21:05 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Жаанын октору. Архив

Эчкини издейм деп төөнү кароосуз калтырба. Максатты кантип туура коюу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
1217 0 0

Максат коюуну жана ага жетүүнү самолеттон, поездден, же рейстеги автобустан үйрөнсө болот. Кайда барары, качан жылары, нече адамды сыйдырары, канча күйүүчү май керектээри, айтор, баары эсептелген дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Аба бекеттин аңырайган аянтында каз катар тизилген учактардын арасында барар багытын билбей, Стамбулга сызсамбы же Москвага зуу койсомбу деп ыргылжың абалда турган бирөө да жок. Ар биринин камдалып, сүйлөшүлүп, чечилген таризи так, ошондон чыкпайт. Белгиленген мерчемдерин мээлеп, тетиктери текшерилип, кайкып учууга камдуу. Ошон үчүн адамдар аларга ыңгайлашат. "Түштөрдө", "кечтерде", "эмки жумаларда" чала гой, бара калам" дешпейт. "Чыга көрөбүз", "бара билербиз" деп көңүл кош, тоотпос мамиле жасабайт. Дал эле ошол сыяктуу ким максатын таап, өмүрүн туура мерчемдесе, иш-аракети ийги, басыгы бараандуу болот. Башкалар анын ыгына көнөт, нугуна түшөт жана ыргагына баш иет. Антпесе өзүнүн шору.

Маселен, Москвага баруу үчүн учакка билет алдың. Уччу убактың, айталык, эртең мененки 6.10... Демек, саат 4.10до, эң кеч дегенде саат 5те аэропортто болуп калышың керек. Болбосо каттоодон өткөнгө үлгүрбөй, үлгүрсөң да чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн катарга турган котологон көпчүлүктүн артында кезегиңди кезере күтүп, учакка отурууга жетишпей калышың мүмкүн. Самолет сени сызыктардан өтүп алсын, жетип алсын деп күтүп отурбайт. Мүнөтү келгенде эшигин жабат. Андан соң жалдырайсыңбы, коркутасыңбы, жалаа жабасыңбы, алдайсыңбы, дубалды сүзөсүңбү, чаң-тополоң саласыңбы, кечирим сурайсыңбы, актанасыңбы, ыйлайсыңбы, жүйөңдү түшүндүрөсүңбү, кайта ачпайт. Убактысы киргенде акырын ордунан козголуп, анан күүлөнүп барып күүлдөгөн бойдон учуп кетет. Кыйналып тапкан акчаңа кыйылып отуруп кымбатка алган колуңдагы билетиң ошондо кыпынча баасы жок, болгону кагаздын бир жыртыгына айланат.

Эмне үчүн? Анткени самолеттон мурда убактыңды, аны менен кошо мүмкүнчүлүгүңдү колдон учурдуң... Ага ааламда бир гана күнөөлүү — өзүң. Тайып жыгылса жолду, чалынып чыгылса тепкичти күнөөлөгөнгө маш кул пенде, албетте, айыпты ар жактан издеп көрөт, керек болсо табат, бирок чындык ушул, кептин баары өзүңдө...

Эчкиге төө жана экинчи шанс

Кийинки самолетко билет аларсың. Бирок кошумча бөөдө чыгымдан чөнтөгүң бир топ бөксөрөт. Барчу жагыңда тариздеген иштериңдин көбү артка жылат, кээ бири, балким, эч качан чечилбес түйүндөй байланат. Мисалы, далайдан издеп тапкан инвесторуң менен макулдашкан убактыңда жолуга албасаң ишенимден чыгасың. Ишеним менен бирге инвестор өзү артын карабай кетет, анткени убакытка кыянат кылган жан — адамга, биргелешкен ишке, ортодогу мүлккө, келишимге аяр болору күмөн деген күдүк сезим көөдөнүнө тык этпей койбойт.

Албетте, баары жакшылыкка деп напсиңди сооротосуң. Тагдырга баш ийүү, өмүрдүн ар бир окуясы, болмушу маңдайга жазылганына ишенүү деген ошол. Бул ишеним — чоң жакшылык, анткени колдон чыкканга кыжалат болуу — андан да кымбат, андан да баалуу ден соолукту, нервди бузууга огожо, жоготууга себеп. Эчкини издейм деп кызыл төөнү кароосуз калтырбайсың да... Жумушуңду кечиксең да бир жаңсыл кыларсың, сени тосуп алууга келип убактысын укум кылгандарга жолугуп, жолун таап ыраазылыгын аларсың, жылган нерсе ордуна коюлар... А бирок кайгы аркылуу келемиштей кемирип, суу самандай быкшыта күйгүзүп күл кылган саламаттыгың кайра калыбына келиши кыйын... Үзүлгөндү уласа болот, бирок дал өзүндөй кылып эшүү мүмкүн эмес...

Турмуш самолет эмес...

Ошондуктан, тууганым, максатыңды убактысы менен кошо аныкта. Мээ, туйгу сезим так, конкреттүү маалыматты кабылдайт. Чар жайыт, бозомтук, бүдөмүк абстракция акылга сиңбейт, демек, сени жеңиштерге жетелеп, ийгиликке түртпөйт. Балага "шоктонбо", "жакшы жүр", "тиякка бар" деген менен майнап чыкпайт. Алар — жалпы сөздөр. Шоктонбо деген — сууну төкпө, дубалга сызба, кагаз-калемди чачпа, табакты таңкылдатпа, кыйкырба, секирбе ж.б. деп чечмелениши мүмкүн. Тиякка бар дегенди — уктоочу бөлмөгө кир, аянтка чыгып ойно, апаңдын жанында отур, ашканага жөнө, сиңдиңе кошулуп сүрөт тарт деп даанала. Ошол сыяктуу эле, бир жерге барам деп айтуу — сөз, ойлонуу — ниет, ал эми билет алуу — максат. Анткени билетте убакыт, маршрут жана шайман так көрсөтүлгөн. Аракет сөзсүз ошого жараша жүрөт. Болгону, убакыттан уттурба.

Аэробекетке бир мүнөт кеч келгенден көрө бир саат эрте кел. Кыларга иш табылат: китеп окусаң, гезит барактасаң, кофе ууртап отурсаң, компьютериңди жайып бүтө элек иштериңди алга жылдырсаң, дүкөн кыдырсаң, тааныш таап баарлашсаң, тек гана отуруп кыялдансаң, ой калчасаң, дуба-тилек айтсаң, тообо-шүгүр келтирсең, болбосо скаймейкага кынтая калып уктасаң болот. Асти кечикпе... Бир секунд кечигүү бир күндүк, апталык, айлык, жылдык, а балким бир өмүрлүк зор мээнетти текке кетирээр. Дегеним, барчу жериң — максатың; отурчу учагың — максатка карай жолуң, тепкичиң, колдончу шайманың; билетиң болсо — ошол шайман менен шанстын колго тийиши... Булардын баары сага иштейт, эгерде убакытты мерчемдеп, баалап, сарамжалдасаң...

Бирок турмуш самолет эмес. Экинчи жолу билет алууга дайыма эле мүмкүнчүлүк тартууланбайт...

Тема боюнча

Унчукпай пайда келтирүүнүн жолу. Аманат эстафетасы башталды
Сыйлык алчулардын документин ачып караган киши жок. Мен билген 7 чындык
Белгилер:
учак, максат, убакыт, Нуржигит Кадырбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