03:27 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кыргызстандын желегин көтөргөн бала. Архив

Айтматовдун тагдыры же миграциядан эмне таптык да, эмне жоготтук

© AFP 2019 / VYACHESLAV OSELEDKO
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
87301

Жакында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков чет элди байырлап жашап калган мигрант мекендештерибиз менен жолугушту. Президентти тегеректеп түшкөн сүрөттө жылмайганы менен алардын ар биринин кызыктуу да, аянычтуу да, сырдуу да, өрнөктүү да тагдыры бар.

Жыргагандан киндик кан тамган жерин таштап, мусапыр жашоонун мунарык баскан жолуна кадам таштагандар дээрлик болбосо керек. А дейбиз, бу дейбиз, бирок миграция – бул биздин коомдун, жашоонун кашкайган чындыгы. Анын көңүл кубантар алгылыктуу да, ойго, муңга салар терс да жактары бир топ... Кеп ушул нукта улансын.

Каржы булагы

Россия жана Казакстандагы мигранттардан мекенибизге жылына миллиарддаган АКШ доллары келүүдө. Ошол каражатты айылдарда мекендештерибиз жашоо-шартын жакшыртууга, билим алууга, кийинүүгө, курулуштарга, кыймылсыз мүлк сатып алууга, жакшылык-жамандыктарды өткөрүүгө, ишкерлик кылууга, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ж.б. керектешүүдө.

"Букарда пулу бардын көңүлү ток" дегендей, биринчиден, сырттан келген каражат канча жумушсуздар үчүн кантип күн көрөбүз деп үмүтсүздүккө алдырууга тоскоол болгон фактор. Экинчиден, ал акчага турмуштук талабын канааттандырып жаткан көпчүлүк үчүн радикалдуу маанайда саясий окуяларга аралашуу зарылдыгы жок. Андай аракеттерге түрткөн ири себептердин бири — жакырчылык жана жумушсуздук экени жакшы белгилүү. Ошондуктан мигранттардын Кыргызстандагы саясий стабилдүүлүк үчүн кошкон салымы да зор.

Идея, билим башаты, тажрыйба мектеби...

Миграциянын материалдык эмес да утуштары бар. Маселен, массалык миграцияга себеп болгон оор кырдаал совет бийлиги учурунда "баарын өкмөт кылат" деген кол карама кулк мүнөз күтүп калган элибиздин уктап жаткан ишкерлик, чыгармачылык, эмгекчилдик ж.б. көрөңгөлөрүн ойготту. Адам өнүгүү үчүн "комфорт зонасынан" чыгып, кандайдыр бир кыйынчылыктарга, сыноолорго туш болушу шарт эмеспи. Чыңгыз Айтматов деле атасынан жаш айрылып, турмуш-тиричилик жүгү эрте башына түшпөгөндө, балким, бул дүйнөдөн көптүн бири болуп жашап өтмөктүр.

Барган жеринен жаңы идеяларды, өнөрлөрдү, илим-билимди өздөштүрүп, сиңирип, кыргыз жергесине алып келген мекендештерибиз да көбөйүп барат. Маселен, тарыхта биринчи жолу көркөм муз тебүү боюнча эл аралык мелдешке катышкан кыргыз кызы Россияда машыгып, ошондой деңгээлге жетти. Легендарлуу композитор Асанкан Жумакматов да алгачкы музыкалык билимин атасы сталиндик режимдин сүргүнүндө Украинада жүргөндө ала баштаган экен. Ал раматылыктын: "Атамды ошол жакка айдап ийгени үчүн Сталинге рахмат. Болбосо музыкант болбой калмакмын", — дегенин өз кулагым менен уккам. Дагы деле Чыңгыз Төрөкуловичти мисалга алсак, ал киши да балалыгында Москвада окубады беле... Азыркы заманда чет өлкөдөн көрүп келип бизнес идеяларды ишке ашырган улан-кыздарыбыз канча...

