Анклавдар азабы, эсти оодарган эксклавдар... Чек ара чатагынын чеги барбы

© Sputnik / Табылды КадырбековПограничная зона КР с Таджикистаном
Пограничная зона КР с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын аймагында чыккан чатактан кийинки абал көптөрдүн көз алдында турат. Борбор Азия республикаларынын ортосундагы мындай кырдаал туруктуулук, өнүгүү алып келбеси турган иш.

Колумнист Абдыкерим Муратов бул темага кайрылып, Кыргызстандагы анклавдар менен эксклавдар, чек ара чыры жана аны жөнгө салуу туурасында пикирин айткан.

Соңку айларда Тажикстан менен Кыргызстандын мамилеси сууп турат. Президенттердин кол алышып, барып-келишкенине карабай... Кошуна айылдардын чай ичишип, аш жешкенине карабай... А түгүл адам өлүмү коштолгон жаңжалдар ар ай сайын жаңырчу болду...

Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков чек арада ок жеп Бишкекке алып келинген бейтаптарды көрдү. Сүрөттөр
Кийинкиси жана кыйла коркунучтуусу 16-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылында Жеке-Өрүк деген али чечилбеген жерге тажик тарап курулуш тургузуп ийгенден чыкты. Айрым маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан бир жоокер каза болуп, он үчү жарадар, алардын ичинен үчөөнүн абалы кыйла оор дешүүдө, арасында аскер эмес кишилер да — мугалим, окуучу бала да бар экен, ал эми тажик тараптан да үчөө набыт болду дешүүдө.

Мындай чырлардын себеби эмнеде? Суу маселесиби? Жер талашпы? Жол талашпы? Чек аралардын такталбагандыгыбы? Эки башка улут болгону үчүнбү?

Анысы да, мунусу да бар, бирок маселе бир топ тереңде жаткансыйт.

Фергана өрөөнү дүйнөнүн "жаңы Балкандарыбы"?

Экс-совет таануучу Збигнев Бжезинский Фергана өрөөнүн "жаңы Балкандар" болот деп айткан. Муну айтууда ал бул аймакта элдин өтө жыш жайгашканын, этникалык көп түрдүүлүк бар экендигин, исламдын күчтүүлүгүн, адамдардын тагдыры кара жерди иштетүү менен гана байланып калганын, энергоресурстардын молдугун, бир эле улуттардын үч мамлекетте калып калгандыгын эске алса керек.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Оңой болгон жок. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы
Жалпы өрөөн боюнча эсеп-кысапка келсек, бир чарчы чакырым аянтка 360 киши туура келет, бул Өзбекстандан 6 эсеге, Кыргызстандан 12 эсеге, Казакстандан 56 эсеге жыш дегендик. Чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин эң арбыны да ушул өрөөндөн экенине карабай, калктын саны жыл сайын өскөндөн өсүүдө, бул болсо жер жана суу проблемасын жылдан жылга тереңдетип келет.

Ушундай-ушундай саясий, социалдык, территориялык көйгөлөр "идеалдуу штормго" же "чоң согушка" шыкак болот дейт Збигнев Бжезинский андан ары "көзү ачыктыгын" карматып. Андыктан да эл аралык террорчулардын тажик-кыргыз, өзбек-кыргыз чек араларындагы КППларга "точечный укол" атып жатканы да, чек ара сызыктарын тактай албай жаткандыгыбыз да бекеринен эместир.

Анан калса бир нече чет элдик маалымат булактар согушкерлердин, талибдердин, террорчулардын Ооганстандын Бадахшаны аркылуу "үч бурчтукка" (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан) жөнөй турганын маал-маал айтып коёт. Аларды колдоочулар сырттан гана эмес, ичтен да жетиштүү.

Мына ушундай күчтөр Фергана өрөөнүнө тынчтык бербей, алоолонгон от жаккысы келет.

