Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан

© AFP / FABRICE COFFRINIОбсуждение сирийского кризиса в Женеве
Обсуждение сирийского кризиса в Женеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист маданият, адеп жана ынтымак саламдан башталат дейт. Ал саламсыз маданиятты башаты соолуган дарыяга салыштырган.

Кылымдар бою кырылса да жок болбогон айрым элдер бейпил, тынчтык заманда маданиятынан кол жууп, бат эле тарых бетинен аты өчүп кеткен учурлар бар экенин эске салган колумнист кыш чилдесинде алыскы айылдарга болгон сапары ой толгоого уютку болуп бергенин жазды.

Акча эмес алкыш алган айылдыктар

III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси
Кыш чилдеде алыскы айылдардын бирине жаштар, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен илим-билим, адеп-ахлак, китеп окуу жана ынтымак тууралуу баарлашканы "Интеллект инвестициясы" деген долбоор менен бардык. Айылдарда Burj Al-Arab же Sheraton сыяктуу хандар түнөп, падышалар пааналаган беш жылдыздуу отелдер болбогону менен кычыроон кыштагы суук бөлмөлөрүн мештен мурда эле меймандос мээрими, ысык ыкласы менен жылытып, тасмалын жайып, бал, каймак, чөбөгө, айран, этин коюп, карегиң менен тең айлана кызматыңды кылып коноктоочу берекелүү үйлөрдүн берешен кожоюндары көп. Асман тиречүдөй шаңкайган чет элдик атактуу мейманканалар напсиңе жакчу укмуш шарттарды түзүп бергени менен бир түнөшүңө бир канча миң долларыңды шыпырып алып калат. Ал эми айылдыктар ошончо убактысын, малын, кызматын сага тек гана белек кылат да, акысына акча эмес алкыш, байлык эмес бата алышат. Бата берилген үй, буюрса, бакыттын конушуна, куттун коломтосуна, жакшылыктын жайына айланары талашкыс чындык.

Айтор, ошондой үйлөрдүн биринде конок болуп, андан соң семинарыбызды өткөрдүк. Китеп менен достошууга, караңгылык менен касташууга багыттаган ал семинарга адамдардын агылып келиши элибиздин илим-билимге, ыйманга, жакшы насаатка, дегеле руханий азыкка аябай суусап турганын кабарлайт.

Жердин байлыгы - кен, а элдикичи?

Сапар карып, кайра кайтканы унаага отуруп жатканыбызда бизди эртең менен коноктогон үйдүн жашы жетилердеги эрке баласы кайдан-жайдан тели-теңтуштары менен чуркап жетип келди.

— Кетесиздерби? — деди ал энтиге, досторунан айырмаланып чоочун бизди тааныгандыгын баса көрсөткүсү келгендей.
— Ооба, — дедик жарыша.

Устукан тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын эң чоң душманы эмне? Ашказандан башказанга карай жол
Калган балдардын бардыгы биз менен быйтыйган колдорун берип учурашып чыгышты. Бейтааныш адам болсо да салам берүү адебин үйрөнгөн бөбөктөрүбүз бар экен, демек, келечегебиз кең, бешенебиз жарык деп ойлонуп кубанып турдум. "Тааныштарына гана салам айтуу — кыяматтын жакындыгынын белгиси" делет. Бабаларыбыз салам айтууда тааныш, бейтааныш деп ылгаган эмес. Тескерисинче, чоочун мусапыр менен жамалы ого бетер жаркып, тереңирээк сый, көбүрөөк көңүл жана мээрим менен учурашып, керек болсо, акыркы кыл куйругун союп берип коноктогон экен.

Аттиң ай, азыр шаарларда салам айтуу маданияты унутулуп калды. Кыйма-чийме кыймылдагы кыжылдаган көпчүлүктүн ичинен канча жаштарды, мектеп окуучуларын жолуктурабыз, салам узатканы жокко эсе. Калдайган калаа көчөлөрүндө ар бир адамга баш ийкешип отуруу, балким, ыңгайсыздыр дейин десең, мектептер менен окуу жайлардын ичинде деле ошол акыбал. Салам адеби сандан чыкканы менен коомдук жайларда улуу-кичүүнү, кыздарды, аялдарды көзгө илбей, оозуна ак ит кирип, кара ит чыга сөгүнүү кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Акырын акыл айтсаң, айрымдары аңыраңдап ачуулуу карашат.

