Үч жыл жебей-ичпей... Аткаминерлер кантип Lexus GX 470 сатып алышат

© AFP 2023 / Joe Raedle / Getty ImagesПродажа авто Lexus в штате Флорида
Продажа авто Lexus в штате Флорида - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik кабарчысы кымбат жол тандабастардын баасын жана ага кам көрүүгө кетчү чыгымды эсептеп көргөн. Чыккан сумманы аткаминерлердин расмий кирешеси менен салыштырып, бала-чакасын эч нерседен кем кылбай багып жатканына таң калды.

Lexus GX 460 менен Lexus GX 470 биздеги аткаминерлер арасында кеңири тараган көлүк. Люкс классындагы унаанын техникалык мүнөздөмөсү менен ыңгайлуулугу баасына кол шилтетип коёт. Анын үстүнө мындай машинага биздикилер көп учурда акча коротпойт, унаа кызматтык болуп калышы мүмкүн, же аткаминерлердин көбү айткандай "демөөрчүлөрдүн белеги" болуп чыга келет.

Баа маселеси

Япон өндүрүүчүсүнүн Кыргызстандагы расмий диллеринин сайтында GX 460 да, Lexus GX 470 да жол тандабастары жок. Аларга окшош, жаңы муундагы Toyota Land Cruiser Prado бар. 2015-жылкы жаңы унаа 35 миң доллар же 2 миллион 555 миң сомдон сатыкта  турат. Бирок колдон деле сатып алууга болот. Автобизнес менен алектенген интернет сайттардын жарнамаларында биринчи муундагы, 2003-жылга чейин чыгарылган Lexus GX 470 үлгүсүн издеп табуу дээрлик мүмкүн эмес. Эң көп 2003-2013 жылдардын аралыгында чыккан Lexus GX 470 джиптери арбын. Алардын баасы орточо 15 000-30 000 доллар же 1 миллион сомдон башталып 2 миллион сомго чейин барат.

Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу
Аткаруу бийлигиндегилердин негизги кирешеси — ай сайын алган маянасы. Андан башка акча табуу үчүн аларга ишкердик кылууга, коммерциялык уюмдарды жетектөөгө мыйзам жол бербейт. Sputnik  Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өкмөт мүчөсү орточо 25 миң сом айлык аларын тактады. Бул акчага ар кандай төлөмдөр (аскердик наам, жумуш стажы, илимий даража ж.б.) кошулат да 30 миң сомго чамалап барат. Мамлекеттик кызматкери 2003-жылы Lexus  алуу үчүн 2,5 жылдан 3,5 жылга чейин жебей-ичпей акча топтотуш керек. Эгер 2013-жылкысын ала турган болсо, 5-7 жыл үй-бүлөсүн, бала-чакасын капка бууп коюп каражат чогултушу керек.

Кымбат баалуу унаада жүрүүнүн өзү кымбат

Аталган япон жол тандабастары 273 аттын күчүнө ээ. Анын 4,7 литрлик кыймылдаткычы 100 чакырым аралыкка 18,5-25 литрден бензин сарптайт. Эл оозунда айтылгандай анык “кашалот”.  Эгер аткаминер жол тандабасына литри 43,5 сомдук АИ-95 үлгүсүндөгү май куйчу болсо, ал жүргөн ар бир 100 чакырым жол 804–1087 сомго айланат. Айына чиновник 800 чакырым жол жүрөт. Демек, мындай жол тандабас айдаган мамкызматкер айына 6432 сомдон 8696 сомго чейин майга эле коротот.

Акчаны үнөмдүү пайдаланып, литри үч сомго арзан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин куйган чиновниктин мунайзатка чыгымы бир аз азаят. Бир айда 800 чакырым жерди кыдырыш үчүн 5846-7900 сомдон кетирет.

Эгер аткаминердин жол тандабасына дизелдик май куюлса жакшы. Бул мунай заттын литри 46 сомдон сатылганы менен бензинге караганда үнөмдүү болот. Шаар ичинде 100 чакырым аралыкка 17-18 литр солярка ичерин унаа кожоюндары айтып келишет. Демек, ошол эле аткаминер бир айда айланган 800 чакырым жол үчүн 6256-6624 сомдон чыгымдайт.

Газ менен жүргөн унаага айына 3-4 миң сом жумшалат. Бирок көгүлтүр отко өтүүнүн наркы кымбат (34-62 миң сом).