Геосаясий кырдаалдын кыйындыгы

Соңку жылдарда Пакистанда талибдер бир катар аймактарда бийлик орнотууга чейин жетишип, мамлекеттик аскерлерге кол салууга дейре барганы маалым. Алардын айрым күчтөрү Афганистанга ооду. Мындан корккон Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан аскерий күчтөрүн түштүк чек араларына жакын алып келди. Мурдагы ачык турган, калк ээн-эркин карым-катыш кылып жүргөн чек аралар таптакыр жабылды. Совет учурунда базар-жарманке бир күнү Кыргыз ССРинин Баткен айылында, бир күнү Тажик ССРинин Исфара селосунда өтөр эле. Кыргызстандыктар чоң дүйнө менен учактар жана поезддер аркылуу Тажикстандын Канибадам, Пролетарск, Ленинабад шаарларынан катташчу. Кыргыз тоолорунан аккан суулар Тажикстандын жана Өзбекстандын суу амбарларын толтурчу. Өзбек-кыргыз, тажик-кыргыз чек арасынан бир күндө миңдеген адамдар же бул жакка, же тигил жакка барып-келип иштечү, анан калса жазгы талаа жумуштары башталган учурда кыргыз фермерлери жерлерине өзбек, тажик мандикерлерин алып келип иштетчү. Тоолуу Бадахшандан тажикстандыктар келип, Түштүк тарапта дубал уруп (пакса коюп) иш кылышчу. СССР тарагандан кийин дале ушул байланыш бир аз боло берди, анан бара-бара чек аралар жабылды да, бул мурда көнүп калган карапайым калктын кыжырдануусун жаратты.

Анклавдар жана эксклавдар "баш оорусу"

XX кылымдын 20-жылдарынын орто ченинде Орто Азия үч республикага бөлүнгөндө ошол бөлүштүргөндөр аябай башы катканбы, же атайын ушундай акыры бир күн жарылуучу "бомба" коюп койгонбу, бир республиканын ичине экинчи республиканын аймагын "сокур ичеги" сымал жайгаштырып таштаган. Алардын ирилерин Фергана өрөөнүнүн мисалында айтып көрөлү.

Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Ок атылган Максат айылынын окуучулары менен психологдор иштөөдө
Шахимардан, кыргыздар айткандай, Шаймардан. Өзбекстандын жери. Баткен облусунун Кадамжай районунун ичкери жагында, тоо арасында. Шахимардан — улуттук курамы уникалдуу жер. 1890-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына таянсак, негизги калкы тажиктер болгон да, 1909-жылкы эл каттоодо негизги калк сарттар деп белгиленген, кийинки 1917, 1925, 1926-жылдардагы эсеп боюнча сарттар жоголуп (тагыраагы, кагазда жоголуп) алар өзбек аталып калган. 1930-жылы Шахимардан жери Кыргыз ССР аймагынан Өзбек ССРине алып берилген.

Анын бир себеби, ошондон бир жыл мурда диний фанаттар Хамзаны ташбараң кылып өлтүргөн соң бул жер советтик шорочул өзбектер зыярат кылган жерге айланган да, борбору Хамзаабад деп аталган. 90 чарчы чакырым аянтты ээлеген бул жерлер диний туризмдин, эс алуучулардын жана пионер лагерлердин мекени болгон. Союз кезинде туристтер, анын ичинде кыргызстандык туристтер да көп каттаган жер эле. Анын бир себеби, Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы, ислам динин таратууда эбегейсиз эмгек кылган Азирет Алинин буту тийген ыйык жер деп айтылат, Азирет Али мечити бар, айрым божомолдор боюнча бул кишинин көмүлгөн жери болушу мүмкүн деген жети жердин бири.

Экинчи себеби, өзбек совет адабиятынын негиздөөчүсү Хамза Хаким-заде Ниязи ташбараңга алынган жер деп анын музейин ачышкан.

