Кулиев көчөсүнүн кулпурар күнү бардыр. Өлкөнүн кире беришинен көчө баян

© Sputnik / Расул УсеналиевБишкек шаары. Кулиев көчөсү
Бишкек шаары. Кулиев көчөсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жашоо аныгында кандай экенин билүү үчүн "Ош" базары жактагы Кулиев көчөсүнөн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин басып өтүү жетиштүү. Дал ушул көчөдөн сиз жашоонун агымын кудум алаканга салгандай көрөсүз.

Зарыл иштер менен Батыш автовокзалына таң атпай барууга туура келди. Шашылыш болгондуктан такси чакырып, заматта эле вокзалга жетип келдим. Иштеримди аяктагандан кийин Жибек Жолу проспектисинен Кулиев көчөсү менен Чүйгө чейин жөө эле келип, базардан майда-чүйдө алып үйгө барууну эп көрдүм. Кулиев көчөсү менен жөө баспаганыма бир топ жыл болуп кетиптир.

© Sputnik / Расул УсеналиевГород Бишкек. Улица Кулиева около Ошского рынка
Кулиев көчөсүнөн бир көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кулиев көчөсүнөн бир көрүнүш
© Sputnik / Расул УсеналиевГород Бишкек. Улица Кулиева около Ошского рынка
Жумушка шашкандар - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жумушка шашкандар
© Sputnik / Расул УсеналиевГород Бишкек. Улица Кулиева около Ошского рынка
Көчө шыпырган аял - Sputnik Кыргызстан
3/3
Көчө шыпырган аял
1/3
Кулиев көчөсүнөн бир көрүнүш
2/3
Жумушка шашкандар
3/3
Көчө шыпырган аял

Кыргызда эшигин көрүп төрүнө өт деген жакшы кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, Кулиев көчөсү Бишкектин кире беришинде эле жайгашкан. Батыш автовокзалынан дароо эле "Ош" базарга түз өтүүгө өтө ыңгайлуу. Эгер коноктор кокус ушул жерден өтүп калса кандай ойдо каларын бир кудай өзү билет.

Анан оозун көптүрүп, "Кыргызстанда жашоо оңолду, жыргап жашап жатабыз" деп шилекейи чачырагыча мактанган аткаминерлер ушул Кулиев көчөсү менен бир басып койсо ашыктык кылбайт.

Жашоо — кармаш

Адегенде эле эртең менен эрте тачкасына эки чоң коробканы жүктөп алып базарды көздөй бет алган киши көзүмө урунду. Ак аралаган чачы өсүп кеткен. Таңкы чыкыроонго бир аз чыйрыккансыйт, үстүнө көйнөк менен жеңи жок күрмө кийип алган. Бутунда сланцы. Тачкасын жолдун чети менен кылдыратып сүйрөп жөнөдү. Ичимен "ии, базарга эртелеп келип соода кылайын деген окшойт" деп калдым.

© Sputnik / Расул УсеналиевКулиев менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилиши
Кулиев көчөсүнүн кулпурар күнү бардыр. Өлкөнүн кире беришинен көчө баян - Sputnik Кыргызстан
Кулиев менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилиши

Аңгыча бет маңдайыман "Ээ, братан, тамеки тарттырчы, түнү менен кыйналып чыктым" деген жигит жолукту. Уйпаланган чачтарынан жана көзүндөгү чылпактан улам дароо эле тура калып сыртка чыккан неме окшойт. Түндө "тойлогону" көздөрүнөн көрүнүп, оозунан жыттанып турат. Оозун кере ачып эстеп да коёт. Ага чылым чекпей турганымды айтып, жолума түштүм. "Энеең десе, элдин баарында эмне тамеки жокпу, бир штук тамеки барип койсо эмне болот" деп күбүрөнүп узап кетти.

Батир мейманканалар

Рыскулов көчөсүнө жакындаганда жол четинде катар-катар турган мейманканалар көзүмө урунду. Дубалдын сыртына саатына, суткага жана күнүнө бериле турганы бадырайып жазылып турат. Айрымдары батирде бекер wi-fi бар экенин жарнамалаганга үлгүрүптүр. Андан сырткары, пары бар мончо же чайканам десеңиз душ дагы бар. Ушул маалда Кыргызстанда батирлер менен үйлөрдү бир нече саатка же суткага берүүгө тыюу салган мыйзамга учурунда президент Алмазбек Атамбаев кол койгону эске түштү. Кыязы бул мыйзам долбоору тууралуу батир мейманканалардын ээлери билбейт өңдөнөт же билгиси келбейт окшойт...