Ээнсирей түшкөн чек ара

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков на первом заседании Совета по связям с соотечественниками за рубежом при Президенте Кыргызской Республики. 2 августа 2019 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Деген менен миграция жараянынын терс жактары да бир топ. Биринчиден, коңшу өлкөлөр менен чек арадагы аймактардан адамдарыбыздын кетип жатышы улуттук коопсуздугубузга болгон эң ири коркунучтардын бири. Анткени калк эң жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү чек араларыбызды аныктоо жараяны али аягына чыга элек. Мындай шартта ал жактагы кошуналарыбыздын атуулдары өз мамлекеттеринин купуя колдоосу менен ээнсиреп жаткан жайларыбызга акырындап жылып кирип, турак жай куруп, бак эгип, "тынч экспансияны" жүзөгө ашырбайт деген кепилдик жок. Мындай көрүнүштөр арбын деген маалыматтар айтылып жүрөт.

Тереңдеген теңсиздик

Экинчиден, демографиялык гана эмес, экономикалык жактан да Кыргызстандагы аймактардын, өзгөчө борбор менен региондордун теңсиздиги тереңдеди. Өлкөнүн кээ бир аймактары бош калып, жетимсиреп турса, экинчилеринде кишинин саны көбөйүп барат. Бул бир мектепке бала жана мугалим жетпей жатса, дагы бир мектепке батпай жатат, бир жакта жер иштетүүгө адам жок болсо, экинчи жакта иштетем дегенге жер жетишпей жатат дегенди туюндурат. Бул көңүл жубатарлык көрүнүш эмес, анткени өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аймактардын экономикалык, социалдык, демографиялык ж.б. тең салмактуулугу өтө маанилүү. Өнүккөн өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнүн бири мына ушунда: борбору менен провинциясындагы, айылы менен шаарындагы жашоо шарты, социалдык камсыздоо деңгээли анча деле айырмаланбайт. Маселен, Япониядагы Осака менен Токиодо, Киото менен Саппородо, Кобе менен Фукуокада карьера жасоо, бизнес кылуу же билим алуу үчүн шарт жана инфратүзүм деңгээли дээрлик бирдей эле. Кыргызстанда Чүй менен Нарындын, Баткен менен Бишкектин экономикалык жана социалдык абалын салыштырсак, эки башка мамлекеттердегидей чоң айырманы көрөбүз. Бул өтө өкүнүчтүү…

Рыногу кичирейип, адам ресурсу азайып, каттоого кыйын болгон, инфратүзүмү жарды, өндүрүш сектору өнүкпөгөн, жумушсуздук маселеси өтө курч болгон оодандардан канчалаган адам агылып Чүй бооруна келип отурукташып калды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени улуттук кирешенин, акча массасынын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй боорунда. Акча жана киреше мол жерде товарларга жана кызматтарга карата талап да жогору болот. Бактысын издеп бирөөлөрү соода кылганы, экинчилери өнөрүн, үчүнчүлөрү акыл көрөңгөсүн сатып оокатын өткөзгөнү борбор калаанын айланасына топтолгону, ошентип, тегин жерден эмес. Бул теңсиздик артынан турак жай, билим берүү, таалим-тарбия, саламаттык сактоо, кылмыштуулуктун өсүшү багытында канчалаган маселелерди ээрчитип келүүдө.

"Бир нерсеге жетүү, демек, бир нерседен кечүү" дегендей, Кыргызстандын ичинде жер которушкандардын уткан дагы, утулган да жактары бар. Бирок негизгиси улуттук өздүгүн, өзгөчөлүктөрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон жок. Бул жагынан Кыргызстандан сырткары кеткендердин жолу болбоду.

