06:10 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
167290

Бүгүн дүйнөгө аты чыккан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак. Колумнист Нуржигит Кадырбеков залкар инсанга алгач ирет жолукканын, айткан сөзүн, берген батасын эстеп, аспиетин жасады.

2003-жылдын март айы. Стамбул шаары. Мейманкананын фойесинде даярдалган эртең мененки тамакка түштүм. Табагыма жайнаган даамдардан аз-аздан салып жатып, кофеби же чайбы, айтор, ичкенге идишине бирдеме куюп жаткан жеринен бир кишини көрүп, караган бойдон селейип катып калдым. Дүйнөгө дүң болгон атагын, ааламда аздектелген аброюн колко кылбай көпчүлүккө аралашып, эл менен эл болуп, жан адамды жумшабай өзүнө өзү кызмат кылып жүргөн салабаттуу ал инсан — кадимки Чыңгыз Төрөкул уулу болчу.

Айтматовдун дидарын кароо көңүл-боюма азык болчудан бетер курсагым ачканын унутуп, аны алдыртан тиктеп тура бердим. Кадимки алибеттүү сөөлөтүнө салабаттуу кыймылы жарашып, көзүмө улам көрктүү, улам нарктуу көрүнүп баратты. Жараткан ооматты ченебей берген кишинин мынчалык жөнөкөй болушу, албетте, мен үчүн күтүүсүз, бирок жагымдуу көрүнүш эле. Көрсө, адамды кичи пейилдик менен жөнөкөйлүктөн өтө көкөлөткөн эч бир сыпат болбойт тура.

Анан гана ары жакта даам сызып отурган Надырбек Алымбековго барып, Айтматовду көргөнүмдү сүйүнчүлөдүм. Ал ордунан бачым туруп, залкар жазуучуну утурлай басып барып, жылуу учурашты. Айтматов да Алымбековду көрүп сүйүнүп кеткени кашкая билинди. Далайдан бери көрүшпөгөн эки туугандай, эки боордоштой көрүшүшүп, ал-акыбалдарын сурашканча экөө бир столго отурушту. Алардын катарына барып үчүнчүсү болуп кампайып отуруп калыш үчүн мага катуу жана калың бет керек эле.

Ошентип уялып турганымды байкаган Надырбек акын мени чакырып, Айтматовго тааныштырды. Залкар мекендешим менен кол алышып учурашып, анын мухиттей терең назарына илинип, катарлаша отурганыма жетине албаганым менен апкаарып аябай сүрдөдүм.

Өкүнгөнүм, фотоаппаратымды алып албаптырмын. Айтматов менен табакташ, маектеш, көздөш болуп отурчу мындай мүмкүндүк экинчи болобу да, болбойбу, эгер болбой калса, кантип эле ушундай сонун учурду фотого тартып калбай колдон чыгарам деп катуу кабатырланганымды айт. Айтматов жеңил гана тамактанып бүтүп кетүүгө камданып жатканда, ушул оюмду Алымбековго шыбырап айтып калдым.

— Чыке, бул жигит фотоаппаратымды бөлмөмө таштап коюпмун, сүрөткө түшө албай каламбы деп кыжалат болуп жатат, — деп ал түз эле айтып койду залкар калемгерге.

— Алып кел фотоаппаратыңды, — деп мени эркелете жылмая карады Айтматов.

Ушунча улуу инсан менин шагым сынбасын деп, кетип бараткан жеринен кайтып, күтүп отуруп калганы кантип ичиңди жылытпайт. Ушундай адамдык асыл касиеттери менен улуу-кичүүнүн ак батасына арзыган үчүн дөөлөтү ташып жүрөт да деген ой акылга тык этпей койбойт экен. Бөлмөмдү көздөй күнү кечээ учактан кечикпеш үчүн чуркагандан да катуу жүгүрдүм. Кыргыздын эң чыгаан залкар уулу менен алгачкы жолу сүрөткө түшүү насиби ошол жерде буюрган экен...

Жүрөккө таасир калтырган бир сүйлөм

Стамбул шаарында Айтматовдун 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар бирин-бири улай байма-бай өтүп жатты.

Бир чоң азем залында жык-жыйма эл топтолуптур. Биз да автобустан түшүп барып алардын катарынан орун алдык. Бир убакта сахнада Айтматов пайда болду. Ага карата түрктөрдүн ченелгис сый-урматын жана сүйүүсүн залда отурган күйөрмандарынын жана окурмандарынын кимисинин болбосун көздөрүн бир эле карап койгон жан түшүнмөк.

