Мекениң кайда, бир боорум?.. Улутчул менен мекенчил тууралуу

Жазылуу
Мекен жана мекенчилдик дегенди ар ким алган таалим-тарбиясына, аң-сезиминин жана билим-көрөңгөсүнүн деңгээлине, акыл-жүрөгүнө сиңген дөөлөттөрүнө жараша ар кандай түшүнөт. Алардын бирөөсүнүкүн туура, экинчисиникин туура эмес деп баалоо кыйын, анткени ар кимдин өз чындыгы бар дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Деген менен Наполеон, Гитлер, Муссолини сыяктуу өздөрүн "мекенчил" эсептеген адамдардын өз чындыгы адамзат башына түшкөн зор балакеттин башаты болгону тарыхта белгилүү. Ошондуктан мекенге болгон сүйүүң бирөөнүн аброюн жана ызатын кемсинтип, намысын тебелебегендей болсо…

Мекен кайда?

Мен үчүн мекен — бул жети атам жашап өткөн, өзүмдүн да киндик каным тамган жерим. Бирок азыркы дүйнөлөштүрүү заманында менчилеп жети атасы жердеген жайда төрөлүү баарына эле буюра бербей калды. Акыркы 20 жылда Россия менен Казакстанга жүз миңдеген мекендештерибиз жер которуп кетишти. Ошол мигранттардын ал жакта төрөлгөн балдарынын, неберелеринин мекени кайсы? Менимче, төрөлүп-торолгон жайлары. Бекеринен "киндик кан тамган жер" деп кыргыздар баса белгилешпейт. Анткени ошол жерде аларга алгачкы ырыскысы, чөйрөсү, достору насип болду. Мамлекет тарабынан саламаттыгы камкордукка алынды, тамга үйрөтүлдү, атуулдук берилди. "Бир күн даам таткан жериңе миң күн салам бер" деген акылман элибизде андай жакшылыктарды билбей калчу кесирдик жок.

Ал эми кыргыз жери алар үчүн тарыхый мекен. Тарыхый мекенге карата канчалык күйүмдүү экендиги үй-бүлөдө алган тарбиясынан көз каранды. Деген менен, чөйрө деген чөйрө, акыл менен максаттуу аракет кылбаса, акырындап тарыхый үрп-адаттарды, каада-салттарды, дөөлөттөрдү, ал тургай эне тилди да унуткарып өзүнө сиңирип кетет. Маданиятын унуткан эл — жок болгонго тете. Миграция жараянынын эң чоң көйгөйү мына ушунда.

Улут — бул тагдыр

III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси
Улут дегенди да бир жактуу түшүнүүгө болбойт. Батыш өлкөлөрүндө улут — бул бүтүндөй мамлекетти жана анын элин туюндурат. Саясий илимде же дипломатиялык риторикада деле "мамлекеттик кызыкчылыктар" деп айтылбайт, "улуттук кызыкчылыктар" делинет. Бириккен өлкөлөр уюму эмес, Улуттар Уюму деп аталат. Бул өңүттөн алганда улут жана мекен түшүнүктөрүнүн маанилери бирдей эле.

Бирок биз алардан айырмаланып улут деп тигил же бул этникалык топту, этносту атап көнүп калганбыз. Ошон үчүн кыргыз улуту, орус улуту, татар, өзбек, түрк, уйгур, дунган ж.б. улуттары деп бөлөбүз. Бул мааниде өз этносун башкалардан артык, мыкты көргөн, анын саясий, экономикалык, гуманитардык үстөмдүгүн камсыздоо ниетиндеги, башка айрым этносторго, алардын маданиятына, тилине, дөөлөтүнө карата өзгөчө толерантсыз мамиледеги адамдарды улутчул дешет. Башкача айтканда, өз эли-жерин, улутун сүйүү — улутчулдук эмес, улутунун адилетсиз жана зулум иштерине колдоп-коштоп жардам берүү — улутчулдук. Мындай улутчулдукка ыйманда, адепте жана маданиятта орун жок. Башканын азабынан бакыт кура албайсың. Бирөөнү тебелеп бийиктикке жете албайсың.

Молдокелер айткандай, Жараткан адамдарды душман болуп, бири-биринен кынтык издесин деп эмес, дос болсун, катташсын, сүйлөшсүн, бири-биринен үйрөнсүн деп ар улуттарга, этносторго, түстөргө бөлүптүр. Чындап эле шахматты индустар ойлоп чыгарса, каратэ менен кендону япондор ойлоп тааптыр. Көк бөрү кыргыздарга, хоккей канадалыктарга, футбол англиялыктарга тиешелүү оюн болгону менен бүт дүйнөгө таркап, эл менен элдин достугуна себепкер келүүдө. Орус эли болбосо, Толстой менен Достоевский кайдан чыкмак? Аргентина болбосо, Месси менен Марадонанын футболун кайдан көрмөкпүз? "Манас" эпосундай эпосту кыргыздан башка кайсы эл чыгара алмак?..

