09:52 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Манас айкелинин сууда чагылышы. Архивдик сүрөт

Мазарга айланып баратабызбы? Эстеликтер эсти оодарганда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуржигит Кадырбеков
111611

Колумнист Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанды кыдырып жүрүп жагымсыз көрүнүшкө туш болгонун жазды. Көпчүлүк кайдыгер калбай турган маселени окурман журчулугуна сунуштап турган чагыбыз.

Өлкөбүздү кыдырып жүрүп, аябай көп эстелик тургузганыбызды байкадым. Айыл-кыштактардан тартып баш калаабызга чейин жалаң жамы журтка таанымал тарыхый инсандарга эле эмес, аты-заты анчейин белгисиз адамдарга деле коюлган айкелдер жайнап кетиптир.

Айкелстанга айландыкпы?

Райборборлордогу ошол чөлкөмдөн чыккан мыктыларга кыдырата коюлган таш келбеттерди алгач көргөн адам “мазар го” деп ойлогудай. Өзүмө “Мунун кимге пайдасы бар? Кереги канча? Мааниси эмнеде?” деген суроолорду берип, бирок жарытылуу жооп таба албадым. Кылымдан-кылымга Манас атабыздын айкели жасалбай эле келбеди беле. Айкөл баатырыбыз балким ошонусу менен дагы да сырдуу болуп, дагы да аброю артып жүрүп отургандыр. Алтынга алмашкыс баалуу убакытты эстелигин таштан жасаганга кетиргенден көрө Манас тууралуу улуу дастанды жаттап, айтып, жазып, байытып, башкаларга жеткирүүгө арнаган үчүн ата-бабаларыбыз эпосту бизге сактап жеткирип берди. Демек, эстелик — бул азыркыдай адам келбетин айкелге айлантуу эмес, эстелүүгө татыктуу адамдардын калтырган руханий мурасын, берекелүү эмгегин үйрөнүп, жан дүйнөбүздүн, акылыбыздын жана адеп-маданиятыбыздын гүл азыгына айлантуу болуп жүрбөсүн.

Таттуу ниет жана ачуу чындык

Балким, кийинки муун унутпай, эмгегин эстеп, амалын аздектеп, таазим этип жүрсүн деген ниетте эл-жерине мээнети сиңген даңазалуу ата-апаларыбыздын элесин таштан жана темирден жасап жаткандырбыз. Бирок ошону менен эле алардын аттары жатталып, жүрөккө сиңип, көзгө сүртүлүп калса кана. Андай болбой жатпайбы. Маселен, Бишкектин чок ортосундагы Маданият министрлигинин маңдайындагы гүлбакта Кыргыз ССРин ийгиликтүү башкарган өкмөт жана республика жетекчилеринин, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин айкелдери каз катар тизилип турат. Ошол гүлбакта ары-бери өткөндөрдү көзүнө илбей кыналыша эзилишкен оголе көп жаштардын кимисинен болбосун “Мобу кимдин элеси? Тээтиги кайсыл залкар?” деп сурап көрүңүзчү. Бул Абдыкадыр Орозбеков, тигил Иманалы Айдарбеков, береги Баялы Исакеев, катарындагы Раззаков же Усубалиев деп так адашпай атап беришинен чоң күмөнүм бар. “Абды Сүйөркуловду таап берчи?” десең, “Аның ким эле? Тааныбайт экем” деп ийин куушурары турган кеп. Аларды көрүп, “ии, ушундай мыктылар өткөн экен, изилдеп окуп, билейинчи” дегендердин чыгышын дегеле элестете албай койдум. Ар бири бери эле дегенде бир нече жүз миң сомго жасалган айкелди тургузууга кеткен кайран убарагерчилик жана ысырапчылык...

Карга менен сагызган отурган асыл баштар

1937-жылы жалган жалаа менен атылган мекенчил аталарыбыздын айкелдеринин кыштын кычыроон чилдесинде муз каптап, кара кочкул болуп үшүгөн баштарына карга каркылдап же сагызган шакылыктап отурганын көрүп күйбөгөн жерим күл болот. Ал баштар кыргыз үчүн сайылып, кыргыз үчүн кыйылган эле, эл үчүн туулуп, эл үчүн жашап, эл үчүн окко тосулуп, баталгага коюлган эле. Ошол азиз баштарды канаттуунун эң эле кадыры жогу каркылдаган карга менен шакылыктаган сагызганга отургуч кылып берип кылыбыз кыйшайбай жүргөнүбүзгө нааразы болуп кетем... Ал аталарыбыз тирүүлүгүндө көргөн жан чыдагыс азаптарынын уландысын эми ушул айкелдери баштан өткөрүп жаткандай сезилип, ичим эңшерилет.