Жазуучу узакка сүйлөдү. Залда чымындын учканы угулган жымжырттык. Коңур үнү, даанышман пейили, терең маңыздуу сөзү, китепкөйлөрдү аздектеген ысык ыкласы менен Айтматов элдин баарын заматта арбап алган...

"Согуш — биринчи кезекте энелердин трагедиясы" деген сөзү эсимде кыттай уюп калды. Чындап эле, бир адамды адам кылып жетилтиш кандай азаптуу иш. Өзгөчө энезаты боюна бүткөн күндөн тартып өзү акыретке кеткенчекти баланын мээнетин, жүгүн бирде билеги, бирде жүрөгү менен тартып отурат экен. Талгактыктын табына күйүп, бөйрөгүн сыздатып ичинде тогуз ай көтөргөнү, чын менен жалган дүйнөлөрдү бөлүп турган кыйырда толгоонун токсон тогуз азабын тартып төрөгөнү, анан колунда, жонунда көтөрүп, өзү ичпей ичирип, жебей жедирип, уктабай уктатып, ооруп калсаң дартыңдын өзүнө өтүшүн чын дилден тилеп Жаратканга жалбарганы, бала үчүн малы менен канын эле эмес, жанын, көзүн, тилин, жүрөгүн курмандыкка чалууга ар көз ирмем даяр турганы — эненин, көрсө, эки дүйнөдөгү улук аброюнун сыры, себеби тура. Ошон үчүн Жараткан бейишти ыймандуу энелердин таман астына килем кылып төшөп берген чыгар. Минтип, көрбөгөндү көрүп араң чоңойткон адамдын жанын бир адашкан ок же жарылган бомба сууруп кетсе, эң оор трагедия эмей эмне?

Албетте, адамдын башка жакындары да толтура: атасы, ага-иниси, эже-сиңдиси бар дегендей... Бирок кимдин ага мээнети, курманчылыгы канчалык болсо, анын кайгысынын азабын да ошого шайкеш тартары талашкыс чындык. Эне баарынын ордун толтурат, бирок баары биригип бир эненин ордун толтура албайт дешет го. Энелер ыйлабаса экен... Жараткан адамзатын алаамат согуштан сактасын.

Айтматов көпкө сүйлөдү. Ар бир сөзү, пикири, ою олуттуу, орошон, өзгөчө болуп, терең да, кенен да маанини камтыгандыктан тымтырс отурган башкалар сыяктуу эле мен да аны уккан сайын уккум келди. Жээктен алыстаган сайын ылдамдыгы арткан узак мейкиндикке сүзчү кемедей жазуучу маеги узарган сайын ачылды, төгүлдү, чачылды... Түрктөр дүркүрөтө кол чаап залкарды кетиргиси келбей турду.

Менден өткөн кол тамга

Кийинки күнкү жолугушууда кол тамга алганы орогон көпчүлүктүн сунган китептери жазуучуга мен аркылуу жетип жатты. Жакыны дедиби, же жардамчысы деп ойлоштубу, айтор, автордун колун койдуруп бер деп түркчө "Ак кемелерди", "Делбиримдерди", "Биринчи мугалимдерди" мага табышташат китепкөй түрктөр. Чыңгыз ата да эчтемеден бейкапар мен алдына койгон китептерге гана жазып берип отурду. Сыймыктануу сезимим көөдөнүмө батпай желдей желип, булуттай каалгып алгам. Ушул Кудай колдоп, ооматын арттырган акылман, даанышман, залкар инсан менен бир эл, бир жерден болгонум – таттуу таалайым, ыкыбалдуу ырысым экенин таң алып, ичимден чексиз шүгүрлөрдү айттым. Ошол мүнөттөрдөн баштап Айтматовго өзүмдү огеле жакын сезип калдым.

Учактагы баарлашуу

Стамбулдан Бишкекке Айтматов менен чогуу учтук. Учак кызып, учууга даярданып жатканда мен бети-колумду жууганы тазалыкка кирип кеттим бекен, эсимде жок, кайтып келсем Надырбек аба:

— Азыр экипаждын капитаны өзү чыгып, "Женгиз Айтматов" деп Чыкеме ызат-сыйын билдирип, таазим этип, бортту тейлеген кыздарга алда эмнени табыштап кайра кирип кетти, көрдүңбү? – деди адатынча акырын сүйлөй. — Эмне кызмат же тапшырма болсо айтыңыз, даярбыз дегендей ишара кылды көрүнөт.

