенде бир кадам, анан эки кадам, анан үч кадам... жылып отуруп аяк шилтегенге көндүрөр элем. Анан мага жеткенге корстон болуп кучактап калышчу. Өзүнчө турган кызымдын кызы – эң кичине неберемдин кантип басып калганын көрбөй калдым, бир күнү эле видео келиптир, неберем басып жүрөт... Дагы бир кызымдын кызы түштө коляска менен сыртка чыгарып ары-бери сүйрөбөсө уктачу эмес. Эми ал эшикти көрсөтпөй балконду көрсөтүп калыптыр, көрсө ата-энеси балконго "эшик" жасап бериптир... Дагы бир неберем аны-муну айтып чулдурап калыптыр...

Ушул наристелер ушул күндө калышы керек беле?! Ушундай ширин учурларына мен — чоң атасы, таятасы катары күбө өтпөй калышым керек беле?! Ошол неберелерим менен тынч күндөрдү, карантинсиз күндөрдү сагынып жатабыз, кайсы бир кезде ушул учурларды жомок кылып айтып каларбыз дейм... Ошентели, ылайым...

Үйдөн чыга албай, атамдай болгон агайым, улуу устатым Исак агай Бекбоевичтин мүрзөсүнө жарым ууч топурак сала албай калдым. Алтындай көргөн ардактуу инилерим Элмирбек Иманалиевдин, Зайырбек Ажыматовдун тажияларына тура алган жокмун. Инимдин кайненеси, көптөн бери ажал тооруп жаткан Апипа кудагыйымды төрт баласы менен бир гана машинага салып узатып кала бердик. Анын карасуулук бир туугандары да эжесин узатканы Ноокатка өтө албай кайтып кетишиптир. Карантинсиз күндөр болгондо "өлгөндүн өз зыйнаты бар" деп каада-салты менен, кылкылдаган көпчүлүктүн катышуусу менен коштошуп калбайт белек...

Карантинсиз күндөрдө адамды бул дүйнөдөн аркы дүйнөгө узатуунун баркын да билбей, ага-буга шылтап, өлүм зыйнатына да, өз алаканыбызга уучтап туруп топо салганга да барбай койчу экенбиз. Эми болсо үйдөн чыга албай, өлгөн жерге да бара албай, ошол күндөргө зар болуп отурабыз.

Карантин күндөрү тамак-аштын баркын билдик; китептерди кайра колго алып окуп кирдик; абдан көп чыгым болчу тойлорсуз эле, аштарсыз эле жашоого болорун түшүндүк; кыздар үйдөн тамак жасаганды, сайма сайганды үйрөндү; үй-бүлөлөр эртеден кечке, түндөн таңга чейин бир болуп, бир ойноого, бир уктоого, чогуу баарлашууга көндүк...

Бүт дүйнө чакан, өтө чакан бир кыштак экенин аңдадык, ошол кыштактын бир жерине доо кетсе, бүт айыл азапка малынарын түшүндүк...

Дал ушул пандемия дүйнө боюнча кыргызстандыктарды бириктирди, алардын Ала-Тоодо жоктоп алар Ата Журту бар экендигин көрсөттү. Дүйнөнүн ири учак жайларында, чек араларында, элчиликтердин алдында, дагы башка жерлерде Кыргызстан көзүнөн учуп, Кыргызстанга кетүүнү эңсегендерди көрүп, мамлекет деген канчалык баалуу экенин, канчалык керек экенин түшүндүк. Канча каражат коросо да Кыргызстан кыргызстандыктарды колдон келишинче алып келип жатат, ошол келгендер тууган жердин топурагын тепсеп түшкөндө бүт кайгыларын унутуп, тууган жердин демин сезишкендир.

Карантин карантинсиз күндөрдү сагынтты: жумушка барчу элек; базарга барчу элек; бул күндөрдө тоолорго чыкчу элек; көлгө жөнөп калчубуз; тойлорго барчу элек; бири-бирибиз менен баарлашып отурчу элек; балдарды ойнотчу элек; туулган айылга барып, тууган-урук менен учурашып, сурашып, жыргап кайтчу элек; театрга, киного, парктарга барчу элек; мечиттерге намазга барар элек, дагы башка-башка... Эркиндик... Карантинсиз күндөр кандай керемет эле... Эми ошонун баасы, баркы билинип атат... Ошол күндөрдү сагындык... Тезирээк келишин тилейли...

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1782)

Тема боюнча

Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
Белгилер:
балкон, небере, мүрзө, өлүм, адам, карантин, пандемия, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