Үчүнчү себеби, табияттын кооз бурчу катары шар аккан тоо дайрасы жана Курбан-Көл деген ажайып көлү бар. Жаңы кылым башында жалпы калкы 10 миңден бир аз өткөн эле, алардын 9 пайызы кыргыздар болсо, 91 пайызын өзбектер түзгөн. Жыштыгы — 111 киши. Бул жерликтер чоң Өзбекстан менен байланышууда көп кыйынчылыктарга учураган, өзгөчө жемкорлукка малынган чек ара, жол коопсуздугу, санитардык жана ветеринардык көзөмөл кызматтары аларга чап жабышып, аларын алып, анан гана же ары, же бери өткөрчү.

Сох. Өзбекстандын эксклавы. Дүйнөдөгү анклав аттуулардын ириси. Баткен облусунун Кадамжай районунда анклав катары жайгашып, Лейлек жана Баткен райондорун, Сүлүктү шаарын өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган жолдун тоому, чоң кан жол ушул айылдан өтчү. Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекети бул жерден аябай кыйналды. Бир нече жолу улуттар аралык жаңжалдар ушул аймакта болду, акыры кыргыздар айланма жол салып алды. Сохтуктар ар дайым кыргыз тараптан Сох дайрасын бойлогон жана Өзбекстанга түз өтүп кете турган жолду бул өлкөгө коридор катары берүүнү суранып келет. Андай болгондо Кыргызстандын эки району өзү анклав болуп калбайбы деп кыргыз бийлиги макулдук бербейт.

Кырызстан менен Өзбекстандын чек-арасындагы чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын коңшулар менен эмне талашы бар. Чек ара боюнча атайын өкүл менен маек
Сохтун жери 352 чарчы чакырым. Калкы – 74 миң. Жыштыгы – 210 киши. Фергана өрөөнүндөгү гана эмес, дүйнөдөгү айыл жерлериндеги эл эң эле тыгыз жайгашкан кыштак. Согуш башталганда, 1942-жылы, өзүнчө район болуп уюштурулган, бирок 1959-жылы кайра эле Фергана облусунун Риштан районуна карап калган. Өзбекстанга караган аймак болгону менен 99,2 пайызы тажиктер, 0,8 пайызы кыргыздар. Эгер калктын улуттук курамына караганда бул аймак Өзбекстанга каратылбашы керек эле. Бул жерде да "бомба" жатат.

Ворух — Тажикстан үчүн эксклав, Кыргызстан ичиндеги анклав. Согдий облусунун Исфара районуна карайт. Жери 130 чарчы чакырым, калкы 44 миң киши, бир чарчы чакырымга 350 киши туура келет. Улуттук курамы боюнча 99,99 пайызы тажиктер, калганы (калбады дале го) – кыргыздар. 1870-жылдан 1990-жылга дейре калк саны 20 эсеге өскөн, төрөлүү абдан көп аймак. СССР кезинде эле 1982-жылы жана 1989-жылы улут аралык жаңжалдар чыкканы катталган.

Барак — Өзбекстан ичиндеги Кыргызстан. Анжиан облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде калган Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айыл. 1955-жылы Москва Кыргыз ССРинин Ворошилов колхозунун жерлеринен Өзбекстанга пахтага алып берип койгондо Барак анклав болуп калган. Башында 230 гектар жерде миңдей киши боло турган, алардын 60 пайызы кыргыздар болчу. 2010-жылы Ошто этникалык кагылыш чыккан кезде айылды 250 кыргыз таштап кеткен. Кийин аларга Оштун тегерегинен жер берилип, көбү көчүп келип, ушу тапта жыйырмадай гана үй-бүлө калганын айтып жатышат. Барак — кыргыз айылы болуудан калып жатат. Кудай жалгап, Өзбекстандын жаңы бийлиги 2018-жылдын 25-декабрында Ак-Таш — Бирлешкен өткөрмө пунктун ачып, мурда Анжиан жолундагы "Достук-Дуслук" өткөрмө пунктуна чейин барып, андан өтүп жүргөндөргө кыйла жеңилдик түзүлгөнү менен Кыргызстанга кеткен барактыктар туулган жерине кайтып келиш-келбеши күмөн.

