Күйөөгө тийбей жатып күйөөдөн качып калдык. Акыркы окуялар үрөй учурганда

Жазылуу
Баткен, Кочкор, Каракол... Акыркы учурда бул жерлерде аялдар күйөөсү тарабынан таякталып өлтүрүлүп, өрттөлүп аман калганы тууралуу кеп болуп, дагы деле уккан кишинин төбө чачы тик туруп жаткан чагы.

Соңку окуялардан улам колумнист Гүлдана Талантбекова өз пикирин жазды.

Күлгүндөй куракта көз жумуп...

Алгач жыл жаңырары менен Баткенде күйөөсү аялын уруп өлтүрүптүр деген маалымат чыкты. Ал келиндин көк ала болгон буттарынын сүрөтүн көрүп зээним кейиди. Короодогу малыңды да мынчалык кордобойсуң го. Маркум болгону 27 жашта экен. Ишке, жашоого, балдарынын күлкүсүнө тойбой турган убак эмеспи. Аркасында үч баласы калды. Кийин атасы аларга эмне деп жооп берет? Энеңерди өлтүрүп алгам деп айта алар бекен? Мындай эркектер абактан чыккандан кийин аял аттуунун сүйүүсүн татууга моралдык акысы барбы?

Случаи насилия над несовершеннолетними в КР - Sputnik Кыргызстан
Кордук көргөн аялдарга коом кантип жардам бере алат? Сунуштар
Оозду жыя электе Кочкор районунда жолдошунун ур-токмогунан 37 жаштагы келин каза болду. Жубайлар акчанын айынан уруша кетип, күйөөсү аялын жаакка чаап, жыгылып калгандан кийин каракушка тепкени айтылды. Анан каза болгондон кийин дарыгерлерди чакырыптыр. Жыйынтыгында күйөөсү кармалып, эки бала томсоруп жетим калды. Ачуунун аягы ажал менен аякташы керек беле?

Эки келинди талкуулап бүткүчө Караколдогу эркек киши чогуу жашаган аялын бензин чачып өрттөп жиберип, бактыга жараша аял аман калды. Катуу тийсе кечиргиле, эркектер эки буттуу айбан болуп баратканбы?

Айылда зомбулук эмнеге көп? 

Жаңылыктардагы маалыматтардан мындай үрөй учурган окуялар борборго салыштырмалуу элетте көп болорун байкоого болот. Менимче, буга жумушсуздук, ичкилик себеп болушу мүмкүн. Иш жоктун айынан акча тартыштыгы жаралып, жубайлар ортосунда уруш чыгат. Арактан күчүн чыгарган күйөө аялына кол көтөрөт. Бир жагынан эмгектенген кишинин чыр-чатакка деле убактысы жок болот. Чарчап келип жатып алат, аялына, балдарына баалуу-барктуу болот эмеспи. Жалпысынан билимдүү эркектер көбүнчө жаман адаттардан алыс дегеним ашыкча болбос.

Аялдар тилин тартпай жатабы?

Центр милосердия в Ленинском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
"Денеңди сатып жүрөсүң" деп үйдөн таякташат. Баш калкалоочу жайдагы турмуш
Акыркы окуялардан улам социалдык тармактарда пикирин билдиргендер көбөйдү. Алардын бири "Айланайын аялзаты, эркек мас кезде, ачуулуу убагында, анан досторунун жанында, ата-эне, туугандарынын көзүнчө каяша айтпагыла. Ошентсеңер силер жеңесиңер. Ушул кырдаалда каяша айтсаңар аны баары бир чыгарат" деп жазыптыр. Аял дубал эмес, тирүү жан, анүстүнө эмоционалдуу. Муштумун көтөргөн эркекке муштуму менен жооп бере албайт, анын күчү тилинде. Бирок бул аялдар айтышса боло берет, эркектер ага жооп катары кол көтөрсө болот дегенди билдирбейт. Эки нерсени тең акыл менен көзөмөлдөө керек деп ойлойм.

Себепсиз кызганыч

Ошондой эле үй-бүлөдөгү чыр-чатак, зомбулук айтышуудан гана эмес, кызганычтан да келип чыгарын айтышууда. Эч эле себепсиз кызганып, турган жерден сабап жибергендер бар экен. Эгер жөнү жок кызганып, төпөштөп жатса бул психологиялык оору болсо керек. 

