Элеттиктерди бириктирген COVID-19. Айылдагы постко бир түн турган жигиттин баяны

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в селе Кара-Джигач из-за коронавируса
Ситуация в селе Кара-Джигач из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда элет жеринде ар бир айыл өз дараметине жараша коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Өлкө аймагындагы көпчүлүк калк жашаган аймактар атайын постторду коюп, элдик кошуундар кирип-чыккандарды жөнгө салып көзөмөлдөп жатат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов да постко туруп, айылдыктар COVID-19дан кантип сактанып жаткандыгын жазды.

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган алгачкы учурлар аныктала баштаганда көпчүлүк кичи мекенине кайта баштады. Чет өлкөдө, шаарларда иштеп, билим алгандар айылдарына келишти. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган илдет элеттиктердин да башын бириктирип, жапа тырмак ага каршы турууга бел байлатты. Алгач өлкө аймагындагы ар бир айылда атайын посттор орнотулуп, ага кирүүчү кошумча жолдор жабылды. Бул учурда туулуп-өскөн жеринин кире бериши коргоого алынып, чатыр, боз үйлөр тигилип, ар бир элеттик колунан келген жардамын берип, чака-чайнек, от жаккан мешине чейин алып келип берип жатты. Учурда ал жактарга тиешелүү дезинфекциялык каражаттар коюлуп, кезектешкен элдик кошуундар бала-чакасын, мал-жанын таштап күнү-түнү иштөөдө.

Ситуация в Японии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы. Япониядан жазылган дубай салам
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тапшырмасы боюнча айыл аймагына чоочун адамдар такыр кире албайт. Саат 20:00дөн кийин айылга кирүүгө жана ал жактан чыгууга тыюу салынган. Бир гана медицина жана укук коргоо кызматкерлери тоскоолдуксуз кирип-чыгууда. Күндүз жергиликтүү тургундар талаа иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөттөн алган өткөрмө кагазынын негизинде гана автоунаасы менен жүрөт. Ансыз эч бир жан айыл сыртына чыга албайт. Шаардан же чет мамлекеттен келген адамдар сөзсүз каттоого алынып, 14 күн айылдык медайымдардын көзмөлүндө болууда.

Мен дагы борбор калаадан өз айылыма барган тургун катары бир түн элдик кошуундун катарына кошулуп иштедим. Теңтуш балдар болуп постту эртең мененки саат 8.00дө өткөрүп алып ишке кириштик. Бир сутка бою посттон өткөндөрдүн документтерин текшерип жаттык. Күндүз айдоо иштери менен ары-бери каттагандардын саны арбын болсо, кечке маал алардын катары суюлуп калат. Бирок күн баткандан кийин суук ал жактагылардын айласын кетирет экен. Жөжөлөр тоокту айланчыктагандай, кызматтагылар да темир мешке от жагып, аны тегеректеп калат. Үйдөн көтөрө келген тамак-ашын ысытып, кирип-чыгып жылынып абалды көзөмөлдөмөй. Эгер отун менен көмүр жок калса, айдын жарыгы менен тегеректен отун издеп жөнөмөй. Мына ошол маалда Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлери менен тартип сакчылардын кылган кызматын, аткарган милдетинин канчалык оор экендигин түшүнөт экенсиң. Ага чейин көп этибар албаптырмын, бир түндө эле алардын кандай азапты башынан кечирерин билдим. Биз ушул кыска убакыт ичинде үшүп-шишип кыйналып кеттик, ал эми бул адамдар дайым элдин тынч жашоосу үчүн күрөшүп келет эмеспи.

Мечитти дезинфекциялап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе
Адамзаттын насили ушундай экен, башка түшкөн мүшкүл бир муштумдай түйүлтүп, бириктирип койду. COVID-19 да ушинтти. Эл биригип бири-бирине кол сунду. Айылдык азаматтар тоодон арча кыйып келип ар бир үйгө бекер таратып, чет жакта ишкерлик менен алектенгендер муктаж болгон айылдаштарга азык-түлүк жагынан каралашып жатат.

"Жаздын бир күнү бир жылга тете" дегендей, карапайым эл көчөгө көп чыкпай күнүмдүк турмушун өткөрүүдө, күйүүчү май, үрөн ташып, малчылар тоого көчүп, багбандар бак-дарагын кыйыштыруу менен убара.

Жашоо уланып жатат. Адамзат башынан не деген түйшүктүү күндөрдү кечирбеген. Муну да жеңет, биримдик менен ынтымак менен жеңет. Аманчылык болсун, аманчылык жаманчылыкты жеңет...

Жаңылыктар түрмөгү
0