Унчукпай пайда келтирүүнүн жолу. Аманат эстафетасы башталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тил — бирөө, кулак — экөө. Бул - азыраак сүйлөп, көбүрөөк ук деген ишара. Акылды байытып, илимди өстүрүп, абийирди сактоонун сыры, балким, ушундадыр дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Демек, пайдасыз сөзгө убакыт-күчтү, аброй-намысты коротуп, ысырап кылуу туура эмес. Жубайыңызды, бала-чакаңызды, өлкөңүздү, ал тургай ааламды башкарууга, балким, күчүңүз жететтир, бирок тилди башкарууга күч алсыздык кылат. Адам айфонду жасады, роботту ойлоп тапты, керемет конструкцияларды курду, учак курап асманга учту, ал тургай айга конду, бирок тилди тыйганды алигиче үйрөнө элек. Бир жакшы сөз айтам деп ачылып, артынан өзү билбей миң жаман сөз айткан ооздор азбы дүйнөдө. Ошондуктан унчукпоо — улуу олуялардын сыпаты, утушка жетелечү касиет окшобойбу.

А көрөкчө нарктуу насааттарды, орошон ойлорду, керектүү кеңештерди тыңдаңыз. Татыктууну тандап угуңуз, акылманды жандап угуңуз, дитиңизди бүт арнап угуңуз, ой жүгүртүп талдап угуңуз. Кулак — бул сырткы дүйнө менен жүрөк-мээни байланыштырган чоң арык. Ал аркылуу ички дүйнөңүзгө таза мөлтүр булак агып келеби же таштандыбы, өзүңүздүн ниетиңизге, тандооңузга жана аракетиңизге байланыштуу.

Аманат эстафетасы

Уюткулуу устаттарымдан улуу, жылуу, маңыздуу насааттардын далайын уктум. Алардын канчасы баштагы акылыма, жүрөктөгү илимиме, денедеги амалыма жана көздөгү уятыма айланганын бир Жараткан билет. Кеп ошол аманатты эстафета катары башкаларга берүүдө калды. Анткени билгениңди кандай амал кылганың тууралуу акырет сурагы бар дешет аалымдар. Береги адам деген эң жооптуу атка татыктуу болуунун беш шартын бөлүшүү менен аалымдардан кабыл алган аманат эстафетасын сизге тапшырып жатам, урматтуум.

Беш насаат

III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
"Маданий дааватты" баштоо зарылдыгы тууралуу. 5 сунуш
1. Тилиңизден жана колуңуздан башкаларга пайда жетсин, пайда жетпесе, кур дегенде зыян жетпесин. Өзгөчө тилди сактаңыз. Согуш учурунда миңдеген чакырымдан бутага так тийчү ракеталардын кнопкасын басууну эсепке албаганда, кол менен болгону маңдайда турган жанга гана залал келтиришиң ыктымал. Тил менен ай-талаанын, керек болсо океандын ары жагындагыларга, ал тургай жерде туруп асмандагыларга акаарат айтып, аброй-ызатын тепсеп, жаргылчактан өткөргөндөй бырчалап салыш эч кеп эмес. Жүрөккө сайыш үчүн колго канжар же кылыч кармоо керек, а тил андай шайман-куралы жок эле көз ирмемде миллиондордун, а балким, миллиарддардын жүрөгүн жаралайт, сезимин уулайт жана көңүлүн сыздатат. Муштан пайда болгон жаракат Жараткан жалгаса бир күн айыгат, а бирок тилден бүткөн жаракаттын оорусу, залакасы, тагы кетпестен кала берет жана эстеген сайын жүрөктү мыжыгып ызага сала берет. Зыяндан жана зыяндуу болуудан өтө сактаныңыз, анткени зыяндын аягы бактысыздык...

2. Адам тууралуу жакшы гана сүйлөңүз, эгер анте албасаңыз, жок дегенде жаман сүйлөбөңүз. Бирок бетине мактай көрбөңүз, бай болгур. Антсеңиз татыксыз болсо да мактоого ишенип алмай — адамдын алсыздыгы, напсинин акырын моюнга салчу укуругу. Артынан канча болсо да мактай бериңиз. Эгер угуп калса душманыңыз болсо да сизди жакшы көрө баштайт, сизге карата жүрөгүн жылуу сезимдер уялайт. Жаман сөз досту каска, тууганды душманга айлантат. Кылган кыйбатыңыз сиз артынан шыбаган байкуштун өзүнө жетпейт деген кепилдигиңиз болгон күндө да ал үчүн сөзсүз жооп бересиз. Эч ким тууралуу жаман сүйлөбөңүз...

