01:34 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
403 0 0

Жыл ичиндеги 365 күндөн эмне үчүн айрымдары гана майрам күндөрү болуп табылган? Деги эле майрам деген эмне? Бул жөнөкөй көрүнгөн соболдорго жооп издөө акыл жана жан дүйнө үчүн аябай эле пайда бермек дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Май майрамдары жана китеп күнү

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Андан соң кербендеги бири-бирине удаалаша каалгый кадам таштаган төөлөрдөй кезектеше май майрамдары кирип келет. Аларды ар ким ар кандай белгилейт. Майрамдоо деген биздин аң-сезимибизге жыргамай, ырдамай, ойномой, эс алмай, шарап ичип шапар тепмей катары сиңип калган. Ошон үчүн качан көрсөң сеп этип алып мас абалда ыргалгандарды, болбосо шайыр, шатыра-шатман жүргөндөрдү "буга күндө майрам" деп коёбуз тамашалай.

Чынында майрам деген эмне? Майрамды белгилөөнүн маани-маңызы кандай? Жыл ичиндеги 365 күндөн эмне үчүн айрымдары гана майрам күндөрү болуп табылган? Мындай караганда жеңил, беймаани көрүнгөнү менен бул соболдорго жооп издөө акыл жана жан дүйнөбүз үчүн аябай эле пайда бермек. Адамдык жоопкерчилик менен жарандык аң-сезимибиздин бийиктешине огожо болмок.

Майрамдын мааниси жана шааниси

Майрам — адам эригип-зериккенден тандап алып көңүл аччу күн эмес. Майрам — бул адамзаттын, же бир өлкөнүн, же бир коомдун тагдыр-бактысына, келечегине өзгөчө таасир эткен тарыхый  урунттуу учурду, орошон окуяны эсте жаңылап, анын тийгизген шарапатын же кесепетин талдап, жагымдуу маанай сунууга болгон мүмкүнчүлүк жана себеп десек туура болор. Ал эми майрамдоонун максаты — тек гана ырдап-чоордоо, көпчүлүктүн агымына аралашып кара жандын ырахатын издөө эмес, ошол майрамдын тарых-таржымалына бир аз да болсо үңүлүп, түпкү маанисин аңдоо аркылуу ой чабытты кеңейтип, билимди тереңдетип, майрамга себепкер каармандарга таазим этип, мотивация, өрнөк алып, адамга, коомго, өлкөгө аз-көп дебей пайда жана позитив тартуулоо болуп жүрбөсүн.

Мисалга, 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн алалы. Конституция дегенди бир мекеменин жобосу же регламентинче барк албагандар толтура. Чынында ал эгемендүү өлкөбүздүн күрдөөлдүү жашоо-турмушун жөнгө салган башкы мыйзамыбыз жана эркиндигибиздин эң башкы символдорунун бири. Саясаттабы, экономикадабы, адам укугу жаатында болсун, башка мыйзамдар үчүн туура багыт көрсөтчү алтын казык жылдызы же компас сыяктуу. Конституцияны сыйлабастык – бул бери эле дегенде мамлекеттин таалайына таш ыргытып, тагдырына көңүл коштук көрсөтүү. Ошондуктан ал күнү жок дегенде Баш мыйзамыбызды бир ачып карап, түшүнүк-билимибизди жаңылап, ченемдерин урматтоо жана аткаруу аркылуу канча ый, муң-зар менен келген мамлекеттүүлүгүбүздү сактоого жана бекемдөөгө салым кошорубузду аңдап алсак. Ушул Конституциянын негизин кабыл алып берген, курамында Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, Төлөмүш Океев, Мар Байжиев ж.б. сыяктуу залкарлар иштеген Легендарлуу парламент жөнүндө азын оолак маалымат жыйнасак.

9-май — Жеңиш күнүн белгилөөнүн мааниси аянттан же теледен аскер парадын көрүп, "Өлбөс полк" маршына назар салып, кечинде концерт, кино көрүп, анан керилип-чоюлуп уйкуга кетүүдө эмес. Балким миллиондогон өмүрдү садага чаап, ыйык топурагын кара мүртөз душмандын бутуна тепсетпей сактап калган мекенибиздин даңазалуу өтмүшү менен сыймыктанып, бул улуу жеңишке алып барган каармандардын көзү тирүүлөрүн зыяраттап, көзү өткөндөрүн эстеп дуба багыштоодо. Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Самат Садыков, Иван Панфилов, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков сыяктуу баатырлардын эрдигин окуп шыктанып, окуучуларга, уул-кыздарыбызга жомоктоп берсек, мүмкүн алардын жүрөгүн ээлеген Супермен, Бетмэн, Гарри Потер сыяктуу фантастикалык каармандар акырындап баатыр аталарыбызга орун бошотмоктур.

Биринчи бизде

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн да "ии, ушундай да майрам бар экен" деп, адашып корооңо кирип келген жолоочуну сыпаалык үчүн итиңден коргоп, дарбазага чейин коштоп чыгаргандай көңүл кош узатып койбой, китептен акыл алып, жан дүйнөнү байытчу, китеп менен түбөлүк достошчу бир мүмкүнчүлүк катары карайлы. "Сөз баштаган — эл баштайт" дейт акылман кыргыз. Китеп бул — сөздүн, идеянын, билимдин жана маалыматтын кени. Китеп менен ынак эл акыры озот.

