07:46 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу маарекеси. Архив

Ак таажычан падыша. Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Каныбек Иманалиев
241350

ЖК депутаты, коомдук ишмер, публицист Каныбек Иманалиев 24 жыл Кыргызстан КП БКнын биринчи катчылыгын аркалаган инсан, коомдук жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын утурлай колумнистика жазды. Бул инсан тууралуу эле эмес, мамлекеттик акыл-эс жана парасат маселесин да көтөрдү.

2019-жылдын 6-мартында өкмөттүн токтому менен Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туура иш-чара, Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө баарыбыз үчүн маанилүү окуя деп ойлойм.

Бир кылымда жүз жыл болсо, ошол XX кылымдын дээрлик чейрек кылымында Турдакун Усубалиев Кыргызстанды жетектеди, ал чейрек кылым Кыргызстан үчүн өзүнчө ренессанс доору болуп калды. Төмөндөгү макалам ушул улуу инсанга арналат.

Аталган иш-чараны өкмөт тийиштүү деңгээлде өткөрөт деген ойдомун. Менимче, Усубалиевдин 100 жылдыгы Кыргызстандын гана деңгээлинде эмес, КМШнын деңгээлинде белгилениши абзел.

На митинге посвященный открытию памятника А.М.Горькому.
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун азыркы Теңдик айылында туулган.

Ак таажычан падыша

…Кимдир бирөөнү биринчи көргөндөгү элеси кийин канча убакыт өтсө да ошол бойдон көз алдыңа тартыла берери анык эмеспи.

1983-жылдын январь айында борбор шаарда "Кыргыз улутундагылардан аскердик офицерлерди даярдоо" боюнча республикалык кеңешме болуп, 7-8-класста мыкты окуган балдар делегат катары келип, алдыңкы катарда отургандыктан биринчи секретарь Турдакун Усубалиевди жакындан көрүп сүйүнгөнүбүздү айтпа. Айрыкча, калыпка салып жасап койгондой куудай аппак чачы эсимде калыптыр.

Кийин 1986-жылы КМУнун студенти кезибизде Ленин китепканасынан чыгып келе жатып Турдакун Усубалиевичти жолуктурдук. Адегенде ал киши кантип эле китепканага келсин деп ойлодум. Бирок чачынан тааныдым. Мындай аппак чач ушундай тарамы менен ушул эле кишиде болушу мүмкүн дедим. Сыртта кар сампарлап жаап турган. Ал киши шашпай карапайым, каадалуу басыгына салып, баскан сайын кыртылдап жаш кар үн чыгарып. Биз курсташым экөөбүз артынан келе жаттык, же таанышканга, же алдына озуп чыгып учурашканга батына албай. Кантсе да падышалык сүр бар да. Жарыктык киши, чач тарамым бузулуп калат дегениби, баш кийимсиз келген экен. Куудай чачына кар жаап жатса, тимеле улуу тоого аппак кар жаап жаткандай бизге бир керемет көрүндү.

Андан бери нечен суулар агып, канча жылдар өттү. Ал инсан менен кенен баарлашып сүйлөшкөн учурлар болду. Бирок баягы падышалык парасаты үчүн атайын жасалган таажы сымак чач тарамы эч өзгөргөн жок. Анысы токтоо басыгына, парасаттуу бой-келбетине куп жарашып келет. Сыртынан бир караган адамга бул кишинин өмүрү да дал ушул калыбынан жазбаган басыгындай бир калыпта өткөн таризде. Түпкүлүгүндө андай эмес экен го…

Строительство Курпсайской ГЭС
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Биринчи улуттук долбоор Усубалиев тарабынан башталып, Токтогул суу сактагычы, Токтогул ГЭСи жана каскады курулганын кыргызий эс тутум али унута элек чыгар.

Биринчи улуттук долбоор

Камбар-Ата–2 ГЭСинин курулуш иштери тасмага түшүрүлгөн "Биринчи улуттук долбоор" аттуу реклама күнүнө жок дегенде 5-6 ирет көрсөтүлгөнү менен мындан жарым кылым илгери эле чыныгы биринчи улуттук долбоор Усубалиев тарабынан башталып, Токтогул суу сактагычы, Токтогул ГЭСи жана каскады курулганын кыргызий эс тутум али унута элек чыгар.