— Жок, көрбөдүм, — дедим дагы бир жагымдуу жана кызыктуу окуяга күбө болбой калганыма өкүнө.

Анан эле стюардессалар келип Надырбек Алымбеков экөөбүздү эконом-класстан Айтматов отурган бизнес-класска ээрчитип барып жайгаштырышты. Көрсө маектешкенче узун жолду кыскарталы дегенби, же тек гана канча күндөн бери бирге жүргөн биздей сапарлаштарына колдон келген жакшылыгын жасаганыбы, айтор, Чыңгыз ата өзү сураныптыр муну. Ошентип, Кыргызстанга чейин уччу төрт-беш саат убакытты да залкар менен бирге өткөрүү мүмкүндүгүн ыроолоду Жараткан.

Канча сүйлөдү, бирок бир да жолу бирөөнү жамандаганын, ушак айтканын, алда эмнеге нааразылана наалыганын укпадым. Ар бир сөздү салмактап, таразалап, көбүнесе адамдардын, өтчү-кетчү окуялардын эмес, түбөлүгү түз, келечеги кенен идеялардын, асыл ойлордун тегерегинде акыл жүгүрткөнүнө таң берип, залкарга карата сый-урматым күчөгөндөн күчөп отурду.

Жакшы сөз тоонун тунук кашка дарыясы сыяктуу, агымы токтобосо, шоокуму тынбаса экен деп тилейсиң. Аны угуудан акылың байып, көңүлүң өсүп, жүрөгүң эс алат. Бирок арам, күнөө аралашкан сөз үчөөнү тең уулайт. Ошон үчүн эч бир иш, эч бир түйшүк адамды пайдасыз сөзчөлүк чарчатпайт. Мен болсо узак жолдо чырым этип, канча күндөн берки мусапырчылыктан топтолгон чарчоомдон бир аз болсо да арылуунун ордуна Чыңгыз атанын айткан маанилерине кулак төшөп, алган таасирлерден жан дүйнөм толкуп, элеп-желеп болуп бараттым.

Айтматов мага батасын берди. Мындай кишинин батасын муктаждык мукуратып, тартыштык таптап турган учурда капыстан табылган миллион алтын теңгеге да алмаштырбас элем. Өтөр дүйнөнүн түгөнчү, жоголчу, сынчу, өрттөнчү байлыгы менен эки дүйнөдө кадыр-даражаңды кастарлатчу ак батанын касиетин катар коюп болобу. Болгондо да Айтматовдой асыл инсандын батасын...

Жүрөккө сиңген ысым

Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганын 2008-жылы Японияда жүрүп орус сайттарынын биринен окуп калдым. "Белгилүү кыргыз жана орус жазуучусу көз жумду", — деп жазылыптыр. Жараткандын буйругу менен келишпеске айла жоктугун түшүнсөм да көз жашымды кармай албадым. Бул тууралуу "Япон кереметинин сыры" китебимде кенен баяндагам.

Ооба, Айтматов эң бир татыктуу өмүрдү жашап өттү. Кайда барсак бетке тутунар, байрак кылып желбиретер өлкөбүздүн жана элибиздин залкар уулу эле. Дүйнөлүк адабияттын үлкөн жылдыздарынын бири болчу. Ал кыргыз жүрөгүнүн, рухунун бир айрып алгыс бөлүгүнө айланып калганын андан айрылганыбызга кайгырып, эркиме баш ийбей көз жашым кулаган, анан да жасаты Ата-Бейиттеги түбөлүк конушуна баратканда акыркы сапарга узатканы чыгып, жолдун эки тарабында калың жана учу-кыйырсыздай тилке болуп тизилген жүз миңдеген адамдардын ыйлап, бошоп турганын көргөн ошол күнгө чейин аңдай бербептирмин.

Тема боюнча

Усубалиевди тынчсыздандырган Фрунзедеги фестиваль. Таберик сүрөт
Ростов-на-Дону шаарынын көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун аты берилет
Белгилер:
учак, сапар, салтанат, маараке, Түркия, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