Ушул сыяктуу ири анклав жана эксклавдардан тышкары майдалары да бар. Алар: Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстан жерлери — Чоң-Гара, Жангайл, Өзбекстандын ичиндеги Тажикстан жерлери — Сарвак, Кайрагач. Тажистандын Мургап жана Жерге-Тал кыргыз райондору бар ж.б.

Чорку өңдүү үч жагын Кыргызстан ээлеп турган тажик кыштактары да проблема жаратууда.

Кыскасы, Фергана анклавдары жана эксклавдары мындан ары кандай болот, аймактык-этникалык конфликттерди токтотууга болобу, бул жерде анклавдарсыз жана эксклавдарсыз мамлекеттерди түзүүгө болобу? Чоң суроо, чоң проблема...

Бул проблема кандай чечилет?

Албетте, эң биринчи жолу — чек аралар толук такталышы керек. Бирок мындай тактоо такыр мүмкүн болбой жатат. Талаштуу жерлер аз эмес, алардын чечилиши кыйын.

Президент Сооронбай Жээнбеков навестил пострадавших в перестрелке на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков чек арада ок жеп Бишкекке алып келинген бейтаптарды көрдү. Сүрөттөр
Экинчи жолу — үч өлкө ырыс-ынтымакта жашоо үчүн бири-бирине транспорттук жана экономикалык кыр көрсөтүш керек дейт. Мисалы, Кыргызстандын Бишкек — Жалал-Абад каттамында жүргүнчүлөрдү ташый турган поезд багыттары боло турган. Кысымдардан улам ал каттам токтоду, кыргыз тарап ашуу аркылуу автожолун куруп алды. Тажикстандын жана Өзбекстандын казынасына пул түшпөй калды, алардын жолулаш жүргүнчүлөрү да бир каттамдан айрылды. Муну түшүнгөн өзбек бийлиги Ташкенттен Балыкчыга жайында поезд жүргүзүүгө мажбур болду. Анан дагы айрым кыргыз саясатчылары Тажикстанды экономикалык блокадага алып баруу зарыл, ал жакка күйүүчү май, анан жайкы аптапта суу өткөзбөш керек деп чыгышты. Мындай кылууга болбойт. Казынага акча түшпөй калганы аз келгенсип, карапайым адамдарга кыйын болот, элдин элге жек көрүүсү өсөт. Бул гумансыз чечим. Ислам Каримовдун бийлиги Тажикстандын Рогун ГЭСин курууга ушунча каршы туруп, жолун бууп салган, болбой эле тажиктер бул ири долбоорду ишке ашырып жатат. Мындан бүт Борбор Азия, анын ичинде Өзбекстан өзү да утат, себеби энергетикалык коопсуздукту азайтууга Рогун ГЭСи чоң көмөк көрсөтөт.

Үчүнчү жол — жер алмашуу. Бул да арга кеткендеги абал. Азырынча чоң жерлер алмашыла элек. Деги эле алмашуу кыйын. Мисалы, Өзбекстандан Шаихмарданды сурап эле көрөлү, алмашуу үчүн алар кайсыл чөлүн сунуштар экен? Кайра эле анклавдар жаралат. Жакында Араван районунун аймагандагы Керки-Дөң суу амбары менен Гүлбаар жакта бир жерлер алмашылды деп жатат. Бирок кимге канчалык пайдалуу болгонун али аңдай элекпиз.

Ошон үчүн азыр конфликттерди чечүүнүн бирден бир жолу — өз ара түшүнүшүү, чек арага жакын аймактардын жалпы инфраструктурасын көтөрүү...

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0