Мындан башка чыгымы чачтан көп

Кыргызстандагы климаттык шартын эске алып адистер ар бир 6-8 миң чакырым жол жүргөн машинадагы кыймылдаткычтын майын алмаштырыш керек деп эскертишет. Lexus GX 470 жол тандабасынын көлөмү 4,7 литрлик кыймылдаткычына алты жарым литр май батат. Бүгүнкү күнү япониялык инженерлер өздөрү чыгарган унааларга ылайыктуу кыймылдаткычтын майларын дагы кошо жасап, сатышат. Lexus—GX 470 жол тандабасына куюлчу майдын бир литри 600-650 сомдон. Фильтр менен кошо эсептегенде майды алмаштыруу 5500 сомго чыгат.

Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу - Sputnik Кыргызстан
Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу
Коробкадагы майды да байма-бай алмаштырып туруу кажет. Бул унаанын үлгүсүнө жараша 5,5-10 миң сомдун тегерегинде болот.

Кыймылдаткычтын майы менен бирге свечаларды алмаштыруу зарыл, мотордун өмүрүн узартат дешет механиктер. Lexus GX 470 жол тандабасы сегиз цилиндрлүү болгондуктан сегиз свеча сатып алууга туура келет. Мындай комплект 1600 сомдон 5600 сомго чейин бааланат.

Жол тандабасты кыш мезгилине даярдоо да арзан эмес. Lexus GX 470 унаасына 265-60-R18 дөңгөлөктөрү салынат. Мындай резинанын кышкы комплектисин сапатына жана абалына жараша базардан 15–25 миң сомго чейин тапса болот. Мындан сырткары, дөңгөлөк алмаштыруу үчүн вулканизацияга да 1 000 сом ташташыңыз керек болот. 

Мындан сырткары, машинаны жок дегенде аптасына бир жолу жууп-тазалаш керек. Ордо калаадагы унаа жуучу жайлар GX сыяктуу жол тандабастарды 300-350 сомго тазалашат. 

© AFP 2023 / Joe Raedle / Getty ImagesLexus GX 460 автоунаасы
Үч жыл жебей-ичпей... Аткаминерлер кантип Lexus GX 470 сатып алышат - Sputnik Кыргызстан
Lexus GX 460 автоунаасы

Эгер жол тандабас бузулуп калса ...

Жогоруда санагандарыбыз Lexus GX 470 жол тандабастарынын туруктуу талап кылган чыгымдары болду. Эми ремонтун карап көрөлү. Колдон колго өткөн машина болсо, аны сөзсүз ремонтко да токтотуу зарыл.

2003-жылы чыгарылган Lexus GX 470 жол тандабасынын кыймылдаткычын базардан 800-1200 долларга чейин же 55 миңден 82 миң сомго чейин тапса болот. Жаңыларын 3-4 миң долларга алуу мүмкүн. Бузулган моторду чыгарып, ордуна жаңысын салыш үчүн уста акысына болбоду дегенде 30-35 миң сом кетет. Мында тетиктеринин акчасы өзүнчө.

Жол тандабастын ходовкасына керектүү бардык тетиктерди алыш үчүн орточо 150 000 сомдой керектелерин автодүкөндөр билдиришүүдө. Аны жасаган усталар акысына 10-20 миң сом сурайт.

Натыйжада...

Отчет премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттө эң көп жана эң аз айлык алган министрлер. Тизме
Кыргызстандагы жол тандабастардын Lexus GX 470 түрүнүн бир жылдык чыгымы орточо 150 миң сомдун айланасында болот. Ал эми аткаминердин жылдык кирешеси 300-360 сомдун тегерегинде экенин унутпайлы. Кирешесинин дээрлик жарымы жол тандабасына кетери турулуу иш. Темир тулпардын маанилүү тетиктери, кыймылдаткычы, коробкасы же ходовкасы бузулган учурда аткаминердин бир жылдык маянасы толугу менен машинасына кетери турган сөз.

Жалаң айлыкка жашап, GX 470 минген аткаминер бала-чакасын багууга кеткен акчаны болушунча үнөмдөп, үйүнө эмерек албай, чайга нан малып жеп, тойго да кошумчасыз барышы керек. Жол тандабасынан арткан акчаны ар бир күнгө бөлгөндө 450 сомдон чыгат. Анан каяктагы той-топур?..

Бирок кантсе да элдин көзүн күйдүргөн Lexus GX 470 унаасы бар эмеспи...

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0