00:21 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Афганистандын королу  Аманулла хан. Архив

Алышып жүрүп араң жеткен азаттыктын баяны. Афганистан эгемендигин белгилөөдө

© Sputnik / РИА Новости
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
1346 0 0

Бүгүн Афганистан эгемендүүлүгүн белгилөөдө. Жүз жыл мурда бул өлкөнүн өкүмдары Аманулла хан Улуу Британия менен согушуп, өлкөсүн көз карандысыздыкка алып келүүгө жетишти. Колумнист Алмаз Батилов афган элинин көкүрөгүндөгү көксөгөн максатын иш жүзүнө ашырган Аманулла хан тууралуу баяндап берди.

1919-жылдын 19-августунан баштап Афганистан толук эгемендүү мамлекет болуп калды. Көз карандысыздыкка жетиш үчүн Англия менен үч ирет согушту. Улуу Британия колониалдык тарыхында биринчи жолу өзүнө көз каранды өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныганга мажбур болду. Белгилей кетчү жагдай, Афганистан менен Советтик Россия биринчилерден болуп бири-биринин көз карандысыздыгын тааныган.

Кендирди кескен Гандамак келишими

Афганистан Евразияда стратегиялык жактан абдан ыңгайлуу аймакта жайгашкандыктан, 19-кылымдын башында Россия менен Улуу Британиянын ортосунда айыгышкан күрөш башталат. Бул эки державанын ортосундагы атаандашуу дүйнөлүк саясатта "Чоң оюн" деп аталды. Англиянын көп колонияларынан айырмаланып, Афганистан эч качан толугу менен Улуу Британияга караган эмес.

19-кылымда Англия эки ирет Афганистанды басып алганга аракет кылат. Буга чейин Улуу Британия чыгыш афган тайпалары жашаган чөлкөмдү (азыркы Пакистан) басып алууга үлгүргөн. Бирок калган афган эли биригип, англиялык аскерди талкалап, өлкө аймагынан сүрүп, Ата Журтун сактап калышат. Улуу Британия мындай аракеттен майнап чыкпасына көзү жетип, Афганистандын эмири Абдуррахман хан менен өзүнө ыңгайлуу келишим түзгөнгө аракеттенет. 1879-жылы май айында Афганистандагы Желал-Абад шаарынын жанындагы Гандамак кыштагында расмий Лондон менен Кабул тынчтык келишимине кол коёт. Натыйжада өлкө бир топ жеринен ажыраган. Ошол эле учурда расмий Кабул тышкы саясатын Улуу Британия аркылуу гана жүргүзүп, Англия Афганистандын эмирин жылыга 600 миң рупийге каржылайт деген шартка Абдуррахман хан арга жок баш ийип берет. Белгилей кетсек, Гандамак келишими Афганистандын өнүгүшүнө абдан зыян келтирген.

Мындан сырткары, 1880-жылдары Англия Индия менен Афганистандын ортосундагы "Көз карандысыз афган уруулары жашаган тилке" деп аталган чек ара чөлкөмдү толугу менен басып алганга умтулат. Бул аймакта жашаган чыгыш афган тайпалары менен Абдуррахман хан Англияга баш ийип берүүнү каалабай каршылык көрсөтүшөт. Буга карабастан, 1893-жылы ар түрдүү амалдардын аркасы менен Улуу Британиянын Индиядагы колониалдык администрациясынын жооптуу катчысы Мортимер Дюранд чыгыш афган уруулары жердеген аймакты расмий Лондонго өткөрүп берүү тууралуу келишимге Абдуррахманды кол коюуга көндүрөт. Бул келишим дүйнөлүк дипломатияда "Дюранд сызыгы" деп аталып, афган эли экиге бөлүнүп калды. Азыркы күндө да "Дюранд сызыгы" Пакистан менен Афганистандын ортосундагы чечилбеген маселе бойдон калууда.

© Sputnik / РИА Новости
Жүз жыл мурда бул өлкөнүн өкүмдары Аманулла хан Улуу Британия менен согушуп, өлкөсүн көз карандысыздыкка алып келүүгө жетишкен

Алгачкы аракеттер

Өткөн кылымдын башында Иран, Кытай жана Түркияда бийликке каршы революциялар болот. Натыйжада бул мамлекеттерде саясий жана социалдык-экономикалык жактан өзгөрүүлөр башталат. Анын таасири менен Афганистандын элитасы, армия, интеллигенция жана көпөстөрүнүн арасында "Жаш афгандар" кыймылы жаралат. Булар Абдуррахмандын мураскору Хабибулланын залим саясатына тымызын каршы болуп, Ата Мекенин Англиядан толук көз карандысыз болушу үчүн олуттуу реформа жүргүзүүнү максат кылышкан.

Кыймылдын идеологдорунун бири - белгилүү коомдук ишмер жана жазуучу Махмуд бек Тарзи болгон. Ал Жакынкы Чыгышта жашап, билим алган эле. Махмуд бек Афганистанда биринчи "Серадж аль Ахбар" ("Жаңылыктардын чырагы") аттуу гезитин чыгарат. Бул басылма Афганистандын саясий турмушунда чоң роль ойноп, коомчулук аны "афган журналистикасынын атасы" деп атаган. Ошол эле убакта буларды афган падышасынын экинчи уулу ханзаада Аманулла хан колдойт. Анын үстүнө ал Тарзинин кызы Сорайяга үйлөнөт. Белгилей кетчү жагдай, "Жаш афгандар" кыймылы светтик билимдин чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган.