“Бир эле адам” же жакыр фантазия

Кээ бир жерлерде “баланча балбан”, “түкүнчө баатыр” деп жергиликтүүлөрдөн башка эч ким эгерим укпаган мырзалардын келбеттерин таштан чегип тургузуп, алдына жашаган доорун, учурун жазып коюшкан. Мындан эки-үч кылым илгери жашап өткөн адамдын келбетин ким көрүптүр да, ким эстеп калыптыр? Бул элди, туристтерди, ири алдыда өзүбүздү алдоо эмеспи? Ал адамдардын элестери — болгону сүрөтчүлөр менен айкелчилердин фантазиясы, ой чабыты. Фантазиялар да байыраак, кененирээк болсо мейли эле, бири-бирине өтө эле окшош болуп жатпайбы. Же эмне, баатыр деген куралын кармап, кармашууга камдуу абалда атчан туулабы? Ал деле шаймандарын чечип коюп эс алып жерде отурат, элге кайрылып сүйлөйт, жөө басып, жар жандап бала сүйөт, кеседен кымыз же максым ичет. Дегеним, бизде баатыр аттуунун дээрлик баарынын эстеликтери сакалчан, соот-тулга кийген, бир колунда найза же кылыч, бир колунда калкан кармап тулпарын алкынткан москоол, алибеттүү эркектердин образында. Жазууларынан гана бири Манас атабызга, бири Жайыл баатырга, бири Курманбек баатырга тургузулганын билбесек, баары окшош. Кыргыз тамгасын тааныбаган чет элдик турист  алардын баарын бир эле адам деп ойлосо, таң калуунун кереги жок.

Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй

Аларды коюп биз менен бир заманда жашап өткөн айтылуу алптарыбызга арналып тургузулган айкелдерди көздөн өткөрөлүчү. Кыргыз жерине биринчи келген америкалыкка Бишкектин Чүй — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин көрсөтүп, “Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй” десең кандай пикирде калат? Карт кекирип коюп жоро бозодон келе жаткан кызымтал кулпендеге окшогон ал эстеликтен актердун талантынын чоң күйөрмандары мындай турсун, чейрек кылым кошо жашап жаны-каны аралашып калган аялы да Сүймөнкул атабызды тааныбаса керек.

"Ала-Тоо" аянтындагы Айтматовдун айкелин укмуш жасалган десем ким ишенет? Айтматов деген мухиттей чалкыган инсан эле. Басканынан, турганынан, өң-келбетинен Ала-Тоодой бийиктик, Ысык-Көлдөй тереңдик байкалып турчу. Нуру дагы, сыны дагы, сыры дагы, сүрү дагы башкача, сөзү сөөлөттүү, келбети келишкен, карааны калбааттуу залкар болчу. Ал эми эстелигин карасаң, костюмун көтөргөн катардагы эле 3-курстун студенти. 

Айтылуу беш жылдыздуу мейманкана менен Опера жана балет театрынын ортосуна орнотулган Бүбүсара Бейшеналиеванын айкелин карап “ушул кыргыз искусствосунун эң татынакай өкүлдөрүнүн бири” деп ким айтат?

Ташка адамдын жүзүндөгү ар бир тырышты, башындагы ар бир чачты эсептеп дал өзүндөй чегип чыккан менен тирүүнүн жүзүндөгү нурду, касиетти чагылдырып берүү мүмкүн эмес тура.

Куру намыстын акыбети

Эстеликтердин жайнап кеткени, менимче, баягы эле куру намыс менен атаандашуунун акыбети. “Түкүнчөлөр бабасына балбал, абасына айкел койду, биздин эмнебиз кем?” деген мактанчаак көр сезим жүрөккө уялаганда ушинтип пайдасыз убарага түшөт экенбиз. Президенттин аппаратында иштеп жүргөнүмдө "Баланча деген атактуу инсанга эстелик курууга Бишкектин чок ортосунан жай таап бергиле, болбосо ушунча укум-тукуму митингге чыгып көргүлүктү көрсөтөбүз" деген мааниде жазылып, жүздөгөн адамдын колу коюлган кат кароомо түшкөн. Атайын айтылуу тарыхчыларды топтоп кереге кеңеш курсам, ошол белгилүү инсандын аты дайын болгону менен ал тууралуу архивде бир да материал жок экен. Каңшаар же санжыра түрүндө айрым аңыздар гана айтылып жүрүптүр эл арасында. Бирөө баатыр болгон десе,  бирөө дыйкан деп, дагы бирөө ити чөп жеген соодагер болуптур деген “имиш” деңгээлиндеги божомолдорун ортого салып тим болушту. Ал тургай чыккан жери жана теги тууралуу да бирдиктүү пикир жок экен. Ошондо эгерде бабасын ушундай эле жакшы көрсө катка кол койгон ушунча урук-туугандарынын биринин короосуна алтынга жалатып ааламдагы эң кымбат айкелин тургуза бербейби, жөө жомокто аты калган каармандын баарына эстелик коё бергидей баш калаабыздын чордону асман алдындагы музей же «Ала-Арчадай» көрүстөн эмес да деп капалангам.