Усубалиевдин чечкиндүүлүк позициясын аныктаган мынабу окуя болбосо, азыр наркы экономикалык суверендүүлүккө тете болуп калган Токтогул курулат беле, же курулбайт беле... Бул окуяны ошондогу райондун биринчи катчысы, маркум Матен Сыдыков айтып берген эле.

…Токтогулда суу сактагыч курулмак болуп, айылдар тоо этегине көчүрүлөт. Аксакалдар эми ата-тегибиз, мүрзөлөр суу астында калмак беле деп сөөктөрдү да көчүрүп баштайт. Ошондо акыл-эске анча сыя бербеген, бир шумдуктуу окуя башталат. Көмүлгөнүнө бир канча жыл болсо да, кечээ эле жерге коюлгансып эт-териси сөөгүнөн ажырабаган өспүрүмдүн тулку бою табылат. Эл ызы-чуу. Алай-дүлөй түшөт. "Арбактарды ордунан козгоп, ушундай болуп отурат, ата-бабанын наалатына калдык. Бул жерден эми көчпөйбүз" деп Токтогул долбоору коркунучка дуушар болот. Жергиликтүү калк райондук жетекчиликти да укпай ызы-чуу ырбаганда Усубалиевге кабар жетип, ал киши өзү келип эл менен жолугат. Баары менен илимдин да, партиянын да, кыргыздын тили менен да сүйлөшүп, элди тынчтандырып, ынанымдуу далилдерди айтып, даанышмандыгын көрсөтүп кайткан экен. Болбосо бүгүн дүйнөлүк деңгээлдеги гидроэлектростанциялардын бири болгон Токтогул ГЭСинин курулушу күмөн болуп калар эле.

Көп убакыттан бери эле экономикалык реформалар жөнүндө сөз болуп, анын алгылыктуу (приоритеттүү) багыттары тууралуу айтылып келет. Өлкөбүздүн өзөктүү тармактары өткөн кылымдын 70-жылдары эле Усубалиев тарабынан негиздүү аныкталгандыгын мойнубузга алганыбыз ийги. Ал багыттар кайсылар? Эң ириде энергетика, тоо-кен өндүрүшү, туризм, текстиль өнөр жайы жана агрардык тармак.

Азыркы саясатчылардын майдачылдыгы улам арбыныраак билинген сайын Турдакун Усубалиевичтин бараандуу карааны ошончо улам кабелтең көрүнүүдө.

Писатель, герой Кыргызской Республики Чингиз Айтматов с Турдакуном Усубалиевым
© Фото / Александр Федоров
Кыргыз тарыхында ысымдары алтын тамгалар менен жазылып калчу залкарлар. Чыңгыз Айтматов менен Турдакун Усубалиев

Социалисттик ренессанс

Усубалиев республиканы жетектеген 25 жыл ичинде эң төмөнкү өсүш 4,2 пайызды, ал эми эң жогорку өсүш 8,5 пайызды түзгөн. Бул "чудо" эмеспи?..

Же баш калааны алалы. 60-жылдарга чейин Фрунзе шаары түштүгү темир жолго араң жеткен, түндүгү БЧК менен чектелген азыркы райборбордон анча айырмалана бербеген калаа болгонун улуу муундар эскерип келет. Күнү бүгүн да Бишкек шаарынын ажарын ачып турган имараттардын демилгечиси да, архитектору да, прорабы да Усубалиев эмей ким эле? Орто Азиядагы жалгыз Кардиология борбору, Политехникалык, Медицина институту, Илимдер академиясы, Гуманитардык, Кыргыз-Славян университети, "Учкун" акционердик коому, Профсоюздар имараты, Мамлекеттик архив, Тышкы иштер, Коргоо, Коопсуздук жана Ички иштер министрлиги, автовокзал, КТР, бүт кичирайондор, Манас, Алматы, Чүй, Байтик проспектилери, "Ысык-Көл", "Достук" мейманкалары, "Ала-Арча" резиденциясы, Борбордук китепкана, драмтеатр, филармония, көркөм музей, "Россия", "Манас" кинотеатрлары, Спорт сарайы, Ала-Тоо, Жеңиш аянттары, "Айчүрөк" соода борбору, "Манас" аэропорту ж.б.д.у.с.

