Балдар таякесин "аталап" калды. "Күкүк" эркектерге айтарым бар

© Sputnik / Эмиль СадыровБалдарын жетелеп бараткан аял. Архив
Балдарын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Таалайгүл Усенбаева балдарын таштап, бардык милдетти аялдын мойнуна илип койгон эркектер тууралуу сөз кылды.

Редакцияга түрдүү тагдыр менен көп адам келет. Алардын ичинде жалгыз бой аялдар да бар. Айрымдарынын айтып берген окуяларынан улам бул колумнистиканы жазууну туура көрдүм. Балким, балдарын болбогон себеп менен таштап басып кеткен 100 эркектин бирөө окуп калар...

Отец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов - Sputnik Кыргызстан
Аутист баланын атасы: чүрпөсүнүн дартын угуп таштап кеткен эркектерге айтарым бар
Бир күнү кеңсеге уулунун операциясына жардам сурап бир келин келди. Экинчи баласы майып болуп төрөлүптүр. Дарыгерлер "уулуңду чет өлкөдөн операция жасатсаң айыгат" деп айтканынан, апасы акча издеп ар кимдин эшигин каккылап каражат чогултуп жүргөнүн айтты. Жолдошу болсо баласынын дартын укканда ар кайсы шылтоону айтып, келинди эки баласы менен таштап баса бериптир. Эки жылдан бери атасынан дайын жок дейт.

Жакында дагы бир жалгыз бой аял менен маек куруп калдым. Күйөөсүнүн ур-токмогунан беш жыл мурда кетип калыптыр. Мончоктой болгон төрт баласына атасы бир басып келбептир. Балдар атасын сурашат, күтүшөт деп маектешим жашыды.

Мындай тагдырлар оголе көп. Статистикалык маалыматтарга таянсак, ушул жылдын алты айында эле Кыргызстанда 22 миңден ашык түгөй никеге туруп, беш миңден ашык жубай ажырашып кеткен. Элестетиңиз, алты айдын ичинде беш миңден ашык бүлө бузулуптур. Канча бала тирүүлөй жетим калды?..

Үй-бүлөдө атанын орду башка. Бала үчүн ата кол жеткис экенин чүрпөсүн таштап кеткен эркектер чын эле билбейби? Алар ата мээримин көргүсү келет, күтөт, жол карайт. Жөн гана атасынын мойнуна асылып ойногусу келет...

Башкалар атасына эркелеп жүргөнүн көргөн балдардын томсоруп, жер карап каларын бир жолу ойлондуңар беле? Канчалаган бөбөк азыр таякелерин "аталаганга" аргасыз болуп жүрөт. Ошол балдарды бутуна тургузайын, башканын баласынан кем болбосун деп энеси бирөөнүн эли-жеринде кара жанын карч уруп иштөөгө мажбур.

Кызын көтөрүп турган ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаркын маанайда жүрүүнүн 15 эрежеси. Таңдын ырыскысы тууралуу
Ата-энеси тирүү туруп жетимдин күнүн көргөн, тай кезинен жан дүйнөсүнө бүлүк түшкөн, сагынып күн батырып, сагынып таң тоскон, кусалыктан жүрөгү эзилген балдарды көрүп зээн кейийт. Майып болуп калганына, атасы менен энесинин оту күйүшпөй калганына, эки куданын бири-бири менен тил табыша албай калганына, акчанын жогуна, үйдүн жогуна, айтор, толгон-токой себепке БАЛА КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕС да!

Өз канынан жаралган баласын таштап кеткен "күкүк" аталарга: "Чүрпөңөр силер кандай болсоңор да күтөт, кечирет. Анткени силер алардын атасысыңар. Балким, азыркы тапта аларга аябай керек болуп жаткандырсыңар. Жок шылтоону айтпай, жөн эле, бүгүн, азыр барып уул-кызыңардан кабар алып, бар экениңерди билгизип койгулачы" дегим келди.

Акыры өз каныңар го... Силерден башка ал кимге керек...

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0