Кыргызская литература - Sputnik Кыргызстан
Темир базардан өмүр базарга карай. Эксперимент уланат...
3. Адам көңүлүн көтөрүңүз, көтөрө албасаңыз, жок дегенде чөгөрбөңүз. Көңүлдөн кымбат эмне бар? Адамдык алакалалардын чордону эмеспи. Бакыттын да, бактысыздыктын да, достуктун да, душмандыктын да, кубанычтын да, капалыктын да, саламаттыктын да, дарттын да, кектин да, кечиримдин да, сүйүүнүн да, жек көрүүнүн да өзөгү — көңүлдө. Аалам гүлистан, нуристан болгон менен көңүл чөгүп, жүрөк үшүп турса кайдагы бакыт. Дүйнөдөн бейпилдик безип, дүрбөлөң кара тумандай каптап келсе да көңүлүңүз тынч жана шат болсо сизден таалайлуу ким бар? Сапырылган акча, жайнаган дүйүм тамак, кап-кап алтын, таңгак-таңгак белек менен чече албас маселелер жөнөкөй гана көңүл жылытуу менен чечилер. Көл тоңсо да көңүл тоңбосун, темир сынса да көңүл сынбасын. Көңүл оорутуу — бул өмүр дарагынын бүчүрүн үзүп, бутагын бурап, шагын кайруу. Демек, бул — өтө зор зулумдук. Ал узабайт.

4. Адам тууралуу жакшы күмөндө болуңуз, анте албасаңыз, жок дегенде жаман күмөн кылбаңыз. Кимге жаман күмөн кылсаң, ошол аркылуу башка сыноо келет дейт. Жакшы күмөн, тескерисинче, жаман акыбалдын жакшылыкка айлануусуна себеп. Бирөөнүн эшигин тыкылдатсаңыз ачпаса, демек, ваннада дене боюн жууп жатат же намаз окууда. Чалсаңыз жооп бербесе, демек, жыйында олтурат же телефону үнсүз режимде башка бөлмөдө калган. Көчөдө унааңызды МАИ кызматкери тосуп, айып пул салса — кырсыктан оолак болуп аман-эсен жүрүшүңүзгө кам көрүп жатат. Айтор, ар бир жан асыл ой, ысык ыклас менен жашап жүрөт. Арасында сиздин бир дагы бут досор душманыңыз, канатты кайрар касташыңыз жок. Баары сизге күйөт, сизге жакшылык тилейт. Ушундай сезим менен жашасаңыз чөйрөң кубанычыңыздын гана башатындай кулпурат. Болбосо, жаман күмөндөр жүрөк азап менен көтөрүүгө аргасыз болгон кара тоого, жалыны жанды сыздаткан жанар отко айланып, өзүңүздүн эле шоруңузду кайнатат.

Кызын көтөрүп турган ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаркын маанайда жүрүүнүн 15 эрежеси. Таңдын ырыскысы тууралуу
5. Адамдарды элдештириңиз, ал колдон келбесе, жок дегенде уруштурбаңыз, чагыштырбаңыз. Элдештирүү — бул сооптуу амалдардын алды, ал эми уруштуруу — күнөөлөрдүн чоңу. Жакындардын арасын бөлбөш, үй-бүлөлөрдү ажыратпас, жаатташкандарды жараштырыш үчүн керек болсо өтө чоң күнөө эсептелген жалган айтууга да уруксат берилерин билет белеңиз? Эмнеге? Анткени ырыс ынтымак бар жерди байырлайт, уруш-талаш, келишпестик, таарыныч, капаланышуу, жаатташуу болгон жерден ат чабым алыс качат. "Бир күн араздашуу болгон жерден кырк күн береке кетет" деген кеп тегин жерден айтылбаган да. Береке — бул ийгилик, бейпилдик, саламаттык, кадыр-барк, ызат-аброй, кут, ырыскы, кубаныч ж. б. бардык жакшылыктардын башын кошкон орток сөз. Дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу дөөлөттөн болгону тарыхтын кичинекей тамгаларына айланып кеткен Вавилон, Рим империясы, Византия, Улуу Кыргыз Каганаты, Алтын Ордо, СССР ж. б. элинин ич ара ынтымагы ыдырагандан баштап башынан бакыт кушу учуп, колунан оомат тизгини чыгып, алдынан алтын тагы тая баштаган. Ошон үчүн максатыбыз адамдардын башын жана жүрөктөрүн бириктирүү болгой. Утаар биригет, утулаар бүлүнөт...

Жаңылыктар түрмөгү
0