00:20 10 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961

Советтик Армия менен Аскер-деңиз флоту кантип түптөлгөн. Майрамдын башаты

© Sputnik / Иван Шагин
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
619 0 0

Бүгүн Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленелет. СССРдин учурунда Советтик Армия жана Аскер-деңиз флотунун күнү делчү. Ал эми Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 23-февралды Ата Мекенди коргоочулар күнү деп атаган. Эң кызыгы — бул күн расмий майрам катары постсоветтик мейкиндикте Россия, Белоруссия, Кыргызстан жана Тажикстанда гана белгиленет.

1917-жылы Россияда бийликке келген большевиктер кыска убакыттын ичинде өзүнүн армиясы менен аскер флотунун пайдубалын түптөп, жарандык согушта ак гвардиячылар деп аталган күчтүү оппозицияны жана чет элдик баскынчыларды жеңип алган. Дал ушул тарыхый ирмем тууралуу колумнист Алмаз Батилов сөз кылмакчы.

Советтик Армия менен Аскер-деңиз флотунун түптөлүшү

© Sputnik / Анатолий Гаранин
Празднование Дня Военно-Морского флота СССР

Бүгүнкү күндө айрым орус жана батыш тарыхчылардын пикиринде 1917-жылы ноябрь айында бийликке келген большевиктер жарандык согушта душмандарына каршы ар түрдүү амалдарды колдонуп аёосуз репрессиялап, бул күрөштө жеңип чыккан. Ал эми Россиянын мурдагы аскердик элитасынын бардыгы Лениндин саясатын колдогондон баш тарткан дешет. Бирок тарыхый фактыларды карасак, жогорудагы пикир чындыкка көп коошпойт.

Убактылуу Өкмөттү 1917-жылы 7-ноябрда кулаткан большевиктерди Балтика аскер-деңиз флоту колдоп чыгат. Бул флоттун аскер башчысы контр адмирал Александр Развозов экени, анын штабы Октябрь революциясына чоң салым кошкону көпчүлүккө маалым эмес. Ошол учур Биринчи дүйнөлүк согуш жүрүп, батыш фронтто Россия Германия менен Австро-Венгриядан жеңилип жаткан маал эле. Абалдан пайдаланып Россиянын мурдагы өнөктөштөрү, анын кээ бир аймактарын басып алууга умтулган. Анын үстүнө мамлекеттин ичинде социалдык жана саясий абал абдан курч эле. Ошондуктан ак сөөк офицерлердин басымдуу бөлүгү Ата Мекенди сактап калыш үчүн большевиктер менен идеологиялык жактан көз караштары дал келбесе да Совет өкмөтүнө ант берип, чын дили менен кызмат кылат. Дал ушул себептен улам 1917-жылы 19-ноябрда большевиктер башкы кол башчынын штаб жетекчилигине теги ак сөөк, падыша армиясынын генерал-лейтенанты, жогорку даражадагы офицерлеринин бири Михаил Бонч-Бруевичти дайындайт. 10 айдын ичинде ал Советтик Армиянын пайдубалын түптөйт.

1918-жылы 21-февралда немис армиясы өлкөнүн борбору Петроградды басып алмакчы болот. Эң кызыгы, ошол учурда Германиянын армиясынын мындай чабуулун орус коомчулугунун айрым бир бөлүгү ачык эле колдогон. Совет бийлиги Петроградды коргоп, Нарва жана Ямбург шаарынын жанында немис аскерлерине каршы туруу үчүн мурдагы орус армиясынын генерал-лейтенанты Дмитрий Парскийге буйрук берет. 23-февралда Парский бул тапшырманы ийгиликтүү иш жүзүнө ашырат. Анын жетекчилиги астында Кызыл гвардия Германия армиясынын чабуулун токтотот. Ошонтип 23-февраль СССРде Советтик Армия менен Аскер-деңиз флотунун күнү деп белгиленип калган.

Советтик Армиянын катарына өткөн элиталык жоокерлер

Жарандык согуш учурунда Россия империясынын мурдагы 150 миң офицеринин ичинен 75 миң офицери Кызыл Армиянын тарабына өткөн. Буга мурдагы аскер-деңиз штабынын офицерлери толук курамы менен большевиктердин тарабына өтүп кеткени далил. Ал эми Ак армиянын катарына болгону 35 миң офицер өтүп, калганы жарандык согушка катышканды каалаган эмес. Анын үстүнө Совет бийлиги үчүн согушкан офицерлер тууган-достору жана мурунку санаалаштары менен элдешкис душманга айланган. Анткени Ак гвардияга каржы жана аскердик жактан чет өлкөлөр абдан көмөк көрсөткөн. Ошондуктан Советтик армиянын катарындагы офицерлер буларды Ата Мекендин башына оор күн түшкөндө сатып кеткендер деп жек көрчү. Ак армиянын желдеттери карапайым калкка зордук-зомбулугу менен ого бетер кыжырды кайнаткан.