Бийлик кимдир бирөө үчүн укмуштай кумар, а бирөөгө баш айланткан бийиктик, дагы бирөөгө байлык топтоо үчүн берилген инструмент болсо, ал эми Усубалиев үчүн өз жөндөмүн көрсөтүп, элине опол тоодой кызмат кылуу үчүн бир берилген эле тарыхый шанс болучу. Ал мүмкүнчүлүктү өтө сараңдык менен пайдаланды.

Салижан Жигитовдон бир шиңгил

Кантип эле 25 жыл ичинде Усубалиев бир жаңылбай койбосун, бу киши деле пенде эмеспи деген ой кетет. Ушуга байланыштуу маркум Салижан акенин бир тамашасы эске түштү. Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун 60 жылдык мааракесинде Жигитов тамада болуп элдин боорун эзип, анан Усубалиевге сөз берээрде мындай деди: "Азыр түкүнчө бий, баланча баатыр деп атабыз, алар ашып кетсе бир уруу же бир өрөөндүн баатыры болгон. Мына, чыныгы баатыр бу — Турдакун Усубалиев. Эзели бирикпеген кыргызды ушу киши бириктирип, 25 жыл бою "кыңк" эттирбей башкарып турду. Бирок бу кишиден да кемчилик кетти. Маселен, Турдакун Усубалиевич кызматтан кетээри менен өзү өстүргөн кадрлардын баары сатып кетти. Өзүнө каршы чыгышты. Ошондо жалгыз мен Турдакун Усубалиевичти коргоп гезитке жаздым. Ошол макаламды көрүп алып аксакал "Аттигиниң, ушу баланы учурунда кызматка көтөрүп койсом болмок экен деп өкүнгөн чыгар…" дегенде эл кыраан-каткы күлдү.

Саясатчы ириде сөзүнөн, кээде позициясынан, айрыкча алкымынан жаңылат. Кызматтан кетээри менен кылтак издеген кремлдик "десантура" кийин жергиликтүү "агентура" менен биригип, Усубалиевдин ишмердигинен эч кине таап, атына көө жаба алышпады. Бул анын саясий оппоненттеринин алсыздыгы эмес, тескерисинче, Усубалиевдин күчтүүлүгү жана элинин астында абийиринин таза экендиги болчу. Балким, бул инсандын ишмердигинде деле майда-чүйдө мүчүлүштүктөр болгон чыгар. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген кайсы бир кемчилиги документ же далил түрүндө болсо, эмдигиче табылары айгине эмеспи. Анткени ал мамлекеттик гана кызыкчылыкты туу тутуп дүнүйөкорлук оорусуна азгырылган эмес. Ак сүйлөп, адилет бийлик жүргүзүп, адал жүрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Бул Усубалиевдин эң зор көөнөрбөс капиталы.

Т.У.Усубалиев с букетом
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Турдакун Усубалиев 80 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө каршы чыккан. Жеңил, үстүртөн кабыл алган кишиге бул пиар-кампания сыяктуу кабыл алынышы мүмкүн эле. А түпкүлүгүндө өз өмүрүн элинин өмүрүнөн айрып карай албаган, накта кеменгер инсан гана ушундай кадамга бара алмак.

Майрамдалбай калган маараке

1999-жылы Усубалиевдин 80 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, даярдыктар көрүлүп жаткан эле… Анан бир күнү эле аксакал өз мааракесин белгилөөдөн баш тартты. "Менин кыргыз элим башына иш түшүп, Баткенде диний экстремисттер топтору биздин жоокерлердин өмүрүн кыйып, бир канчасы али барымтада жатса, мен кантип той кылмак элем" деген мааниде өзүнүн кабыл алган чечимин тастыктады. Жеңил, үстүртөн кабыл алган кишиге бул пиар-кампания сыяктуу кабыл алынышы мүмкүн эле. А түпкүлүгүндө өз өмүрүн элинин өмүрүнөн айрып карай албаган, накта кеменгер инсан гана ушундай кадамга бара алмак.