Шаар тургай элибиздин нарк-салтынын, маданиятынын уюткусу, алтын бешиги болгон айылдарыбыздагы айрым мектептерге кирсең, окуучулары сүзүп жиберчүдөй дүңкүйүп өтүшөт. Бул өтө өкүнүчтүү, анткени саламды унутуу — бул маданиятты курутуу. Ооба, маданият, адеп жана ынтымак саламдан башталат. Саламсыз маданият башаты соолуган дарыядай узакка барбайт. Кылымдар бою кырылса да жок болбогон айрым элдер бейпил, тынчтык заманда маданиятынан кол жууп, бат эле тарых бетинен аты өчүп кеткен учурлар бар. Жердин байлыгы алтын, күмүш, жакут, бермет болсо, элдин байлыгы — маданияты, тили, адеби, ыйманы...

Сөз чакырат, үлгү ээрчитет

Президент федерации салбуруун Алмаз Акунов - Sputnik Кыргызстан
Көз, ой жана мээнин мегабайты. Өргө жетелечү өнөргө орун калбай калбасын...
Бирок "салам айтпайт" деп жаш муундун өкүлдөрүн айыптоого эч кимдин акысы жок. А көрөкчө аларга туура багыт, өргө жетелечү өрнөк көрсөтүп жатабызбы деп өзүбүздү суракка алалы. Салам айтуу парз болорун, а парз деген ыңгайы келсе аткарып, болбосо эс-көңүлдөн чыгарып койчу оюн эмес, кылбагандыгың үчүн абийир алдында жооп берчү, пайда-парасаты тоодой, шарапат-касиети деңиздей нурдуу нерсе экенин балдарга айтып-деп жатабызбы? Салам аркылуу таарынычтар жазылып, алакалар бекемдеп, жылуу сезимдер жуурулушуп, көңүлдөрдөгү муздар эрип, кирлер тазаланып, жагымдуу маанай жана керемет чөйрө түзүлөрүн, а бул болсо ынтымак-ырыстын булагы, азыгы экенин түшүндүрүп жатабызбы? Бет маңдайыңдан өзү чыкпай эле тээ мухиттин ар жагында туруп бирөөдөн салам айттырып жиберген адамга канчалык жүрөгүң жибийт.

Жети жашка чейин бала күзгү сыяктуу болот, айтканыңды угуп, эмне кылганыңды көрүп түздөнөт дейт. Жаш баланы "Эмнеге салам бербейсиң?" деп кекетпей, ага өзүң салам беришиң керек экен. Көргөнү көөнүнө, байкаганы баамына сиңип, алары акырындап амал-аракетке айланат тура. "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" деген эмеспи бабалар.

Салам адеби

Адеп боюнча атчан жөөгө, турган отурганга, унаадагы салт жүргүнчүгө, жашыраагы улуусуна, жалгыз көпчүлүккө салам айтышы абзел. Артта бараткан адам озунуп алдыдагысына салам айтышы шарт.

Саламга алик албай коюу да өтө чоң адепсиздик. Бир жаш адам "Салам айтсак жооп бербей ыңгайсыз кылат" деп чоң кишилерге нааразы болгону эсимде. Укпай же байкабай калгандыр, болбосо кантип жооп бербесин деп күмөн кылган элем.

Китеп окуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Убакыттын убалына калба! Китеп окууга шыктандырчу 11 сунуш
Эгер көпчүлүк үстүнө кирген адам салам айтса, алардан жок эле дегенде бир адам жооп кайтарбаса, анда отургандардын баары айыптуу болушат дейт.

Саламдын жообун дароо берүү шарт. Болгондо да тилиңди эле кыймылдатып койбой үнүң, сөзүң угулгандай ачык жооп бер. Кечеңдетип жооп айтсаң, алик албаган сыяктуу эле болот экен, анткени салам айткан адам сенден узап кеткен болот же бейкапарлыгыңды текебердик, тоготпостук катары кабылдап шагы сынып калат. Көңүлдү муз капташ үчүн көз ирмем жетиштүү эмеспи...

Үйгө жылмая салам айтып кирсең, жубайыңа карата мээрим-сүйүүң эч качан суубайт, тескерисинче, күндөн-күнгө табына келет дешет.

Эгер адам адамга салам айтып турса көздөн көзгө мээрим, жүздөн жүзгө нур өтүп, жүрөктөргө куш канатынын алдындагыдай жылуулук уяламак.

...Наристелердин жолдогон саламы жүрөгүбүздү жылытып, дилибизди балкытып, ушундай ойлорго себеп болду. Алар биз менен жадырап-жайнап коштошту. Жүздөрүндөгү жылмаюу, балким, бизге берген батасыдыр. Периштедей аруузаттардын батасы, буюрса, сөзсүз кабыл болот. Демек, сапарыбыз байсалдуу уланат. Келечекке таштаган кадамдарыбыз кажырлуу, жасаган аракетибиз ажарлуу болгой...

Жаңылыктар түрмөгү
0