08:14 08 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.6875
  • EUR87.5150
  • RUB1.0764
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
1300 0 0

Сымап — кеңири белгилүү болгон оор суюк металл. Улуу Ата Мекендик согуш маалында коргоо багытында гана пайдаланылган. Сымаптын фульминаты, кошулма, ошондой эле жалпыга белгилүү болгон күркүрөк сымап курал-жарактын ар кыл тиби жана түрүндө болгон.

Күркүрөк сымап менен капсюль, детонатор, патрондор, снаряд, авиабомба, мина үчүн жардыргычтардын ичин толтурушкан. Сымаптын экинчи багытта, бирок эң маанилүү колдонулушу — сулема же сымаптын хлориди, медицинада күчтүү дезинфекциялоочу каражат. Согуш жылдары сулемасыз госпиталды да, операция жасоочу бөлмөнү да элестетүүгө болбогонун жазат баяндамачы Дмитрий Верхотуров.

1941-жылы СССР өтө олуттуу коркунучка, кандайдыр ок-дары өндүрүшүн толук токтотуу кооптуулугуна кабылган. 1941-жылдын 29-октябрында немец армиясы Украинадагы Горловканы басып алган. Андан анчалык ыраак эмес жерде сымап өндүрүү жана эритүү боюнча СССРдеги жападан жалгыз комбинат жайгашкан Никитовка айылы болгон. Комбинаттын жабдуусун чыгарып кеткени менен сымапты кайдан алыш керек деген башка бир курч маселе жаралган.

Шахтер Хайдарканского ртутного комбината
© Sputnik / Эмиль Садыров
Айдаркен (Хайдаркан) эзелтен белгилүү болгон. Геологдор бул жакта байыркы иштелмелердин издери жана байыркы заманда иштетилген кендин жараксыз катмары байкалганын белгилешкен. Бирок кенди аздыр-көптүр тыкыр иликтөө 1930-жылдын башында гана башталган.

Кырдаалдын олуттуулугун сандар менен көрсөтүүгө болот. Согушка чейин, 1940-жылы, Никитов комбинатынан 361 тонна, ал эми 1941-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында (комбинатты 1941-жылдын 8-октябрынан тарта көчүрө башташкан) 372 тонна сымап өндүрүлгөн. Ошол маалда, 1941-жылы, сымапка болгон муктаждык 750-800 тоннага чыккан, анын 500 тоннасын гана камсыз кылууга мүмкүн болгон. Сымаптын жарымы чет өлкөдөн да сатып алынган. Бирок бул да татаал болгон. Согуш башталганы негизги дүйнөлүк сымап өндүрүү бөлүгү душман тарапта калып калган.

1938-жылы кийинчерээк антигитлердик коалицияга кирген өлкөлөр, анын ичинде СССР жылына 1383 тонна сымап алган. Ось альянсына кирген өлкөлөрдөн Италия 3300 тонна жана Испания 1370 тонна сымап өндүргөн. Ошондуктан Никитов сымап комбинатынын басып алынышы курч көйгөй жараткан. Башта запастагы жана кай жер болбосун алынган сымапты жеткирүүгө болмок. Бирок аскердик керектөө 1941-жылдын 4-кварталында 70 тоннага, анын ичинде Ок-дары наркоматы — 30 тоннага, Саламаттыкты сактоо наркоматы — 20 тонна, Авиациялык өнөр жай наркоматы — 8 тоннага бааланган. Ошол эле кварталда жарандык сектордун керектөөсү 69 тонна болору эсептелген. Болгондо да бул болушунча кыскартылгандагысы эле. Сымапты кайдан алуу зарыл? Бул согуштун жыйынтыгын аныктай турган суроо болгон.

Хайдарканкурулуш

Айдаркен (Хайдаркан) эзелтен белгилүү болгон. Геологдор бул жакта байыркы иштелмелердин издери жана байыркы заманда иштетилген кендин жараксыз катмары байкалганын белгилешкен. Бирок кенди аздыр-көптүр тыкыр иликтөө 1930-жылдын башында гана башталган. Кен Алай тоо тутумуна кирген, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийик, Ферганадан түштүк-батышка 83 чакырым аралыктагы Эшме тоо кыркасында жайгашкан. Ага жакын жерде Айдаркен кыштагы бар. Анын аймагында жайгашкан кен да кыштактын атын алган, азыркыга чейин сакталган.

2006-жылы Хайдаркан Айдаркен болуп өзгөртүлгөн, 2012-жылы ага шаар макамын ыйгарышкан.

