18:57 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кыргызстандын желегик көтөргөн балдар. Архив

Мен эч жакка кетпейм! Өлкөнү таштай качпай, жыргалчылыкты өзүбүз куралы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
158050

Эламан Карымшаков көңүл иренжиткен окуялардан тажап, өлкөдөн чыгып кетүү ниетинде жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды. Ал баарыбыз кетип калсак өлкөнү карышкырлар башкарып, талап-тоноп кетсе кийинки муунга эмне деп жооп беребиз деп кабатыр.

Кыргызстандагы коррупциянын гүлдөгөнү, бажыдагы миллиондор бир ууч адамдын чөнтөгүнө түшүшү жана нысабы жок аткаминерлер кокого жетип бүттү.

Сот Башкы прокуратурада жетекчилик кызматты аркалаган Улан Чалбаевдин 200 миң доллар пара алганын аныктады. Ага чейин транспорт министринин орун басары 520 миң доллар пара алганы үчүн соттолгон. Депутаттар өзүнүн жана үзөңгүлөштөрүнүн 100 миллиондогон карызын кечүүнү сунуштайт. Аткаминерлер чет өлкөдөн алган кредитти туура иштете албай өлкөнү 772,2 миллион сомдук айыпка жыгат. Ал эми ишкерлердин өлтүрүлүшү, мыкаачылык менен жасалган кылмыштар эки көзүңдү чекчейтет. Түндө "Азаттык" радиосу менен Kloop басылмасынын журналисттери биргелешип жасаган иликтөөсүнөн кийин "жарылып кеттим"...

Бул ачыкка чыгып далилденген окуялардын бир эле үзүмү да. Эгер көмүскөдөгү айың кептерди укчу болсоң тоо аралап басып кеткиң келет.

...Жумушка келсем да, көчөдө жүрсөм да, соцтармактагылар да баары чет өлкөгө кетүүгө ынтызар. "Болду, бүттү, чарчадык, булар оңолбойт экен, Кыргызстандын келечеги жок, андан көрө түйүнчөгүбүздү түйө берели" деп жатышат. Ал агымга мен дагы кирип кете жаздадым. Ошол учурда мени андан дагы маанилүү жагдай токтотуп калды...

Негизи эле мен курактуу улан-кыздардын көбү мүмкүнчүлүк болсо дароо чет жакка кетип калгысы бар экенин көптөн бери байкап жүрөм. Канчасы тышта жүрөт. Мунун себебин өлкөдөгү аңгектен качсаң дөңгөккө түрткөн системадан тажаганы менен түшүндүрүшөт. Ооба, баарыбыз эле өнүккөн, гүлдөгөн, жашоо-шарты жеңил, кооз өлкөдө жашагыбыз келет. Тилекке каршы, ошондой мамлекетти курайын дегендер аз. Жыргалчылыкты чет жактан издеп кете берсек, ата-бабаларыбыз мурас кылып кеткен мамлекеттүүлүктүн келечеги эмне болот? Мени ушул нерсе көп ойлондурууда. Албетте, билим алганы же тажрыйба топтогону кетип жаткандарга каршылыгым жок.

Чоң энем "сары суу ичип отурсаң да, өз үйүңө эч бир жер тең келбейт" деп айтар эле. Бул туулган жердин топурагы алтын дегендин бир мааниси. Таранчыдан коркуп эгин экпей отура бергенди токтотпойлубу. Баарыбыз чет өлкөгө кете берсек, Өзбекстандан же Казакстандан бирөө келип Кыргызстанды өнүктүрүп бербейт да. Өзүңө таандык нерсеге өзүңдөн башка эч ким күйбөй турганы белгилүү эмеспи.

Азыркы болуп жаткан иштерге зээни кейип, беш колун оозуна салган "чоңдордон" иренжип жаткандарды түшүнүп турам. Бирок ара жолдон артка кайтып кетүүнү туура көрбөйм. Эмнеге кыялыбыздагы Кыргызстанды өзүбүз кура албайбыз? Өмүр бою эле ар жакта тентип жүрө бермек белек. Эгер өзүбүзгө бекем турсак азыр чартаңбай тээп, же өзү иштебей, же бирөөнү иштетпей жаткандардын доору эрте эле бүтөт.

Тарыхка көз чаптырсак, ата-бабаларыбыз мындан да кыйын учурларда өлкөнү таштай качышкан эмес. 1938-жылы Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков өңдүү кыргыз элинин каймактары жөн жерден атууга кетти дейсизби. Алар өз жерине күйүп, элинин таламын талашып жүрүп советтик бийликтин каардуу репрессиясына кабылышкан. Бизге окшоп унчукпай отуруп калган жок, өз жанын тобокелге салып болсо да элге пайда келтирүүнүн жолун издешкен.

Азыр "кыргыздар улуу эл, кезинде Бээжинди басып алган, өзүнүн каганатын түзгөн, казактарды ачарчылыктан аман алып калган" деп ооз көптүрүп сүйлөйбүз. Ошонусу чын болсо биз деле бир эмгегибиз менен өлбөс-өчпөс из калтырып кетпейлиби. Качанкыга чейин ата-бабалардын эрдигин өзүбүз жасагандай болуп мактанып отура беребиз. Биздин доор тарыхка эмне деп жазылат? Бийлик башчылары талап-тоноп, эли мекенин таштай качкан деп жазылабы?

Мына, бажыдагы коррупциялык схемаларды иликтеген журналисттер бийликтеги көпөстөр элдин канын кантип соруп жатканын ачык эле көрсөттү. Ушул иликтөөнү расмий органдар жүргүзгөндө азыр бир нече аткаминер түрмөдө отурмак. Албетте, алар иликтей алышкан жок, оозу майлангандын колу байланат болуп жаткан сыңары.

Келгиле, достор, агалар, эжелер, агымга каршы сүзүп, азыркы системаны талкалап, өзүбүздүн келечегибизди куралы. Ал үчүн азыр эле Ак үйдүн алдына чыгып митинг кылууга чакырбайм. Өз ишибизге так болуп, кемчиликтерге көз жуумп койбой, жемкордукка каршы туруп, колдон келишинче олуттуу кадамдарды жасоого киришели.

Эмнеге мен жарыбаган көпөстөрдүн айынан абасы таза айылымды, асман тиреген ажайып тоолорумду таштап кетишим керек? Ушулар менин бөтөн жерде күнкор болуп, шаркырап аккан мөлтүр кашка сууларымдын бир ууртамына, атам салган тамга, апам жапкан нанга зарыгып жүрүшүмө татыктуу деп ойлойсузбу? Кечирип койгула, эч жакка кетпейм! Керек болсо алардын өзүн бөтөн жерде баш калкалап жүрө тургандай кылышыбыз керек.
Булбул качан гана өз уясына бармайынча, алтындан сарай салып кармасаң да сайрабайт эмеспи. Биз да ушул кичинекей канаттуудай мекенге күйө албасак, адам экенибиз кайда?..

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Тема боюнча

Унчукпай пайда келтирүүнүн жолу. Аманат эстафетасы башталды
Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
Белгилер:
аткаминер, жаштар, мамлекет, келечек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