Кыргыздын кыздары эмнеге турмушка кеч чыгып калышты? 7 себеп

© Фото / Pixabay / PexelsНоутбукта иштеп жаткан кыз. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Гүлдана Талантбекова кыздар бир гана карьерасына карап турмушка кеч чыгат деген пикирге анча кошулбайт. Ал күйөөгө шашпай чыгып жаткандардын бир нече себебин тизмектегенге аракет кылды.

Материалда өзүнүн гана пикирин жазбастан, турмушта тажрыйбасы барлардын пикирин сураштырды. Андыктан автор макалага пикир калтырууда жеке жашоосуна өтпөөнү суранат.

Кыздарды шаштырбасак...

Кыз киши бой жеткенден баштап "турмушка качан чыгасың?" деген суроо берип чарчатышат. Бул нормалдуу эле көрүнүш деп ойлойм. Ата-эне кызынын теңин таап, жаш кезинде балалуу болушун каалайт. Бирок башка адамдар эмне мынча күйөөгө тийишиңе кызыкдар экендигине таң калып кетесиң. Бул канчалык бир деңгээлде адамды чыңалтышы мүмкүн. Андай сөздөргө теригип, эптеп бирөөгө тийип алгандар да бар. Аялдык бактысын 18, 25, 30, 40 жашында тапкандар болот... Буга нике кайып, буйрук жана айрым шарттар себеп деп ойлойм.

1. Эркекке таянбай калгандар

Балдарын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдар таякесин "аталап" калды. "Күкүк" эркектерге айтарым бар
Мурда кыздар маяналуу жумуш издеп, үй-жай алууну максат кылышчу эмес. Себеби үй-бүлөдө эркекке ишеним артып келишкен. "Күйөөм багат" деген нерсе бар болчу. Менимче, азыр бул түшүнүк күчүнөн кеткендей. Анүстүнө эркектерге деле ишеним төмөндөдү. Кечирип коюңуздар, бирок азыркы эркектерде жоопкерчилик азайып баратат. Аялдар менен эсептешип оокат кылгандай. Эсептешип жашаса дагы жакшы эмеспи, турмуштун ачуу-таттуусуна чыдабай аялын балдары менен таштап кеткендерди көрүп эле жүрөбүз. Мындан улам аял киши кор болбоюн деп тытынып иш кылат. Жада калса бойдок кыздардын үй алып коюшум керек дегенин угуп жүрөм. Жашоосун эптей албаган эркек менен жашагыча жалгыз болууну жактырат.

2. Тың кыздар

Кыздардын турмушка чыкпай жүрүшүн көбү анын жумушуна байланыштырат. Ооба, андай дагы учурлар бар. Мындай адамдар мектепти бүткөн күндөн тарта бийик максаттарды коёт. Бир нече окууну окуп, билимин тереңдетип, иштешет. Жумушка киргенде белгилүү бир деңгээлде карьералык өсүшкө жетип алууну каалашат. Билимдүү, ийгиликтүү кыздар өзүнө окшогон адамдар менен турмуш кургусу келет. Талаптагыдай жигит болбосо иш менен алаксып жүрө берет. Ушундан уламбы, балдар "кыздар теңине албай жатат" деп айтып калышат. Ошону менен курагы 30-35 жаштан өтүп кетет. Бул жашта гинекологдордун айтымында, төрөгөндөн эле кыйналбаса, бала тарбиялаганга тажрыйбасы ашып-ташып калат. Эгер андан дагы кеч калса турмушта кыйналбай жашай турчу нерселери болот деп ойлойм. Мисалы, туруктуу жумушу, үйү, унаасы жана башкалар. Эң негизгиси коомдон ордун табат.

3. Туугандардын кастинги

Празднования Дня независимости Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Эң оор кесип бар, сыр сактоо деген... Сырдаш болуунун 10 жолу
Жигиттин же кыздын оң-терс жактарын, келечегин билүүдө тууган-туушкандардын деле салымы чоң. Айрымдар чындыгында эле туура жол көрсөтөт. Ал эми кээде болочок күйөө баланы же кызды көрбөй туруп эле ашкере сындап, ойду бурмалап жибергендер да бар. Бир заматта баштан-аяк анализден өткөрө салышат. Мындан улам эки жаштын ою бузулушу ыктымал. Ал гана эмес айрымдар үй-бүлө куруп жашап жүргөндө деле тууган уруктун кийлигишүүсүнөн улам мамилелери бузулганын айтып калышат.

4. Өзүн туугандарына арнап койгондор

Айрым кыздар канчалык иштесе дагы өзүнө салым кылбайт. Табиятынан күйүмдүү келишет. Ата-энесинин, бир туугандарынын жоопкерчилигин өтө жакын кабыл алат. Кандай гана маселе болбосун "Супермэндей" даяр турат. Каржы маселеси анын моюнунда. Адатта кыз баладан мындай нерсени туугандары, үй-бүлөсү талап кылбайт. Алар кызы, эжеси же карындашы бактысын тапса дейт.

5. Талабы күчтүүлөр...

Беш кол тең эмес. Эркектердин келечегинен мурда алардын тапкан акчасына кызыккандар бар. Андай кыздар кымбат ресторандан тамактанып, баалуу белек-бечкек алганды жакшы көрүшөт. Кыскасы, көзүнүн агы менен тең айланып туруу керек. Орточо маяна алгандарды, унаасы жокторду карашпайт. Таанышкан балдардын дээринде бир нерсе барбы, жашап кете алабызбы, көз караштары кандай деген суроолор кызыктырбайт. Мындай талаптан көп эле эркектин кан басымы көтөрүлсө керек.

6. Сезимталдар

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойго жакын жакшы кыз таппайсың! Үйлөнчү жигит эмнеге даяр болушу керек
Кыздардын көңүлү гүл да. Балдар жылуу сөз сүйлөп, камкордугун көрсөтүп койсо эле сүйүп калышат. Кокус жакын адамы менен эки ача жолго түшсө көпкө чейин унута албайт. Бир топ убакыт кыйналат. Кийинки таанышкан балдардан мурдагы сүйгөн адамына окшош сапаттарды издей берет. Бир эркектен көңүлү калган адам башкаларды дагы ошондой ойлоп калат. Психологиясын бузуп алат. Анан жан дүйнөсүндөгү музду эрите албай жүрө беришет.

7. Чыныгы сүйүү издегендер

Ар бир кыз сүйүктүү жар, камкор эне болууну тилейт. Нике кайып, буйрук дегенди ушул категорияга кошот элем. Айрымдар чындыгында эле жакын адамын кезиктирбегени үчүн күйөөгө тийбей жүрө беришет экен. Буга биз санап өткөн карьера дагы, эркектерге ишениминин жоктугу дагы себеп эмес. Ошондуктан көп кыз "Мага жаккан же мени сүйүп-кадырлаган адамды жолуктура элек болсом, кантип турмушка чыгам" дешет.

P.S. Бирок кандай болгон күндө да "көздүү мончок жерде калбайт" деген сөз бар. Ар бир кыздын сүйүктүү жар, бактылуу эне, кайын журтуна сүйкүмдүү келин болушун тилейт элем.

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0