Мен үчүн азыртан баштап өлүксүң... Акыйнек же эки кошуна эмнеге урушту

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүПодготовка к празднованию Курбан-Байрам в Киргизии
Подготовка к празднованию Курбан-Байрам в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков денеге жуккан кирди суу менен жууса кетерин, бирок дилдеги, көңүлдөгү булганычты тазалоо огеле кыйын экенин эске салды.

Эки кошуна уруша кетишти. Жел аргынын жумшак илеби бара-бара албуут шамалга, андан соң бурганактуу бороонго, жылжып аккан булактар биригип отуруп буркан-шаркан түшкөн сүрдүү да, сырдуу да, айбаттуу да дайрага айлангандай, адегенде "сиз, биз" деп башталган кадыресе маек ушинтип уу чачышкан урушка айланды.

Маңдай-тескей туруп алышып үндөрүнүн болушунча кыйкырып, бири-бирине айтпасты айтып, дебести дешти. Ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгат тим эле. Кык казып курт издеген тооктордой экөө тең сөздөрдүн эң жагымсызын, ачуусун, ыпласын издеп таап, бири-биринин жүрөгүн сыздатып, көңүлдөрүн муздатып жатышты. Дилдерине чыла чачып, жан дүйнөлөрүнө баткак шыбашты.

Жаанын октору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эчкини издейм деп төөнү кароосуз калтырба. Максатты кантип туура коюу керек
Токтой турган түрлөрү жок экөөнүн. Өздөрүнө эле эмес, жубайларына, ата-тегине, тууган-туушкандарына, балдарына, ал тургай малына чейин асылышып, жакуттан жаркын, алтындан асыл ар намыс аттуу улуу сезимди телпектей тебелешти. Ирегелеш жашашкан соң бири-биринин буга чейин көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп айтпай жашырып келген далай кемчиликтеринен, арзуу-армандарынан кабардар эмеспи. Ошолордон "оп" дегенде буйдаланып эске келбечүлөрү эле болбосо айтылбаганы калбады. Качантан бери акылдарына асырап, көңүлдөрүндө катып келген арам ойлор, пикирлер тунук суунун үстүнө калпып чыккан кара майдай ачыкка чыкты. Ары-бери өтүп баратып күбө болгондор айтышуунун аягы атышуу менен бүтпөс бекен дегенсип, алда кандай шыбырттан жамандыкты сезе кулагын тикчийте тыңдаган жылкыдай кунт коюп кулак салып жатышты.

— Болду, — деди бирөөсү, — доошуңду бас. Үнүң үн эмес эле чагылган түшкөндөгү мамакалдырактай ургулай баштады. Сени көрөйүн деген көзүм жок.

— Ии, сени көргөнгө эле зар болуп, чечекейим чеч, — деди экинчиси тим калбай. — Алдагы иттин аркасындай капкара ыраңы суук келбетиңди эки дүйнө көрбөй калсам бактылуу болбоймбу...

Сөздөр андан ары да бир топко чейин автоматтын огу мындай турсун, Курск салгылашуусундагы советтик катюшанын снаряддарындай алааматка айланып жаап жатты.

— Өлсөм жаназама келбе! — деди бири энтиге.

— Тирүүң итиркейимди келтирип жатат, өлүгүңдү көргүлүк кылбасын, — деди экинчиси демиге. — Сен мен үчүн мына азыртан баштап өлүксүң...

Иши кылып экөө тилдерин тыйбай, улам артына кылчая акылына келе калган бирдемелерди айтып айкыра, колдорун сермешкен абалда эки тарапка кетишти. Мына-мына алда кандай керемет болчудан бетер жардана карагандар, уурдана байкоо салып тургандар таркады. Алар менен кошо айылга бул окуя тууралуу кабар да жайылары турган кеп. Ошентип чыр аягына чыккансыды.

Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алган буюмду артыңан чуркатпай кайтарып бер. Кошуна-колоң этикети
Чыкканы менен жашоо улана берет. Жашоо менен кошо чөөлөр талап же ок жаңылып жарадар болгон жолборстой азаптана катуу сөз сындырып, ачуу сөз уулаган көңүл жашайт... Сабоо жеп жаны ачышкан төөдөй өч менен кектин, таарыныч менен капалыктын сормосуна чөмүлүп кудай кошкон кошуналык уланат. Напси башкарып, шайтанга эшик ачылганда убактылуу унутта калган уят жашайт кабыгы аарчылып, күн тийген жерде кала берген анардай соолуп кыйналып. Балкылдап сокчу жүрөктөр эми тарсылдап согот, карсылдап согот. Тек гана жашаш үчүн эмес, ыңгайы келсе ыза кылган жанды атсам деп согот, чапсам деп согот, же абийир чиркиниң аса байланып ачка таң атырган аттай кыйнаганда кечиримге жол тапсам деп согот. Канчалык караандарын ала качышпасын, бирде болбосо бирде бетме-бет жолуктурчу жолдор турат кебелбей... Кызуулукка алдырып он мүнөт орой айтышуу менен эле баары бүтсө кана. Ал он мүнөт — болгону бүтпөс көйгөйдүн, ачуу армандын башаты гана, жалп эткен жалынга себеп болгон учкуну гана. Ошончо кесепеттүү, жагымсыз жүктү бир өмүр көтөрүп өтүү жүрөккө керек беле? Тилди сактабасаң, ачууңду баспасаң бир эмес эки өмүрүң ошентип алааматка айланат, жерге кирет...

Экөөнү тирүү туруп өлгөндөй коштоштурган, жаназаларына келүүгө бири-бирине тыюу салдырган себеп кайсы болду экен? Бири экинчисинин кызын ала качтыбы? Же кылымдар бою жыйнаган байлыгын чачтыбы? Ушуга кызыккан бирөө окуянын чоо-жайын толук иликтеп, уруш эмнеден чыкканын билди да аң-таң болуп отуруп калды. "Ушуга ушунча болуштубу?" деп же капаланарын, же уяларын, же күлөрүн билбей эндиреп кыйла отурду.

Көрсө, уруш биринин тоогу экинчисинин короосуна кирип кеткенден башталыптыр...

— Салам алейкум, кошуна, кандайсыз?
— Ва алейкум салам. Жакшы. Өзүңүзчү?

— Күндө эле айтайын деп унутуп калам...
— Тынччылыкпы?

— Тоогуңуз короомо кирүүнү адат кылып алды.
— Ошол элеби? Кокуй күн, оюма он миң санаа келип кетти заматта...

— Ошол элеби дегениңиз кандай? Тоок сиздики болгондон кийин карашыңыз керек да...
— Макул, тоокко айтып коём экинчи кирбей жүр деп.

— Эмне дейсиң?
— Ошо деймин!

— Силердин тоогуңар, эмне, сүйлөйбү? Же сен корозсуңбу?
— Кыгыңы кызганып, куртуңу аяп тооктой какылыктап жатсаң, эми короз болуп сүйлөшүүгө туура келет да.

— Кайсы кык, кайсы куртту айтып жатасың?
— Тоок эмне корооңо кирип көмүп койгон алтыныңды издемек беле. Жесе кык менен курт терип жеп жүргөндүр. Ичти кичине кененирээк кылсаң, кошуна.

— Кык менен куртуң калбагандан меникине айдап жатасыңбы тоогуңду?
— Мен айдап жатыптырмынбы? Көрбөй туруп дөөрүй бербечи...

Фестиваль Кыргыз Шырдагы в ущелье Салкын-Тер - Sputnik Кыргызстан
Коңшу-колоңго карата 6 "болбойт"
Болгону ушул. Заар тилдин зардебине чаңкап жете келген шайтан маекке аралашкан соң талаш эмнеден келип чыкканын да унутуп коюп, астейдил айтышыптыр кошуналар. "Кошуна ыраазы болмоюн Кудай ыраазы болбойт" деген кеп бар эмеспи. Кошунаны нааразы кылуунун сурагы кандай болор экен? Эгер үч күн ичинде жарашып албаса, күнөөлөрү да кечирилбеген бойдон тура берет экен. Бирок үч күн жашайсың деген кепилдик эч кимде жок. Экөө тең тооктун айынан напсилери нары, шайтан андан ары тартып ушунчалык уят болушту, абийирлери айрандай төгүлдү. Эми ким биринчи кечирим сурап, рухта тоңгон муз дубалдан жылуу көңүлгө терезе ачып берсе, сооп да, жеңиш да, аброй да ошонуку...

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0