Башымдан өттү, силер мындай кылбагыла! Акыркы коңгуроо боюнча эки ооз кеп

Жазылуу
Акыркы коңгуроо, ак бантик, жаш аралаш жылмайган классташтар. Үч күндөн кийин миңдеген окуучу мектеп менен кош айтышат. Эламан Карымшаков бүтүрүүчүлөргө акыркы коңгуроо майрамын өткөрүү боюнча сунуштарын ортого салды. Кийин арман кылбаш үчүн ушул нерселерге көңүл буруу керектигин эскертет.

Аз күндөн кийин акыркы коңгуроолор кагылып, билим уясынан 50 миңден ашуун улан-кыз учуп чыгат. Ал эми 9-классты бүтүп жаткандардын саны 96 миңден жогору. Алиппеден баштап адам болууга чейин үйрөткөн мектеп менен коштошуу оор. Ал эми 11 жыл бою бир туугандай болуп калган классташтарыңдан кол үзүү андан да кыйын. Силерде кандай экенин билбейм, менде ушундай сезимдер болгон.

Учурда окуучулар бүтүрүү кечесине кызуу даярданып турган чагы. Муну утурлай эле Билим берүү жана илим министрлиги майрамга карата акча чогултууга, ресторан, кафелерде майрамдап отурууга тыюу салды. Ал эми милиция "ар кандай жоруктарды жасап, обу жоктонуп чаң-тополоң салбагыла" деп эскертти. Ооба, бул майрамдын арты трагедия менен бүтпөсүн деп жасалган аракет экенин түшүнүү керек.

Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
"Акыркы коңгуроо" кайдан чыккан? Ыргытылган калем, комбайн менен келген бүтүрүүчү
Антпесе жол тандабастарды тобу менен жалдап, жоо чаап кайткансып терезеден башын чыгарып шаар аралап кыйкыргандар болот эмеспи. Шаанисин ашырып, ата-энеси барып көрө элек кымбат ресторандарда майрамдашарын билебиз. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө жогорудагы тыюулар таасир этеби же жокпу?.. Анткени алар коштошуу кечесин болушунча шаңдуу өткөрүүгө далалат кылышат.

Бул күндү утурлай бүтүрүүчүлөргө эки нерсени эскертип койгум келди.

Акыркы коңгуроонун баркына жете бил. Классташтарың менен касташпа, көңүлүн оорутпа. Коштошуу кечесин кайсы жерде, кандай шартта өткөргөнүң маанилүү эмес, башкысы жакшы маанайда, классташтардын курчоосунда жыргап-куунап отуруу шарт. Жактырган мугалимдериңди да чакырып, белек берип ыраазычылык айтып коюу да ашыктык кылбайт. Классташтар жөнү жок түртүшүп, болбогон нерсени талашпай, бөлүнүп-жарылбай баарыңар чогуу болгула. Эмнеге антип жатам... Себеби мындан кийин классташтар азыркыдай толук чогулбайсыңар. Канчалык кааласаң да, мүмкүнчүлүк болбойт.

Өзүмдүн мисалымдан эле айтайын, 11-классты бүткөнүмө быйыл беш жыл болду. Алиге чейин чогуу бүткөн 40 классташымдын баары менен бир жерге чогулуп отурган жокпуз. Балдар тойлордо же башка себеп менен көрүшүп турабыз. Кыздардын кээ бири менен гана кокусунан жолугуп же соцтармактан байланышып калам. Тагдырдын жазмышы ушундай экен.

Мектепти бүтөрү менен үч классташ кызым турмушка чыккан, калганы шаарга окууга тапшырды. Чет өлкөгө иштегени кеткендер да бар. Баса, классташтарымдын баары турмушка чыгып кеткенин жакында эле билдим. Биздин акыркы коңгуроо кечебизде классташтар экиге бөлүнүп отурганбыз. Бир мектепте окуганыбыз менен айыл-айыл болуп бөлүнмөйү бар эле. Ошол себептүү куру намыска алдырганбыз. 11 жыл бирге окуп, бирок чогуу коштошпогонубуз жаңылыштык болгон.

Алып баруучу Назира Айтбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ак көйнөк, кызыл жагоо... Белгилүүлөрдүн акыркы коңгуроодогу сүрөттөрү
Ушул мектепте башыбыз биригип дос таап, сырдаш болуп жүрбөдүк беле. Кыздар менен таанышканды, сүйлөшкөндү да классташтардан баштаганыбыз чын да. Сезимдерди ойготкон тун сүйүүнүн пайда болушу да окуучулук учурга туш келген. Буга чейин "Тун сүйүүм ай, сени кайра көрбөй эле койсом болмок экен..." деген баянды да жөн жерден жазган эмесмин. Жазга маал окуудан кийин кымыздык тергени чыгып, тамак жасап барып тоо боорунда отурган күндөр өзүнчө бир керемет эле.

Дагы бир сыр менен бөлүшөйүнбү?..

Мектептен кутулдук, мындан ары жыргап өз билгендей жашайбыз деп ойлоп жатсаңар жаңыласыңар. Чыныгы жашооңор эми башталат. Адегенде эле ата-энеңдин койнунан чыгып жаныңды бакканды үйрөнөсүң. Батирде жашап, бир күн ач, бир күн ток болуп, апаңдын ысык нанына каймак сүйкөп жеп отурган учуруң көздөн учат. Ата-энең берип жүргөн акчанын кадырын билип, каяктан келерин көрөсүң. Анан да шаарга келгенде эркиндикке чыктым деп өзүңөрдү жоготуп койбогула. Дегеним "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" болуп жаман жолдорго азгырылып кетпегиле. Ата-энеңер "ушул балам эл катары билим алып, иштеп өз үй-бүлөсүн бакканга дарамети жетсин" деген илгери үмүт менен жөнөткөнүн эстен чыгарбаш керек. Шаарда мүмкүнчүлүктөр кенен, тандоо көп. Ошол эле учурда жыргалчылыгы эки күндөн ары узабаган нерселер да жетиштүү. Бараткан жакшынакай жолдон азгырылбай, өжөрлүк менен максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла.

Ак жол сага, бүтүрүүчү!

Жаңылыктар түрмөгү
0