07:05 21 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Студенттер. Архив

"Для галочки" окубагыла, жаштар! Мойнунан байлаган иттей болосуңар

© AFP 2019 / CHARLY TRIBALLEAU
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
70210

Колумнист Бегимай Бакашева абитуриенттерге өзүнө жакпаган кесипти тандоонун таптакыр кереги жок экенин түшүндүрүүгө аракет кылды.

Он чакты күндөн бери редакцияда бир кыз практикадан өтүп жүрөт. Негизи студенттен "майнап" чыгаар-чыкпасы алгачкы эле күндөрү билинет. Ал кыздыкы деле эптеп күн өткөрмөй экенин байкагам, бирок ишке аралашса кызыгып кетер деп ойлогом.

Анан ал мага кечээ жазды:

— Эже, мен сиздин убактыңызды алып күн сайын келип отурбай, жумасына бир эле жолу "для галочки" келип койсом болобу?

— Эмнеге?

— Мен баары бир журналист болбойм.

— Анда убактыңды коротуп эмнеге окуп жатасың?

— ...

Достор, өзүңөр кызыкпаган, шык-жөндөмүңөр жок, акыры иштебейм деген кесипти эмнеге тандайсыңар? Кимге кереги бар? Буга мындай жооптор болушу мүмкүн.

  • Ата-энем сунуштаган, жок, тагыраагы, тандаган;
  • ЖРТда алган баллым ушул окууга өткөнгө гана жеткен;
  • Классташтардан калбай эптеп окууга өтүш керек болчу;

Жооптордун дагы башка варианттары болушу ыктымал, бирок биздин коомдо окууга өткөн жаштардын көбү ушундай шарттар менен кесип тандагандай сезиле берет.

Баласына бир кесипти таңуулаган ата-энени бир четинен түшүнсө болот. Алар "балам жерде калбай, тыңгылыктуу жан багып кетсин" деп ойлойт. Өздөрү акылы жеткен, кирешелүү, иш бат табылат деп уккан же ойлогон жумуштарды сунуштайт.

Бирок кээ бирлер баласына өзү жетпей же өтөсүнө чыкпай калган кесиптерди таңуулаган учурлар болорун психологдор көп айтат.

Мисалы, Гуля эже жаш кезинде дарыгер болгусу келген дейли. Бирок дарамети фармацевтикке гана жеткен. Азыр Бишкектеги дарыканалардын биринде иштеп, кыялындагыдай күн сайын оорулууларды айланчыктап жүрбөй, аларга дары сатуу менен гана чектелет. Ичинен быйыл 11-класска көчкөн кызын келечектеги кыйын хирург элестетип, күндө анын мээсин жейт.

Анысы болсо адамдын этин кескенди эмес, кездеме кескенди жакшы көрөт. Кийин Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Азияга аты чыккан модельер болом деп эртели-кеч оюндагы эскиздерди кагазга түшүрөт. Кээде аларды кескилеп отуруп, сөөмөйүн тилип алса, үч тамчы канды көрүп, коркконунан эсин жоготуп коё жаздайт...

Бул эми менин фантазиямдагы ойлор бир жерден чыкпаган эне-баланын образы. Бирок бизде мындай мисалдар толтура.

Балалык менен кошо кеткен дипломатия

Балага өз оюн таңуулаган ата-энелердин дагы бир категориясы — өзү иштеген тармакта кадыры бар, сөзүн эки кылбаган тааныштары көптөр. Булар баласын каалаган учурда ишке орноштуруп коём деп ойлойт.

Бир эле мисал, тоо-кен тармагында иштеген тууганыбыз бар. Уулу кичинесинен эле дипломат болом деп мектептен тышкары англис тилин үйрөнүп жүрчү. Киши менен бат тил табышкан сылык-сыпаа, улам жаңы нерсе үйрөнүүгө дилгир өспүрүм болчу. Теледен жаңылыктарды көрсөткөндө президенттин чет өлкөгө сапарларын, документтерге кол коюу учурларын көзүн албай, талып карап калчу. Ошолордун катарына кошулсам деп кыялданса керек.

Бирок азыр Тоо-кен институтунда окуйт. Жакында сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Россияга кеткени жатыптыр.

Балким, ал өзү каалаган окуусуна тапшырса, чын эле мыкты дипломат болмоктур. Мүмкүн бир өлкөгө элчи болуп, Кыргызстан деген кооз өлкөнү, кыргыз деген меймандос элди таанытмактыр. Эми азыр Москвада такси айдайт экен. Мейли бир күнү кайтып келди дейли, атасы тааныштары аркылуу жумушка киргизет. Бирок таксист тоо-кенин кантип кыйратат?

Кесип тандоо

Достор, бала кезде кайсы ролго көп ыктачу элеңер? Мисалы, мен кошуна кыздар-балдар менен концерт коюп ойногондо, кийин мектептеги ар кандай иш-чараларда дайыма алып баруучу болчумун. Менден башка эч ким муну кыла албачудай сезилип, дайыма жоопкерчиликти мойнума алчумун. Азыр алып баруучу эмесмин, бирок кесибим ошого жакын, журналистмин. Сиңдим 4-5-класста окуп жүргөндө эле кездемелердин калдыктарынан төшөк курай берчү. Азыр өзүнүн тигүү цехи бар, заказ менен кийим тигет.

Жакшылап эстеп көрсөңөр, бирөөңөр бакага "операция" жасаганды жакшы көрчүсүңөр. Дагы бирөөгө таяктан жасалган тапанчаны көтөрүп алып, баарын тартипке салган жакчу.

Мунун баары бекеринен болбосо керек. Анткени азыр көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө мектеп программасына оюн аркылуу кесип тандоочу сабактар киргизилген экен. Анда мугалим балдарды ар кандай оюндарды ойнотуп, жыйынтыгында кимдин эмнеге жөндөмү бар экенин аныктайт.

Эң негизгиси, "окубай калгандан көрө" же "классташтарга уят болбоюн" деп кез-келди окууга тапшырып албагыла. Андан беш жылдык өмүр жана ата-эненин акчасын текке кетиргенден башка пайда жок. Быйыл болбосо, жакшылап даярданып алып келерки жылы тапшырасың.

Кызмат — адамды адам кыла турган жашоонун маанилүү бөлүгү. Жумуш аркылуу адам өзүн таанытат, дос күтөт, кадыр күтөт, каражат табат, элине кызмат кылат...

Андыктан өзүңөргө жакпаган, шык-жөндөмүңөр жок ишке убакыт коротпогула. Жашоо бир гана жолу келет!

Тема боюнча

Топу кийбегендерди чокуга эле чабыш керек... Күйгөндөн айтам бир сабак
Жоругуңар желкени жонуп бүттү! Мага окшогон бир байкуш журналисттин баяны
Белгилер:
Кыргызстан, тандоо, окуу, кесип, абитуриент

ЭҢ МААНИЛҮҮ