Колдон чыккан улуу байлык

Россия менен Казакстанга иштеп кеткендердин саны бейрасмий маалыматтарга ылайык миллионго жакындайт экен. Бул өлкө калкынын дээрлик алтыдан бири сыртта дегенди билдирет. Алардын ал жакта "бутубузга туруп, кайтып келебиз" дегени жөн гана жомок. Миграциянын табияты ушундай: кеткенден кийин кайра оңойлук менен келбейт. Франциядагы жана Англиядагы арабдарды, африкалыктарды, АКШдагы афроамерикалыктарды, азиаттарды, мексикалыктарды Россиядагы кавказдыктарды, Бразилия менен Перудагы япондорду карасаңыз, ошол жакта очор-бачар болуп, укум-тукумун улап кала беришти. Россияга жана Казакстанга кеткен кыргыздардын басымдуу көпчүлүгүн деле ошондой тагдыр күтүүдө деп болжоого толук негиз бар. Эң өкүнүчтүүсү, бул аркылуу биз адам ресурсун дүңүнөн жоготуп жатабыз. Ал жакта төрөлүп, чоңойгон бир муун жетилди. Жергиликтүү тилде сүйлөп, бакчаларда, мектептерде таалим алып, өздөрү жашаган жерлериндеги маданиятка таандыкпыз деп эсептеп калышты. Кыргызстанга Россиядан жана Казакстандан ата-энелери менен эс алууга келип "Папа, давайте, скорее поедем обратно, ДОМОЙ" деп, каны кыргыз болгону менен жүрөгү, акылы аны тааныбай калган улан-кыздарыбыздын азыр эле миңдеп саналарын кантип танабыз? Четте төрөлүп торолгон биринчи эле муун өкүлдөрү ушинтип жатса, алардын балдары, неберелери кантет? Ошентип канчалаган мекендештерибиз, болгондо да бөтөн жерде, мусапыр абалда өз ордун таап, ийгиликке жетишкен жумушка жарамдуу, мыкты, күч-кубаттуу, калпыса каймак болчу уул-кыздарыбыздын урпактары башка маданиятка, идеологиялык баалуулуктарга сугарылып, башка элге сиңип кетүү коркунучу бар. Узак мөөнөттөн алып караганда ушул биздин эң чоң трагедиябыз, эң чоң жоготуубуз. Анткени Кыргызстандын ансыз да дефицит болгон эң чоң байлыгы — бул адам ресурсу.

Акчадан да мээрим керек

Азыр өлкөдө жүз миңден ашуун мигрант балдары башка бирөөлөрдүн колдорунда чоңоюп жатышыптыр. Аталашпы, энелешпи, же кара чечекей бир тууганбы, эч бири ата-эненин ордун ээлеп, толтура албайт. Курсагын ток, кийимин бүтүн караган менен аталык, энелик мээримди кайдан тартуулашсын. Ансыз да бирөөнүн короосуна адашып кошулган козудай момоюп, бөжүрөгөн бөбөктөрдү какыс-кукус кылып, керек болсо өлгүчө сабап койгондор тууралуу жүлүндү сыздаткан маалыматтарды угуп, окуп калып жатпайбызбы. Ата-апанын мээримине тойбой, тарбиясына канбай, көзөмөлүн көрбөй чоңойгон балдардан кийин кандай кишилер чыгат? Өтө ойлончу маселе... Адам ресурсунун сапаты санынан кем эмес маанилүү...

Маданият жана альтернатива

Башка өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өз тилин жана маданиятын сактап, өнүктүрүп кетүүсүнө шарт түзүүдөн каражатты, күчтү аябаш керек. Бирок кантип? Мамлекеттин ресурстары менен кошо маданиятын жана тилин сактабаса эл кабыгы калып, данеги куураган жаңгак сыяктуу болуп калат. Түрк туугандар ушул жагынан үлгү болчу иштерди жасап жатат. Дүйнө боюнча ачылган түрк мектептери, маданий борборлору жана окуу жайлары түрк маданиятын сактап гана калбастан ааламга жайылтууда чоң роль ойноодо.

Кыргызстандын ичинде да Бишкекке альтернатива болчу дагы бир нече миграция борборлору керек. Ал үчүн облустук борборлорду, региондорду тез өнүктүрүү лаазым. Жергиликтүү бийликтердин эмгектеринин экономикалык жана улуттук коопсуздук өңүттөрүнөн караганда да бул өтө маанилүү. Ошондо улуттук интеграция күчөп, демографиялык теңсиздик жокко чыгат.

Тема боюнча

АКШны паанектеген журналист Элнура Молдокадырова такси айдап иштеп жүрөт. Видео
Чет жактагы мекендештер үчүн "Мекеним" программасы ишке кирмей болду
Белгилер:
адам, Түркия, Казакстан, Россия, Чыңгыз Айтматов, миграция

ЭҢ МААНИЛҮҮ