© Sputnik / Расул УсеналиевКөчөнүн боюнан мейманкана, мончо жана душ да тапса болот
Кулиев көчөсүнүн кулпурар күнү бардыр. Өлкөнүн кире беришинен көчө баян - Sputnik Кыргызстан
Көчөнүн боюнан мейманкана, мончо жана душ да тапса болот

Рыскулов көчөсүнөн өтүп бир аз басканымда баласын жетелеп шаша-буша басып бараткан аял көрүндү. Бакчага кечигип калышканбы же жумушка шашып баратканбы, бир маалда баласын көтөрүп кадамын ылдамдатты. 100 метрдей баскандан кийин оң жакта турган үйдүн короосуна кирди. Дароо эле сыртындагы "бала бакча" деген жазуу көңүлүмдү бурду.

Багалекке чейин баткак болгон жол

Пушкин көчөсүнө жеткенде эмнегедир жекшемби күнү кызып калган базар эске түштү. Себеби эки-экиден туруп алып эле соодалашкан кишилер. Кимдер билбесе дал ушул жерден таксилер Жалал-Абаддын Аксысына, Кербенге каттайт, андан сырткары, Ош шаарына маршруткалар кетет.

© Sputnik / Расул УсеналиевПушкин көчөсүнүн азыркы абалы ушундай
Кулиев көчөсүнүн кулпурар күнү бардыр. Өлкөнүн кире беришинен көчө баян - Sputnik Кыргызстан
Пушкин көчөсүнүн азыркы абалы ушундай

Жүгүн колуна кармаган, жонуна көтөргөн жүргүнчүлөр... Телефонун колго алып "Кайда келе жатасың? Такси кеткени жатат", "Кымбат го?", "Байке, жүктү салдым" деп сүйлөшүп жатышканын кулагым чалды. Алардын сүйлөшкөнүнө кызыгып кирип кеткен жаным жолдун так ортосуна келип токтоп калыптырмын. Бир маалда "Жолдон кач, каякты карап турасың, жыл ары" деп кыйкырып жаткан айдоочунун өктөм үнүнөн өзүмө келе түшүп, жолдун четине чыккыча шашканда көлчүккө түшүп кала жаздадым. Айдоочу болсо машинасынын алды ташка тийип калбаса экен деп аярлап айдап, Пушкинден Кулиев көчөсүнө бурулду. Кулиевге асфальт төшөлүп, иретке келтирилгени менен Пушкин көчөсүнүн Бейшеналиевадан Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн абалы мышык ыйларлык. Ылай, аң-чөнөккө толгон жолдон машиналар асты тийип калбасын деп кыбырап жүрөт. Андан сырткары, бул жактан алыс жолго аттанган жүргүнчүлөр жамгыр жааган күндөрү багалегине чейин ылай болот. Бишкек мэриясы жолдорду оңдоодо эл көп чогулуп, баскан аймактарды тизмектеп алып, ишти ошол жактан баштаса максатка ылайык болмок экен.

Пушкин көчөсүнүн абалы абдан начар экенин бекеринен айткан жокмун. Себеби бул көчө №31 мектепке барып такалат. Бул жолдон мектеп окуучулары да басары турган иш. Андыктан калаа бийлиги бул көчөнүн абалына тийиштүү көңүл бурат деп ишенгим келет.

10-15 мүнөттүк жолду басып өткүчө ушунча көрүнүшкө күбө болдум. Чүй проспектисине жакындаган сайын ары-бери баскан кишилер көбөйүп, нан саткан, тамеки саткан соодагерлер көзгө урунду. "Ош базардын" айланасы эбак кымгуут болуп, соода кайнап жатыптыр. Агылган элдин тобу менен бат эле базардын оозуна жете келдим. Керектүү нерселерди алдым да үйгө сапар тарттым.

Жаңылыктар түрмөгү
0