Бетке чапкан күйөө эртең башка урат

Аялдарга кол көтөрө турчу эркек башында эле билинсе керек. Бир жолу жаакка чапкан күйөө кийин бетке муштайт, анан тебет, жадакалса колу-бутуңду сындырып, акырында өлтүрүп тынат. Кызыл камчы күйөөдөн качып гана кутулуу керек. Тилекке каршы, кээде аялдар буга чыдап, өмүрүнүн акырына чейин көзүнөн көк кетпей жүрүп өтүп кетип жатат.

Кете алышпайт...

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын кыздары эмнеге турмушка кеч чыгып калышты? 7 себеп
Зордукчул күйөөдөн "кокуй чыдаш керек, жашайын, балдарым атасыз өсүп калбасын" деген түшүнүктөр бошотпойт. Бирок кызыл камчы атасынын кылганын көргөн бала кийин кандай болот? Эркек балдарда аялды урса болот деген түшүнүк, ал эми кыздарында бардык эркек кол көтөрөт экен деген ой калыптанып калбайбы? Апасын сабап, чүрпөлөрүнүн жүрөгүн өлтүрүүнүн кереги барбы? Менимче, балдарга мындай атадан көрө тынчтык, бейпил жашоо артык.

Ошондой эле аялзаты төркүнүнө барса бала-чакасы менен батпай турганынан, күйөөдөн чыкты деп басмырланарынан да коркот. Тилекке каршы, турмушу бузулган аялга колдоо көрсөтүп, баласын багышып, иш таап, жада калса кайрадан окуткан төркүн да чанда экен. Кайын-журттан да, төркүндөн да айтпай, өз күчү менен балдарын чоңойтуп, бутуна турган аялдарга таазим!

Эркектерге психологдун жардамы керекпи?

Соо адам кантип кол көтөрөт деп ойлойсуң. Бир аз ныкып же түртүп койсо бир жөн, күйөөлөр эркек киши менен мушташкандай эле жубайларын сабап, өлтүргөндөн кайра тартпай жатканда бир ой келет. Балким, алар ичтеги кайгы-капаны, материалдык көйгөйлөрдү ушинтип чыгарып жаткандыр. Биз аялдар менен сырдашып, психологго жиберип, алар үчүн кризистик борборлорду ачабыз. Ал эми эркектерчи? Балким, аларга дагы моралдык-психологиялык жардам керектир. Бул жалпы мамлекеттин маселеси деп эсептейм.

Кол көтөрүү — адамды сындырат

Эркектер жубайларына кол көтөргөндүн дагы бир себеби —  аял алсыз, назик жан, каршылык көрсөтө албайт. Жаныбар деле өзүнөн алсыздарга кол салат эмеспи. Зордукчул эркектер жубайлары менен айтышып отурбай бир чапканды эп көрүшөт окшойт. Эгер аялзаты күчтүү болгондо эркектин колу тиймек эмес. 

Али күйөөгө тие электерди ойлонтту

Үйлөнүү той учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ары-бери басып жүрө бербей даярдан! Турмушка чыкчу кыз биле жүрчү жагдайлар
Жеке өзүм соңку окуялардан кийин көзүмө жаш алганымды жашыргым келбейт. Сестенүү пайда болду. Мен эле го десем, интернетте бул боюнча ар түрдүү пикирин жазган кыздарды да көрдүм. Эми балдар менен таанышканда "кол көтөрбөйт бекен" деген жагын дагы карашыбыз керекпи? Албетте, бардык эркек зордукчул эмес, бирок дагы деле эркектер эмнеге жубайларына мындай мамиле кыларын так түшүнө албай койдум. Менин үй-бүлөмдө аялга кол көтөрүү деген түшүнүк болгон эмес. Бизде деле материалдык, моралдык көйгөйлөр жаралчу. Кээде ата-энем айтышып кеткени болбосо, маселени биргелешип чечишчү. Анткен менен ар бир бүлө чытырман токой, ичинде эмне болуп жатканын билбейбиз деңизчи.

Мен эле ушинтип терең ойлонуп жатам, ал эми кордук көрүп күйөөдөн качкан кыздардын психологиясы калыбына келеби? Кайрадан эркек аттууга жан дүйнөсү ачылабы? Ар бир аялзаты жаркын жашоого татыктуу. Ошондуктан турмушу бузулган кыздарга колдоо көрсөтүп койсок, бөтөнчө төркүндөрү басмырлабаса. Кыргыздар психологго көрүнбөйбүз, бул нерсени адатка айлантуу керек. Жан дүйнөсү талкаланган аялга жашоону жаңы барактан баштоосуна адистер мыкты жардам берет деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0