04:13 13 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
43430

Учурда өлкө аймагында 453 айыл аймагы, үч кыштак бар. Элет жеринде төрт миллиондон ашык адам жашап, жалпы калктын үчтөн эки бөлүгүн түзөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов бул ирет айыл көйгөйлөрүнө кайрылып, ой-толгоосу менен бөлүштү.

Мектепти бүтүп кеткенден бери өзүмдүн туулуп-өскөн айылымда мынча көп убакыт жүрө элек экенмин. Мурун кичи мекениме саналуу эле күнгө келип, кайра шашып борборго жумушка же окууга кетчүмүн. Бул ирет дүйнөгө тараган COVID-19 вирусунан улам бир айдан ашык убакыттан бери ата-энемдин үйүндө жашап, Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде күн кечирип жатам.

Азыр элетте жашоо-турмуш өз нугу менен жүрүүдө. Бул жакта көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн кара курсагы короодогу саан уйга байланыптыр. Туруктуу киреше булагы, жумушу жоктор ошол уйдун сүтүнөн түшкөн акчага азык-түлүк, күйүүчү май алып, жада калса бала-бакырасынын жалаягын да жаңыртып турат экен.

Айыл чарба техникасы, унаасы барлар жер айдап, жүк ташып тыйын таап тиричилик көрсө, төрт түлүк мал кармагандар жайлоого чыгып, элдин малын багып күзгө чейин тоодо жүрөт. Ал эми малы, унаасы дагы жоктор айыл чарба, курулуш жумуштарында жалданып нан табууда.

Анан болжол менен ар бир үчүнчү үй-бүлө чакан банктардан насыя алып, алардын жибине тушалган экен.  Мындай турмушту азыр менин эле айылым эмес, өлкөдөгү көпчүлүк калк жашаган аймактар башынан өткөрүп жаткандыр. 

Жогоруда тизмектелгендер элеттиктер баш ооруткан маселенин чет-бучкагы эле. Жасалчу жумуш, чече турган көйгөй арбын экен. Мен алардын айрымдарына азыноолак токтолуп, айылдан борборго кеткен азаматтарга, жогорку кызматта отуруп алып аймактагылардын көйгөйүн чечүү милдетин алган аткаминерлерге айткым келди. Анткени журналист кичи мекенине барганда сөзсүз бир нече тургун жогорку жактан бир чоң чиновник келгендей эле жетер жерине жеткен иштерин айтып, анын чечүү жолдорун сурап арызданат. Ошол карапайым элдин кээ бир сөздөрүн эшитип, аймакта иш чатак экенине көзүм жетти.

Мисалы, талаада арпа, буудай, картошкадан баштап жашылчага чейин айдап, күзүндө түшүмүн жыйнаган дыйкандар кесипкөй агрономдорго өтө муктаж экен. Азыр аймакта андай билимдүү адистин жоктугунан айылдыктар окумуштуулардай эле эксперименталдык иштер менен алек. Эрте жаздан кеч күзгө чейин талаада жүргөндөр жер семирткичтерди кайсынысын качан кантип колдонуп, өсүмдүк, мөмөлүү дарактарды отоо чөп, зыянкечтерден арылтуу жолдорун ар кимден сурап иш кылууда. Алар айрым учурда чет жактан келген толгон-токой химиялык заттарды ыксыз пайдалана берип айдоо жерди жараксыз абалга чейин жеткирет. Элге малдын кыгынан, жөнөкөй эле бакчада жаткан чөп, жалбырактан да анча кымбат эмес жер семирткич алууга мүмкүн экендигин айта турчу жан жок. Деги койчу, "көп жылдан бери өздөштүрүлбөгөн жерди иштетип, кирешелүү тигил же бул өсүмдүктү өздөштүрөлү" деп жол көрсөткөн кесипкөйлөрдү кезиктире алган жокмун.     

Азыр төрт түлүк мал баккан айыл-кыштактарга кесипкөй мал доктурлар өтө зарыл болуп турган чагы. Союздан калган ал адистердин ордун басчу окуу жайды аяктаган жаштарды такыр таппайсың. Короодогу жылкы сыркоолоп калса, эптеп-септеген мал доктурга эмес, эл оозуна алынган билермандарга алып бармай, андан башка айла жок. Ошентип бир нече жыл жем-чөбүн берип, бапестеп баккан малынан айрылып отуруп калышат, 

Ошондой эле пенсия курагындагы адистерди алмаштырганга жогорку билимдүү, кесипкөй, уюштургуч жаштарды ит менен издеп эптеп табасың. Айыл өкмөттө иштеп жүрүп чалмакейди чалып, ири суммадагы акчаны кымырып алган жетекчи сөрөйдү эл эптеп кызматтан кетирсе, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы анын ордуна башка киши таппай убара тартып, баягыны эле кайра отургузат экен. Жүздөгөн түтүн жашаган айылда "баягылар" алмаштырылгыс кадрларга айланыптыр. Шартка карап, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алар кээде карапайым элди "кетем" деп коркутуп коюшат экен.

Деги койчу, айта берсе айылдаштарымдын арманы арбын. Борбордогулар "ак үй, көк үй жакта саясий кризис болуп, аткаруу бийлигинде иш билгилер калбай калды" деп калышат го. Так ошондой абал элетте дагы кездешет. Кээде жаштар чогула калып жыйын өткөрүп, чакан митингдерди уюштура калат. Айрым учурда калк башындагылардын былыктарын чукуп чыгып кичинекей эле кыштак эки жаатка бөлүнгөнгө чейин жетет. Жумушу бүтпөгөн айылда эмнеге мындай ызы-чуу чыгат деп ойлонбой койбойсуң.

Андан сырткары, суу башында жашагандар төрт мезгил үзгүлтүксүз таза суу иче алышпайт. Чакан өндүрүш жайларын ачуу аракеттери өтө эле жай, айрым жерлерде такыр эле байкалбайт. Кыскасы, карапайым элеттиктер кесипкөй, жаратман адистер каяктан келе калат деп үмүт артып, "өгүз өлбө, араба сынба" деп оокатын көрүп жатат.

Айтор, азыр элеттиктер гуманитардык жардамга эмес, уюштургуч дарамети күчтүү, иш билги адистерге, кичи мекениме иштеп берем деген тажрыйбалуу азаматтарга муктаж экен.

Тема боюнча

Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
Белгилер:
турмуш, көйгөй, айыл, элет, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