02:21 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Нарындын Ак-Талаасындагы балдар

Жол бошоткула, арстан ойгонду! Ызгаарда жүрөк жылыткан китепкөй Кош-Дөбө

© Фото / Табылды Муратбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
512340

Колумнист Нуржигит Кадырбеков Нарындын Ак-Талаасында болуп, айыл эли түп көтөрүлө уюштуруп алган китепканаларын көрүп келди. Хабиб менен Конордон же Роналдо менен Мессиден башканы авторитет эсептебей калган мадыра баштардан тартып даам татканы кирген үйдүн карапайым кожейкесине чейин сүйлөгөнү китеп болуп калыптыр дейт ал.

Канистр сүйрөгөн бала

Жители села Ак-Талаа Нарынской области
© Фото / Табылды Муратбеков
8-март — бул Нарындагы айылдын аты. Ренат, Элмурас, Ийгилик деген жергиликтүү жигердүү жигиттердин демилгеси менен айыл түп көтөрүлө китеп топтоп, жаңы китепкана уюштуруп, анысын iPhone чыгарчу завод же футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөзчү стадион кургандай кубанып шаан-шөкөт менен ачып алышты.
Февраль айында 8-мартта болдук. 8-март — бул Нарындагы айылдын аты. Ренат, Элмурас, Ийгилик деген жергиликтүү жигердүү жигиттердин демилгеси менен айыл түп көтөрүлө китеп топтоп, жаңы китепкана уюштуруп, анысын iPhone чыгарчу завод же футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөзчү стадион кургандай кубанып шаан-шөкөт менен ачып алышты. Айыл аксакалдары башында, кыргыз туусун желбиреткен мугалимдер менен окуучулар кашында, аларды аргымактарын алкынта коштогон бирдей формачан улакчылар аркасында турган жамаат жарым чакырымдай шаңдуу жүрүш жасап, Бишкектен атайын чакырылган профессор, педагог, Алиппе баштаган далай окуу куралдарынын жана китептердин автору Сулайман Рысбаев экөөбүзгө кызыл лентаны кестиришти. Кары-жаш дебей маанай көккө көкөлөп, китептерди тээ илгери жоготкон жан биргелерин кайра тапкандай сүйүнө карап жатышты. Китеп менен жолдош, сапарлаш, сырдаш болчу жаңы жаркын келечектин пайдубалы бир кичинекей, бирок абасы каңылжаарды жарган, адырларын апапакай кар баскан, адамдарынын дили, ниети аруу айылда ушинтип курулду. Сапар карып жолго чыгууга камынып жатсак, жашы ондордогу бир бала жипке он литрлик канистрди байлап, муз жол менен тартып келе жатат. Кабат үйдөгү батирибиздеги ашканага кирип крандан суу агызгандан зерикчү биздей шаардыктарга бул бир керемет көрүнүш эле. Буюрса, китептен тапкан акыл аркылуу бул айылдагы ар бир үйгө суу түтүгү кирчү күн эми алыс эмес деп ишенем. 

Улуу тарыхтын башатына...

Жители села Ак-Талаа Нарынской области
© Фото / Табылды Муратбеков
Азыркы учурда издеп окуй тургандай абдан кызык миңден ашык ар түрдүү китептер заматта топтолуп, Кош-Дөбөнүн айыл өкмөтүнүн имаратынын экинчи кабатында заманбап китепкана пайда болуптур да аз эле убакта айылдыктар эң көп каттаган куттуу жайга айланыптыр.

