Никелешүү базарга барып келгендейби? Же эмнеге жаштар оңой ажырашат

CC0 / loilamtan / Женитьба в КР
Женитьба в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Бегимай Бакашева бири-бири менен оңой эле ажырашып жаткан жаш жубайлар тууралуу ой толгоду.

Алдын ала айтып коеюн, бул жерде үй-бүлөлүк турмушу чындап эле кыйынчылыкка кептелип же зордук-зомбулукка кабылып ажырашкандар жөнүндө сөз болбойт.

Жүдөп кеттим...

4-5 күн мурда дүкөндө жүрсөм, жакшынакай бир кыз учурашып, мени тааныгандай ал-жайымды сурап кирди. Жүзү жылуу учураганы менен мен аны көпкө тааный алган жокмун. Бир маалда өзү "мен Асеммин, сулуулук салонунда иштечү элем го" деди. Ошондо эстедим. Акыркы жолу көргөндө жоолук салынып жүргөн эле. Мен дароо "кандай жүрөсүң, үй-бүлөң, жолдошуң жакшыбы?" деп сурап кирдим. Ал "уже развелась, честно говоря, запарилась от его родни. У них же дом в богом забытом Кара-Жыгаче" деп мурдун чүйрүп койду. Өмүрүмдө 3-4 жолу гана көргөн бул кыздын жеке жашоосу кызык эмес эле, бирок тигинтип аткандан кийин үстү-үстүнө суроо берип ийдим. Күйөөсү үйдүн кичүүсү экен. Экөө көп таарынышканы менен колу тийбептир. Күйөөсүнүн эң чоң айыбы — экөө чогуу жашаган сегиз ай бою автоунаа сатып ала албай койгонунда экен.

Сулуу болбой калды...

Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдо 100 орун бербесеңер, кызды албайсыңар! Азыркы кудалардын трагедиясы
Экинчи каарманым Айдин. Ата-энеси чоң той берип сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнткөн. Жубайы экөөнүн жетелешип жүргөнүн көп көрчүмүн. Атургай былтыр кыздуу болдук деп сүйүнчүлөшкөн. Бирок жакында эле социалдык тармактагы баракчасына башка кызды кучактаган сүрөттү жүктөп коюптур. Көрсө Айдин жубайы менен ажырашкан экен. "Төрөгөндөн кийин өзгөрүп кетти. Жини чукул, өзүн карабай калды. Толуп, мурдагыдай сулуу болбой калды" дейт. Байкашымча келин төрөттөн кийинки депрессияга кабылган окшойт. Ал нерсе бат эле өтүп кетерин, бала ирденери менен келинчеги мурдагыдай эле сымбаттуу болуп каларын айтып-түшүндүргөн улуулар болгон эмес окшойт.

Күнүнө 24 үй-бүлө ажырашат

Кыргызстанда ажырашкандардын арасында жаштар көп экенин статистика деле далилдеп турат. Жаштар дегеним никесин расмий жокко чыгаргандардын басымдуу бөлүгүн 25-29 жаштын ортосундагы келиндер жана 30-34 жаштын ортосундагы жигиттер түзөт (2017-жылга карата маалымат). Баса алардын арасынан ар бир үчүнчү үй-бүлө балалуу боло электе кол үзүшөт экен. Жалпысынан алсак, өлкөдө жыл сайын 9 миң үй-бүлө ажырашат. Бул күнүнө 24 коломто бузулат дегенди түшүндүрөт.

Эмнеге мындай?

Жеке пикиримде, үй-бүлө адам баласынын жашоосундагы эң негизги нерсе болушу керек. Аны канчалык үлгүлүү жана бекем кармасаң, коомго ошончолук салым кошосуң. Анткени күн сайын атанын дагы, эненин дагы мээримин көрүп өскөн баланын жан дүйнөсүндө боштук калбайт.

Үйлөнүү той учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ары-бери басып жүрө бербей даярдан! Турмушка чыкчу кыз биле жүрчү жагдайлар
Балким, жаштар мындай баалуулуктарды түшүнө электе үйлөнүп жатса керек? Же алгачкы эле кыйынчылыктарга сынып калып жатышабы? Же ажырашуу мурдагыдай көйгөй жаратып, эч кимди намыстантпай калганбы? Антейин десең, сурай келгенде кыргызстандыктардын 60 пайызы күйөөдөн чыгуу аял үчүн уят деп эсептейт экен. Болгондо дагы 21-30 жаштагы кыз-жигиттер ушундай ойдо. Анда эмнеге өздөрү мындай жолго барып жатышат?

Шашпагыла

Достор, эки айрым жолго түшүү оңой эле. Бирок ошого чейинки турмуш канча убакытты, энергияны, каражатты талап кыларын унутпагыла. Жөнөкөй эле мисал, кыз узатуу жана үлпөт тойду алалы. Аны өткөрүү үчүн ата-энеңер канча убара болуп, канча чачы агарат? "Элден калбайлы", "Кудалардан уят" деп карызга батканычы? Кудалар дароо тил табышса жакшы, болбосо кээде "ресторандан баланча орун бересиң" деп бири-бири менен тирешип жатып мамилесин бузуп алгандар толтура. А силер ажырашып кеткенден кийин канча кишинин нерви бузулат? Кудалар бири-бири менен бет карашпай калат.

Акча жана шакек кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мен калың төлөөдөн баш тартам! Шаарда өскөн бойдок жигиттин "бунту"
Андан көрө шашпагыла, а эгер "өз адамыңарды" таап алсаңар, эч жакка коё бербегиле.

Кыздар, шаардын чок ортосунда үйү, акыркы үлгүдөгү "Мерседеси" болбосо мейли. Үйдүн кичүүсү болсо дагы эч нерсе эмес. Анын дагы жакшы жактары көп. Жөнөкөй эле ой жүгүртүп көрсөңөр, жок дегенде үстүңөрдө үй, үйдө баланы карап берчү кайнене, кайната болот.

Жигиттер, төрөттөн кийин аял "акылдан" таят. Анысы аз келгенсип, толуп, жүдөп кетиши мүмкүн. Бирок мунун баары убактылуу. Кыз кезинде сыланган жубайыңар кайра эле калыбына келет.

Арзыбаган нерсе үчүн ажырашпагыла!

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0