Готовая продукция Хайдарканского ртутного комбината — ртуть
© Sputnik / Эмиль Садыров
2006-жылы Хайдаркан Айдаркен болуп өзгөртүлгөн, 2012-жылы ага шаар макамын ыйгарышкан.

1933-жылы эле Айдаркен — ири жана маанилүү кен экени аныкталган. Негизги компоненти плавик шпаты (флюорит) эле, анда сымап менен сурьма аралаш болгон. СССРдин Илимдер академиясынын материалдарында 1933-жылы Айдаркендин геологиялык кору 1 миллион тонна плавик шпаты, 198,5 миң тонна сурьма жана 10,3 миң тонна сымап деп бааланган. Бирок бул аралашмалар сурьма боюнча СССРдин бардык запастарынын 100 пайызы, сымап боюнча 50 пайызы болгон. Чынында ал баалар өндүрүлгөн сымаптын корунан 8,5 миң тоннадан 2,7 миң тоннага чейин абдан айырмаланган.

Айдаркен согушка чейин эле өздөштүрүлө баштаган, белгилүү болгондой, 1940-жылы кен 800 килограмм сымап эриткен. Аны менен катар эле кенде сурьманын 30 пайыздык концентраты алынган. Мисалга, 1941-жылдын июлуна карата 1681 килограмм сымап жана 195,1 тонна сурьма концентраты өндүрүлгөн. Негизи бул тажрыйба лаборатория курулушу боюнча татаал Айдаркен кенинин ар кыл тилкесинен руданын өндүрүштүк сыноосун өткөргөн. Геологиялык иштер жана сыноо запастын көлөмү жана ишкананын өнүгүү долбоорунун иштелмелерин тактоо үчүн маанилүү болгон.

Согуштун башталышы жана Донбасстын немистер тарабынан басып алынышы бул ишти үзгүлтүккө учураткан. Никитов руднигинин жабдыктарын чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн, аны кайда жайгаштыруу керек деген маселе чыккан. Чынын айтканда, Айдаркен эң ылайыктуу болчу, себеби СССРдин бөлөк эч бир жеринде мынчалык ири кен болгон эмес. Аны иштетүүнү эч создуктурбастан баштоо зарыл эле.

1941-жылдын июль айында курулуш түптөлүп, Айдаркен кендин инфраструктурасы менен алектенген. Никитов комбинатынын эвакуациясы бардык ишти дароо тездеткен.

СССРдин Түстүү металлургия наркоматынын Главредметинин (Сейрек кездешүүчү металлдардын башкы комитети) документтеринен комбинаттын курулушу абдан шашылыш мүнөздө болгону көрүнүп турат. 1941-жылдын 24-октябрында СССРдин түстүү металлургия наркомунун орун басары П.Я.Андропов Свердлов темир жолунун Бокситы станциясынан Скобелево Ташкент темир жолунун станциясына № 689 (920 киши) курулуш батальонун тезинен которуу үчүн 40 вагон талап кылган.

Инженер О.Каминскийдин учкай катында жазылгандарга караганда, 1941-жылдын 13-ноябрында Хайдарканстройдо дизелдик-компрессордук (беш дизель-генератор менен) жана устакана имараты эбак тургузулган. Бремсберг же рудниктеги жантык тоннелдин курулушу башталган. Жер казуу иштери жана тажрыйба заводун байытуучу фабриканын пайдубалын түптөө иши жүргөн. Ошондой эле Кувасайдан ЛЭП да курулуп, суу түтүгү өткөрүлгөн.

Вагонетка заполненная ртутной рудой в шахте города Айдаркен
© Sputnik / Эмиль Садыров
Согуштун башталышы жана Донбасстын немистер тарабынан басып алынышы бул ишти үзгүлтүккө учураткан. Никитов руднигинин жабдыктарын чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн, аны кайда жайгаштыруу керек деген маселе чыккан. Чынын айтканда, Айдаркен эң ылайыктуу болчу, себеби СССРдин бөлөк эч бир жеринде мынчалык ири кен болгон эмес.

Кыйынчылык жалгыздап келбейт тура. Геолог Смирнов 1941-жылдын октябрында рудниктин башкы талаасынан сымаптын корун баалоо ишин жүргүзгөн. Буга дейре 7,1 миң тонна запас тастыкталган, ал эми Смирнов 1-1,5 миң тонна экенин көрсөткөн. Анын пикиринде, жер алдындагы рудникти түптөп, ордун аныктоо үчүн ийне-жибине чейин иликтенген геологиялык иштерди аткаруу керек болгон. Жеңил казылчу руданы жана эзелкиден калган жараксыз катмарды алуу абзел эле. Аларда курамында 0,1 пайыз сымап камтылган 50 миң тоннанын тегерегинде кен болгон. Башка арга жок болчу. Геологдордун бүтүмүнө карабастан, СССРдин Түстүү металлургия наркоматынын Техникалык кеңешинин комиссиясы 1941-жылдын 15-ноябрында 1942-жылы Айдаркенде 300 тонна сымап өндүрүү керектиги боюнча чечим кабыл алган. Бул үчүн бир айлык өндүрүш көлөмүн 18 эсеге жогорулатуу зарыл болгон!