Андан соң Ак-Талаанын Кош-Дөбөсүнө жол алдык. Калың кар каймактай каптаган оодан бул ирет Ак эмес эле Аппак-Талаага айланыптыр. Теребелди карасаң тим эле карек карыгат. Көөдөй түндө тайгаланып барып күрткүгө сайылган унаабызды чыгара албай бир топ убара тарттык. Деген менен көңүлдө эч бир кабатырлануу жок эле. Анткени "максаттуу адам чарчабайт" дегендей, жаркын максатты көздөй, тагыраагы, улуу тарыхтын башталышына күбө болгону баратканбыз. Береги 8-март айылындагы китеп майрамы ушул Ак-Талаанын Кош-Дөбөсүнөн башат алган "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун уландысы эле. Бакай жана Эрлан аттуу эки жигит ушундай аталыштагы демилге көтөрүп, айылындагы эшиктерди катары менен каккылап ар бир адамды жок эле дегенде бирден жаңы, кызыктуу, окумдуу китеп алып берүүгө көндүрүп чыгышыптыр. Адегенде муну кандай кара шумдукту баштадыңар дегенчелик кыңырылып кабыл алгандар, максат жаштардын акылына жана рухуна инвестиция салуу, элди окууга, илим-билимге кызыктыруу аркылуу ынтымакка, өнүгүүгө жана жаңы бийиктиктерге шыктандырууда экенин түшүнгөн соң бирден эмес бир нечеден китеп сатып бере башташыптыр. Бир эле демөөрчү элүү миң сом бергенин айтсаң. Ошентип, азыркы учурда издеп окуй тургандай абдан кызык миңден ашык ар түрдүү китептер заматта топтолуп, Кош-Дөбөнүн айыл өкмөтүнүн имаратынын экинчи кабатында заманбап китепкана пайда болуптур да аз эле убакта айылдыктар эң көп каттаган куттуу жайга айланыптыр. Мурда киши күтүп ээнсиреген китепкана эми келип-кетчүлөрдүн көптүгүнөн бороктоп кайнаган шорподой түнкү 11ге чейин иштей баштаптыр. Миң китептин алты жүзү азыр колдо экен. Адам күчүн, малын же убактысын курмандык кылып, маңдай тери менен убараланып жасаган нерсесин кымбат тутат тура. Эгер президент же депутаттар ачып берсе, бул китепкана, балким, мынчалык кадырлуу болмок эместир.

Ошентип китеп менен анчейин иши болбой келген айыл аз эле убакта китепкөйлөрдүн ордосуна айланып, атагы чыгып отурат. Кечээ эле Айтматов, Касымбеков, Сыдыкбековдон башка калемгерди тааный бербегендер эми Роберт Киосакини, Наполеон Хиллди, Джон Кехону, Уинстон Черчиллди, Махатма Гандини, Джек Лондонду кыргызча окуп жаткан чагы. Мугалимдер менен окуучулар мындай турсун, Хабиб менен Конордон же Роналдо менен Мессиден башканы авторитет эсептебей калган мадыра баштардан тартып биз даам татканы кирген үйдүн карапайым кожейкесине чейин сүйлөгөнү китеп болуп калыптыр.

Акжолтой достук

Жители села Ак-Талаа Нарынской области в библиотеке
© Фото / Табылды Муратбеков
Хабиб менен Конордон же Роналдо менен Мессиден башканы авторитет эсептебей калган мадыра баштардан тартып биз даам татканы кирген үйдүн карапайым кожейкесине чейин сүйлөгөнү китеп болуп калыптыр.