Кыргыз журту быйыл бул эл аралык китеп майрамына эң сонун даярдык менен келди. 2019-жылдын баш чендеринде "Быйыл кыргызстандыктар китеп окуу боюнча КМШда биринчи орунга чыгабыз!" деген асыл максатты алдыбызга койгонбуз. Көп өтпөй Бакай, Эрлан деген эки жигит демилгелеп баштаган "Бир адамдан бир китеп" долбоору өлкө боюнча жайылып, жыл ичинде 150дөн ашык китепкананын текчелери 28 миллион сомдук жаңы, окумдуу 112 миң китепке байыды. Бул акыл кенчин жаштарыбыз уюшуп, жарандарыбыздан топтошту.

Жайдын кап ортосунда адамдар кечке маал сейилдегени, балдарын ойноткону, маек курганы келчү өлкөнүн эң негизги «Ала-Тоо» аянтында Табылды башында турган "Китепкөй Ала-Тоо" өнөктүгү старт алды. Күзгө таяп Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионуна жык-жыйма толгон кары-жаш китеп окуп, китеп тууралуу сөз угуп, китепти даңазалап отурушту. Буга себеп болгондордун баарына жана алардын башында турган Бектурга ичибиз жылып ыраазылык айттык.

"Илек-Илек Жаштары" уюму белсенип киришип, 30 миңдей китеп топтоп, кыргыздын кыйыры болгон Лейлек жергесинде элүүгө чукул китепкана ачып коюшту. Мамлекеттик чек арабызды жалаң эле бекем чеп, күжүрмөн аскер жана мыкты курал менен коргобостон, кошуналарга өрнөк болчу интеллектуалдык жана руханий дүркүрөп өнүгүү менен күчтөндүрүү стратегиясы ушинтип ишке аша баштады.

Жер-жемиш, курулуш материалдары же башка соода товарлары толгон КамАЗдардын алыскы аймактарга каттаганын көп көрөбүз. Бирок жаштар аларга көмүр же темир эмес, жаңы китеп толтуруп, Алайкуудагы мекендештерибизге акыл жана руханий белек кылып ташып бараткан фотолор социалдык тармактарга таркаганда кубанганыбыздан көзүбүзгө жаш айланды.

Нургазы чыйыр салган ресторандарда китеп шаан-шөкөтүн уюштуруу иш-чарасы акыры "Китеп-Той" долбооруна айланып, шоу-жылдыздардын түшүнө кирбеген аншлаг менен өтө баштады.

Мындай жөрөлгөлөр КМШда, балким дүйнө жүзүндө биринчи болуп бизде болуп жатканына кантип сыймыктанбайсың?

Китеп менен достошкон жыл

Жаратканга шүгүр, кыргыз жаштары арасында китеп окуу модага, трендге айланып барат. Жети дубаныбыздын алыскы айылдарына, керек болсо генералдар энесин ээрчитип кире алгыс жабык аскер бөлүктөрүнө чейин китепкөйлүк дух жайылды. Берлин паркында, Чикагодогу аянтта, Токиодогу аллеяда, Москвадагы скверде, Египеттеги Нил дайрасынын жээгинде кыргызча китеп окуп отурган кыргыз жаштарынын соцтармактардагы сүрөттөрү көргөн көздү кубантып турду. Китепке талап өскөн сайын китеп дүкөндөрү нөшөрдөн кийинки козу карындай көбөйдү. "Шанс", "Жамгыр", "Шам", "Маңыз" ж.б. басмалары ачылып, эбактан басылбай эстен чыгып бараткан улуттук адабияттын классикаларын шакылдатып чыгара башташты. Орто мектептерде бир кезде рэкеттик кылган тентектер авторитет болгон доор бир жылда 70-80 китеп окуган Батырдай балдар кадыр-барк сересин багынткан заманга ордун бошотту. Китеп кыймылынын жайылышы, китеп агымынын күчөшү, ал тургай, Жогорку Кеңешти бул темага бурулууга мажбурлады.

Ошентип биз быйылкы китеп күнүнө өзгөчө дем, ири ийгилик менен келдик. Биз бул жылы китеп сүйүү, китеп окуу жагынан КМШда алдыга суурулуп чыктык. Алдыдагы китеп майрамын ооз учунан гана даңазалабастан, эң сонун демилгелер, изги иштер менен тосуп жатабыз. Тагдыр экен, азыр ааламды каптаган апаат оорудан сактанып карантинде отурабыз. Болбосо, көпчүлүктүн күчүн, каражатын эле эмес, жүрөгүн, акылын жана мээримин бириктирген "Китепкөй өлкө" идеологиясынын күрдөөлү дагы далайларга угулуп калмак.

"Алгандын колу, бергендин жүрөгү толот" деп бекер айтпайт акылман элибиз. Бул күнү китеп белекке бермей акциясын өткөрмөкпүз. Бирок пандемия шартында мындай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан окуган китептерибиз тууралуу социалдык тармактарда сонун пикирлерди бөлүшүп, бири-бирибизди китепке тартып, кызыктырып белгилейли. Сүрөтүңдү жаркылдата жайгаштырып, өзүңдү мактагыча, китепти жарнамалап, китепти макта, бир боорум!

Кел, келе бер, Китеп майрамы! Быйыл сени жарык жүз менен жаркылдап тосуп алабыз. Сенин эң сүйгөн, эң мактанган, эң сыймыктанган конушуң касиеттүү Кыргыз жергеси, асман тиреген Ала-Тоонун арасы болсун.

Тема боюнча

БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы?
Бишкек коменданты: орозодо элди топтоп, ооз ачырууга мүмкүнчүлүк болбойт
Белгилер:
карантин, пандемия, белек, ийгилик, акция, майрам, китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