Айдаркен согуш жылдарынан соң

Айдаркенде мынчалык көлөмдө согуштун аяк ченинде да өндүрүлбөгөндүгүн дароо айта кетели. Аныгында СССРдин Түстүү металлургия наркоматындагы Главвольфрамынын №5 комбинаты, согуш жылдары Айдаркен сымап комбинаты ушундай аталган, алда канча аз металл өндүргөн. Тагыраагы, 1941-жылы — 11,65 тонна, 1942-жылы — 82 тонна, 1943-жылы — 137 тонна. 1945-жылы №5 комбинаттын өндүрүшү 193 тонна сымап алынган. Бирок ошентсе да, 1942-жылы комбинат өндүрүштү сегиз эсеге көбөйткөн, ал эми андан кийинки жылы аны дагы эки эсеге жогорулата алган. Согуш убагы үчүн бул кыйла чоң жетишкендик. Куру дегенде согуштагы эң зарыл муктаждыктар Айдаркен сымабы менен канааттандырылып турган.

1942-1943-жылдары комбинат 219 тонна сымап өндүрүп, ошол убакта бул СССРдин Ок-дары наркоматынын керектөөсүн (240 тонна) дээрлик камсыз кылган. Капсюль жана жардыргычтарды өндүрүүгө сымап жетишерлик болгон.

Вагонетка заполненная ртутной рудой в шахте города Айдаркен
© Sputnik / Эмиль Садыров
Кенде 1941-жылы — 11,65 тонна, 1942-жылы — 82 тонна, 1943-жылы — 137 тонна. 1945-жылы №5 комбинаттын өндүрүшү 193 тонна сымап алынган. Бирок ошентсе да, 1942-жылы комбинат өндүрүштү сегиз эсеге көбөйткөн, ал эми андан кийинки жылы аны дагы эки эсеге жогорулата алган.

Айдаркен 1943-жылдын 5-сентябрында 51-бөлүк жана 5-чабуул армиясынын Горловканы бошотконго чейин кармалып турууга мүмкүндүк берген. Главвольфрамдын адистери талкаланган нерселерди баалоо жана тез калыптандыруу иштерин уюштуруу үчүн ал жакка ашыгышкан. Көмүр өндүрүшү наркоматы, Кара металлургия наркоматы жана башкалар сыяктуу ири чарбалык наркоматтар талкаланган ишканаларды калыптандыруунун алдын ала пландарын иштеп чыгышкан. Никитов сымап комбинатынын өзгөчө маанилүүлүгү үчүн да, албетте, мындай план болгон. Куткарылгандан көп өтпөй ал дагы сымап өндүрө баштаган. Калганына союздаштары көмөктөшкөн. 1945-жылдын 1-январына карата негизинен АКШдан СССРге ленд-лиз боюнча (Кошмо Штаттар тарабынан экинчи дүйнөлүк согуш маалында аскердик техника жана материалдык каражаттарды союздук өлкөлөргө карыз же ижарага берүү тутуму) 818,6 тонна сымап ташылган. Ленд-лиздин үч жылында орто чен менен жыл сайын 272 тонна сымап алып келинген. Аз эмес, бирок эң маанилүү, эң зарыл муктаждыктарды камсыз кылууга гана жумшалган. Сымап Кошмо Штаттардын өзүнө да өтө зарыл эле, бул держава башка союздаштарын, биринчи кезекте Улуу Британияны жабдуу үчүн күчтүү аскердик өнөр жайды өнүктүргөн.

Ленд-лиздин негизги массасы 1943-1944-жылдарга туура келет, демек эң кыйын кезеңде, эң оор 1942-жылы советтик коргоо өнөр жайы үчүн Айдаркен эң негизги сымап өндүрүүчү болгон.

Тема боюнча

Непалдык гид Кыргызстандагы туризмдин негизги көйгөйүн атады. Маек
Кыргызстандагы 16,5 тонна таштандыдан пайда көрүүнүн жолу. Кызыктуу маек
Белгилер:
армия, Улуу Ата Мекендик согуш, комбинат, өндүрүүчү, сымап, Айдаркен

ЭҢ МААНИЛҮҮ