Уулунун колунан ажал тапкан хан

Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда Хабибулла хан Афганистан бейтарап саясат жүргүзөрүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө ал түрк менен немис чалгынчыларына Англияга каршы диверсиялык аракеттерге жардам берген. Осмон менен Германия империяларынын чалгынчылары чыгыш афган тайпаларына таянып, Британиянын эң ири колониясы Индияда бир катар толкундоолорду уюштурат. Түрк менен немис чалгынчыларынын мындай кадамына Англия жана Россия бөгөт коёт. 1917-жылы Россиядагы Октябрь революциясын "жаш афгандар" жакшылыктын жышааны катары кабыл алышат. Алар большевиктердин чет элдик баскынчыларга каршы күрөшүп жатканын чын жүрөктөн кубатташат. Ал эми расмий Кабулду, тескерисинче, Октябрь революциясы кооптондурат. Хабибулла ханга Москва мурдагы Россия падышалыгынын Афганистан менен Иранга карата түзүлгөн теңсиз келишимден баш тартып, эки мамлекеттин ортосунда тең укуктуу келишимге кол коюуну сунуштайт. Россиянын мындай сунушунан баш тарткан хан "жаш афгандардын" кыжырын кайнатат. Божомол боюнча, 1919-жылы 20-февралда Хабибулла ханга улуу баласы Насрулла каршы кутум уюштуруп, аны өлтүрөт. Бирок бийлик үчүн күрөштө "Жаш афгандардын" лидери Аманулла хан жеңип, сегиз күндөн кийин тактыга отурат.

© Sputnik / Николай Петров
Көз карандысыздыкка жетиш үчүн Афганистан Англия менен үч ирет согушту. Улуу Британия колониалдык тарыхында биринчи жолу өзүнө көз каранды өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныганга мажбур болгон.

Жаңы ажонун амири

Жаш өкүмдар эки тизгин, бир чылбырды колго алары менен расмий түрдө "Афганистан эч бир башка өлкөгө баш ийбейт жана көз карандысыз мамлекет" деп жар салат. Ошол эле учурда "Жаш афгандар" кыймылынын "Аман жана афган" аттуу гезити чыга баштайт. Бул гезиттин биринчи санында өлкөдө реформалар башталат деп жарыяланган. Мындан сырткары, Аманулла хан кайнатасы Махмуд-бек Тарзини тышкы иштер министири кылып, өлкөдөгү көпчүлүк маанилүү кызматтардын жетекчилигине "Жаш афгандарды" дайындайт. Ошол эле убакта Англия падышасынын Индиядагы акимине Афганистандын толук эгемендүү мамлекет болгону тууралуу кат жөнөтөт. Андан кийин Аманулла хан кайнатасы Тарзи экөө Советтик Россиянын башчысы Владимир Ленинге достук мамиле түзүүнү өтүнүп кайрылышат.

Улуу Британиянын Индиядагы акими Афганистандын көз карандысыздыгын таануудан баш тартып, Гандамак келишиминдеги бардык шарттарды сактоону талап кылса, 1919-жылы 27-майда совет өкмөтү дүйнө жүзүндө эң биринчи болуп Афганистандын эгемендүүлүгүн тааныйт. Андан тышкары, Советтик Россиянын тышкы иштер министри Георгий Чичерин Афганистандагы кесиптештерине расмий түрдө советтик өкмөт Россиянын падышалыгынын тымызын жол менен расмий Кабулда түзүлгөн теңсиз абалга койгон келишимдин баарын жокко чыгарганы тууралуу деп нота жиберген. Бул кадам менен расмий Москва менен Кабул чоң жеңишке жетишкен эле. Аманулла ханды диний элитанын өкүлдөрү, интеллигенция, армия жана элдин калың катмары колдоду.

1919-жылы 3-майда хан Британиянын карамагындагы Пешавар шаарына чабуул жасаса, эртеси, 4-майда, Англия Афганистанга расмий түрдө каршы согуш жарыялайт. Чыгыш афган тайпалары Аманулла ханды колдоп, британиялык аскерлерге каршы партизандык согуш жүргүзөт. Каршылашкан эки тарап тең айыгыша согушат. Мында Аманулла хандын элдешкис атаандашы жана анын мураскору, аскер башчы Надир хандын жылдызы жанат. Эки жак тең алсырайт. 2-июнда расмий Лондон менен Кабул согушту токтотот. Эгерде согуштук иш-аракеттер улана берсе, Индияда көтөрүлүш чыгып кетиши мүмкүн экенин түшүнүп, Англия согушту уланткысы келген эмес.

© Sputnik / РИА Новости
Афганистан менен Советтик Россия биринчилерден болуп бири-биринин көз карандысыздыгын тааныган.

Көз карандысыз Афганистан

1919-жылы 8-августта Түндүк Индиянын Равалпинди шаарында (азыркы Пакистанда жайгашкан калаа) Улуу Британия менен Афганистан тынчтык келишимине кол коюшат. Ага ылайык, Англия мурдагы Гандамак келишиминдеги афган эмирине төлөнчү субсидияларды төлөгөнүн токтоткон. Муну менен расмий Лондон Афганистандын эгемендүүлүгүн тааныганга аргасыз болгон. Алгачкы жолу Англия колониалдык тарыхында өзүнө көз каранды мамлекет менен согушта утулуп, анын шартына моюн сунуп, көз карандысыздыгын тааныганга мажбур болду эле. Бирок Аманулла хан чоң атасы Абдуррахман хан кол койгон Дюранд сызыгы тууралуу келишимге дагы бир бир ирет кол коюп берүүгө мажбур болду.

19-августта расмий Кабул өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялады.

Тема боюнча

Чүмкөнбөгөн кыздарды өлтүрүшкөн... Кыргызстандыктардын афган согушундагы 11 сүрөтү
Белгилер:
көз карандысыздык, согуш, колония, эгемендүүлүк, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