Бетиңерге эле айтайын, Instagram жалганчылардын уюгуна айланып баратат!

© AFP 2023 / CHARLY TRIBALLEAUСүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив
Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Эламан Карымшаков Instagram тармагындагы жашоого ишенбейм дейт. Ал жактагы адамдардын чымынды пил кылып көрсөткөнүнө бир аз кейип, айрымдар виртуалдуу жашоодо башкача беткап кийип алышарына токтолду.

Жаркын маанай тартуулаган жаз келди. Күн жылып, жер көктөнүп, көчөдө кыздар жайкала басып жигиттердин көзүн күйдүрүүдө. Ушинтип жаз өз нугу менен кете берет, бирок менин айта турганым башка...

Мен сиздерге Instagram тармагындагыдай жашоону каалайт элем. Ал жакта жашоо жыргал, баары сонун, биринен ашкан бири сулуу, биринен ашкан бири кыйын. Айранга нан малып жеген жөнөкөй адамдар чанда. Кыздардын баракчасына кирсең, Бишкектеги клуб, ресторандардын жарымын менчиктештирип алгандай жүрүшөт. Дүкөнгө жумушка баргандай бараткансып, кийимдери шумдук. Эми сулуулугуна суусап жатып каласың. Жигиттер деле кем калышпайт, унаасын кучактап же спорт залда койкоюп түшкөн сүрөттөрүн жүктөйт. Кээ бирлери өзүнчө эле бизнесмен, Дубайдагы Бурж-Халифа мунарасын куруп койгондой мурдун көтөрөт. Бирок "бирок" деген жери бар...

Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдо 100 орун бербесеңер, кызды албайсыңар! Азыркы кудалардын трагедиясы
Анын баарына ишенбегиле, Instagram жалганчы болот экен. Эгер андагы жашоо чын болгондо, баарын таштап ошол жакка кетип калмакмын. Байкасам Instagram бизди жасалмалуулукка, алдоого жана текебердикке үйрөтүп жаткансыйт. Минтип кете берсек, дээрдеги талантты тебелеп, жылдыздардын жашоосун туурап эт менен челдин ортосунда калгыдайсың.

Жөнөкөй эле мисалдан баштайын, суйкайып турган сулуунун сүрөтү канча түйшүк менен жараларын көбү биле бербесе керек. Бир эле ракурстан аз дегенде 50-60 кадр жасап, анын ичинен бешөөнү жактырып, андан бирөөнү тандай албай 15 мүнөт тиктеп отурат. Эптеп бирөөнө токтолот да болушунча эффект берип, бетин жууп-тазалап, ары-бери жагын түздөгөнгө жарым саат кетет. Анан астына акылдуу сөз жазып койгонун кантейин. Өзүнүн пикирин жазса мейли эле, Google байкесинен уурдап келет да. "Бул дүйнөдө эч нерсени жарытпаган, жан дүйнөсү жакыр адамдар жана куру сөздөр толтура" деп саат 10.30да уйкудан туруп алып жазат. "Эркектердин бир эле кемчилиги бар — өзүнүн сүйгөн кызы менен сыймыктана албайт", "Ар дайым эстеп жүр, тапанча же кылыч сага чыныгы күч болуп бере албайт. Сенин чыныгы күчүң — аялың!" дейт да, WhatsApp мессенджерине кирип "Жаным" деп жазган үч жигитке эркелеп жооп берет. Анан кантип анын сулуулугуна, акылдуу сөздөрүнө ишенесиң?

Макияж жасап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кирпик-кашы өзүнүкү". Азыр жеңелер күйөөгө кетчү кызды кантип мактайт
Ал эми эки курбунун чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөө өзүнчө бир азап. Бирине жакса, экинчисине жакпайт. Кээде курбусуна айтпай жүктөп койсо, "өзүң сулуу болсоң эле мени карабай киргизе бересиңби" деп жүз карашпай калышат. Кооз жерлерде жүргөн сүрөтүн киргизип жаткандар да алдашы мүмкүн. Алар күнүгө эле чартаңбай тээп жүргөн жок да. Бир жерге барганда көп жолу сүрөткө түшүп алган. Ошону кукси жеп отуруп бөлүп-бөлүп жүктөй берет.

Эми жигиттер тууралуу айталы. Адегенде эле машинасын кучактап түшүп мактана калат. Билет да, унаасы бар жигиттерге кыздар көбүрөөк көңүл бурат. Машыгуу залында түшкөн сүрөтүн киргизип өзүн спортчу катары көрсөткүсү келет. Бирок кармаша келсең үч мүнөттө шалдырап жатып калат го. Модель жигиттер бар, алар чыныгы салабаттуу эркектердин элесин чагылдырса жакшы болмок. Кээ бирлери кыздарга окшоп назик эле болуп баратат. Колун кармасаң былбырап жумшак, катуурак кыссаң бир манжасы сынып кетеби деп коркосуң.

Акылдуу сөздөрдү жазган эркектер да бар, "Алар ата-энесинин акчасына жыргай берсин, биз ийгиликке кечирээк жетебиз, бирок өз күчүбүз менен", "Мен жарым-жартылай достошуп же сүйө албайм, жан дүйнөмдүн баарын арнайм же эч нерсе бербейм" деген сыяктуу куру сөздөрдү жазбай эле койбойлубу.

Мен муну менен бирөөгө сынтагып же кээ бирлерди шылдыңдагым келген жок. Ар ким жеке баракчасын кандай колдонушун өзү билет. Бир эле сураныч, келгиле достор, жасалмалуулуктан арылалычы. Албетте, жакшы жактарыбызды гана көрсөткөнүбүз туура нерсе. Бирок тезектен гүл жасап, жок эле нерсеге мактанып текеберленүүнүн эмне кереги бар? Бул алдамчылык менен барабар да. Сүрөтүн көрүп таанышып, жолугууга барганда качканга шашып калган окуялар болуп эле жүрбөйбү. Өзүбүз кандай болсок, соцтармакта да ошондой бойдон калалычы. Бирөөнү туурап, ага окшош болууну кыялдана бербей, өзүбүздүн мыктылыгыбызды көрсөтпөйлүбү. Анда жок нерсе сенде бар да. Сага жыргал жашоосун көрсөтүп жаткан адамдар да экран артында көп эле ыйлашат.

Вид на улицу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тойдум ошол электрондук гүлүңөргө! Эркектер кыжырды кайнатканда
Мындай пикирди мен эле айтып жаткан жокмун, АКШдагы Пенсильвания университетинин психологдору изилдөө жүргүзүп, Instagram тармагын колдонуп жаткан маалда адам өз жашоосун ал жактагыларга салыштырып, мындан улам башкалар мыкты жашап жаткандай сезимде кала турганын аныктаган.

Экспериментке Facebook, Instagram жана Snapchat тармактарын активдүү колдонгон 143 студент катышкан. Алар эки тайпага бөлүнүп, биринчиси соцтармакта адаттагыдай көп отурса, экинчи топ бир суткада жарым сааттан көп эмес колдонгон. Натыйжада биринчи тайпанын катышуучулары экинчи топко салыштырмалуу эксперимент маалында көбүрөөк жалгыздыкка кабылып, депрессияга учурагандыгы белгилүү болгон.

P.S: Эгер сиз жогоруда айтылгандардын катарында болбосоңуз, жүрөккө жакын албаңыз. Туура десеңиз, анда текебер досторуңузга жөнөтүп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0