"Мамлекеттик" деген эмне?

Кыргызстандын желегин көтөргөн жоокер. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекеттүүлүк бул жөн гана калктын саны, территориясы, укуктук негизи, чек арасы, мыйзамдуу бийлиги менен чектелбестен, ал эң ириде интеллектуалдык жана экономикалык категория экенин эми аңдап отургандайбыз. Деген менен мамлекеттин кудурети нефть, газ, алтын сыяктуу чулу байлык менен эмес, оболу акыл-эс, аң-сезим түшүнүгү менен өлчөнсө керек. Болбосо канча байлыгы туруп кудай сурап күн көргөн эче мамлекеттер бар (маселен, Африка өлкөлөрүндө). Же тескерисинче жаратылыш байлыгы жок туруп гүлдөп өскөн өлкөлөр бар. Маселен, Израиль, Финляндия же Сингапур… Демек, мамлекет кудурети биринчи кезекте улуттун аң-сезими, акыл-эси, ынтымагы, руху, намысына байланыштуу болсо керек го.

Андай болсо мамлекеттик акыл-эс деген эмне? Ал кантип жаралат? Кан мененби же билим мененби?

Мамлекетчил (государственник), мамлекеттик позиция, мамлекеттик кызыкчылык деген түшүнүктөр биз үчүн приоритетпи? Болсо, кимдин мисалында?

Бизде мамлекеттик идеал барбы? Болсо кана?

Мамлекеттик парасат (солидность) жана мамлекеттик жоопкерчилик, ынсап бизге мүнөздүүбү? Мамлекеттик тилектештикчи?

Саясатчыларыбыз абдан көп. Кимиси мамлекеттик ишмер? Ишкерлер көп, а ишмерлер кайда?

Алардын баарында эле мамлекеттик деңгээл же мамлекеттик тажрыйба, мамлекеттик бедел барбы?

Мамлекетибизди кантип сактап кала алабыз?

Деги ушул сыяктуу ой түйшөлткөн жоопсуз суроолор арбын. Буга ким так жооп берет алат?

Албетте, өтөлгөлүү өз өмүрүнүн мисалында бул суроолорго эң татыктуу жоопту журт аксакалы Турдакун Усубалиевич бере алары шексиз эле. А биз болсо али да болсо мамлекеттүүлүк үчүн сынактан өтүп жаткандайбыз.

Церемония открытия бюста Героя КР, видного политического и государственного деятеля Турдакуну Усубалиева в Аллее государственных деятелей в городе Бишкек
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
2015-жылы сентябрдын таңында "Кылым жашап, чейрек кылым башкарган кадимки Калыгул байдын урпагы Турдакун Усубалиевич кайтыш болду" – деп суук кабар уктук...

Турдакун Усубалиевич жөнүндө бул макаланы жазып жатканымда саясатка аралашпаган, бирок чукугандай сөз тапкан бир байке келип калды. Усубалиев тууралуу макала жазып жатканымды айтсам, кошумчалап койчу дейт. "Бу киши 25 жыл ичинде байкабай эле көп завод-фабрикаларды, базар-сазарларды, дүкөн-пүкөн, сарай-парайларды курдуруп салган экен, жыйырма жылдан бери менчиктештирип, талап-тоноп түгөтө албай койдук",- дейт.

2015-жылы сентябрдын таңында "Кылым жашап, чейрек кылым башкарган кадимки Калыгул байдын урпагы Турдакун Усубалиевич кайтыш болду" – деп суук кабар уктук...

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Аны менен кошо өзүнчө бир доор кетти бейм.

Тема боюнча

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы улуттук деңгээлде белгиленет
Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги Киев көчөсүнө ыйгаруу сунушталды
Белгилер:
мамлекеттик ишмер, Каныбек Иманалиев, Салижан Жигитов, Турдакун Усубалиев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