Кызы менен атасы талаадан аялды сабаганда... Кайдыгерликтин жеткен чеги

© Sputnik / Табылды КадырбековЗордук-зомбулук үй-бүлөдө. Архивдик сүрөт
Зордук-зомбулук үй-бүлөдө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңырган жылда аялдарга карата жасалган каргашалар биринин артынан бири орун алды. Алгач Баткен облусунда үч баланын апасы, 27 жаштагы келин жолдошунун токмогунан көз жумду. Көп өтпөй Нарын облусунда бир уул, бир кызы бар 37 жаштагы аял күйөөсүнөн таяк жеп каза тапты.

Мындай каргашалар көптөгөн кыргызстандыктардын ачуусун келтирбей койгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов да бул маселеге кайрылды.

Аялзатына карата күч колдонуп, аларды мыкаачылык менен сабаган кылмыштарга кайрылуудан мурда өзүмдүн башыман өткөн бир окуяны баяндагым келди.

Салбуурун оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эшекти дос тутсаң, арстан болсоң да кадырың түшөт. Чөйрөнүн мааниси тууралуу
Өткөн жылдын жаз айларында шаардын четиндеги үйдө майда-чүйдө курулуш иштери менен алектенип калдым. Күүгүм киргенде оокаттарымды жыйыштырып, шаарга кетүүнү пландап жаткам. Жаңы конуш шаардан алыс болгондуктан көбүнчө жөө кетесиң, оокаттарды жыйнап жаткан маалда чоң жолдон бир жеңил унаа өтүп кеткен. Жаман баштыгыма керектүү темир-тезекти салып жолго чыккандан кийин алыстан аял кишинин катуу кыйкырып, ыйлап, жардам сурап жатканын угуп калдым. Алгач жаш кызды зордуктап жатабы деп ойлодум. Себеби биздин конушта коомдук транспорт жүрбөйт, көпчүлүк окуучу, студенттер бир нече чакырым жөө басып өз үйлөрүнө жетет. Эрте жаз болгондуктан шаардын четиндеги талаада бир да жан жок болчу. Шак эле жардам берүүгө шаштым, адамдын боорун ооруткан кыйкырыктар көпкө чейин токтободу. Мен болушунча чуркап, ага жардам берип, жаман оюн ишке ашырууну көздөгөндөр менен мушташууга даяр болчумун. Асынган салмактуу баштыгым менен ал жакка жеткенче эле акактап калдым.

Алыстан жолдун боюнда унаа токтоп турганын, айдоо жерде үч адамдын кубалашып жүргөнүн көргөм. 100-120 метрдей алыстыктан аларга сүр көрсөтөйүн деп катуу кыйкырып, ышкырып, колума таш алып алдым. Жакындаган сайын жүрөк түшүп, кантип чабуул жасап, баштыкты каякка ыргытып, абал курчуп баратса жакынкы кайсы үйгө качып барып кошумча жардам чакырсам деп келе жаттым. Анткени калк жашабаган жерде төртөөбүздөн башка бир да жан жок эле.

Государственный театр кукол имени Мусы Жангазиева - Sputnik Кыргызстан
Эртели-кеч ушуга барабыз. 50дөн ашканда кесип алмаштырган Замиранын баяны
Көздөгөн жерге 10-20 метрдей калганда бири ары качты, дагы бирөө экинчисин сүйрөп унаага отургузуп эшиктерди бекитип, автомашинасын ордунан жылдыра баштады. Мен алардын жолун тосуп кетирбей койдум. Рулда 20-25 жаштагы жаш кыз отуруптур, ары качып кеткен анын атасы экен. Көрсө кызы менен атасы биригип алып, аялды талаага алып чыгып сабап жатышыптыр. Бир маалда мага көрүнгүсү келбеген эркек унаага жакын келип, окуянын чоо-жайын түшүндүрө баштады. Ал сүйлөгөн сайын автомашинанын ичинде сабалган аял катуу ыйлап, кыйкырып, эшикти тепкилеп чыгууга аракет кылып жатты. Ошол учурда бийкеч унааны айдап качып кетүүгө үлгүрдү.

Мени менен калган эркек сөрөйдүн айтымында, жубайлар тойдон катуу майрамдап келип, үйдөн уруша кеткен. Ошондо эргул сөзгө келбеген аялын талаага алып чыгып сабап, соолуктуруп, анан кайра үйгө алып келип жаткырып коймокчу болгон экен.

Мындан сырткары, ал келинчегин айкыртып сабап, кичине эсине келтирип коюу үй-бүлөлүк иш экендигин айтып, милиция кызматкерлерине кайрылбоону суранды. Ошондо ал адамдын көзүнөн мен алсыздыкты байкадым, колунан эч нерсе келбей, өзүнүн аялына сөзү өтпөй калган "эркек" койнундагы жубайын сабай баштайт экен. Мас неме жубайынын талуу жерине катуу уруп алса, балким, окуя каргаша менен аяктамактыр. Кыскасы, анын баамында аялды ур-тепкиге алып ордуна коюп койсо эле болот экен. Ал эми кызынын атасына көмөктөшкөнү кайдыгерликтин, акмакчылыктын жеткен чеги эмеспи.

Мен жардам сурап жаткан келинди көргөндө эле 102 кызматына чалып, окуяны, автоунаанын номерин айткан элем. Тиги эркек сөрөй экөөбүз талаада эрди-катындай катуу урушуп, мен анын аялынын таламын талашып, бири-бирибизге тап берип кубалашып бир сааттай жүрдүк. Бул убакыт аралыгында бир да милиция кызматкери ал жакка басып келген жок. Мындан улам бирөөнү талаада катуу сабап, ошол жерге көмүп салса деле биздин погончондор келбей тургандыгына көзүм жетти.

Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жакшылыкта башкача жарышпайлыбы... Коёндой окшош тойлор тажатканда
Чоң муштум неме келинчегин талаага алып чыгып сабаганынын себептерин түшүндүрүп, үйүнө мейманга да чакырып ийди. Соңунда чакырган погончондорубуз келбегендиктен экөөбүз өз үйлөрүбүзгө тарап кеттик. Таяк жеген аялдын тагдыры эмне болгонун билбейм. Анткени эки-үч сааттан кийин жаш тергөөчү шектүүлөрдүн өздүгүн аныктагандын ордуна, үйгө мени издеп келгени да эсимде. Алардын тиги чоң муштумду издейин деген кыпындай да ою болгон эмес.

Кыскасы, коомдогу жанды кейиткен акыркы күндөрдөгү каргашаларга баарыбыз күнөөлүү экенбиз. Келин-уул, кыз-күйөө, аял-эркек, ата-эне, куда-кудагый, кошуна-колоң, жергиликтүү бийлик, журналисттер жана чоң жоопкерчилик жүктөлгөн погончондор дагы. Анткени алсыз жандын кордолуп жатканын күн сайын көрүп, аны токтотмок түгүл, чогуу жашырып жатабыз. Кайдыгербиз... Анын кесепетинен канчалаган адам өз кызынан айрылып, кичинекей чүрпөлөр энесиз калууда...

Жаңылыктар түрмөгү
0