Китеп менен адамдардын жапырт достошуусу — бул, буюрса, ири ийгиликтин, руханий жаңыруунун башаты. Смартфон менен телевизор уурдап укум кылчу убакытты сарамжалдоонун, мокоткон акылды курчутуунун, жалкоолук жардыланткан жан дүйнөнү кайрадан ирдентүүнүн эң ишенимдүү жолу. Бул аркылуу канча адам өзү байкабай кулаганы калган аңдан алыстап, батып бараткан баткактан кутулуп чыгары бышык. Китеп аркылуу акыл байыйт, идеялардын горизонту кеңейет, маектердин мазмуну кызыктуу болот, пайдасыз сөздөр, кыңыр кылыктар азаят, жаштык менен боштуктан улам болчу далай зыяндуу иштер, кылмыштар кан буугандай токтойт. Китепке болгон сүйүү — бул жүрөккө илим түйүү, башка акыл үйүү, маанисин жок нерселерди жашоодон чийүү, караңгылык каптаган чөйрөгө чырак болуп күйүү, төмөндөн өйдөгө, мунарыктан жарыкка, ойдуңдан бийиктикке карай жүрүү. Мунун акыбети адам үчүн, улут үчүн, ал тургай аалам үчүн береке жана ийгилик. "Амал оңолсо адам, адам оңолсо аалам оңолот" деген кеп бар го. Кыргыздын кыйырындагы кичинекей айылдагы китепкөй чөйрөнүн түзүлүшүн жана кеңейишин улуу тарыхтын башталышы дегеним ушундан.

Пикеттен китепке

Книги в библиотеке в селе Ак-Талаа Нарынской области
© Фото / Табылды Муратбеков
Пикетчи эмес китепчи, урушкан эмес уюшкан эл бололу!

Аңгыча айылдын чоң клубунда профессор Сулайман Рысбаев экөөбүз менен жолугушуу башталды. Ызгаар суукка карабай адамдар агылып келгени эле китепкөй улутка уютку болчу китепкөй айыл пайда болгонун шарданалап турду. Сулайман агайдын "Пикетчи эмес китепчи, урушкан эмес уюшкан эл бололу. Силер ушул багытта башкаларга өрнөк болдуңар" деген маанидеги кыска, бирок нуска кеби келгендердин демине дем кошконсуду.

Кыргызстандын желегин көтөргөн жоокер. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адамга рахмат айтпаган Аллага да рахмат айтпайт" деген сөз бар. Айылдыктарга эң мыкты демилгеси, аракети жана ишке ашкан амалы үчүн рахмат айттык. Бишкекте кардын карааны көрүнбөй жаз жыттанып, денелер нымшып ныксырап калган учурда калың кар, көк муз каптаган ызгаарга карабай уюшуп, улуу кадамды баштап бергени, ал демилге оомат болуп оошуп айылдан айылга, оодандан ооданга, аймактан аймакка таркай баштаганы, буга чейин ким канча кабат үй салды, канча унаа алды, же жамандык-жакшылыктагы аземдерде, шаан-шөкөттөрдө канча бодо мал сойду деп жарышкан жарандар эми китеп жарышына, акыл жарышына тартылганына ыраазы болду. "Жамбаштап жатсаң сонун да" деп мээге сиңген саптар "жамбаштап китеп окуп жатсаң сонун да" болуп өзгөргөнү турганы, ошол өзгөрүү аң-сезимдердин, максат-милдеттердин, амбициялардын, жашоонун маани-маңызынын жакшылыкка карай өзгөрүүсүнө себеп экени, ошол аркылуу элибиз эртеңине карай ишенимдүү кадам таштап, ири ийгиликтерди багынтарына жол ачылып, чыйыр салганы үчүн рахмат айттык кошдөбөлүктөргө.

Өзүбүздүн өрнөк

Библиотека села Ак-Талаа Нарынской области
© Фото / Табылды Муратбеков
"Китепкөй улут" идеясын ишке ашыруудагы конкреттүү, иштиктүү кадамга айланган "Бир адамдан бир китеп" долбоору — бул кыргыз өрнөгү