Мекен да ата-эне сыяктуу

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кемтигин эмес, артыгын издейли. Журт башчылары тууралуу
Бул дүйнөгө кайсы бир жерде келип, киндик каныбыз ошол жерге тамат экен. Мен маселен, эмне үчүн Африкада же Америкада эмес, кыргыз жергесинде кыргыз болуп төрөлдүм? Жооп бирөө гана. Тагдырыма ошондой жазылган. Бул өңүттөн алганда мекен деле ата-эне сыяктуу, экөөнү тең өзүң тандабайсың. Демек, бул жарыкка келишиңе себеп болгон ата-энеңдин алдында кандай милдет-парзың болсо, ааламга келериң менен абасы, тузу жана суусу насип болгон жергеңдин алдында да ошол сыяктуу эле милдетиң бар. "Мекенди сүйүү — ыймандан" делет. Киндик кан тамган жердин ыйыктыгы, кадыр-касиети улуу инсандардын өмүр-таржымалдарында, ал тургай макулуктар тууралуу жомоктордо даңазаланат. Жаш курагында туткунга түшүп кеткен бойдон көрбөгөн Борбордук Азиядагы туулган жерине болгон кусалыгына чыдабай, мекенине жетип көз жумуу ниети менен Мисирдеги падышалык тактысын таштап сапарга чыккан Султан Бейбарс тууралуу уламыш кандай таасирдүү. Кечээки эле заманда Москвада жашап, иштеп жүрүп сөөгүм кыргыз жергесине коюлбай кала турган болду деп өксүгөн Исхак Раззаковдун аянычтуу тагдырычы…

Алтын капаста эчтемеден кем болбой багылган булбулдун "Алтын уям" деп зардап ырдаганын түшүнүп, аны коё берип, артынан аңдып барып, булбулдун даракта кылдын учундагы чириген чырпык-ылайдан курулган урап түшчүдөй эски уяга учуп жетип "Алтын уяма келдим" деп чексиз кубана сайраганына күбө болгон хан тууралуу икая бар. Анын сыңарындай, капчыгың пулга, ашканаң унга толуп, эчтемеден кем болбой хан сарайда чардап жашасаң да бөтөн эл, бөтөн жерде өз мекениң көздөн учуп, куса болоруңду АКШда жана Японияда өткөргөн үч жылдык өмүрүмдө аябай эле түшүндүм. Ошондой бакубат, бай өлкөлөрдөгү жыргал жашоо али аларчалык оожала элек Кыргызстан деген алтын уямды эч качан алмаштыра албайт. Бейбарс мырзанын жан дүйнөсүндөгү ал-акыбалды, "өзгө жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол" деген кептин айныксыз акыйкат экенин ошондо түшүндүм. Айрым япондордун мени атымдан атабай "Киргису но хито" (Кыргыз киши) деши, мен алар үчүн биринчи кезекте атамдын уулу эмес, элимдин уулу, мекенимдин атуулу экенимди акылыма салып, ошондон улам мекенчилдик тууралуу төмөндөгү тыянактарга түрттү.

Мекенчилдик — бул…

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан
Душманды жалгыз жок кылган. Генерал-майор Дайыр Асанов тууралуу 7 факты
Мекенчилдик — бул "менин элим, жерим!" деп ооз көптүрө мактануу же кыйкыруу эмес, бул амал-аракет менен ченелчү аруу сезим. Адал тамак менен үй-бүлөсүн баккандар, кошуна-колоң, тууган-туушкандар менен такай катташкандар, оору-сыркоодон кабар алып, муктаждарга жардам колун сунгандар — чыныгы мекенчилдер. Анткени мекендин өзөгүн адамдар жана алардын ортосундагы карым-катнаш түзөт. Жакшы жүрүм-турум, терең илим-билим, көркөм адеп-ахлак, адилеттүүлүк, барга шүгүр кылуу, эмгекчилдик жана жоопкерчилик — булардын баары мекенчилдиктин көрсөткүчү. Анткени бул сапаттар аркылуу бир гана өзүң тууралуу эле эмес, өз элиң жана мекениң тууралуу да жакшы пикир жаралышына себеп болосуң. Муну менен мекениңдин душманынын азайышын жана досторунун көбөйүшүн, демек, коопсуздугунун бекемделишин кепилдейсиң.

Ким мекенчил?

Манас атам — улуу мекенчил. Анткени анын күрөшү эч кимге асылбаган, бирок катылгандын катыгын берген адилеттүүлүккө негизделген. Анын жүрөгүндөгү сүйүү жек көрүү менен кектен алда канча күчтүү болгон. Эл-жеринин даңазасын арттырган Дүйшөнкул менен Чолпонбай аталарыбыз мекенчил. Кылыч менен эмес, калем менен дүйнөнү багындырган Чыңгыз атабыз мекенчил. Кыштын кыраан чилдесинде элибизге китеп окутабыз деп айылдарды аралап, адамдардын эшигин каккылап жүргөн Ак-Талаа менен Тогуз-Торо жаштары мекенчил.

Кадр из фильма Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
Эл үчүн жанын берип... Кыргыздын таасирдүү саясатчы айымдары кимдер?
Эл уктап же эс алып жаткан учурда тер төгө машыгып, спортто ири ийгиликтерге жетип, Кыргызстандын туусун желбиретип, кооз жана ысык ыкластуу оюндары менен көзүбүзгө жаш тегеренишине себеп болуп, улуттук духубуздун, сыймыктануу сезимибиздин көтөрүлүшүнө себеп болгон Кичин, Мурзаев, Крестинин, Байматов, Землянухин, Рустамов, дегеле курама топтун ар бир мүчөсү — чыныгы мекенчилдер. UFCнин чемпиондук курун тагынып, чемпиондукка жетишине шарт түзгөн Перунун туусу менен кошо Кыргыз туусун кармап, мекенибизге таазим эте элибизди унутпай рахматын айткан Валентина Шевченко — чыныгы мекенчил.

Сен мекенчилсиңби? Мекенге пайдаң тийсин же жок дегенде зыяның тийбесин. Түкүрбө, сөгүнбө, таштанды ыргытпа, жылмайып жүр, убакытка так бол, тилиңден жана колуңдан эч кимге ыза жетпесин, мыйзамды сыйла, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөт, алдаба, ниетиңди тазалап, пейилди кенен кыл, китеп оку, спорт менен машык, Жараткандын жакшылыктарына шүгүр кыл… Мекенчилдик адеп, ыйман жана билимден башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0