18:03 23 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR77.8085
  • RUB1.0831
Алмаз Акунов бүркүт менен. Архивдик сүрөт

Көз, ой жана мээнин мегабайты. Өргө жетелечү өнөргө орун калбай калбасын...

© Фото / Бактыбек Асанбаев
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуржигит Кадырбеков
919 0 0

Колумнист Нуржигит Кадырбеков ата-бабалардын убагында интернет болбогонуна чексиз шүгүр дейт. Миллиондогон саптан турган "Манас" эпосу баш болгон "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Курманбек", "Жаңыл Мырза", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш" дастандары акыл менен жан дүйнөдөн сыртка сүрүлүп, бизге жетпей калса, акыбалыбыз кантмек деп суроо салды.

Эң күчтүү фотоаппарат — бул көз. Кээде бир эле көргөнүн, мейли ал адам же макулук болсун, жагдай же жараян болсун, элеске айлантып эгерим эстен чыккыс кылып сактап коёт. Ошондуктан өзгөчө таасирленткен көрүнүштөр жана көз ирмемдер сүрөт болуп аң-сезимге сиңип, ойго орноп кала берет. Көзүңдү жумасыңбы, же ач күсөндөй бирдемени тирмийе тиктеп турасыңбы, баягы сүрөт карекке кайра-кайра тартылып мазеңди алат.

***

Бир караганда аң-сезимдегиби, же мээдегиби, айтор, мындай "сүрөт архивинин" эч бир зыяны жоктой туюлганы менен пикирди чачыратып, зээнди мокотчу кесепети бар. Мээнин деле сактоо сыйымдуулугу чексиз эмес, пайдасыз сүрөттөр көбөйүп орун ээлеген сайын андагы пайдалуу маалыматтын, илим-билимдин үлүшү азаят. Кудум эле биз көтөргөн чөнтөк телефон сыяктуу, WhatsApp аркылуу ар ким жиберген миңинен бири гана кызыктуу жана пайдалуу болбосо, калганы таштандыга ыргытчу фото жана видеолорго толуп, сага керектүү учурларды, көрүнүштөрдү тартып алууга эс тутумда орун жок калат. Ошон үчүн көздү сактоо өтө маанилүү. Көчөдөбү, кеңседеби же үйдө ээн отуруп телефон чукулап, телени тиктеп же гезит-журналды барактагандабы, айтор, азезилдин абийирге сыйбас амалдарынан, көрүнүштөрүнөн көзүн тыйган адамдын зээни курч, акылы артык болор. Ошон үчүн олуялар жерди карап басышкан дешет...

***

Кыбыр эткендин баарын карай берсең көз — желе, ой — жөргөмүш сыяктуу болуп калат. Көз торго түшүргөн "олжону" ой каалагандай калчайт. Демейде желеге курт-кумурска, чымын-чиркей гана түшөт эмеспи.

Көздүн бир эле мезгилде миңдеген тарапка ыргытчу сыйыртмагы бар. Ой ошол сыйыртмакка илинген майда-чүйдө, бейпайда "туткундар" менен бошогус болуп алектенип калса, улуу максаттардын эшигин ачууга кайдан чама-чаркы жана убактысы жетсин. Ойдун жашоодогу мааниси эбегейсиз. Ийгиликтин улуу сапары, даңгыр жолу, бакыттын башаты, таалайдын тамыры дал ушул ойдон, ниеттен башталат. Ойду иреттемейин, жашооңду иреттей албассың. Ой барган жерге бой барат. Оюң улуулукка уңгу болсун десең, көздү арамдан асыра...

***

Көздү сактагыла! Жалган жамалдардын азгырыгы тумандаткан акыл акыйкатты кабыл алууга алсыз болот. Ошон үчүн балдардын нени карап, эмнени көрүп жатканына астейдил назар салалы. Алардын аң-сезимин, оюн бизден да көбүрөөк Маша менен аюу, Бетмэн, Супермен, Губка Боб, Том жана Джерри, Хабиб менен Конор, Роналдо менен Месси ээлеп алганы качан. Бизге байкатпай интернетти чукулап дагы эмне балакеттерди көрүп, көзү менен сүрөткө тартып алып жатканын бир Жараткан билет.

Балдарга чейин өзүбүздүн көздү башкарууну үйрөнөлү. Азыр аң-сезимибизди, мээдеги ойлорубузду көгүлтүр ободон көрсөтсө, балким, тең жарымынан көбү түрк, корей, бразил сериалдарынын жана Голливуд тасмаларынын каармандарынын сүрөттөрү болуп чыгат. Аарынын канатынчалык пайдасы жок гю жүн пөлөр, кемалдар, хюремдер, лукастар, жөн эле мариялар, жиммилер, вандамдар, чакробортилер, изауралар, жадилер ээлеп толуп алган акыл жана рух айдыңына Манас атабыз, Каныкей энебиз, Калыгул менен Арстанбек, Тайлак баатыр менен Алымбек датка, Жусуп Абдыракманов менен Исхак Раззаков, Токтогул менен Жеңижок, Аалы менен Түгөлбай аталарыбыз, элдик макалдар жана жомоктор, поэзия менен тарых, дүйнөлүк адабият, аталарыбыздын асыл насааттары, даанышмандардын учкул кептери батпай калды. Бабаларыбыздын убагында интернет болбогонуна чексиз шүгүр. Миллиондогон саптан турган "Манас" эпосу баш болгон "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Курманбек", "Жаңыл Мырза", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш" дастандары интернет быкы-чыкы таштандыга толтурган акыл менен жан дүйнөдөн сыртка сүрүлүп, бизге жетпей калса, акыбалыбыз кантмек?

Көздү сактайлы! Мээ мегабайттары пайдасыз сүрөттөргө толуп, жакшылыкка жетелечү нарктуу насыяттарга, санжыралуу сабактарга, өргө жетелечү өрнөктүү илим-билимге орун калбай калбасын...

Тема боюнча

Бата алуунун миң жолу. Сөзсүз эле эл чакырып той бериш керекпи?
Мекениң кайда, бир боорум?.. Улутчул менен мекенчил тууралуу
Белгилер:
интернет, мээ, көз, Нуржигит Кадырбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