Өнүгүү үчүн өрнөктү, негедир, Чыгыш менен Батыштын өнүккөн үлкөн өлкөлөрүнөн издейбиз. Өзүбүздөгү өрнөктөрдү баса белгилеп, алардын себепкерлеринин атын атап, кутун кубантып, жайылтсак жаман болбос эле. Ашказан көнгөн тамагын мыкты сиңиргендей, эл да өз өрнөгүн мыкты өздөштүрүп, мыкты жайылтары турган иш. "Китепкөй улут" идеясын ишке ашыруудагы конкреттүү, иштиктүү кадамга айланган "Бир адамдан бир китеп" долбоору — бул кыргыз өрнөгү. Буюрса, бир учурда дүйнө өлкөлөрүнүн тарых китептеринде Кыргыз мамлекетинин арстандай секирик жасап алдыга озгонуна негизги себеп катары жазылып, окутула турган өрнөк. Адам дилинин, жүрөгүнүн, жан дүйнөсүнүн тазаруусуна, напсинин тузакталып, акыл-эсинин алкынышына, күч-эркинин курчушуна себеп болчу өрнөк. Бул өрнөктү уйга ээр токуган сымал бизге жарашпай калат же биздин шартта аткаруу мүмкүн эмес деп эч ким айта албайт. Анткени Нарындын кышындагыдай катаал шарт Кыргызстандын башка аймагында болбойт. Жалаң бышкан кыштан хан сарайлар салынып кеткен айрым айылдардан айырмаланып, Ак-Талаанын Кош-Дөбөсү СССР учурундагыдан анчейин деле өзгөргөн эмес. Ылайдан курулган үйлөр, ылай көчөлөр... Үйлөрүнүн ичи да жупуну, акталган ылай шыбак. Биз конок болгон жерлерден дегеле евроремонт көрбөдүм. Бирок эң мыкты жасалгаланган үйлөргө караганда да маанайлары жарык, ауралары аруу. Себеби ал жерде арак-шараптан баш тартып, китеп окуу маданиятын баштап, жайылткан меймандос, берешен, ынтымактуу, ыймандуу эл жашайт. "Сырттагы кыны эмес, ичтеги кылыч маанилүү" деген ошол.

Жол бошоткула!..

Школьники в библиотеке в селе Ак-Талаа Нарынской области
© Фото / Табылды Муратбеков
Арам-адалды айырмалай билген, эл-жерине кайтарым же акы күтпөй ыктыярчыл дух менен кызмат кылган ыкластуу, намыстуу, максаткөй азамат уул-кыздарыбыз жапа тырмак иш-аракетке киришти, эми бизди токтотуу кыйын. Китепкөй улутка, адеп, ыйман жана билим державасына айланабыз.

Кош-Дөбөдөн шерденип кайттык. Анткени улутубуздун учугу улуулукка карай уланарына ишеним күчөдү. Китепкөй айылды бара-бара китепкөй өлкөгө айлантууга бел байладык. Кыргыздын канча айылы болсо, бири да Кош-Дөбөдөн кем эмес ийгилик өрүшүн багынтарына шек жок. Жакшылыкта жарышалы. Чамдайлы. Кош-Дөбө алыс кетип кала электе кууп жетели. Бир адамдан бир эмес үч, беш, жети китеп кылчу айылдар чыгар... Кош-Дөбө, сен да чамда! Биринчи баштап, аягында артта калбагандай бол.

Кыргызстан, буюрса, ушул 2019-жылы китеп окуу боюнча КМШда биринчи орунга чыгат. Жараткан жалгаса, 2025-жылы дүйнөдөгү он мыкты окумал өлкөнүн катарына киребиз. Арам-адалды айырмалай билген, эл-жерине кайтарым же акы күтпөй ыктыярчыл дух менен кызмат кылган ыкластуу, намыстуу, максаткөй азамат уул-кыздарыбыз жапа тырмак иш-аракетке киришти, эми бизди токтотуу кыйын. Китепкөй улутка, адеп, ыйман жана билим державасына айланабыз. Азиянын арстаны ойгонду... Жол бошоткула! Кыргызстан келе жатат!

Тема боюнча

Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
Кемтигин эмес, артыгын издейли. Журт башчылары тууралуу
Бата алуунун миң жолу. Сөзсүз эле эл чакырып той бериш керекпи?
Белгилер:
Нуржигит Кадырбеков, Нарын, китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