Сый-урмат деген - бул...

Кишиге сый-урмат көрсөтүү дегенди өлгөндөн соң атын бир көчөгө же мекемеге ыйгарып коюп, затын бетондон жасай салганды түшүнгөн деңгээлден өтсөк экен. Түбөлүк калтыралы деп канча чыгаандардын аттарын көчөлөргө, болгондо да борбор калаанын эң чоң жана кенен проспектилерине бергенден эмне чыкты? Бөкөнбаев - «Баканбаева», Токомбаев  - «Такамбаева», Осмонов – «Асмонова», Тоголок Молдо – «Тагалок Малда», Абдымомунов – «Абдымамынов» болду да калды. Ушинтип адамдын азан чакырып коюлган аттарын кылы кыйшайбай өзгөртүп айткандар ушул залкар таланттардын жок дегенде бирден чыгармасын атап бере алабы? 

Көрсө, сый-урмат — бул тирүүлүктө жылуу учурашып, салам жолдошуп, кабар алышып, кубанычты бөлүшүп, кайгырганда көңүл көтөрүшүп, ооруганда зыярат кылышуу сыяктуу адамдык алака экен. Өлгөндөн соң маркумдун рухуна бейпилдик, саламаттык тилеп бата кылып, эмгегин эскерип туруу да чыныгы сый-урматтын белгиси. Таштан келбетин чегип, бир жерге тургуза салып, ошону менен озуйпадан кутулдук дегендин ордуна чыгаан таланттын же кыраан баатырдын кылган эмгегин элге таанытуу, кийинкилерге үйрөтүү аракетин көрсөк, анын атын урпактарга таанымал кылууга көбүрөөк салым кошмокпуз. Жусуп Баласагынды биз Кыргыз улуттук университетинин алдында турган узун сакалдуу айкели үчүн эмес, “Төрдөн орун тийип калса нааданга, улагада калганыңа арданба», «Тил — арстан, босогоңдо комдонгон, бошоп кетсе өзүңдү да жеп койгон” деген сыяктуу укканды муютуп, окуганды ойго салчу нарктуу насааттары, керемет ыр саптары үчүн эстейбиз, урматтайбыз жана сүйөбүз.

Токтогулду Токтогул кылган Оштогу гүлбактын кире беришиндеги комуз кармаган эстелиги эмес, “Бычак берсең кындап бер, кындап берсең чындап бер. Берекесиз байлардан, пейил менен кун кетер. Жумуш кылсаң мудаа кыл, иштей көрбө илдекер. Кара санап бирди алсаң, колуңуздан миң кетер” деген сыяктуу санат саптарынан билебиз.

Манас атабызды Улуттук филармониянын алдындагы жана "Ала-Тоо" аятындагы бири-бирине таптакыр окшобогон айкелдеринен эмес, “Курама топтоп журт, кулаалы таптап куш кылган” кеменгерлиги үчүн туу тутуп сыйлайбыз, сыймыктанабыз.

Эстелик эмес, эмгек менен...

Ушундай эле маркумга эстелик койгубуз келсе, кыймылсыз таш айкелге кетчү миллиондогон акчаларды ал тууралуу даректүү же көркөм фильм тартууга жумшайлы. Же каармандын үй-музейин, болбосо китепканасын уюштуралы. Ташка адам келбетин чеккенден көрө “Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу. Ч. Айтматов”, “Өзүң салган тамдан мурда кулайсың, өмүр кыска бычагыңдын сабынан. Т. Үмөталиев”, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин. А. Токомбаев” деген сыяктуу жазууларды чегип орнотолу. Адам окуп, акыл-рухуна азык алсын. Же какыраган дың жерлерди оодарып, көчөттөрдү тигип, гүлдөрдү жайнатып, гүлбакка айлантып ошого берели залкарлардын аттарын. Айтор, ат берүү расмиси эл-журтка, адеп-ыйманга, акыл-рухка пайдалуу иш-аракеттер менен коштолсо, эстелик ташка же темирге эмес, акыл менен жүрөккө чегерилмек...

Тема боюнча

Көз, ой жана мээнин мегабайты. Өргө жетелечү өнөргө орун калбай калбасын...
Мекениң кайда, бир боорум?.. Улутчул менен мекенчил тууралуу
Белгилер:
Токтогул, Жусуп Баласагын, Манас, Бишкек, айкел, эстелик

ЭҢ МААНИЛҮҮ