Советтик Армиянын катарына өткөндөрдүн арасында падышанын генерал-лейтенанты барон Александр фон Таубе бар эле. 1918-жылы аны большевиктер Сибирдеги Кызыл Армиянын башкы штабынын жетекчиси кылып дайындайт. Тилекке каршы, бир аз убакыттан кийин ал Ак армиянын туткунуна түшөт. Ак гвардиянын жетекчилиги Таубеге "Совет өкмөтүнө берген антыңан тайып биз тарапка өтсөң, жогорку даражадагы кызмат беребиз" деген убада беришет. Бирок Таубе бул сунушту кабыл албайт, аны Ак гвардия өлүм жазасына тарткан.

Кызыл Армияда кызмат өтөгөн кыргыз

Кызыл Армиянын катарына кыргыз элинин алгачкы офицерлеринин бири Сулайман Күчүков да өтөт. Белгилей кетсек, кандашыбызды башкыр эли да өзүнүн уулу деп эсептейт. Алайдан Ташкенттин базарына атасын ээрчип келген кичинекей Сулайман адашып, аргасыздан көчөдө күн кечирет. Баланын зээндүүлүгүн байкаган башкыр көпөс Юнус Күсүков же кыргызчага которгондо Күчүков асырап алып, Башкырстанга чогуу алып кетет. Жердешибизди асырап алган соодагердин баласы жок болгондуктан Юнус Сулайманга өз фамилиясын берип тарбиялап, Оренбург калаасындагы белгилүү Неплюев атындагы аскер окуу жайына өткөрөт. Сулайман ушул окуу жайында тил үйрөнүп, аскердик жактан терең билим алат. Окууну ийгиликтүү аяктап, ага "подпоручик" наамы берилет. 1914-жылы Сулайман "поручик" наамын алат. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда Күчүков биринчи Түркстан аткычтар дивизиясынын атчандар тобунун командири болгон. 1915–жылы өзгөчө эрдик көрсөткөнү үчүн IV класстагы "Ыйык Георгий" медалы менен сыйланат. Ошол эле жылы Күчүковго "штабс-капитан" наамы берилет. Мындан сырткары, жердешибизди Англиянын падышасы Георг-Vнин Россиядагы элчиси Улуу Британиянын эң жогорку "Викториянын Крести" ордени менен сыйлайт. Октябрь революциясынан кийин Сулайман өзү жетектеген полку менен Совет өкмөтүнүн тарабына өтөт. 1920-жылы Күчүков Кара кыргыз полку менен Бухаранын өкүмдарын тактан кулатканга катышат. Бул эрдиги үчүн Сулайман алтын саат менен сыйланган. Даңазалуу жердешибиз Михаил Фрунзе Күчүковдун төшүнө өзүнүн Кызыл Туу орденин таккан деген маалымат бар.

2 млрд. доллар берип...

Падышалык Россиянын Франциядагы мурдагы аскер атташеси, орус армиясынын генерал-майору граф Алексей Игнатьев мамлекетке таандык 225 миллион алтын рубль же азыркы курс менен эсептегенде 2 миллиард долларынын бир тыйынын да албай, 1924-жылы СССР менен Франциянын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндө совет элчилигине өткөзүп берген. Ага чейин биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда падышалык Россия Франциядан курал-жарак сатып алганга ири каражат жумшачу. Октябрь революциясынан кийин бул каражатты Игнатьев банкка өзүнүн атына салып, Советтик Россияга гана өткөрүп берем деп жар салган. Бирок Игнатьевден расмий Париж менен Ак армиянын өкүлдөрү каражатты аларга өткөрүп берүүсүн талап кылган. Игнатьев буга макул болбойт. Орус эмигранттары Игнатьевдин мындай кадамына кыжыры кайнап, аны чыккынчы деп жарыялайт да өлтүрүүгө чечим чыгарат. Игнатьевди өлтүрөм деп өзүнүн бир тууган иниси Павел ыктыярчы болот да аткан огу Алексейдин шляпасына тийет. Атүгүл Игнатьевдин энеси да баласынан кечип жиберет.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Игнатьев СССРге кайткандан кийин чалгын кызматында иштейт, Совет бийлиги ага "генерал-лейтенант" наамын берет. Мындан сырткары, 1943-жылы ал СССРдин жетекчеси Иосиф Сталинге Суворов атындагы училищелерди түзүү сунушун айтат. Анын аркасы менен өлкөдө 9 училище түзүлөт.

Белгилей кетчү жагдай, Советтик Армия кыргыз элинен да офицерлердин чыгуусун шарттаган. Алардын бири — Аден Истанбеков. 1922-жылы Аденге 19 жашында "кызыл комиссар" наамы берилген. Истанбеков Борбордук Азия аймагындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер деп айтсак болот. Жердешибиз Борбордук Азиядагы эгемен өлкөлөрдүн бүгүнкү күндөгү армиясынын пайдубалын түптөгөн. Ага кошумча, 53-кыргыз атчандар полкунун тунгуч аскер комиссары болгону маалым.

Ошентип Совет өкмөтү дүйнө жүзүндөгү эң кубаттуу армия менен аскердик деңиз флотун түзгөн.

Тема боюнча

Кеменин түбүн тешпе, бир боорум. Мекен менен соодалашпа!
Француз легионундагы жоокер Болот Курманбеков: шарт мыкты, бирок мекен көздөн учат
Белгилер:
мекен, армия, жарандык согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